3 ноября, 2025

Мыйзамсыз курулуш — кырсыктын тамырыбы?

Ош шаарында 2025-жылдын 19-октябрында катталган кɵп кабаттуу турак ʏйдɵгʏ ɵрт коомчулуктун жана тиешелʏʏ органдардын кɵңʏлʏн шаардагы курулуш тармагындагы мыйзам бузууларга жана ɵрт коопсуздук маселесине буруп койду. Бул кырсык боюнча Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Алтынбек Абылаев, анын орун басары майор Замирбек Мурзатов  жана Ош шаардык архитектуралык  курулушту  кɵзɵмɵлдɵɵ башкармалыгынын башкы инспектору Осмонкул Курманбековдор маалымат беришти.

Подполковник Алтынбек Абылаев:

-2025-жылдын 19-октябрында Ош шаарынын Айша Маматсакова кɵчɵсʏндɵгʏ №226 даректе жайгашкан 12 кабаттуу  турак ʏйдɵ ɵрт кырсыгы катталган. Алгачкы билдирʏʏ саат 06:32де биздин башкармалыкка тʏшкɵн, биринчи ɵрт бɵлʏмʏ 06:36да окуя болгон жерге жетип, ɵрттʏ ɵчʏрʏʏ иштерин баштаган. Ɵрт кырсыгы саат 09:30да чектɵɵгɵ алынып, саат 16:10до толугу менен ɵчʏрʏлгɵн. Тергɵɵ жана техникалык иликтɵɵ жыйынтыгында ɵрттʏн себеби, 2-кабаттагы оңдоо иштери жʏрʏп жаткан коммерциялык багыттагы бɵлмɵнʏн кабель шахтасындагы электр чубалгыларынан чыккандыгы аныкталган. От ошол жерден чатырына чейин тараган. Ɵрт чыккан имаратта ɵрт коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Сырткы жана ички ɵрт гидранттары каралган эмес, жыгач конструкциялар атайын ɵрттɵн коргоочу суюктуктар менен иштетилбеген, электр чубалгылары талапка ылайык орнотулган эмес, тепкичтердин ортосундагы аралык нормадан аз болгон. Эң негизгиси, бул имарат пайдаланууга берилген эмес, бирок айрым тургундар уруксаты жок эле кирип жашап алышкан.

Азыркы учурда биздин башкармалык турак ʏйлɵрдʏн ɵрт коопсуздук абалын ɵз алдынча текшерʏʏгɵ укуктуу эмес. Турак ʏйлɵрдʏ пайдаланууга кабыл алуу иштерин Мамлекеттик архитектуралык жана курулуш кɵзɵмɵл кызматы (ГАСК) жана Ɵрт коопсуздугун кɵзɵмɵлдɵɵ башкармалыгы жʏргʏзɵт. Ошондуктан жарандар турак жай сатып алардан мурда, ал имарат мыйзамдуу тʏрдɵ пайдаланууга берилген-берилбегенин тактап алышы зарыл!

Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгын башчысынын орун басары майор Замирбек Мурзатов:

-2025-жылдын 13-майында Министрлер Кабинетинин №251 токтому чыккан. Бул токтомдо Кыргыз Республикасындагы бардык объектилер ʏчʏн ɵрт коопсуздук эрежелери так кɵрсɵтʏлгɵн. Ар бир имараттын айланасы таза кармалышы керек. Кургап калган чɵп, таштанды жана курулуш калдыктары убагында тазаланып турушу зарыл. Ошондой эле ар бир имаратта сырткы жана ички ɵрт гидранттары болушу милдеттʏʏ. Эгер гидрант алыс болсо, суу сактагыч же атайын кɵлмɵ каралышы керек. Имараттын ичинде эвакуация планы илинип, алгачкы ɵрт ɵчʏрʏʏчʏ шаймандар даяр абалда турушу шарт. Чоң объектилерде, кампаларда, соода борборлорунда, архивдерде, автоматтык ɵрт сигнализациясы жана суу чачуучу системалар орнотулушу керек. Ɵрт чыккан учурда чыгуучу эшиктер жана кошумча жолдор ар дайым ачык болушу зарыл. Кээде эмеректер же буюмдар эшиктин алдына коюлуп, адамдардын чыгышына тоскоолдук жаратып калат — бул эң чоң ката.

Электр зымдарынын туура эмес кошулуусу, ашыкча жʏк тʏшʏʏсʏ ɵрттʏн негизги себептеринин бири болуп саналат. Ар бир зым ɵзʏнчɵ автоматтык ɵчʏргʏч менен корголушу керек. Ал эми кыш мезгилинде электр жылытуучу мештерди туура эмес колдонуу, бир розеткага бир нече кʏчтʏʏ приборду кошуу — кыска туташууга алып келет. Меш менен мордун ортосундагы аралык сакталбаса дагы ɵрт чыгышы мʏмкʏн. Мор ʏйдʏн жыгач конструкцияларына тийип турбашы керек. Мештин алдына 70х50 см ɵлчɵмʏндɵгʏ темир барак тɵшɵлʏшʏ зарыл. Бул от тʏшʏп кеткенде пол кʏйбɵшʏ ʏчʏн керек.

Балдардын шоктугунан чыккан ɵрттɵр дагы кездешет. Ошондуктан ата-энелер ɵрттʏн коркунучу жана от менен ойноонун кесепети тууралуу сɵзсʏз тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏшʏ керек.

Ал эми курулуш иштери архитектура, экология жана ɵрт коопсуздук кызматтары менен макулдашылгандан кийин гана башталат. Талаптар аткарылгандан кийин ГАСК тарабынан курулушка уруксат берилет. ГАСК курулуш учурунда ʏч этапта кɵзɵмɵл жʏргʏзɵт: пайдубал, дубал жана чатыр жабылган учурда. Ɵрт кырсыгы чыккан учурда адамдар эң алгач 101 же 112 номерине чалышы керек. Бизге чалган жарандар дарегин, аты-жɵнʏн жана кырсыктын так ордун так айтууга тийиш. Эгер мʏмкʏнчʏлʏк болсо, документтерди алып, терезе жана эшиктерди жаап чыгып кетʏʏ зарыл! Анткени, аба жетпей калган учурда ɵрт ɵзʏнɵн ɵзʏ басаңдай тʏшɵт.

Ош шаардык архитектуралык курулуштарды кɵзɵмɵлдɵɵ башкармалыгынын башкы инспектор Осмонкул Курманбеков:

-Ош шаарындагы Маматсакова кɵчɵсʏндɵ жайгашкан ɵрт чыккан кɵп кабаттуу турак ʏй “Эмаком” курулуш компаниясы тарабынан курулган. Бул имарат курулуш башталгандан бери эле мыйзамсыз курулуштардын тизмесине кирген. Биз тараптан бир нече жолу эскертʏʏлɵр берилген, административдик айып пулдар салынган, курулушту токтотуу боюнча аракеттер кɵрʏлгɵн. Бирок курулуш улантылып, натыйжада биз сотко кайрылууга аргасыз болдук. Соттун чечими менен бул курулуш бузулуп, баштапкы абалына келтирилиши керек деп табылган. Бирок андай болгон эмес. Калган маселелер боюнча менин так маалыматым жок. Курулуштун мыйзамдуулугу боюнча бизге эч кандай документтер келген эмес. Азыркы кʏнгɵ чейин лицензиясы жана тиешелʏʏ уруксат кагаздары боюнча так маалымат жок. Демек, бул имарат мыйзамдуу пайдаланууга берилген эмес жана анын коопсуздугу боюнча эч бир мамлекеттик орган жооп бере албайт.

Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы

About The Author