19 января, 2026

Картада жок падышалыктарга саякат

Элестетсеңиз, сиз эртең менен ойгонуп, ɵзʏңʏздʏ президент же падыша деп жарыялайсыз. Корооңузга же деңиздеги эски темирдин ʏстʏнɵ желек сайып, ɵз акчаңызды басып чыгарасыз. «Бул — келесоолук!», — дейсизби? Жок, бул —чакан мамлекеттердин кызыктуу дʏйнɵсʏ.

 Силенд. Бул ɵлкɵ Тʏндʏк деңизиндеги эки чоң бетон мамынын ʏстʏнɵ орнотулган темир аянтчада жайгашкан. Анын аянты теннис кортунан бир аз эле чоң. Бирок анын тарыхы согуш соккуларына жана авантюрага толгон.

Эң кызыгы, 1978-жылы бул жерде чыныгы куралдуу тɵңкɵрʏш болгон. Германиялык жана голландиялык ишкерлер тик учак менен келип, Силенддин князынын уулун барымтага алып, тактыны тартып алышкан. Бирок князь Рой Бейтс жɵн отурган эмес: ал ɵзʏнʏн жеке тик учагы менен «чабуул» жасап, платформаны кайра тартып алып, баскынчыларды туткунга алган. Аларды бошотуу ʏчʏн Германиянын элчиси ɵзʏ Силендге келʏʏгɵ мажбур болгон. Бул — дʏйнɵдɵгʏ эң кичинекей ɵлкɵнʏн эң чоң жеңиши катары тарыхта калган.

Дагы бир кызык факты: Силендде 2006-жылы катуу ɵрт чыкканда, бʏтʏндɵй «мамлекет» кʏйʏп кете жаздаган. Бирок алар багынбай, баарын кайра калыбына келтиришти. Бʏгʏн сиз деле 30-40 доллар тɵлɵп, Силенддин Лорду же Ледиси боло аласыз. Алардын расмий сайтынан документ сатып алсаңыз, сизге почта аркылуу мɵɵрʏ басылган диплом келет.

Эгер сиз искусствону сʏйсɵңʏз, Литванын борбору Вильнюстагы Ужупис республикасына барышыңыз керек. Бул — сʏрɵтчʏлɵр менен акындардын ɵлкɵсʏ. Алардын конституциясы дʏйнɵдɵгʏ эң боорукер документ. Анда мындай беренелер бар:

«Ар бир адамдын жаңылганга укугу бар»,«Иттин ит болууга укугу бар», «Мышык ɵз кожоюнун сʏйбɵй коюуга укуктуу, бирок кыйын учурда жардамга келиши керек»,«Ар бир адам бактысыз болууга укуктуу».

Ужупистин ɵз армиясы бар, бирок ал болгону 12 адамдан турат. Алар согушуу ʏчʏн эмес, майрамдарда элдин кɵңʏлʏн ачуу ʏчʏн кызмат кылышат.

Даниянын борборунда, заманбап ʏйлɵрдʏн арасында Христиания деген ɵзʏнчɵ бир дʏйнɵ бар. Бул жерде эч кандай машина айдалбайт, мылтык атылбайт жана эң негизгиси — Даниянын мыйзамдары толук иштебейт.

Христианиянын кире беришинде: «Сиз Европа Биримдигинен чыгып жатасыз», —  деген жазуу бар. Бул жердин жашоочулары баарын ɵз ара кеңешип чечишет. Алардын ɵз желеги (кызыл тʏстɵгʏ ʏч сары тегерек) бар. Христиания — бул коомдук эрежелерден тажаган, эркин сʏрɵтчʏлɵрдʏн, музыканттардын жана «хиппилердин» бейиши. Алар ондогон жылдар бою ɵкмɵт менен алышып келип, акыры ɵз автономиясын сактап кала алышты.

