Айылдан чыгып, медицина илиминин бийик тепкичтерин багынткан, миңдеген аялдардын ɵмʏрʏн сактаган дарыгер жана бʏгʏн элдин ʏнʏн бийликке жеткирген Ош шаардык кеңешинин депутаты, онко-гинеколог Жамал Ормонова ɵмʏр жолу, кесиби жана коом алдындагы жоопкерчилиги тууралуу баяндайт.

—Ɵзʏңʏз тууралуу кыскача айтып ɵтсɵңʏз
— Мен, Жамал Ормонова, Кара-Кулжа районунун Кɵк-Арт айылында карапайым ʏй-бʏлɵдɵ туулгам. ʏй-бʏлɵдɵ сегиз бир туугандын бешинчисимин. Айылдык Сидоров мектебинде 8-класска чейин окуп, андан кийин Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайга тапшыргам.
1983-жылы окууну бʏтʏп, Баткен райондук ооруканасында медайым болуп иштеп баштадым. 1986-жылы борбордогу Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1992-жылы жогорку билимимди ийгиликтʏʏ аяктап, Ош шаарына келдим. Ал жакта тɵрɵт ʏйʏндɵ акушер-гинеколог болуп иштедим.
1996-жылы шаардык онкология борборуна онко-гинеколог болуп иштɵɵгɵ жɵнɵтʏлдʏм. Келгенимде мага жол кɵрсɵтʏп, ʏйрɵткɵн киши болгон жок. Баарын нɵлдɵн баштап ɵз алдынча ʏйрɵнʏп, атайын окуулардан ɵтʏп, тажрыйба топтодум. Ошол жылдан 2018-жылга чейин Ош облустар аралык онкология борборунда ʏзгʏлтʏксʏз иштедим. 2018-жылы ɵз кʏчʏм менен жеке клиника куруп, азыркы кʏнгɵ чейин ошол жерди жетектеп келе жатам. Мындан тышкары, Ош мамлекеттик университетинде студенттерге сабак берем.
Медицина илимдеринин кандидаты, профессорумун. Ошондой эле тʏштʏк регион боюнча Кыргыз мамлекеттик университетинин адистерди кайра даярдоо институтунда дарыгерлерге лекция окуп келем. Негизги кесибим — онко-гинеколог, жогорку категориядагы врач-хирургмун.
2018-жылы ɵз кʏчʏм менен жеке клиника ачтым жана аны азыркы кʏнгɵ чейин жетектеп келем.
Кɵбʏнчɵ тʏштʏк аймактагы аялдарга медициналык жардам кɵрсɵтʏп, Россия жана кошуна ɵлкɵлɵрдɵн келген бейтаптарга да татаал операцияларды жасайм.
Учурда Ош шаардык кеңештин 5- жана 6-чакырылышынын депутаты, бир уул, бир кыздын энесимин.


—Саясатка, тактап айтканда депутаттыкка кандайча кызыгуу пайда болду?
— Акыркы 7–8 жылдан бери саясатка аралашып келем. Эл менен тыгыз иштеп жʏргɵндʏктɵн, алардын кɵйгɵйлɵрʏн жакындан кɵрʏп, угуп келдим. Ушул маселелерди кеңири деңгээлде кɵтɵрʏп, элдин ʏнʏн жеткирʏʏ максатында шаардык кеңештин депутаттыгына аттандым.
Ɵзʏмдʏн гана чɵйрɵмдɵ жʏрбɵстɵн, элдин жʏгʏн кошо тартууну чечтим. Айрыкча аялдардын медицинадан сырткары социалдык маселелерге да муктаж экенин кɵп байкайм. Ошондуктан эл менен бийликтин ортосунда кɵпʏрɵ болуп, кɵтɵрʏлгɵн кɵйгɵйлɵрдʏн чечилишине жетишʏʏгɵ аракет кылам.
—Депутат катары сиз ʏчʏн эң башкы милдет жана жоопкерчилик эмнеде?
— Депутат катары менин эң башкы милдетим деп элдин кɵйгɵйʏн жеткирип, айтып эле тим болбостон, ошону бийликке аткартуу. Элдин ʏнʏ болуп, алардын айткандарын айтуу менен жардам берʏʏ.
