3 ноября, 2025

ЖЕР АТТАРЫН ТАКТАЙЛЫ

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында калаа башчысынын аракети менен чоң ɵзгɵрʏʏлɵр болуп, кʏркʏрɵп аккан Ак-Буура дарыясы тазаланып,шаар кеңейип ɵз калыбына келип жаткандай.Мына ушундай демилгелʏʏ иштерди кɵрʏп Оштун аталышы туурасында ой бɵлʏшɵйʏн деп турам. Албетте,байыркы шаарды  аралап ɵткɵн Ак-Буура дарыясынын,Отуз-Адырдын,Ош шаарынын аталышы жɵнʏндɵ уламыштар,айтымдар кɵп эле жазылып жʏрɵт.Мен аларды кайталап отурбай кадимки эле Манас эпосунун Тʏштʏк  айтымына кирген , калк казынасын жыйноочу Калмурат Рыскулов биздин кʏнгɵ жеткирген Кыдыраалы, Камчыбек манасчынын айтуусундагы «Миңжашар , Манас, Зулкарнайн»(«Манастын Париканага калаа курдурганы»деп да айтыла берет) эпосундагы таасын чагылдырылган аталыштар туурасында сɵз кылайын деп турам.

БАШКАНЫ КОЮП МАНАСТЫ АЙТ

Манас эпосунун Тʏштʏк айтымы боюнча «Миңжашар ,

Манас, Зулкарнайн»(Манастын Париканаага калаа курдурганы») эпосунда жер аттары боюнча маалыматтар арбын.Маселен бул чыгармада Ак-Буура дарыясынын Ош калаасынын кандайча аталганы,болгондо да окуялардын кадимки Манас баатырга байланыштуу экени кɵңʏл бурарлык десем болот.Бул эпос эки ирет басмадан басылып чыкса да негедир жеткиликтʏʏ кɵңʏл бурулбай келгендиги ɵкʏнʏчтʏʏ.Анда жогоруда белгилегендей Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын аталыштарына токтолсом.

Мында окуя мʏрɵктʏн суусун ичип, миң жашка чейин ɵмʏр сʏргɵн Манастын тууганы Миңжашардын  Зулкарнайнга жолугуп,аңгеме курганы  аркылуу баяндалат.Албетте,айрымдар бул окуя жомок,кантип эле адам миң  жашка чыксын деп айтышы  мʏмкʏн. Маселен  Нух пайгамбар  миң жашка тете ɵмʏр сʏргɵн.Мындай фактыларды санай берсек узун тизме болчудай. Демек, уламыштарда чындыктын учкундары болушу толук ыктымал.Бишкек шаарындагы «Турар»басмасынан 1916- жылы экинчи ирет басылган китептин 65- бетинде мындайча баяндама бар:

Кереметке окшотот

Кɵргɵнʏм айтып берейин.

Отуз — Адыр оюнда

Ɵзʏм кʏбɵ соңунда,

Келгеним айтып берейин.

Гʏлтокойдон ɵткɵндʏн

Жɵн жайын айтып берейин.

Агын суунун боюнда,

Калаа кантип Ош болду,

Ɵрнɵгʏн айтып берейин.

Кɵз алдымда Ак жолборс

Манастан тʏшʏп жʏрɵгʏ

Ɵлгɵнʏн айтып берейин.

(65-бет)

Манас ордосунан чыгып ,кырк чоросу менен Отуз-Адырга келип анын токоюна, жаратылышынын сулуулугуна суктанып, кɵңʏл ачканы да эпосто мындайча берилиптир:

Тойбой токой кɵркʏнɵ

Куланы коюп эркине.

Эңип алып гʏл жыттап

Жетпей чети беркине.

Кʏкʏктʏ тыңшап толукшуп,

Булбул угуп болукшуп.

Жылдыз гʏлдɵн калпакка,

Жыга кылып сайышып.

Анар гʏлдɵн алышып,

Анжир гʏлдɵн кулакка,

«Сырга» кылып тагышып.

Бугуну кɵрʏп бугушуп,

Бекинип токтоп турушуп.

Мылтыктарын сунушуп

Ак кийиктен атышып.

Аваздап кɵңʏл ачышып…

Кырк чоро менен сейилдеп,

Буруксуган жыпарга

Бугу чыгып жеңилдеп.

Келе жатат Манас кан,

Отуз — Адыр тараптан….

Кɵкʏрɵктʏ элебей

Кɵңʏлʏнɵ ченебей.

Шаркыракты элебей,

Шаарына теңебей.

Болкоюп келет камыкпай,

Дайрасында Алтайдын

Сʏзʏп кɵргɵн балыктай.

Адис болгон эр немең,

Эч нерсени кенебей.

Ботала болуп кʏркʏрɵп,

Булкунган сууну элебей.

Бу кандай деп сестенип

Бучкагына теңебей.

Кɵкжалың Манас чу коюп,

Кечип кирди дайраны.(67-бет)

 Эч нерседен кайтпаган баатырдык мʏнɵзʏн кɵрсɵтʏп, чоң дайраларды Алтайда кечип жʏргɵндʏктɵн Аккуласы менен дайрага салып жиберип,бир топ жерге агып барып араң жээкке чыгып , ээр токумун кийимдерин сыгып кыраан каткы кʏлкʏгɵ кабылат.Бул кɵрʏнʏш китепти окуган адамга да таасирин тийгизбей койбойт.Анткени чыныгы баатырлардын мʏнɵзʏн ушул жерден билсек болот.

