Кыргызстандын билим берүү системасында өзүнүн терең билими, бийик адамдык сапаты жана жетекчилик жөндөмү менен өчпөс из калтырган инсандар аз эмес. Алардын катарында педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Ош курулуш колледжинин көп жылдык жетекчиси Жунусмамат Эрмековдун орду өзгөчө. 46 жылдык өмүрүн агартуучулукка арнаган бул инсан — миңдеген адистердин устаты жана заманбап информатика илиминин окутуунун методикасына зор салым кошондордун бири.

Билимге кадам жана алгачкы эмгек жолу

Жунусмамат Эрмеков 1946-жылы 28-августта Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында туулган. Анын илимге болгон кызыгуусу мектеп курагынан эле байкалып, 1967-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун ошол эле жылы Ош педагогикалык окуу жайында математика мугалими катары баштап, кийинчерээк Фрунзе политехникалык институтунда окутуучулук кызматты уланткан. Бул анын келечектеги чоң илимий жетишкендиктеринин пайдубалы болгон.

Илимдеги жаңычылдык жана жетекчилик феномени

Жунусмамат Эрмеков информатика илимин окутуунун методикасына зор салым кошкон. Анын Москвада коргогон илимий иши колдонмо информатиканы окутуудагы эксперттик системаларга арналган. Бул эмгектери үчүн 1998-жылы ага «Информатика» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы берилген.

Анын жетекчилиги астында Ош курулуш колледжи ири өзгөрүүлөргө дуушар болуп, өлкөнүн экономикасына зарыл болгон миңдеген курулушчу жана техникалык адистер даярдалып чыккан. Жунусмамат агайдын калемине таандык 3 илимий-методикалык окуу китеби, 30дан ашуун илимий макалалар жарык көргөн. Ал Кыргызстан, Россия жана Орто Азия өлкөлөрүнүн окумуштуулары менен тыгыз илимий байланышта иштеген.

Сыйлыктар жана коомдук ишмердүүлүк

Агайдын көп жылдык үзүрлүү эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир топ мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон:

  1. КР Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери (2010).
  2. КР Президентинин Ардак грамотасы (2010).
  3. «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси (1995).
  4. «Манас эпосуна – 1000 жыл» эстелик медалы.

Мугалимдик стажы 46 жылды түзгөн Жунусмамат Эрмеков үчүн эң чоң сыйлык — анын колунан билим алып, бүгүн өлкө кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткан шакирттеринин ийгилиги.

Үй-бүлө — бакыттын очогу

Илим жана жетекчилик кызматты үй-бүлө менен айкалыштыра билген Жунусмамат агай — үлгүлүү ата жана чоң ата. Бүгүнкү күндө ал жубайы менен биргеликте 6 баланы тарбиялап өстүрүп, 12 неберенин ардактуу таятасы жана чоң атасы болуп отурат. Жунусмамат Эрмековдун басып өткөн жолу — эмгекчилдиктин, илимге берилгендиктин жана мекенчилдиктин чыныгы үлгүсү. Анын ысымы Кыргызстандын билим берүү тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калары шексиз.

Билим берүү тармагында өзүнүн өчпөс изин калтырып, миңдеген жаштарга жол көрсөткөн залкар инсан, тажрыйбалуу жетекчи жана илимпоз Жунусмамат агай тууралуу кесиптештери, замандаштары терең кайгыруу жана сыймыктануу менен эскеришет. Анын баскан жолу — бүгүнкү муун үчүн чыныгы мектеп.

ОшМПУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бекмурза Зулуев: «Ал кишинин жетекчилик мектеби өзгөчө эле»