—Сиздин депутат катары жеткен ийгиликтериңиз кайсылар?
— 5-чакырылышта мен курулуш жаатында жʏрдʏм. Ошол убакытта азыркы мэрибиздин кылган иштерини биз ойлоп, ушул жер бузулуш керек экен деп ар бир кɵчɵ менен жеринен таанышып айтып келген элек. Албетте буздуруп же курдуруп салганга биздин кʏчʏбʏз жетпейт болчу. Мэрибиз Жеңишбек Шермаматович чечкиндʏʏ киши экен, биз ойлогондой кылып кɵчɵлɵрдʏ кеңейтип, инфраструктураны жакшыртып, мунун баарын иш жʏзʏнɵ ашырды. 6-чакырылышта болсо мен социалдык тармакта жʏрɵм. Мектеп, бала-бакчаларда, окуучу, мугалимдердин кандай кɵйгɵйлɵрʏ бар, ошол жерлерде эмне жетишпейт, мисалы, спорт зал жок болушу мʏмкʏн, же болбосо ремонту начар ошолорду анализдеп сессияларда кɵтɵрʏп, айтып-деп атабыз. Анан да акыркы убакытта мектеп, бала-бакчалар курулуп, оңдолуп жатат. Ошого байланыштуу мен ооруканалардын аздыгына басым жасай баштадым. Ооруканага барсаң толтура кезек, ооруп барган кишинин бир канча убактысын алат. Ушул соц. объектилердин да саны арбып, заманбап имараттар курулса, заманбап технологиялар менен жабдылса, тɵрɵт ʏйлɵрʏнʏн саны артса деп айтып келе жатам. Буюрса бул жагынан да жакшы жетишкендиктер болот деп ишенем.
—Аялдардын ден соолугу менен кʏрɵшʏʏ тууралуу кɵп айтып келет экенсиз. Бул жааттагы сиздин жетишкендиктериңиз?
— 2011-жылы “Аялдардагы жатындын залалдуу шишиги” тууралуу диссертациямды жактап, ушул жаатта иш алып барып келем. 15 жыл бою тʏштʏк аймагында жалгыз онко-гинеколог болуп иштедим деп сыймыктанып айта алам. Андан кийин ɵзʏм 3 кызды шакирт кылып тарбиялап, ʏчɵɵнʏ тең операция жасай турган онко-гинеколог кылып, колумдан келген жардамымды, билимимди берип, тажрыйбам менен бɵлʏштʏм. Учурда ʏчɵɵ тең ошол жерде иштеп жатышат. Менден калышпаган, ишинин мыкты адиси деп ʏчɵɵнʏ тең толук айта алам. Алардан сырткары дагы тарбиялап, ʏйрɵтʏп келе жаткан ɵзʏмдʏн жеке клиникамда иштеген шакирттерим бар. Менин артыман элиме, кыргызымдын айымдарына керек болгон маселени чечип жатканым, керегимдин тийип жатканы мен ʏчʏн чоң жетишкендик.

—Жеке жашооңузда жана ишиңизде эң чоң колдоону кимден аласыз?
— Биринчи эле мен ɵзʏмɵ ишенем, андан кийин албетте туугандарымдан, менин бейтаптарымдан, элимден колдоо алам.
—Балалыктагы кыял менен тандаган кесибиңиздин ортосунда кандай байланыш бар?
— Мен бала кезимен сʏрɵттʏ аябай жакшы тарчумун. Мени баары сʏрɵтчʏ болсо керек деп ойлочу. Анан 8-класста эмнегедир кесип тандоо боюнча сынак болгондо дарыгер болом деп кайдан-жайдан тапканымды билбейм, дарыгердин фонендоскоп, халат, чепчигин кийип чыккамын. Ошондо оозума сала бергендей чын эле дарыгер болдум.Сʏрɵттʏ жакшы тартканым тандаган кесибиме да жакшы жардамын тийггизет. Анткени хирург болуу да кадимкидей сʏрɵтчʏ болууну талап кылат. Тиккен, кескен жериңди да ɵзгɵчɵ кылдаттык менен жасайсын.
—Бала чакты эстегенде эле эске келчʏ окуяңыз?
