19 января, 2026

Жаракатка кайдыгер мамиле – ɵмʏргɵ жана келечекке коркунуч алып келет

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жаракат алуу коркунучу коомдун бардык катмарында ɵсʏʏдɵ. Жол кырсыктары, ɵндʏрʏштɵгʏ коопсуздук эрежелеринин сакталбашы, спорттук активдʏʏлʏк жана кʏнʏмдʏк тиричилик иштери адамдын саламаттыгына олуттуу зыян келтирʏʏдɵ. Айрыкча эмгекке жарамдуу жаш курактагы адамдардын жаракат алышы социалдык жана экономикалык кɵйгɵйгɵ айланды. Травматология тармагы дал ушул коркунучтардын кесепетин азайтууга, адам ɵмʏрʏн жана кыймыл-аракетин сактап калууга багытталган. Бул жолу биз жогорку категориядагы травматолог Алмазбек Абдувалиев менен травматологиянын маңызы, жаракаттын себептери, анын алдын алуу жана ɵз убагында дарылануунун мааниси тууралуу кеңири маектештик.

-Алмазбек Абдувалиев, айтсаңыз травматология деген эмне жана бул терминдин мааниси кандай?

— Травматология — медицина илиминин ɵз алдынча жана абдан жоопкерчиликтʏʏ тармактарынын бири. Бул термин грек тилинен келип чыккан: “trauma” — жараат, “logos” — илим, окуу дегенди билдирет. Башкача айтканда, травматология — жаракат тууралуу илим. Бул тармакта адамдын кыймыл-таяныч системасына тиешелʏʏ бардык жаракаттар каралат. Аларга сɵɵктɵрдʏн сынуусу, муундардын чыгышы, булчуңдардын жана тарамыштардын ʏзʏлʏшʏ, жумшак ткандардын жабыркашы кирет. Ошондой эле травматология жаракаттын келип чыгуу себептерин, анын оордугун, кесепеттерин жана айыгуу жолдорун комплекстʏʏ тʏрдɵ изилдейт. Медицина кɵп тармактуу болгондуктан, травматология ортопедия, хирургия, нейрохирургия, реаниматология сыяктуу тармактар менен тыгыз байланышта иш алып барат. Айрыкча оор жаракаттарда бир нече адистин биргелешкен иши талап кылынат.

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ травматология эмне ʏчʏн ɵзгɵчɵ актуалдуу болуп жатат?

-Азыркы жашоо темпи ɵтɵ тездик менен ɵзгɵрʏʏдɵ. Унаалардын, ɵндʏрʏш объектилеринин жана техниканын кɵбɵйʏшʏ менен катар жаракат алуу коркунучу да ɵсʏп жатат. Мурда кɵбʏнчɵ бир эле кол же бут сынган учурлар катталса, азыр политравма деп аталган оор абалдар кɵп кездешʏʏдɵ. Политравма — бул бир эле учурда бир нече орган же система жабыркаган учур. Мисалы, жол кырсыгында адамдын сɵɵктɵрʏ сынып, ички органдары жабыркап, кан жоготуу же кʏйʏк коштолушу мʏмкʏн. Мындай бейтаптарды дарылоо чоң тажрыйбаны, заманбап жабдууларды жана ыкчам медициналык жардамды талап кылат. Ошондуктан травматологиянын ролу жыл сайын артып бара жатат.

-Кандай себептер менен бейтаптар травматологго кɵбʏрɵɵк кайрылышат?

-Травматология бɵлʏмʏнɵ кайрылган бейтаптардын негизги бɵлʏгʏн тɵмɵнкʏ себептер тʏзɵт: жол-унаа кырсыктары, ʏй тиричилигинде жыгылып же тайгаланып алуу, курулуш жана ɵндʏрʏш тармагындагы жаракаттар, спорттук машыгуулар учурундагы кокустуктар жана бычактан же ок атуудан алынган жаракаттар. Айрыкча кыш мезгилинде тайгалак жолдон жыгылып, кол-бутун сындырып алгандар кескин кɵбɵйɵт. Кээде жɵнɵкɵй кɵрʏнгɵн жыгылуу оор операцияга же узак реабилитацияга алып келет.

-Кайсы курактагы адамдар жаракатка кɵбʏрɵɵк кабылышат?

