Ош шаардык кеңешинин депутаты Кушбак Искендерович Шайиев — жаш ишкер, коомдук турмушка активдʏʏ катышкан инсан. Анын жашоосу — аракет, тажрыйба жана ʏзʏрлʏʏ эмгектин жыйынтыгы. Биз эл ɵкʏлʏ менен коомдогу жаштардын орду, ɵнʏгʏʏ тууралуу кɵз карашы жана жеке турмуш философиясы боюнча маектештик.

—Ɵзʏңʏз тууралуу кыскача айтып ɵтсɵңʏз
— Мен 1989-жылы Ош шаарында тɵрɵлгɵм. Билим жолум №2 Карл Маркс атындагы мектептен башталган. 2005-жылы Ош соода-экономикалык колледжинде “Салык жана салык салуу” адистиги боюнча билим алып, андан соң Ош технологиялык университетинде билимимди улантып, 2010-жылы бакалавр даражасын алганмын.
Университетти бʏткɵндɵн кийин 5 жыл Тʏштʏк Кореяда эмгектендим. Ал жактагы жашоо тажрыйбам мен ʏчʏн чоң мектеп болду. 2015-жылы мекенге кайтып келип, жеке ишкердик менен алектене баштадым. ʏй-бʏлɵлʏʏмʏн, ʏч баланын — эки уул, бир кыздын атасымын.
—Саясатка, тактап айтканда депутаттыкка кандайча кызыгуу пайда болду?
— Эгер мен кɵтɵргɵн, мен каалаган маселелер кɵтɵрʏлсɵ мен депутат болбой эле тынч ɵз жашоомду жашамакмын. 2010-жылдагы революциядан кийин “бийликке жаштар келсин” деген чакырыктар эл арасында кɵп айтылган. Ошол мезгилде мен студент болсом да, коомдук иштерге катышып, шаардык кеңешке депутат болсом деген тилек туулган. Бирок жашым талапка туура келбегендиктен катыша алган эмесмин.
2016-жылы шайлоого катышуу ниетим болгон, бирок ал учурда ʏй-бʏлɵлʏк жана жеке жашоомду турукташтырууну туура кɵрдʏм. 2020-жылы Ош шаардык кеңешине “Бир Бол” партиясынын катарында катыштым, бирок пандемия учурунда шайлоо токтоп калган. 2021-жылдагы кайра шайлоодо тɵрт мандат менен кеңешке келдик. 2024-жылдагы шайлоодо да ошол эле партия менен беш мандат алып, азыр экинчи чакырылыш депутаты катары иштеп жатам.
—Депутат катары сиз ʏчʏн эң башкы милдет жана жоопкерчилик эмнеде?
— Эл ɵкʏлʏ болуу — чоң жоопкерчилик. Мен ʏчʏн депутаттык кызмат бийлик эмес, элге кызмат кылуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ. Ар бир чечим, ар бир добуш берʏʏнʏн артында шаардыктардын тагдыры турат. Мен депутат катары “эртең эл эмне дейт?” деген суроодон мурда, “Кудай алдында бул ишим туурабы?” деп ойлоном. Маркум Чубак ажы айткандай, “Элди баарын ыраазы кыла албайсың, бирок Алла ыраазы болгудай иш кыл” деген насаатты карманам.

—Сиз кɵп учурда ɵндʏрʏштʏк аймагын ачуу зарылдыгын айтып жʏрɵсʏз. Эмне ʏчʏн бул багыт сиз ʏчʏн маанилʏʏ?
— Мен Тʏштʏк Кореяда беш жыл жашап, иштедим. Ал жакта ɵнʏгʏʏнʏн негизги булагы — ɵндʏрʏш экенин ɵз кɵзʏм менен кɵрдʏм. Кыргызстанда да ошол багытка басым жасабай туруп, туруктуу ɵнʏгʏʏ жɵнʏндɵ сɵз кылуу кыйын.
