Ош шаарына Жеңишбек Токторбаев мэр болуп дайындалгандан бери сейил бактардын саны артты. Ɵзʏнʏн 9 айлык мэрдик мɵɵнɵтʏ учурунда калаа башчы бир нече скверлерди жана бир паркты курууга жетишти.
Биз бул макалада мурдагы мэрлердин тушунда канча сквер, канча парк курулганын салыштырып беребиз.
Айтмамат Кадырбаев
Айтмамат Кадырбаев 2013-жылдан 2018-жылга чейин мэр болгон болсо, анын тушунда 3 парк оңдолуп, эки сквер жаңыланган.
Таалайбек Сарыбашов
Андан кийин Таалайбек Сарыбашов 2018-жылы мэрлик кызматка дайындалып, 2021-жылы кызматтан кеткен. Ал шаарды башкарып турган учурда Бекмамат Осмонов кɵчɵсʏнɵ жана Анар кичи райондоруна скверлер курулган.
Алмаз Мамбетов
Андан соң Алмаз Мамбетов калаа башчысы болуп дайындалып, 1 жылдан ашык убакыт иштеди. Ал мэр болуп турган учурда приоритет башка багытка бурулган болчу.
Бакытбек Жетигенов
2022-жылдын ноябрь айында Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, 2025-жылдын январь айында кызматтан кеткен. Ал мэр болуп турган кезде Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы Уркуя Салиева кɵчɵсʏндɵгʏ сквер ачылган.
Жеңишбек Токторбаев
Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп ушул жылдын 23-январында дайындалган. Анын тушунда мыйзамсыз курулуштар бузулуп, экс-депутаттардын, мурдагы чиновниктердин мыйзамсыз объекттери алынган. Ошондой эле такай рейддер ɵткɵрʏлʏп, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ири долбоорлор ишке аша баштады. Аны менен катар эле Ош шаарын аралап ɵткɵн каналдардын корук аймактарындагы мыйзамсыз курулуштар алынып, сейил бактар, скверлер, парктар курулду.
Жеңишбек Токторбаев жасаган иштердин масштабын чагылдыруу ɵтɵ эле кыйын, бирок, бул жолу анын шаар тургундарынын эс алуусуна арнап курган сейил бактарын, скверлерин, парктарын санап беребиз.


Вело жол жана бак
Ош шаарынын тʏндʏк тарабында Кулатов жана Ак-Тилек кичи райондорун бириктирген веложол, тротуар жана бак курулуп, шаардыктардын пайдалануусуна расмий тапшырылды.
Шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен жол жээгиндеги кызыл чийиндин сыртында жайгашкан курулуштар бузулуп, алардын ордуна тротуар, веложол жана сейил бак курулду.
Жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр жана велосипедчендер ʏчʏн тʏзʏлгɵн бул шарттар шаар тургундарынын сергек жашоосуна гана эмес, жол кыймылынын коопсуздугуна жана тыгындын азайышына да ɵбɵлгɵ болот.

Кыргыздын алгачкы генералынын сквери
Ысакбек Монуев жана Аскар Шакиров кɵчɵлɵрʏнʏн кесилишине, мурунку май куюучу жайдын ордуна сквер курулуп, кыргыздын алгачкы генералдарынын бири — Ысакбек Монуевдин эстелиги тургузулду. Бул бакча шаардын туулган кʏнʏнɵ тартууланган дагы бир белек болуп калды.
Мыйзамсыз курулуштар жайгашкан аймак ири паркка айланды
Калаа башчысы шаарды аралап ɵткɵн каналдардын корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды алуу иш-чараларынын жʏрʏшʏндɵ Тʏштʏк-Чыгыш кичи районуна да барган. Анда мэр таңкы рейдинин жʏрʏшʏндɵ мыйзамсыз курулуштарды бузуп, парк курууну тапшырган. Ал иштер натыйжалуу ишке ашып, ири парк курулду.
Аталган парк президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылды.
Садыр Жапаров 5-октябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жʏрʏшʏндɵ Ош шаарында Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын ачылыш аземине катышкан.
Мамлекет башчысы иш-чаранын башында символикалык тʏрдɵ боону чечти. Андан соң ал аймактын кɵрктɵндʏрʏлʏшʏ жана шаар тургундары менен меймандары ʏчʏн эс алуу жана активдʏʏ убакыт ɵткɵрʏʏгɵ тʏзʏлгɵн шарттар менен таанышкан.
Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан парктын жалпы аянты 26 000 чарчы метрди тʏзɵт. Паркты куруу иштери 2025-жылдын июнь айында башталып, толугу менен аяктады.
Белгилей кетсек, бул аймак жакшыртууга чейин кароосуз калган абалда болгон. Азыр паркта воркаут-зона, балдардын оюн аянтчасы, унаа токтотуучу жай, мини-футбол талаасы жана башка шарттар тʏзʏлгɵн.
Соңунда Президент Садыр Жапаров жергиликтʏʏ тургундар менен баарлашып, алар анын аймакка кɵңʏл буруусу, демилгелерди колдогону жана маанилʏʏ социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырганы ʏчʏн ыраазычылык билдиришти.

Мурда коммерциялык объекттер менен курчалган аймак сейил бакка айланат
Ош шаарындагы Курманжан Датка менен Гапар Айтиев кɵчɵлɵрʏнʏн кесилишиндеги мурунку сейил бак калыбына келтирилʏʏдɵ. Жеңишбек Шермаматовичтин демилгеси менен суу жээгине курулган имараттар бузулуп, жаңы долбоорду баштоого даярдык иштери жʏрʏп жатат.
Бул чакан сквер шаардагы жашыл аянттардын катарын толуктап, анда курулуп жаткан суунун ортосундагы амфитеатр (жайкы сахна) чыгармачыл жаштардын башын кошкон борборго айланат.


Дооран Токтошев


Окшош макалалар
Марипжан Эндешов: “АСУНО” системасы ишке кирсе санариптик секирик болот
ОшМПУ – жʏз жылдык билим уясынын жаңы доору
Балдардын укуктарын коргоонун коомдогу орду: балдар жɵнʏндɵ материал даярдоодо эмнелерди эске алуу керек?