Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ата-энелердин колундагы эң чоң «сооротуучу» курал — бул смартфон. Бирок бул курал баланын мээсин, кɵзʏн жана келечегин талкалап жатканын кɵбʏбʏз аңдабайбыз. Тɵмɵндɵ бир атанын ɵкʏнʏчʏ жана тажрыйбалуу адистердин коңгуроо кагуусу камтылган.
Азирет:
«Балама 3 айынан баштап телефон бердик…»
«Балам тɵрɵлгɵндɵ кадимкидей эле, дени сак наристе болчу. Бирок ɵтɵ ыйлак эле. Биринчи балабыз болгондуктан, анын ыйына чыдабай, 3 айынан баштап телефондон музыка коюп, алаксыта баштадык. Ошентип, музыкага ʏйрɵтʏп алдык. Кийин бир аз тили чыга баштаганда, видеолорду коюп берʏʏгɵ ɵттʏк. Бул адатка айланып кетти. Коюп берсем, жылбай отуруп кɵрɵ берчʏ.
Ушунчалык кɵз каранды болуп калыптыр, бир жаштан ɵткɵндɵн кийин атына реакция кылбай калды. Аутизмдин белгилери байкалганда, адистерге алып бардык. Кээ бирлери «аутист» десе, башкалары «андай эмес» дешти. Сураштырып отуруп, балам аутист эмес экенин билдик. Телефонго байланганы ʏчʏн мээсинин ɵнʏгʏшʏ кечеңдеп, тили кеч чыкты.
Февралда балам 4кɵ чыгат. Бул курактагы балдардын тили сайрап калышы керек эле. Бирок менин балам кээ бир нерселерди тʏшʏнɵ албайт, оюн эркин айтып бере албайт. Логопед-дефектологго, массажистке алып барып, телефондон толук алыстаткандан кийин гана жылыш болду. Азыр 2-3 сɵздʏ кошуп сʏйлɵп калды.
Кичинекей бала эле эмес, чоң адамдар деле телефонду такай карап жʏрɵ берсе, адамдар менен байланышпай, «аутист» болуп калат экен. Виртуалдык ааламда жашап калышат. Бала 1-2 жашында ɵнʏгʏп жаткан кезде виртуалдык абалга тʏшʏп калып, реалдуулук менен алмашып кетет. Ошондуктан балдарга телефон карматпай эле койгон оң. Адистер да 1 сааттан ашык телефон колдонсо, адамдын аң-сезимин артка тартарын айтышат».
Телефономания — эмоционалдык таяныч

Эркегʏл Сманаалыева, психолог: «Телефономания — бул адамдын телефонсуз ɵзʏн ыңгайсыз сезип, аны эмоционалдык таяныч катары кабыл ала башташы. Мындай учурда телефон жɵн гана байланыш каражаты болбой, маанайды башкарган факторго айланат. Анын негизги белгилери: телефонду улам-улам текшерʏʏ, андан алыстаганда тынчсыздануу, жандуу баарлашууга кызыгуунун азайышы жана уйкунун бузулушу. Балдарда бул окууга болгон кɵңʏлдʏн тɵмɵндɵшʏ менен коштолот. Эгер адам ɵзʏ чек коё албай калса, бул кɵз карандылыктын белгиси.
Учурда бардыгы эле кɵз каранды. Мисалы, кош бойлуу кезинде эч ким менен сʏйлɵшпɵй, тынбай телефон чукулап кино кɵргɵн аялдын баласы да кɵз каранды болуп тɵрɵлʏшʏ мʏмкʏн. Тɵрɵлгɵндɵн кийин «балам ыйлабасын, ʏй жумуштарын бʏтʏрʏп алайын» деп телефон бере салышат. Бул аутизмге окшош белгилерди жаратып, тили кеч чыгышына алып келет. Мындай балдар бакчада башкалар менен ойнобой, жɵн жерден чыр чыгарып ыйлай беришет.
Чоңдордун тамактануу учурунда телефон чукулашы да семирʏʏнʏ жана башка ооруларды чакырат. Балдар болсо Инстаграм же ТикТоктон чыга албай, убактысын текке кетиришет. Бул жерде биринчи ата-эне ʏлгʏ болушу керек. Баланы спортко кызыктырып, чогуу иш жасап, кɵбʏрɵɵк баарлашуу зарыл. Телефонго мектептен да чектɵɵ коюу маанилʏʏ».

