XXI кылымдын акыркы он жылдыгында социалдык тармактар дʏйнɵ жʏзʏндɵ маалыматтын негизги булагына айланды. Кыргызстанда да бул тенденция активдʏʏ мʏнɵздɵ — ɵлкɵ боюнча бир нече миллион адам социалдык медианы кʏнʏмдʏк маалымат алуу жана байланыш ʏчʏн колдонуп жатат. Бул менен бирге, элдин блогерлерге болгон ишеними ɵсʏʏдɵ. Калк саясатчыларга караганда блогерлерге кɵбʏрɵɵк ишенген учурлар азыркы коомдо байма-бай кездешет. Кээде саясатчы белгилʏʏ маселени кɵтɵрʏп, аны расмий жол менен элге жеткиргенде, коом шек менен карайт. Бирок ошол эле маселе социалдык тармактагы популярдуу блогер тарабынан тʏшʏндʏрʏлгɵндɵ колдоо жана ишеним тез ɵсʏп, жʏздɵгɵн пикирлер, бɵлʏшʏʏлɵр менен элдин кɵңʏлʏнɵ багыт ала алат. Бул кɵрʏнʏш Кыргызстанда эле эмес, дʏйнɵ жʏзʏндɵ да байкалууда.

Коомдук ишеним кризиси кандайча пайда болду?
ИИР (Ipsos) уюмунун 2024 жылдагы дʏйнɵлʏк “Trustworthiness Index” изилдɵɵсʏнɵ ылайык, саясатчылар — адамдардын эң азы ишенген топтордун бири болуп калышты. Изилдɵɵгɵ катышкан 32 ɵлкɵнʏн жарандарынын орточо 15% гана саясатчыларга ишенерин айткан. Мисалы, дарыгерлер, мугалимдер сыяктуу кесип ээлери менен салыштырганда, саясатчылар коомдо эң тɵмɵнкʏ ишеним рейтинги менен белгиленген.
Бул кɵрсɵткʏч глобалдык тенденция болуп, айрыкча жаштар арасында саясатчыларга болгон ишеним тɵмɵн экенин башка изилдɵɵлɵр да кɵрсɵтɵт. 2022-жылы BBC Education ʏчʏн жʏргʏзʏлгɵн Su rvation сурамжылоосуна ылайык, 11–16 жаштагы жаштар саясатчылардан кɵрɵ социалдык медиа инфлюенсерлердеги жаңылыктарды жана факттарды айтуу жагынан кɵбʏрɵɵк ишенимдʏʏ деп эсептеген. Аталган изилдɵɵдɵ 2 000ден ашуун катышуучу суралып, бул жаштардын саясатчыларга ишенгендери болгону 1% экенин кɵрсɵткɵн.
Саясатчыларга болгон ишенимдин мындай кɵрсɵткʏчʏнʏн себеби эмнеде?
Кыргызстандан айрым учурларда кɵпчʏлʏк жарандар шайланган эл ɵкʏлдɵрʏнʏн сɵздɵрʏн «жеңил убада», «саясий жарнама» катары кабыл алууга ыкташат. Албетте, бул бизде гана эмес, дʏйнɵдɵ жʏзʏ боюнча кездешкен кɵрʏнʏш — саясатчылар ишенимди жоготуп, шайлоочулар менен тʏз, персоналдык байланыш тʏзɵ албай жатат.
Ушул кɵрʏнʏштʏ баяндаган изилдɵɵлɵр саясатчылар менен коомдун ортосундагы ишенимдин тɵмɵндɵшʏнʏн бир нече себебин кɵрсɵтɵт. 2024-жылкы Гарвард Университети тарабынан жарыяланган “Freedom of the Press” изилдɵɵсʏндɵ медиа эркиндигинин ɵсʏшʏ менен саясатчылар тууралуу сындуу материалдардын кɵбɵйʏшʏ коомдун саясатчыларга болгон ишенимине терс таасирин тийгизээри белгиленет. Ошондой эле The Economist / YouGov сурамжылоосу саясатчылардын убадаларын аткара албаганы коомдо шек-суроо жаратканын тастыктайт (The Economist — дʏйнɵлʏк саясат, экономика жана коомду изилдеген таанымал англиядагы апталык журнал. YouGov — дʏйнɵ жʏзʏ боюнча онлайн сурамжылоолорду жʏргʏзгɵн коомдук пикир фирмасы).
Ошондой эле айрым Кыргызстандагы талдоочулар бийлик менен коом ортосундагы ишеним маселеси кайчы болуп жатканын белгилешет; кабыл алынган саясий чечимдерди эл баарына бирдей тʏшʏндʏрʏʏдɵ кыйынчылыктар бар экендиги айтылууда (“Кыргызстан: коом менен бийликтин ортосундагы ишеним маселеси” — pk.kg 2024).

