19 января, 2026

Жеңишбек Токторбаев  «курулуш революциясын»  кантип ишке ашырды?

Ош шаарын Жеңишбек Шермаматович башкарган аралыкта шаарда мурда болуп кɵрбɵгɵндɵй жумуштар аткарылып, «курулуш революциясы» болду. Анткени, ондогон кɵчɵлɵргɵ жаңыдан асфальт тɵшɵлʏп, ондогон кɵчɵлɵр кеңейтилип, жаңыланды. Ошондой эле шаарды аралап ɵткɵн каналардын айланасы мыйзамсыз курулуштардан тазаланып,  заманбап эс алуучу жайлар курулду.

Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бɵлʏмʏнʏн жетекчиси Жылдызбек Болотбеков кабарлагандай, Ош шаарында жыл ичинде 80 чакырымдан ашуун жол салынып, 25 чакырым тротуар курулду. Бардык жолдор заман талабына шайкеш келтирилип, кеңейтʏʏ иштери жʏргʏзʏлгɵн.

«71 кɵчɵ оңдолуп, дагы бир канча кɵчɵлɵрдɵ оңдоо иштери жʏрʏп жатат», — деди Болотбеков.

«Биринчи кезекте темирдей тартип, анан саясий эрк керек болду», — дейт Оштун мэринин ишин талдаган  саясат талдоочулар. – Саясий эрк болбосо, темирдей тартип болбосо, ишти бир жаңсыл, анан бат бʏтʏрʏʏ абдан кыйын. Анын ʏстʏнɵ каржылык колдоо да зарыл».

Чынында эле Жеңишбек Шермаматович мэр болуп келгенден бери бир дагы тыным болгон жок. Мэриянын кызматкерлеринин иши таңга маал мыйзамсыз курулуштарды кɵрʏʏ менен башталып, тʏштɵн кийин аларды чечʏʏ жолдору талкууланып, аз убакыттын ичинде бузуу иштери ылдам жʏрʏп жатты.

«Мындай динамикалуу жумуштарды жасоо ʏчʏн олчойгон каржы да талап кылынат. Кээ бир мэрлер аны табуудан эринип, колдо бар пул менен иштей берет. Кээ бирлери финансы булактарын издейт», — дейт адистер.

Калаа мэри шаардын бюджетин карап отурган жок. Ал кошумча каржылоо булактарын издеди. Алсак, Ош шаарынын 2025-жылга карата бюджети 3 млрд 425 млн 313 миң сом болуп бекитилген. Деген менен бул акчанын баары эле ɵнʏгʏʏгɵ жумшалат дегенди билдирбейт.

2025-жылкы бюджеттик угууда бул акчалар кайда сарпталары да айтылган. Маселен, 2025-жылдын 25-февралында 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтʏʏ бюджетин бекитʏʏ жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жɵнʏндɵ маселе коомдук угууга коюлган.

Долбоорго ылайык, 2025-жылга карата бюджеттин киреше бɵлʏгʏ (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2024-жылдагы бюджетке салыштырмалуу 113,8 пайызга ɵсʏп же болбосо 414 млн 397 миң 70 тыйынга кɵбɵйʏп, 3 млрд 425 млн 313 миң сомду тʏзɵрʏ айтылган.

Аталган долбоорго ылайык, бюджет тɵмɵндɵгʏдɵй бɵлʏнгɵн:

— «Ош шаардык автоунаа» муниципалдык ишканасына жеңилдиктерден пайдаланып жʏрʏʏгɵ укуктуу жарандардын жол акысына субсидия берʏʏгɵ — 80 млн сом;

— «Ошасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын аппаратын каржылоого — 4 млн 391 миң, титулдук баракчасына — 350 млн сом;

— Ош мэриясынын «Агрардык чарба» муниципалдык ишканасына — 6 млн 73 миң сом;

— Ош мэриясынын «Санарип Ош» муниципалдык ишканасына — 18 млн сом сом;

— бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары — 2 млн 750 миң сом;

— турак жай жана коммуналдык кызмат кɵрсɵтʏʏлɵргɵ — 952 млн 704 миң сом;

— Оштогу кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасына — 220 млн 36 миң сом;

— «Ошсвет» муниципалдык ишканасына — 107 млн 739 миң сом;

— Ош шаардык мэриясынын жарандарды тейлɵɵ бюросуна — 14 млн 532 миң сом;

— Ош мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасына — 24 млн 154 миң сом;

— Ош мэриясынын муниципалдык менчик ишканасынын титулдук баракчасына — 151 млн 700 миң сом;

— Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына — 431 млн 500 миң сом;

— маданият жана спорт боюнча ар тʏрдʏʏ иш-чараларды ɵткɵрʏʏгɵ — 48 млн 650 миң сом;

— Ош шаардык борборлоштурулган китепканасына — 11 млн 930 миң сом;

— маданият ʏйлɵрʏн кармоого — 2 млн 473 миң сом;

— А.Сʏйʏмбаев стадионуна жана «Алай» клубуна субсидия — 115 млн сом;

— «Ош шамы» гезитине субсидия — 3 млн сом;

— «ОшТВ» телеканалына субсидия — 2 млн сом;

— Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирʏʏ борборуна — 4 млн 533 миң сом;

— фольклордук-эстрадалык топторуна — 15 млн 376 миң сом;

— Ош шаардык маданият башкармалыгы, спорт комитетинин аппараттарын каржылоого — 26 млн 896 миң сом;

— жалпы билим берʏʏ тармагына — 938 млн 770 миң сом;

— социалдык коргоо тармагына — 30 млн 547 миң сом деп сунушталды.

Деген менен бул  акчалардын баарынын ɵзʏнʏн жумшай турган тармагы бар. Ошондуктан, шаар башчысы республикалык бюджеттен, президенттин Турукташтыруу фондунан акча алып, шаардын ɵнʏгʏʏсʏнɵ жумшады.

2025-жылдын  10-сентябрь кʏнʏ Ош шаардык кеңешинин XIII сессиясы ɵткɵн.

Сессияда республикалык бюджеттен кредит алууга жана кредитти кʏрɵɵ менен камсыздоого макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ маселеси каралып, колдоо тапты. Каржы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдыкадыров Ош шаарынан инфраструктурасын ɵнʏктʏрʏʏ максатында республикалык бюджеттен 1 млрд сом насыя алынарын, кʏрɵɵсʏнɵ Ош шаардык автобекети коюлганын айтты.

«Насыянын мɵɵнɵтʏ 6 жылды тʏзʏп, 1% менен алынат», — деди Абдыкадыров.

Мындай масштабдагы иштер бир нече миллиарддык каржыны чапчыйт. Ошондуктан, президенттин Турукташтыруу фондунан жана республикалык бюджеттен бɵлʏнʏп отуруп, шаарга бир нече млрд акча бɵлʏнгɵн. Андыктан, шаарда мурда болуп кɵрбɵгɵндɵй ɵзгɵрʏʏлɵр болуп, шаардын инфраструктурасы оңолууда.

 Дооран Токтошев

About The Author