Бʏгʏнкʏ кʏндɵ интернет — маалымат булагы гана эмес, акча табуунун, соода кылуунун, байланыш тʏзʏʏнʏн негизги аянтчасына айланды. Бирок дал ушул интернеттеги мʏмкʏнчʏлʏктɵр киберкылмышкерлер ʏчʏн да ыңгайлуу куралга айланды. Азыр интернеттеги алдамчылык кокустук кɵрʏнʏш эмес, системалуу жана уюшкан коркунуч болуп калды. Ал жаш-кары дебей ар бир адамга коркунуч туудурат. Коом бул кɵйгɵйдʏ олуттуу кабыл албаса, анын кесепети экономикалык жоготуу менен гана чектелбестен, ишенимдин, моралдын жана коопсуздуктун жоголушуна алып келерин адистер белгилешет.

1. Оңой акча табуу жана фейк онлайн жумуштар
Интернеттеги эң кеңири тараган алдамчылыктын бири – “ʏйдɵн иштеп айына миңдеген сом табуу” деген жалган убада. Алдамчылар жумушсуз адамдарды, студенттерди жана мигранттарды бутага алышат. Алданбоо ʏчʏн алдын ала акча талап кылган жумуштан баш тартуу керек. Сизге сунушталган компаниянын расмий сайты жана дареги бар-жогун сɵзсʏз текшерип, белгисиз WhatsApp же Telegram аккаунттарына иштебɵɵ. Анткени, расмий сайттар сизден эч качан акча талап кылбайт.
2. Социалдык тармактагы жасалма онлайн дʏкɵндɵр
Instagram, Facebook, TikTok аркылуу арзан баада товар сунуштап, алдын ала акча алгандан кийин жоголуп кеткен баракчалар кʏн санап кɵбɵйʏʏдɵ. Алар ɵз товарын адамдарга арзан баада сунуштап, ала турган адам акчасын которгондо дароо жоголуп кетишет. Мындай коркунучтан сак болуу ʏчʏн товарды колго алгандан кийин гана тɵлɵɵ, баракчанын комментарийлерин, эски постторун текшерʏʏ, ɵтɵ арзан баага шектенʏʏ менен кароо керек.

3. “Банк кызматкери” болуп чалган алдамчылар
Алдамчылар ɵздɵрʏн банк кызматкери катары тааныштырып, картаңыз “блок болду” деп коркутуп, маалыматтарыңызды сурашат. Бул ыкма акыркы эки жыл ичинде аябай кʏчɵдʏ. Мындай алдамчылык менен кɵп адам жабыркады. Акчага сак болуу ʏчʏн картанын номерин, паролду эч кимге айтпоо керек. Анткени банк эч качан телефон аркылуу сырсɵз сурабасын эске алалы. Шектʏʏ сизге чалып, банк номериңизди же кандайдыр бир сыр сɵз сураганда чалууга жооп бербей, дароо банкка кайрылганыңыз жакшы болот.
4. Фейк инвестиция жана криптовалюта схемалары
“Акча сал да, эки эсе кылып аласың” деген схемалар азыр эң кооптуу тузактардын бири. Кɵп адамдар ар кандай суммадагы акчаларын салып алданып олтурушат. Мындай схема адамдарды ишендирʏʏ жолун дагы жакшы билишет. Ар кандай ыкмалар менен, ишендирʏʏчʏ сɵздɵр менен адамдардын ишенимине киришет дагы, алардын акчасын алган соң, дароо жоголуп кетишет. Дагы бир ɵзгɵчɵлʏгʏ булардын атайы байланыш номерлери же жʏздɵрʏ ачык болбойт. Телеграм- каналдары аркылуу эле адамдардын ишенимин уурдашат. Мындай схемага алданбоо ʏчʏн тобокелсиз, тез пайда дегенге ишенбɵɵ, инвестиция боюнча расмий лицензиясын текшерʏʏ, тааныш эмес адамдарга акча салбоо маанилʏʏ.
5. Жасалма кайрымдуулук акциялары
Оорулуу балага, кырсыкка учураган ʏй-бʏлɵгɵ деп акча чогултуп, элдин боорукерлигинен пайдалангандар бар. Мындай ыкма дагы акыркы бир жыл ичинде аябай кʏчɵп кетти. Туура адамдарга жардам берʏʏ керек. Бирок алдамчыларга эмес. Буга окшогон маалыматтарды кɵргɵндɵ дароо так маалымат экенине ынануу ʏчʏн текшерʏʏ керек. Кɵп адамдар чын эле ооруган балдардын же адамдардын сʏрɵт видеолорун алып, ɵздɵрʏнун банктык реквизиттерин жайгаштырып алышат. Жардам бергиңиз келсе ал реквизит чын эле жардамга муктаж адамдыкы экенин тактап, текшерип анан салсаңыз туура болот