Эми АКШнын Невада чɵлʏнɵ баралы. Ал жерде Молоссия деген республика бар. Президенти Кевин Бо ар дайым аскердик мундир жана кара кɵз айнек тагынып жʏрɵт. Бул ɵлкɵнʏн эң кʏлкʏлʏʏ жана таң калыштуу жагы — алардын Чыгыш Германия менен 40 жылдан бери согушуп жатканы. Ооба, Чыгыш Германия (ГДР) картадан эбак жок болуп кеткен, бирок Кевин Бо «биз тынчтык келишимине кол койгон эмеспиз, демек согуш бʏтɵ элек» деп эсептейт.

Молоссияда мыйзамдар абдан кызык: ал жерге пияз, сарымсак жана шпинат алып кирʏʏгɵ тыюу салынган. Эгер кокусунан сумкаңыздан пияз чыгып калса, сизди «мамлекеттик кылмышкер» катары ɵлкɵдɵн кууп чыгышы мʏмкʏн.

Италиянын жээгине жакын жерде Таволара аттуу арал бар. Анын падышасы — дʏйнɵдɵгʏ эң «жɵнɵкɵй» монарх. Ал падышалык таажы кийип салтанат ɵткɵрбɵйт, тескерисинче, аралга келген туристтер ʏчʏн ɵзʏнʏн ресторанында балык бышырып берип, официант болуп кызмат кылат.

Бул падышалыктын тарыхы 1836-жылы башталган. Сардиниянын падышасы бул аралга аңчылыкка келип, жергиликтʏʏ тургун Жузеппе Бертолеониге жолугат. Жузеппе ɵзʏн «Таволаранын падышасымын» деп тамашалап тааныштырат. Сардиниянын падышасы анын тамашасын жактырып: «Макул, сен чын эле падышасың!»,- деп расмий документ берип койгон. Ошондон бери Бертолеонинин тукумдары ɵздɵрʏн падыша деп атап келишет. Бул жер — дʏйнɵдɵгʏ эң меймандос жана эң кичинекей падышалык.

Бул кичинекей, картада жок мамлекеттер бизге абдан маанилʏʏ бир чындыкты айтып жаткандай. Дʏйнɵ — бул биз мектепте кɵргɵн картадагы сызыктар же тикенек зымдар менен тосулган чек аралар эле эмес. Чыныгы дʏйнɵ — бул адамдын кыялында, эркинде жана чексиз фантазиясында.

Элестетсеңиз, Силенддин ошол дат баскан темир платформасы бизге эмнени ʏйрɵтɵт? Ал бизге: «Эгер ɵз укугуң ʏчʏн аягына чейин турсаң, атʏгʏл океан ортосундагы жалгыз арал болсоң да, сени эч ким сындыра албайт», — деген кайратты берет. Бул — ɵжɵрлʏктʏн жана намыстын сабагы.

Ал эми Вильнюстун тар кɵчɵлɵрʏндɵгʏ Ужупис республикасычы? Ал бизди саясатты же байлыкты эмес, адамдык касиетти баалоого чакырат. «Иттин ит болууга, ал эми адамдын жɵн эле бактысыз болууга укугу бар», — деген жазууларды окуганда, жашоого болгон кɵз карашың ɵзгɵрɵт. Бул мамлекет бизди жылмаюуга, бири-бирибизге жылуулук тартуулоого жана турмуштун ар бир кɵз ирмемин искусстводой кɵрʏʏгɵ ʏндɵйт.

Бул мамлекеттердин баары адамдын фантазиясы учсуз-кыйырсыз экенинин далили. Алар биздин кʏнʏмдʏк, бопбоз жана бир калыптагы жашообузга ачык тʏстɵрдʏ кошот. Алар бар ʏчʏн бул дʏйнɵ кызыктуу, табышмактуу жана ʏмʏткɵ бай.

Кээде миллиондогон калкы, заңгыраган шаарлары бар чоң ɵлкɵлɵргɵ караганда, кичинекей бир аралда же бирɵɵнʏн короосунда тʏзʏлгɵн «кыялдагы мамлекет» адамга кɵбʏрɵɵк бакыт, тынчтык жана эркиндик тартуулашы мʏмкʏн. Анткени чыныгы мекен — бул картадагы жер эмес, бул сенин эркиндигиң жашаган жер.

Дооран Токтошев

About The Author