-Статистика кɵрсɵткɵндɵй, жаракат алгандардын басымдуу бɵлʏгʏ 20 жаштан 45-50 жашка чейинки эмгекке жарамдуу курактагы адамдар. Бул куракта адамдар активдʏʏ иштеп, курулушта, жолдо, техника менен иш алып барышат. Кыймыл кɵп болгон жерде тобокелчилик да жогору болот. Балдар кɵбʏнчɵ оюн учурунда этиятсыздыктан жаракат алышса, улгайган адамдар сɵɵктʏн морттугунан улам бат жаракатка кабылат. Айрыкча жамбаш сɵɵгʏнʏн сынуусу карыялар ʏчʏн ɵтɵ кооптуу болуп саналат.

— Жаракаттар эмне ʏчʏн кɵбɵйʏʏдɵ?

-Тиричиликтеги жаракаттардын негизги себеби — коопсуздук эрежелерине кайдыгер мамиле кылуу. ʏй шартында чатырга чыгуу, дарак кесʏʏ, электр шаймандарын туура эмес колдонуу, тайгалак жолдо шашып басуу олуттуу жаракаттарга алып келет. Кɵп учурда адамдар “убактылуу эле” деп жасаган ишине олуттуу маани бербей, анын арты чоң трагедияга айланып кетет. Айрыкча кыш мезгилинде шашылыштык жана этиятсыздык жаракаттардын санын арттырат.

-Жаракат алганда эл кɵп кетирген эң чоң каталар кайсылар?

-Эң чоң ката ɵз алдынча дарылануу жана дарыгерге кеч кайрылуу. Кээ бир адамдар сынган же чыккан кол-бутун “сыныкчыга” кɵрсɵтʏп, туура эмес салдыруудан кийин оор абалда ооруканага кайрылышат. Сынган сɵɵктʏн учтары курч болуп, айланасындагы булчуңдарды, нервдерди жана кан тамырларды жабыркатып коюшу мʏмкʏн. Мунун кесепетинен кан жоготуу, кыймылдын жоголушу же туруктуу майыптыкка чейин жеткен учурлар кездешет.

-Жаракат алганда биринчи жардам кандай кɵрсɵтʏлʏшʏ керек?

-Биринчи жардам ɵтɵ маанилʏʏ. Эгер кан кетип жатса — канды токтотуу зарыл. Сɵɵк сынган же чыгып кеткен болсо аны кыймылдатпай, убактылуу бекитʏʏ керек. Эң негизгиси бейтапты мʏмкʏн болушунча тез арада медициналык мекемеге жеткирʏʏ. “Ɵзʏ ɵтʏп кетет” деп кʏтʏп жʏрɵ берʏʏ жаракаттын оорлошуна алып келген эң кооптуу чечим.

-Ɵз убагында кайрылуунун артыкчылыгы эмнеде?

-Эрте кайрылган бейтап бат айыгат, татаалдашуулар аз болот жана операциясыз дарылануу мʏмкʏнчʏлʏгʏ жогорулайт. Кеч кайрылгандарда шишик кʏчɵйт, инфекция кошулат, айыгуу узакка созулат жана майыптыкка чейин жеткен учурлар болот. Ɵз убагында кɵрсɵтʏлгɵн жардам адамдын тагдырын толугу менен ɵзгɵртɵ алат.

-Заманбап травматология кандай мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ сунуштайт?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ так диагностикалык ыкмалар — рентген, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография жаракатты так аныктоого мʏмкʏндʏк берет. Операцияларда заманбап металл конструкциялар колдонулуп, бейтап эрте кыймылга келе баштайт. Бул айыгуу процессин кыйла жеңилдетет жана майыптык коркунучун азайтат.

-Реабилитациянын ролу кандай?

-Реабилитация дарылоонун ажырагыс бɵлʏгʏ. Сɵɵк бʏтʏп калганы менен булчуңдар алсырап, муундардын кыймылы чектелиши мʏмкʏн. Дарылоо гимнастикасы, физиотерапия, массаж толук жʏргʏзʏлсɵ гана бейтап кадимки жашоого кайта алат. Реабилитациясыз дарылоо толук деп эсептелбейт.

-Практикаңызда эсте калган кайгылуу учурлар барбы?

-Тилекке каршы, андай учурлар аз эмес. Жакында эле 20 жаштагы жигит иш ʏйрɵнɵм деп ашканага барып, техника коопсуздугу сакталбагандыктан колун эт туурагычка алдырып, жаш кезинде инвалид болуп калды. Бул — коопсуздуктун баасын тʏшʏндʏргɵн ɵтɵ оор мисал.

-Калкка айтаар негизги кеңешиңиз?

-Ар бир адам коопсуздук эрежелерин сакташы керек. Жаракат алганда уялбай, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Ɵз алдынча дарылануу ден соолукка жасалган чоң коркунуч. Жаракатты дарылоодон кɵрɵ, анын алдын алуу ар дайым жеңил

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author