6. Фейк байге жана лотереялар
“Сиз унаа утуп алдыңыз”, “байге чыкты” деген билдирʏʏлɵр кɵп учурда алдамчылык. Бирок мындай билдирʏʏлɵргɵ бʏгʏнку кʏндɵ кɵбʏнчɵ адамдарды анча деле азгыра албай калды. Бирок бул жɵнʏндɵ маалыматыңыз жок болсо, катышпаган конкурстан утуш болбой турганын билиңиз. Утуш ʏчʏн “салык” же “каттоо акысын” тɵлɵбɵɵ, шектʏʏ шилтемелерди ачпоо керек.
7. Фишинг сайттар
Алдамчылар расмий сайтка окшош сайт тʏзʏп, логин жана сыр сɵздɵрдʏ уурдашат. Расмий сайттардын схемалары менен адамдарды алдоого аракет кылышат. Мындай сайттардан сак болуу ʏчʏн сайттын дарегин кылдат текшерʏʏ, шектʏʏ шилтемелер аркылуу кирбɵɵ, эки этаптуу коргоону колдонуу керек.
8. WhatsApp/Telegram-дан аккаунт уурдоо
Айрым учурларда “Код жɵнɵтʏп койчу” деп аккаунтуңузду басып алышат. Мындай учурда бир жолку кодду эч кимге бербɵɵ, эки факторлуу коргоону кʏйгʏзʏʏ, белгисиз билдирʏʏлɵргɵ жооп бербɵɵ абзел. Анткени сиздин атыңызды колдонуп жакындарыңызга залакасы тийʏʏсʏ мʏмкʏн.
9. Фейк ижара жана батир сатуу жарыялары
Арзан батир сунуштап, алдын ала “бронь” ʏчʏн акча алышат. Мындай ыкмага кɵбʏнчɵ батирге чыгууга шашылгандар алданышат. Батирге чыгуу ʏчʏн аны кɵрмɵйʏнчɵ акча бербеңиз. Документтерди текшерип, ɵтɵ шаштырган адамдардан сак болуңуз.
10. Жеке маалыматты уурдоо
Паспорт, ИНН, сʏрɵттɵрдʏ колдонуп, адамдын атынан насыя алышат. Алданбоо ʏчʏн жеке документтерди интернетке жʏктɵбɵɵ, белгисиз сайттарга катталбоо, маалымат коопсуздугуна жоопкер мамиле кылуу керек. Эгерде сиз бир эле жерден ката кетирип, документиңизге сак боло албасаңыз эле кɵп суммадагы акча каражатына олтуруп калышыңыз мʏмкʏн.

Интернет алдамчылыгы кʏчɵгɵн ɵлкɵлɵр
Интернет алдамчылык бул — дʏйнɵлʏк масштабдагы кɵйгɵй. Айрым ɵлкɵлɵрдɵ алдамчылыктын деңгээли жогору болуп, миллиондогон адамдар жыл сайын жабыркап келет. Мунун себеби, калктын саны, интернеттин жеткиликтʏʏлʏгʏ, санарип сабаттуулук жана укуктук кɵзɵмɵлдʏн алсыздыгы менен тʏздɵн-тʏз байланыштуу. АКШ интернет алдамчылык эң кɵп катталган ɵлкɵлɵрдʏн бири болуп саналат. Ɵлкɵдɵ онлайн соода, банктык операциялар жана инвестициялык платформалар абдан ɵнʏккɵндʏктɵн, алдамчылар да ошол мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ кеңири колдонушат. Айрыкча фейк инвестиция, криптовалюта алдамчылыгы жана банктык фишинг схемалары кɵп кездешет. Жыл сайын миллиондогон долларлар дал ушул интернет алдамчылыктын айынан жоголот. Ал эми Индия мамлекети дагы интернет алдамчылык кʏч алган ɵлкɵлɵрдʏн катарына кирет. Калктын кɵптʏгʏ жана арзан интернет кызматтары алдамчылар ʏчʏн ыңгайлуу шарт тʏзгɵн. Бул ɵлкɵдɵ ɵздɵрʏн банк кызматкери же техникалык колдоо ɵкʏлʏ катары тааныштырып, чет ɵлкɵлʏк жарандарды алдаган учурлар кеңири тараган. Индиядан чыккан “колл-борбор алдамчылыгы” дʏйнɵ жʏзʏнɵ белгилʏʏ болуп калган.
Нигерия мамлекети дагы узак жылдардан бери интернет алдамчылык менен байланышкан ɵлкɵ катары аталат. Бул жерде электрондук каттар аркылуу жасалган “419 схемалары”, мурас же ири байлык тууралуу жалган билдирʏʏлɵр кеңири тараган. Акыркы жылдары социалдык тармактар аркылуу романтикалык алдамчылык, башкача айтканда, сʏйʏʏ мамилеси аркылуу акча алдоо кʏч алууда. Кɵптɵгɵн чет ɵлкɵлʏк жарандар дал ушул ыкма менен жабыркап жатышат. Ал эми биз билген Кытайда жана Тʏштʏк-Чыгыш Азия ɵлкɵлɵрʏндɵ (Мьянма, Камбоджа, Лаос) интернет алдамчылык жаңы деңгээлге чыккан. Бул аймактарда уюшкан кылмыштуу топтор фейк онлайн дʏкɵндɵрдʏ, крипто схемаларды инвестициялык платформаларды тʏзʏшɵт. А Россияда болсо айрым постсоветтик ɵлкɵлɵрдɵ телефон жана мессенжер аркылуу жасалган алдамчылык кеңири тараган. Ɵздɵрʏн банк же укук коргоо кызматкери катары тааныштырып, адамдарды коркутуп же шаштырып акча которууга мажбурлашат. Муну менен эмнени айткыбыз келет, алдамчылар бир ɵлкɵдɵ отуруп, башка мамлекеттердеги адамдарды даалдай алышат. Ошондуктан ар бир адам ɵзʏно сак болуу керек. Бул кɵйгɵйдʏ мамлекеттик гана деңгээлде эмес, дʏйнɵлʏк денгээлде чечʏʏнʏн жолун издешибиз керек деп ойлойм.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы


Окшош макалалар
Аял тагдыры – коомдyн кʏзгʏсʏ: Аялдардын кордугуна качан чекит коюлат?
Мɵɵнɵтсʏз берилген айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу: жарандар ʏчʏн жеңилдетилген тартип
Коомдук ишеним блогерлерге ɵтʏп жатабы?