3 ноября, 2025

Жасалма интеллект душман эмес, жардамчы!

Технология заманы тездик менен ɵнʏгʏп, адам акылынын мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн техникалык формада кайталай алган жаңы доор башталды. Жасалма интеллект бʏгʏн биздин кʏнʏмдʏк жашообузга телефон, музыка, ɵндʏрʏш жана билим берʏʏгɵ чейин кирип келди. Эми ал ырдап, обон жаратып, оранжировка жасап, атʏгʏл айрым учурларда автордон да мыкты чыгармаларды жарата баштады. Социалдык тармактарда жасалма интеллект аркылуу аткарылган ар кандай кыргызча ырлар кеңири таралып, угармандардын баасына татууда. Бирок бул кубулуш адамдын чыгармачылыгын алмаштыра алабы? Келечекте жасалма интеллект чыныгы ырчыларга атаандаш болуп кетиши мʏмкʏнбʏ? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстандын эмгек сиңирген ишмери, композитор Каныбек Курмантаев жооп берди.

-Каныбек агай, сиздин кɵз карашыңыз боюнча жасалма интеллект деген эмне?

-Жасалма интеллект — бул адамдын акыл-эсинин ишин техникалык формада кайталай алган система. Башкача айтканда, бул- адамдын логикасын, талдоо жɵндɵмʏн, чечим кабыл алуу процессин эсептеп ишке ашыруучу технология. Биз аны бʏгʏнкʏ турмушубуздун бардык бурчунан кɵрʏп жатабыз. Мисалы, телефон, калькулятор, муздаткыч, “акылдуу” ʏй системалары — мунун баары жасалма интеллекттин иштешинин жыйынтыгы. Бʏгʏн дʏйнɵнʏн ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрʏндɵ, мисалы, Кытайда, Америкада, Европада бул тармак ɵтɵ тез ɵнʏгʏп жатат. Ар кандай роботтор, автоматташкан ɵндʏрʏштɵр, билим берʏʏ, медицина, транспорт баары бул технологияга таянып калды.

Жасалма интеллект — адамдын акылынан жаралган чоң долбоор. Аны кээ бирɵɵлɵр жɵн гана компьютердик программа деп тʏшʏнɵт, бирок чындыгында ал маалыматты анализдеп, ʏйрɵнʏп, чечим чыгара алган интеллектуалдык система.

-Бул технология азыр кайсы тармактарда кеңири колдонулууда?

-Азыр жасалма интеллект колдонулбаган тармак дээрлик калган жок. Машина жасоодо, курулушта, айыл чарбасында, медицинада, аскердик техникада, теле жана кино ɵндʏрʏшʏндɵ бардык жерде колдонулуп жатат. Мисалы, Кытайда жана Европада заводдордо иштеген кɵптɵгɵн роботтор жасалма интеллекттин негизинде иштейт. Алар адамдардын ордуна татаал жана оор жумуштарды аткарат. Ал эми аскердик тармакта болсо, бул технология согуштук дрондорду, учкучсуз аппараттарды башкарууда кеңири колдонулат. Албетте, мунун баары технологиянын кандай деңгээлге жеткенин кɵрсɵтɵт.

-Кыргызстанда жасалма интеллектке кызыгуу барбы?

-Албетте, бар. Азыр Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте жаш программисттер, инженерлер, дизайнерлер жасалма интеллект боюнча ар кандай долбоорлорду иштеп чыгууда. Менин Талгар деген досум бар, ал Сахалинде иштеп, Россияда Лариса Долинанын долбоорунда чоң тажрыйба топтогон. Азыр ошол бала Бишкекте жасалма интеллект багытында жаңы долбоорлорду иштеп жатат. Бул кубанычтуу кɵрʏнʏш, анткени, Кыргызстан дагы технологиялык ɵнʏгʏʏнʏн бул агымынан артта калбашы керек.

-Сиз чыгармачылык адам катары айтсаңыз, жасалма интеллектти музыкада колдонсо болобу?

-Албетте, болот! Азыр дʏйнɵ жʏзʏндɵ жасалма интеллектти музыкалык чыгармачылыкта активдʏʏ колдонуп жатышат. Мисалы, оранжировка жасоодо ал биринчи кезекте гармонияны анализдеп чыгарат, андан кийин музыкалык структураны, ритмди, стилин аныктайт. Жасалма интеллект ырдын формасын тʏзʏп, аны заманбап стилде иштеп чыга алат. Бул айрыкча жаш музыканттар ʏчʏн пайдалуу. Алар ар кандай музыкалык багыттарды изилдеп, жаңы ʏндɵрдʏ жаратууну ʏйрɵнʏшɵт. Биздин шартта бул технологияны окуу процессине киргизсе, студенттер ʏчʏн абдан пайдалуу болот. Мисалы, жасалма интеллект аркылуу ар кандай гармония тʏзʏʏнʏ, ритмдерди бириктирʏʏнʏ, жаңы музыкалык форма жаратууну ʏйрɵнʏʏгɵ мʏмкʏн.