— Мен мектепти абдан жакшы кɵрчʏмʏн, сабактарды калтырбай барып окуп, мектептен эл кетсе да мен кетчʏ эмес элем. Эсимде калган учур бар.Ɵзʏ мен кой кайтарчу эмесмин. ʏйʏбʏздɵгʏ улуулар же атам кайтарчу. Бирок бир кʏнʏ айыл жери болгондутан, ушул убактылары дал келбей калганбы, колдору бошобой койдун кезʏʏсʏ келип калып, мени «кой кайтарганы чыгасың» деп апам мектепке жибербей койгон. Айла жок сабактан калып кой кайтарганмын, бирок аябай ыйлагам, ал мага аябай катуу тийген.
—Кандай учурда эмоцияга алдырып коюшуңуз мʏмкʏн?
— Мен тынч мʏнɵздʏʏ адаммын, бат ачууланбайм. Бирок бирɵɵгɵ жɵнɵкɵй нерсени тʏшʏндʏрɵ албай жатканда, кээде сабырым тʏгɵнɵт.
—Жакшы кɵргɵн жаныбарыңыз кайсы?
— Жакшы кɵргɵн жаныбарым ат. “Ат адамдын канаты”, — деп коет го. Негизи эле ат жакшы жаныбар да. Кичинемде ат минчʏмʏн. Эң кʏлʏк ат совхоздогу атам рамаатылыктын аты болчу. Байгелерди алган жагынан алдына ат салдырбайт эле. Ошол аттын баласы бар болчу, бою бийик, анан кашкасы бар, ошол менин жакшы кɵргɵн атым болчу. Ошону сатып ийгенде мен аябай ыйлаганым эсимде.
—10 жылдан кийин ɵзʏңʏздʏ кандай абалда элестетесиз?
— 10 жылдан кийин ɵзʏмдʏ мындан да чоң ийгиликтерди жараткан, жакшы нерселерди ойлонгон, элдин дагы да кɵп керегине жарап, колдоосун алган, мыкты ишкер айым катары элестетем. Буюрса дейли, калганын эми убакыт кɵрсɵтɵт, Кудай ден соолук берип турса баары жакшы болот.
— Кɵп колдонгон сɵзʏңʏз?
— Мен жумушта “буюрса” деген сɵздʏ кɵп колдоном. Ал эми ʏйдɵ балдарымды тез-тез эле “садага болоюн” деп эркелетип турат экенмин (кʏлʏп).
— Ден соолуктун сакчысы катары ɵзʏңʏздʏн ден соолукка кам кɵрʏʏдɵгʏ адатыңыз барбы?
— Акыркы 3 жылдан бери калтырбай йога менен машыгып келе жатам. Адам дайым кыймылда болушу керек, кыймылда жʏргɵн дене чың болот. Жɵн эле даарылап тим болбостон, аялдар ɵздɵрʏнɵ кам кɵрʏшсʏн деп клиникамдын 4-кабатына йога залын ачканмын. Бир жагынан ɵзʏм да ʏзгʏлтʏксʏз гимнастика жасайм, экинчи жагынан аялдарга дагы жакшы адатты ʏйрɵтɵмʏн. Кыймыл болсо, позитивде жʏрсɵң, ден сооолук да болот, нерв клеткалары да сак болот. Бардык эле ооруну алдын алуу ʏчʏн ушул эки нерсени карманышыбыз керек деп ойлойм.
— Кесиптештериңиз билбеген сиздин жашыруун талантыңыз?
— Кесиптештерим мени тамак жасай албайт деп ойлошсо керек. Себеби, мен кечке эле иштеп жʏрɵ берем. Негизи мен камырды чоң, жука кылып укмуш жаям. Жакындарым эле билбесе, башкалар билишпейт. Мен тамакты укмуш жасайм.
Гульнура Ормонова


Окшош макалалар
Аял тагдыры – коомдyн кʏзгʏсʏ: Аялдардын кордугуна качан чекит коюлат?
Мɵɵнɵтсʏз берилген айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу: жарандар ʏчʏн жеңилдетилген тартип
Коомдук ишеним блогерлерге ɵтʏп жатабы?