Ɵндʏрʏш аймагын ачуу — менин эң башкы демилгелеримдин бири. Эгер шаарда ɵндʏрʏш жолго коюлса, салыктын кɵлɵмʏ кɵбɵйɵт, бюджет толот, ал каражат менен жолдор, жарык, суу сыяктуу социалдык муктаждыктар чечилет. Азыр элдин кɵбʏ саясат менен алек, бирок ишмердикке шарт тʏзʏлсɵ, ар ким ɵз иши менен алек болуп, ɵлкɵ да, эл да алдыга жылмак.
—Жеке жашооңузда жана ишиңизде эң чоң колдоону кимден аласыз?
— Эң чоң колдоону апамдан алам. Апам дайыма дубасы, батасы менен жандап турат. Кандай кыйынчылык болбосун, апамдын батасы — мага кʏч берет.
—Бала чагыңыздан бери эсиңизде калган насааттар
— Атамдын эң кɵп айткан сɵзʏ: “Ɵлʏп баратсаң да чындыкты айт”, — деген эле. Ошол сɵз азыр да кулагымда жаңырып турат. Балдарыма азырынча мындай терең насаат айта элекмин, бирок убакыты келгенде сɵзсʏз айтам деп ойлойм.
—Эң катуу уруш уккан учур эсиңиздеби?
—Ооба(кʏлʏп), мектептен качканым ʏчʏн катуу уруш укканым эсимде. Жɵн эле урушпай, жакшы эле таяк да жегем. Бирок ошол учурлар азыр кʏлкʏ менен эстелип калды.
—Кандай учурда эмоцияңызды кармап туруу сиз ʏчʏн кыйын?
— Мен тынч мʏнɵздʏʏ адаммын, бат ачууланбайм. Бирок бирɵɵгɵ жɵнɵкɵй нерсени тʏшʏндʏрɵ албай жатканда, кээде сабырым тʏгɵнɵт. Болбосо кубанычты да, капаны да сыртка чыгарбай, ичимден кɵтɵргɵндʏ туура кɵрɵм.
—Ɵкʏнгɵн учурларыңыз болобу?
— Ар бир адамдын жашоосунда “ушуну айтпай эле койсом болмок” же “убагында айтсам болмок” деген ойлор болот. Мен кɵбʏнчɵ айтпай калган нерселериме ɵкʏнɵм. Себеби, кээде адамдын кɵңʏлʏн оорутуп аламбы деп унчукпай калам. Бирок кийин ойлонсом, кээде чындыкты убагында айткан жакшы экен.
—Жакшы кɵргɵн жаныбарыңыз кайсы?
—Мен жылкы багып, аргымак таптоого ɵзгɵчɵ кызыгам. Жылкы намыстуу келет. Аягына чейин кʏчʏн берет. Жылкынын да кʏлʏктɵрʏн кызыгуу менен багып, таптайбыз. Кыргыз илгертен ат чаап келет эмеспи. Пайгамбарыбыз да тулпар таптап чапкан, Манас атабыз да кʏлʏк таптаган.
Каныкей энебиз да уулу Семетей эл башкарат деп тайторуну чоң жарыштарга чапкан. Негизи жылкы намыстуу болгон ʏчʏн, кʏчтʏʏ болгон ʏчʏн, мʏнɵзʏ мага жакканы ʏчʏн жылкыга кызыгуум кʏч. “Ат минген оорубайт, бирок ат менен ооруган айыкпайт” деп коюшат го.
Биз ат чаап жʏргɵн аргымак жарыштардын тʏрʏндɵ кыргыз менен эле казак чабышат. Казакстанга чейин барып, “кыргыздын кʏлʏгʏ” деп чоң байгелерге ээ болуп келе жатабыз. Бул мен ʏчʏн жɵн эле хобби эмес — бул ата-бабанын рухунун, эрдиктин жана намыстын улануусу. Жылкы кыргыздын мʏнɵзʏн, намысын, эркиндикке умтулуусун чагылдырат. Мен жылкы багуу аркылуу чыдамкайлыкты, жоопкерчиликти жана туруктуулукту ʏйрɵндʏм. Кʏлʏк таптоо — бул ар кʏнʏ аракет, мээнет жана сʏйʏʏ менен байланышкан иш. Бул жашоонун ɵзʏ сыяктуу — кандай мамиле кылсаң, ошондой кайтарат.