— Жунусмамат агай өз учурундагы мыкты педагог, мыкты жетекчи, ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылган инсан болгон. Ал кишинин эмгек жолу биздин педагогикалык окуу жайдан башталган экен. Ушул жерде жаш окутуучу катарында келечектин мугалимдерин даярдоодо бир топ алгылыктуу иштерди жасап, студенттерге билим берип, билим менен илимди айкалыштырууда, мугалимдик кесипти кадырлоодо чоң эмгек сиңирди. Студенттерге көп насааттарын айтып, мыкты мугалим болду.Агайдын өзүнүн жетекчилик касиеттери болгондугу үчүн, ал бул жерден атайын кызматтык көтөрүлүүлөр менен жогорку кызматтарга которулган. Мындай жетекчилер билим берүүдө чанда гана кезигет. Советтик системадагы мыкты жетекчилик тарбияны алган агай өзү иштеген окуу жайда, айрыкча союз учурундагы курулуш иштери жогорку орунда турган мезгилде мыкты адистерди тарбиялап өстүрдү. Бул багытта өтө чоң ролду аткарды. Агайдын ишмердүүлүгү, ишин жакшы билген жетекчиликтин сырын мыкты өздөштүргөндүгү — анын бир окуу жайды чейрек кылым башкарып олтурганынан көрүнүп турат. Агайдын туруктуу мүнөзү, билиминин жогору болушу, ар бир адам менен өз алдынча сүйлөшө алгандыгы — анын өзгөчө касиеттеринин бири эле. Ал өтө жөнөкөй, ар бир адамдын тилин таба алган, ошол эле учурда иштеп жаткан ар бир кызматкерге мотивация берген инсан болчу. Мага да насип этип, жетекчилик кызматты аркалагандан баштап, шаарыбыздагы жогорку окуу жайдын жетекчилери менен кызматташууга, ал кишилер менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк болду. Мен жаш жетекчи катары анын көп жылдык жетекчилигинин сыры эмнеде экенин билүү үчүн агай менен сырдаш болуп жүрдүм. Жунусмамат агайдын өзгөчөлүгү: «Балдар, жетекчи болуп келдиңер. Өзүңөрдүн оюңарды эле бербестен, ар бир ишти өзүңөр ойлогондой, айткандай кылбастан, жамаат менен кеңешип иш кылгыла. Сен берген тапшырманы жамаат турмушка ашыра алабы же жокпу, ошону билип, жетекчи катары өзүң үлгү болуп, үстүнөн көбүрөөк иштөө керек», — деп насааттарын берчү. Мени суктандырган сапаты — агайдын дайым өзүн алып жүрүүсү, жетекчилик стили, сүрү жана маданияты бар өзгөчө инсандыгы эле. Айрым учурларда тамашалуу сөздөрүн айтып, көңүлдү көтөрүп, өзгөчө жаштарга жакшы таалим-тарбия бергени менен эсте калды. Билим берүүдө опол тоодой иштерди жасады. Үй-бүлөсүнө да аябай камкор болчу. Бир үй-бүлөдөн эки жетекчинин чыгышы да агайдын ишмердүүлүгү, алдын ала көрөгөчтүгү болсо керек. Себеби агайдын жубайы да билим берүү системасында көп жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап, илимпоз катары таанылып келет. Жакшы уул-кыздарды тарбиялап өстүрүштү. Ушундай сонун адамдан айрылдык. Агайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

ОшМУнун ректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Кудайберди Кожобеков: «Агайдын көрөгөчтүгү санарип доорунун пайдубалы болгон»

—Жунусмамат агай Москвадагы ММУнун (МГУ) ошол мезгилдеги эң алдыңкы билим ордосунан тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк алган. Ошол окуу жайда азыркы мезгилде актуалдуу болуп жаткан информатиканы окутуу методикасы жана санариптештирүү боюнча илим алгандыгы — бул кишинин канча жыл мурун кайсы кесип актуалдуу болорун аңдап тандаганы, анын көрөгөчтүгү жана зиректиги. Санариптештирүү багыты бүгүнкү доордо канчалык актуалдуу экенин коомчулук жакшы түшүнөт. Ошол мезгилдеги башталган кадамдардын натыйжасында бүгүнкү чоң санариптештирүү доору келди. Ошондуктан биз агайдын бул доорго кошкон салымы зор десек жаңылышпайбыз. Агайдын негизги адистиги математик болгондуктан, математик катары ой жүгүртүп, бүтүн педагогикалык тажрыйбасы менен бүт өмүрүн ушул тармакка арнады. Ал мезгилде миңдеген окуучуларга билим берип, тиешелүү квалификация, диплом берип, өмүрүн педагогикага жумшады. Ошол эле учурда адамдык сапаты, илимпоздугу баарыбызга үлгү болду.

Мен агайдын адам катары, ага-ини катары, дос катары жасаган аракеттерине күбө болдум. Чындыгында үлгү боло турган ата, үлгү боло турган дос, үлгү боло турган кесиптеш эле. Себеби, агай ушунчалык улуу киши катары акыл-насаатын айтып, өзүнүн өмүрлүк тажрыйбасы менен бөлүшүп, бир да кишиге үнүн көтөрүп катуу сүйлөбөстөн, бой көтөрбөстөн, жөнөкөй болуп, ушунчалык бийик сапаттарга ээ болчу.  «Канча улуу болсоң, ошончо кичүү бол» деген сөз бар эмеспи. Агайдын илимпоздугу, илим-билимдүүлүгү анын жөнөкөйлүк сапатында эле. Биз агайдын ар бир баскан-турганын, жасаган иштерин үлгү катары карап келгенбиз жана карап кала беребиз. Агайдын жаткан жери жайлуу болсун!

Айнура Валижанова

About The Author

от Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *