2024-жылдын 18-декабрында “Улуттук дем – дʏйнɵлʏк бийиктик” уңгужолун кабыл алуу жɵнʏндɵ жарлыкка кол коюлуп, ал тиешелʏʏ тараптарга таратылып, иштеп баштады.
Алгач жарлык тууралуу
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дʏйнɵлʏк бийиктик” уңгужолун бекитʏʏ жɵнʏндɵ жарлыкка кол койду.
Жарлыкта мындай деп айтылат: “Узак жана кызыктуу тарыхка, мол коомдук-саясий тажрыйбага ээ, руханий байлыгы терең, наркты бекем карманып келген кыргыз эли буйрукка жараша, эгемендикке ээ болгон жылдарында уңгулуу жолунан адашып, улуттук баалуулуктары анчалык кɵңʏлгɵ алынбай, нарк ченемдерине ширелген коомдук институттары мурдагыдай болбой, даанышмандар баштаган улут билгелери баркталбай, улуттук сыймыгы тɵмɵндɵп, жарандык сезими мокоп, келечекке болгон ишеними азайып, куттуу мамлекетинин алсыроо мезгилине дуушар болду.
Кыргыз Республикасынын эли ушул кʏнгɵ чейин келечекке ишеним жарата турган, коомдун мʏмкʏнчʏлʏгʏн жаратмандыкка багыттоо кʏчʏнɵ ээ, элдин биримдигин, уюмдашуу жɵндɵмʏн арттыра алган, узак мɵɵнɵттʏʏ идеологияга, башбагытка муктаж бойдон калып келди. Аталган кырдаалдан ылдам чыгуунун ишенимдʏʏ жолдорунун бири, кыргыз жарандарын бир муштумга бириктире турган, куттуу келечекке ишеним арттырган, жарандык мекенчилдикти кʏчɵткɵн, улуттун демин арттырып, ага дымак берген, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан идеяларды иштеп чыгып, аны ыкчамдык менен ишке киргизʏʏ экендиги маалым болду”.

Кыргыз Республикасын жакынкы жылдарда ɵнʏккɵн, кʏчтʏʏ, дʏйнɵлʏк бийиктиктерге жеткен мамлекетке айландыруу максатында, Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды кабыл алууда, ошондой эле Кыргыз Республикасын ɵнʏктʏрʏʏнʏн жалпы мамлекеттик программаларын бекитʏʏдɵ Уңгужолдун жоболорун жана принциптерин эске алуу сунушталсын.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгууда, кабыл алууда жана жʏргʏзʏʏдɵ Уңгужолдун жоболорун жана принциптерин жетекчиликке алсын;
– бул чɵйрɵдɵ колдонулуучу бардык ченемдик укуктук, концептуалдык, программалык документтерди инвентаризациялоо жана аларды Уңгужолго ылайык келтирʏʏ боюнча ишти жʏргʏзсʏн;
– Уңгужолду ишке ашыруу боюнча жобону иштеп чыксын;
– Уңгужолду кеңири пропагандалоо жана жайылтуу боюнча туруктуу ишти уюштурсун.
— Кыргыз Республикасынын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары Уңгужолдун негизинде региондук программаларды иштеп чыксын, кабыл алсын жана ишке ашырсын.
Документтин кабыл алынышы
“Улуттук дем — дʏйнɵлʏк бийиктик” уңгужолу боюнча Жарлыкка Президент Садыр Жапаров 2024-жылдыктын 18-декабрында кол койгон. Бул документ ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏʏсʏнɵ идеологиялык негиз берип, коомду бир багытка топтоого багытталган стратегиялык принциптерди камтыйт. Ал мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттарды бирдей багытта иштɵɵгɵ чакырат жана нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтʏʏ жарандарды калыптандырууну максат кылат.

Жарлыкты тааныштыруу иш-чаралары
Документти жайылтуу максатында ар-тʏрдʏʏ мекемелерде иш-чаралар уюштурулду:
• “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКында уңгужол жɵнʏндɵгʏ чакан жыйын ɵткɵрʏлʏп, анын ʏч негизги багыты — ʏй-бʏлɵ, коом жана мамлекет — кызматкерлерге тʏшʏндʏрʏлдʏ. Бул иш-чарада уңгужолдун мааниси жана коом ʏчʏн ролу баяндалды.
• Мамлекеттик тил кʏнʏнɵ карата Санариптик ɵнʏгʏʏ министрлигинин жыйынында уңгужолдун багыттары боюнча лекция окулуп, мамлекеттик кызматкерлерге улуттук баалуулуктар тууралуу маалымат берилди.
• Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин кызматкерлери арасында да Жарлык боюнча презентация уюштурулуп, документтин негизги идеялары кызматкерлерге тʏшʏндʏрʏлдʏ.
Улуттук баалуулуктарды жайылтуу иш-чаралары
Жарлыкты ишке ашыруу алкагында маданий, билим берʏʏ жана коомдук иш-чаралар да ɵтʏʏдɵ:
•“Манас” эпосу боюнча маданий иш-чаралар Бишкек шаардык сотунда уюштурулду. Бул иш-чарада эпостун мааниси жана кыргыз улуттук баалуулуктары тууралуу талкуулар, чакан спектаклдер кɵрсɵтʏлʏп, жаштарга, мамлекеттик кызматкерлерге улуттук рухту жогорулатуу максатында маалымат берилди.
Окутуу жана тренингдер
Жарлыктын жʏзɵгɵ ашышынын алкагында окутуу курстары жана тренингдер ɵткɵрʏлдʏ:
Улуттук илимдер академиясында “Улуттук дем — дʏйнɵлʏк бийиктик” уңгужолу боюнча окутуу курсу жыйынтыкталды. Бул курска 50гɵ жакын мамлекеттик кызматкер катышып, уңгужолдун мазмуну, мамлекеттик тилди ɵнʏктʏрʏʏ, коомдук аң-сезимди чыңдоо темаларында сабактар менен таанышты. Сертификаттар тапшырылды.

Мамлекеттик жана коомдук уюмдардын катышуусу
Сот департаментинин кызматкерлери уңгужол менен таанышуу жыйынына катышты. Бул жыйындарда кызматкерлерге документтин мааниси, максаты, коомдук баалуулуктарды чыңдоо боюнча айтылды.
“Улуттук дем — дʏйнɵлʏк бийиктик” уңгужолу — бул идеялар системасы жана мамлекеттин узак мɵɵнɵттʏʏ ɵнʏгʏʏ стратегиясы. Ал аркылуу учурда:
Жарлыкты ишке ашыруу боюнча официалдуу презентациялар, талкуулар, лекциялар жана тренингдер ɵтʏлʏʏдɵ.
Маданий иш-чаралар аркылуу улуттук баалуулуктарды жайылтуу максатында долбоорлор ишке ашууда.
Мамлекеттик кызматкерлер концепциянын мазмуну менен таанышып, аны менен кʏнʏмдʏк иш-жʏргʏзʏʏ пландоодо.
«Улуттук дем – дʏйнɵлʏк бийиктик»: уңгужол кантип ишке аша баштады?
Кыргызстанда акыркы жылдары улуттук баалуулуктарга, мамлекеттик тилге жана жарандык жоопкерчиликке ɵзгɵчɵ басым жасалууда. Бул багыттагы негизги идеологиялык документ катары Президент тарабынан бекитилген «Улуттук дем – дʏйнɵлʏк бийиктик» уңгужолу саналат. Документ кабыл алынгандан кийин коомчулукта «ал кагаз жʏзʏндɵ калбайбы?» деген суроо да жаралган. Бирок соңку айларда аткарылган иштер бул уңгужол иш жʏзʏндɵ ишке аша баштаганын кɵрсɵтʏʏдɵ.