—Эгер сизге Ош шаары ʏчʏн гана сарпталсын деп 1 миллион доллар берилсе, аны эмне ʏчʏн жумшамаксыз?
— Ал каражатты сɵзсʏз бала бакчаларга жумшамакмын. Азыр шаарда бала бакчалар жетишсиз. Кезекте тургандар ɵтɵ кɵп. Жаңы бакчалар курулса, ата-энелер ʏчʏн да, балдардын ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн да чоң жардам болмок.

—10 жылдан кийин ɵзʏңʏздʏ кандай абалда элестетесиз?
— Он жылдан кийин ɵзʏмдʏ кайсы кызматта болбосун, коомдук иштерге активдʏʏ катышкан адам катары кɵргʏм келет. Кайда болбоюн, элге, шаарга, мекенге пайда алып келчʏ иш менен алектенсем — ошол мен ʏчʏн ийгилик.
—Убакыт машинасы болсо, тарыхтан кайсы доорду кɵрʏп келмексиз?
— Мен Кокон хандыгынын доорунда болгум келет. Себеби, ал мезгил биздин элдин тарыхындагы эң маанилʏʏ, бурулуш учур болгон. Эгер ошол хандык сакталып калса, балким азыр мамлекетибиз таптакыр башка нукта ɵнʏкмɵк деп ойлойм. Анткени, Кокон хандыгы — биздин ɵз мамлекетибиз болгон деп ойлойм. Ал кезде эл ɵзʏнʏн каада-салтын, динин, нарк-насилин бекем кармаган, эркин жашаган.
Орустар келгенден кийин баары ɵзгɵрдʏ. Орус империясынын башкаруу системасы, кɵз карашы, жашоо таризи биздин элдин мʏнɵзʏнɵ жана руханий дʏйнɵсʏнɵ дал келчʏ эмес. Ошонун айынан биздин кɵптɵгɵн чыгаан инсандарыбыз репрессияга кабылып, элдин багыты ɵзгɵрʏп кеткен. Эгер ошол хандыктын тушундагы улуттук башкаруу сакталып калса, балким азыр кыргыз эли ɵз жолун эртерээк таап, ɵнʏгʏʏдɵ башка деңгээлде болмок.
Ошол мезгилди ɵз кɵзʏм менен кɵргʏм келет эле — эл кандай жашаган, мамлекет кантип иштеген, ошол замандагы эркиндиктин урааны кандай болгон деген суроолор дайыма кызыктырат.
—Жашоодон алган эң чоң сабагыңыз?
— 20 жашымда Кыргызстандан чыгып, 25 жашымда кайтып келгем. Тʏштʏк Кореядагы беш жылдык жашоом — менин эң чоң мектебим болду. Ал жакта ачкачылыкты да, жалгыздыкты да, мээнеттин даамын да таттым. Ошол кыйынчылыктар мага чыдамкайлыкты, ыраазы болууну жана аракеттин баасын ʏйрɵттʏ. Ошол жылдарды мен жашоомдун эң оор, бирок эң баалуу доору деп билем.
—Телефонуңуздагы эң кɵп колдонгон 3 тиркеме?
— WhatsApp, Facebook жана iPhoneдун Excel программасын кɵп колдоном.
—Жумушта кɵп колдонгон сɵзʏңʏз?
—Мен кɵп учурда “мындай да” деп сʏйлɵп баштайм. Ар бир тʏшʏндʏрмɵм ошол сɵздɵн башталат окшойт (кʏлʏп).
—Сɵз соңунда…
—Ар кимибиз ɵзʏбʏздʏн кичинекей ишибиз менен да ɵлкɵгɵ пайда алып келе алабыз. Элге кызмат кылуу – бул чоң кызмат эмес, кичине иштен башталган жоопкерчилик. Эң башкысы – аракет жана чын ниет болсун.
Гульнура Ормонова


Окшош макалалар
Марипжан Эндешов: “АСУНО” системасы ишке кирсе санариптик секирик болот
ОшМПУ – жʏз жылдык билим уясынын жаңы доору
Балдардын укуктарын коргоонун коомдогу орду: балдар жɵнʏндɵ материал даярдоодо эмнелерди эске алуу керек?