БУЛ ОКУЯ АК-БУУРАНЫН АТАЛЫШЫНА СЕБЕП БОЛОТ

Чын эле кичине кɵрʏнгɵн дайра жогоруда сʏрɵттɵгɵндɵй Манасты баш кылып. кырк чорону агызып кеткени чоң окуя болуп калат.Алар алдыда кеткен Ошпурдан(кара кʏчтʏн ээси) кеңеш сурабаганына  ɵкʏнʏшɵт.Ошондо бозала болуп ызаланып турган Манас тɵмɵнкʏчɵ сɵз салат экен:

Теңсинбеген немени

Тоёт имиш тʏлкʏ жеп.

Ошонун ɵзʏ сыңары.

Окуя болду бу дагы.

Кɵрʏнгɵн менен аз гана

Кирет экен буурадай.

Кече Ошпур аваман

Кечиптирбиз сурабай,

Кечʏʏ жерин издебей,

Келеке болдук бир даалай.

Таш бар экен башында

Куду аппак буурадай.

Аты жок ушу дайраны,

Ак-Буура десек туурадай.

Ошондон бери ушинтип аталып келе жатпайбы.Болгондо да Манас бабабыз ɵзʏ коюп кеткен аталышты ыйык сакташыбыз керек.

«ОШПИРИМ КУРЧУ БУЛ КАЛАА,

ƟЗ ЫСМЫНА ОШ БОЛСУН…»

Акбуурадагы окуядан кийин бардыгынын кɵңʏлʏ Манастын акылчысы,койчулардын башчысы,кара кʏчтʏн ээси Ошпиримге бурулат.Ал чарчап калгандыктан арчанын тʏбʏнɵ жатып, терең уйкуга кетет.Аны ак жолборс алганы калганын Манас баатыр кɵрʏп калат.Тоо жаңыртып кыйкырса да Ошпиримдин ойгоно турган тʏрʏ жок.Ошондо Манастын каары бетине чыгып кыйкырганы тɵмɵнкʏчɵ сʏрɵттɵлɵт:

Ал аңгыча Аккула

Алаң карап кош кырды.

Тоону тиктеп тикчийип

Токтой калып кошкурду.

Карап Манас ошакты

Кыйкырыгын кош кылды.

-Тийбе шерим,тийбегин!

Ай-хай!Чапчып ийбегин!

Ай-хай!деп Манас обдулду,

Айкырыгын кош кылды.

Тийбе,тийбе,тийбе!-деп,

Тоо жаңырта ошкурду.

Ай-хайласа алп Манас

Айкырыгы таш жарат.

Андан ары асканын,

Жаңырганы баш жарат.

Кудуңдап качып кашкулак,

Кетти кыйла таш кулап.

Таштар-ташты кулатып.

Чоңколдорду уратып.

Борчуктагы асканы

Боо тʏшʏрʏп сулатып.

Бордо элик телкини

Баа-баалатып-чуратты

Заңкайып турган молону

Зырылдата кыйратып.

Колотко баарын толтурду.

Сендиректеп Ошпирим,

Союлдай созуп кол сунду.

Саадагын коюп жанына,

Сандык ташка олтурду.

Ошондо жолборс  ɵрмɵлɵп,

Ойго кулап жɵрмɵлɵп

Жалпак арча тʏбʏнɵ,

Жата калды  корголоп.

Барса Манас артынан,

Баштагы тʏр жок алкынган.

Арр-дей албай ак жолборс,

Жʏрɵгʏ тʏшʏп ɵлʏптʏр.

Мына ушул окуядан кийин Ошпирим бул жерге калаа курса боло турганын айтат,коргонууга,дыйканчылыкка ыңгайлуу жер экен деп Ошпиримдин оюн колдойт.Бул жагдай эпосто минтип берилиптир:

Болбогондой эчтеме

Манасың курат аңгеме:

-Ойчул авам Ошпирим,

Ойлогону эп экен.

Асмандаган Керме-Тоо

Батышын тоскон чеп экен.

Кɵмɵктɵшʏп Ак-Буура,

Чыгыш жагын кылган коо

Тʏндʏгʏ менен тʏштʏгʏн

Ɵмɵлɵп койсо чеп экен.

Ойротто жок касаба!

Ɵрнɵктɵп койсо эп экен.

Ошпирим курчу бул калаа

Ɵз ысмына Ош болсун!

Чыккынчыга кас болсун!

Калыстарга дос болсун,!

Ысмы менен Ошумун

Ыйман-ырай орносун,

Оомийин обловакибар

Бир Эгем ɵзʏ колдосун!

Ошол замандан бери Ошпирим деген сɵз  айтылып жʏрɵт.Эсил кайран СССР дин

мезгилинде Ошпирим-Андижан, Андижан-Ошпирим деген автобустагы каттамдагы жазууларды кɵп эле кɵрʏп калдым .

Азыркы кʏндɵ да теле каналдарды «Ошпирим» деп атагандар бар, тилекке каршы бул сɵз сейрек кездешип калды.

  Демек, айтылуу Ош калаасын Манас бабабыз батасын берип, кара кʏчтʏн ээси,акылманы,койчулардын башчысы Ошпур канга курдурганын сɵздɵп бердим.

   Мына азыр макаламдын башында айткандай Манас баатыр негиздеген, Ошпур акылманынын ысмын койгон шаарда кɵп ɵзгɵрʏʏлɵр болуп жатканын айттым.Ушундай мезгилде калааны негиздеген Ошпиримдин айкели пайда болсо жаман болбос эле. Эң башкысы сʏйʏктʏʏ шаарыбыздын, экинчи борборубуздун тарыхын жаштарыбыз жʏрɵгʏндɵ сактап, унутпай айта жʏрʏшсɵ жакшы болмок.

Камчыбек Камбарбеков, Кыргызстан жазуучулар  союзунун мʏчɵсʏ.

About The Author