Мамлекеттик аппараттан башталган иш
Уңгужолду ишке ашыруунун алгачкы этабы мамлекеттик органдардан башталды. Министрликтерде, ведомстволордо, сот системасында жана башка мамлекеттик мекемелерде уңгужолдун мазмунун тʏшʏндʏргɵн жыйындар ɵткɵрʏлдʏ. Бул жыйындардын ɵзгɵчɵлʏгʏ — документ жалпы лозунг катары эмес, мамлекеттик кызматкердин кʏнʏмдʏк ишинде жетекчиликке алынуучу принциптердин жыйындысы катары тааныштырылганында.
Мындай ыкма уңгужолду формалдуу эмес, башкаруу маданиятынын бир бɵлʏгʏнɵ айлантуу аракети катары бааланууда.
Окутуу жана аң-сезимди ɵзгɵртʏʏ аракети
Жарлыктын алкагында окутуу программалары жана тренингдер да уюштурулду. Улуттук илимдер академиясында жана бир катар министрликтерде мамлекеттик кызматкерлер ʏчʏн атайын курстар ɵткɵрʏлʏп, улуттук идеология, мамлекеттик тилдин ролу, жарандык жоопкерчилик маселелери талкууланды.
Бул кадам уңгужолдун негизги максаты — улуттук аң-сезимди жаңылоо — бир жолку иш-чаралар менен эмес, билим аркылуу ишке ашырылышы керек деген тʏшʏнʏктʏ кɵрсɵтɵт.
Маданий саясаттагы практикалык кадамдар
Уңгужолдун ишке ашышы маданият тармагында да байкалууда. Кɵргɵзмɵлɵр, тематикалык жолугушуулар, «Манас» эпосуна арналган иш-чаралар ɵткɵрʏлʏп, улуттук мурас заманбап коом менен байланышта сунушталууда. Айрым жогорку окуу жайларда жана мамлекеттик мекемелерде уңгужолдун негизинде ɵзʏнчɵ иш-пландар кабыл алынган.
Бул аракеттер улуттук баалуулуктарды декларация тʏрʏндɵ эмес, жандуу маданий процесс катары кароого жол ачууда.
Аймактар жана коомдук демилгелер
Документ борбор менен гана чектелбей, аймактарда да ишке ашырыла баштады. Спорттук мелдештер, марафондор жана жаштарга багытталган коомдук иш-чаралар уңгужолдун идеяларын жайылтуунун куралына айланды. Бул аркылуу улуттук дем тʏшʏнʏгʏ тек гана тарых же тил менен эмес, активдʏʏ жашоо образы жана жоопкерчилик менен байланыштырылууда.
Идеологиядан системалуу саясатка карай
Учурдагы абалга караганда, «Улуттук дем – дʏйнɵлʏк бийиктик» уңгужолу идеологиялык декларациядан практикалык саясатка ɵтʏʏнʏн баштапкы этабында турат. Тааныштыруу жыйындары, окутуулар, маданий жана коомдук иш-чаралар — бул жолдун алгачкы кадамдары.
Бирок алдыда негизги суроо турат: бул иштер системалуу мʏнɵзгɵ ɵтʏп, билим берʏʏ, кадр саясаты жана коомдук институттар аркылуу узак мɵɵнɵттʏʏ натыйжа бере алабы? Уңгужолдун чыныгы баасы дал ушул этапта — анын туруктуу мамлекеттик жана коомдук практикага айланышында аныкталат.
Дооран Токтошев


Окшош макалалар
Аял тагдыры – коомдyн кʏзгʏсʏ: Аялдардын кордугуна качан чекит коюлат?
Мɵɵнɵтсʏз берилген айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу: жарандар ʏчʏн жеңилдетилген тартип
Коомдук ишеним блогерлерге ɵтʏп жатабы?