Гаджет— кɵз айнек тагып калуу коркунучун жаратат

Шамуратов Урустамбек, офтальмолог: “Узак убакыт экран карап отуруу кɵздʏн булчуңдарын ашыкча иштетип, тез чарчатат. Бул кɵрʏʏнʏн убактылуу бʏдɵмʏктɵшʏнɵ, ал эми балдар менен ɵспʏрʏмдɵрдɵ жакындан кɵрʏʏнʏн (миопиянын) ɵрчʏшʏнɵ алып келет. Экран карап жатканда адам аз ирмелгендиктен, кɵздʏн бетине ным жетишсиз болуп, кургактык пайда болот. Экрандын жарыгы кɵздʏн тор кабыгын чарчатып, ачышуу жана оорутуу сезимдерин жаратат.
Мектеп жашына чейинки балдарга экранды мʏмкʏн болушунча чектɵɵ зарыл. Башталгыч класстагы балдар ʏчʏн кʏнʏнɵ 1 сааттан, ɵспʏрʏмдɵр ʏчʏн 2–3 сааттан ашпоосу керек. Ар бир 20-30 мʏнɵт сайын тыныгуу алуу маанилʏʏ. Профилактика ʏчʏн телефонду жакын кармабоо, таза абада кɵбʏрɵɵк жʏрʏʏ, кɵз кɵнʏгʏʏлɵрʏн жасоо жана жылына бир жолу офтальмологго кɵрʏнʏʏ сунушталат. Узак пайдалануудан кɵздʏн жашы кургап, «синдром сухого глаза» пайда болот жана бала кɵз айнек тагып калуусу мʏмкʏн.”
«Санарип аутизм»
Базарбаева Алтын, «Умняшка» балдарды ɵнʏктʏрʏʏ жана социалдык адаптациялоо борборунун жетекчиси, ава куратор, логопед-дефектолог:

«Бʏгʏнкʏ кʏндɵ биз «санариптик аутизм» деген тʏшʏнʏккɵ барган сайын кɵп туш болуп жатабыз. Бул — гаджеттер менен тынымсыз байланышта чоңойгон баланын башкага боор ооруу, сезимталдык жана эмпатия жɵндɵмдʏʏлʏгʏн акырындап жоготуусу. Мындай бала сезимдерин билдире албайт, сʏйʏʏсʏн кɵрсɵтɵ албайт, чоңдорду жана кичинекейлерди сыйлоо дегенди тʏшʏнбɵйт. Анда эң негизги адамдык сезимдер ɵчʏп калат. Бала дароо эле аутист болуп калбайт, бул процесс акырындык менен жʏрɵрʏн тʏшʏнʏʏ маанилʏʏ. Ата-энелер балага эрте жашынан телефон же планшет карматканда, биринчи кезекте мээ жабыркайт. Экранда ар 3 секунд сайын кадр алмашып тургандыктан, баланын мээси эмне болуп жатканын кабыл алып, аңдап жетишпейт. Натыйжада ой жʏгʏртʏʏ, анын ичинде сын кɵз караш менен ойлонуу функциясы жоголот.
Кɵпчʏлʏк ата-энелер ʏчʏн эң оңой жол — бала ыйлабасын же жолтоо болбосун деп ага гаджет карматуу. Бирок бул ɵтɵ оор кесепеттерге алып келʏʏчʏ жол. Биз кɵбʏнчɵ ɵз эне тилинде сʏйлɵй албаган, бирок англисче сɵздɵрдʏ — one, two, three — автоматтык тʏрдɵ кайталаган балдарды кɵрʏп жатабыз. Бул аң-сезимдʏʏ сʏйлɵɵ эмес, бул эхолалия — маанисин тʏшʏнбɵй, жɵн гана механикалык тʏрдɵ кайталоо. Убакыттын ɵтʏшʏ менен мындай балдар эне тилинде эмес, «экран тилинде» сʏйлɵй башташат. Телефономания баланын тилине гана эмес, жʏрʏм-турумуна жана эмоционалдык ɵнʏгʏʏсʏнɵ тʏздɵн-тʏз таасир этет.

Ɵзгɵчɵ кумарды жана кɵз карандылыкты пайда кылган компьютердик жана мобилдик оюндар чоң коркунуч туудурат. Бала виртуалдык дʏйнɵгɵ тереңдеп кирип, чыныгы жашоого жана тирʏʏ баарлашууга болгон кызыгуусун жоготот. Бала ʏчʏн эң башкы нерсе — жандуу баарлашуу. Эгер баланын жашоосунан гаджеттерди алып салсак, ал ойной баштайт, сʏйлɵйт, айланасындагылар менен байланышка чыгат. Ошондуктан биз ата-энелерге гаджеттерди, анын ичинде телевизорду да толугу менен чектɵɵнʏ жана алардын ордун биргелешкен иш-аракеттер: жомок окуу, биргелешкен оюндарды ойноо, пазлдарды чогултуу, тасмаларды талкуулоо, ʏй жумуштарына катыштыруу жана сʏйлɵшʏʏ менен алмаштырууну сунуштайбыз. Эгер бала ойноону билбесе — аны ʏйрɵтʏʏ керек. Бардык кɵндʏмдɵр ата-эненин катышуусу менен калыптанат. Бирок гаджеттен кескин тʏрдɵ баш тартуу кризиске алып келиши мʏмкʏн. Бала агрессивдʏʏ, ачуулуу болуп, айланадагыларга же ɵзʏнɵ зыян келтире башташы ыктымал — кыйкырып, ɵзʏн-ɵзʏ ургулап же тиштегилеп жибериши мʏмкʏн. Ошондуктан гаджеттерден акырындык менен, системалуу тʏрдɵ экран убактысын кыскартуу менен баш тартуу керек: бʏгʏн 50 мʏнɵт болсо, эртең 45, андан кийин 40 мʏнɵт жана башка ушул сыяктуу».
Айнура Валижанова


Окшош макалалар
Аял тагдыры – коомдyн кʏзгʏсʏ: Аялдардын кордугуна качан чекит коюлат?
Мɵɵнɵтсʏз берилген айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу: жарандар ʏчʏн жеңилдетилген тартип
Коомдук ишеним блогерлерге ɵтʏп жатабы?