-Жасалма интелектти ɵзʏңʏз да колдонуп кɵрдʏңʏз беле?

-Ооба, колдонуп кɵрдʏм. Жакында “Махабат аралы” деген ырды жасалма интеллекттин жардамы менен оранжировка кылдык. Натыйжасы таң калтырды: ʏн сапаты, ритми, гармониясы, баары заманбап, дʏйнɵлʏк деңгээлде болду. Угуп кɵргɵн адистер да макташты. Бирок азырынча радиого же телекɵрсɵтʏʏгɵ чыга элекпиз, анткени кээ бир музыканттар бул жаңы ыкманы толук тʏшʏнɵ элек. Жасалма интеллекттин артыкчылыгы, дʏйнɵнʏн ар бурчундагы музыкаларды талдап, аларды салыштырып, ʏндɵрдʏн байланышын кɵрсɵтʏп берет. Ал тургай барабандык партияларды, татаал гармонияларды сунуштай алат. Биздин кээ бир оранжировщиктер ойлобогон варианттарды ал сунуштап берет. Бул чыгармачылык ʏчʏн чоң жардам.

-Интеллект ɵзʏ ыр чыгарып, адамдардын чыгармачылыгындагы ордун ээлеши мʏмкʏнбʏ?

-Жок, жасалма интеллект эч качан адамдын ордун баса албайт. Ал курал катары жардам берет, бирок чыгармачылыктын жʏрɵгʏ, адамдын жан дʏйнɵсʏ. Компьютер сезимди, муңду, сʏйʏʏнʏ, илхамды сезе албайт. Мисалы, ал музыканы автоматтык тʏрдɵ жаратышы мʏмкʏн, бирок ал чыгармада рух болбойт. Демек, чыныгы обон, чыныгы искусство бул адамдын жʏрɵгʏнɵн жаралат.

-Жасалма интеллект композиторлорго коркунуч жаратпайбы?

-Жок, эч кандай коркунуч жок.  Бизде “Автордук жана чектеш укуктар жɵнʏндɵ” мыйзам бар. Эгер чыгарма Кыргызпатент аркылуу катталып, мыйзамдаштырылса, аны эч ким колдоно албайт. Жасалма интеллект аркылуу жаратылган музыканы да эксперттер оңой эле айырмалай алышат. Демек, чыныгы композитордун укугу ар дайым корголот.

-Бирок жаштар арасында “интеллект чыгарып берет экен, анан ырдай берсе болот” деген тʏшʏнʏк бар…

-Бул чоң жаңылыштык. Жасалма интеллект жаратып берген музыканы ошол эле бойдон ырдап коюу туура эмес. Ар бир чыгарма адамдын эмгегин, иштеп чыгуусун, ɵзʏнʏн стилине салуусун талап кылат. Интеллект жардамчы гана. Ал идея берет, ʏндɵрдʏ сунуштайт, бирок чыгармага жан киргизʏʏ — бул адамдын иши. Эгер даяр нерсени эле ырдап койсок, анда чыгармачылыктын маңызы жоголот.

-Кыргызстанда жасалма интеллект менен иштɵɵ ʏчʏн кандай шарттар керек деп ойлойсуз?

-Биринчиден, бул ʏчʏн техникалык база керек. Бизде азыр андай ири борборлор жок. Экинчиден, бул тармак боюнча адистерди даярдоо зарыл. Музыка менен технологияны айкалыштырган жаңы муун керек. ʏчʏнчʏдɵн, коом бул нерсени туура тʏшʏнʏшʏ зарыл, жасалма интеллект душман эмес, жардамчы. Эгер туура колдонсок, бул биздин маданиятты да, билимди да, искусствону да алдыга жылдырат.

-Сиздин жеке кɵз карашыңыз боюнча, жасалма интеллекттин келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

-Келечеги абдан чоң. Бирок ал адамзатка кызмат кылышы керек, тескерисинче эмес. Жасалма интеллект бизге жардамчы болсун, бирок чыгармачылыктын жʏрɵгʏ ар дайым адамда болушу зарыл. Чыныгы музыка, чыныгы чыгарма — бул техника эмес, бул адамдын руху, сезими, ɵмʏр тажрыйбасы.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author