Блогерлер эмне ʏчʏн элге кɵбʏрɵɵк жакын?
Блогерлер жана социалдык медиа инфлюенсерлер коом менен тʏз баарлашып, жашоодогу кʏнʏмдʏк кɵйгɵйлɵрдʏ ɵз тили менен айтып берет. Алардын билдирʏʏлɵрʏ кɵбʏнчɵ жɵнɵкɵй, тʏшʏнʏктʏʏ жана кыска форматта келет — бул кɵрʏнʏш жаштарды жана интернетте активдʏʏ жарандарды ɵзʏнɵ тартат.
Кээ бир изилдɵɵлɵрдɵ инфлюенсерлерди элдин ички топторунун ɵкʏлдɵрʏ катары кабыл алуу тенденциясы бар экени айтылган, айрыкча алар менен ʏзгʏлтʏксʏз диалог болгондо ишеним деңгээли жогору экен. Мисалы, бир экономикалык иликтɵɵдɵ катышуучулардын 40% инфлюенсерлердин сунуштарына ишенип, алар берген маалыматтарды колдой турганын билдирген («Социалдык медиадагы инфлюенсерлер жана керектɵɵчʏлɵрдʏн ишеним деңгээли» — Economic Sciences Journal 2022).
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ социалдык тармактар официалдуу баяндамалардан айырмаланып, ыкчам жана визуалдык маалыматты сунуштайт. Бул жаштар ʏчʏн кызыктуу формат, чоңдор ʏчʏн кʏнʏмдʏк жашоодо колдонууга жеңил. Блогерлерди кɵргɵн адам аларды жеке тааныш сыяктуу кабыл алат — “менин курбум”, “менин лидерим” деп билет. Бул психологиялык жактан адамдардын ишеним деңгээлин жогорулатат.
Андан тышкары, кɵп блогерлер конкреттʏʏ темаларды же жеке тажрыйбаларды бɵлʏшɵт: саякат, тамак-аш, ден соолукту чыңдоо, турмуштук кеңештер. Ошондуктан эл блогерлердин сунушуна кɵбʏнчɵ ишеним менен карайт. Бул кɵрʏнʏш Кыргызстанда ɵзгɵчɵ кʏч алган — социалдык тармактар маалыматты алуу ʏчʏн негизги булак болуп калды.
Ош шаарында жашаган айрым жаштар менен болгон сурамжылоо учурунда да алар “саясатчынын сʏйлɵгɵнʏн кɵргɵндɵн кɵрɵ, ошол маселени блогер тʏшʏндʏрсɵ жакшы болот” деп, телевидение жана басма сɵз медиа каражаттарынын рейтинги тɵмɵндɵгɵнʏн баса белгилешти.
Бул кɵрʏнʏшкɵ медиа адистери да кɵңʏл бурушууда. Бул тууралуу Журналисттер союзунун Ош шаарындагы ɵкʏлʏ Гульзат Газиева мындай дейт:

“Катталуучулары кɵп блогерлердин видеолору жана посттору элге абдан тез тарап, коомдук пикир жаратып, чоң резонанска айланып жатат. Эл ɵз кɵйгɵйʏн блогерлердин кеңири аудиториясы аркылуу бийликке чейин жеткирʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк алууда. Аудиториясы чоң блогерлердин элге трибуна боло алганы — жакшы кɵрʏнʏш. Бирок ошол эле учурда алар таратып жаткан маалымат канчалык деңгээлде чындыкка жана фактыга негизделген деген суроо жаралат. Кɵп учурда талдоо бир тараптуу болуп калууда, айрым блогерлер кɵтɵргɵн маселеге эксперттердин пикирин кошо берʏʏгɵ жетишпей жатышат.
Журналистикадан блогерликке ɵткɵндɵрдʏн контенти кɵбʏнчɵ фактка жана бейтараптыкка жооп берет. Ошол эле учурда журналисттер блогерлерден аудитория менен иштɵɵ, маалыматты элдин тилинде жеткирʏʏ жагынан ʏйрɵнɵ турган нерселер бар. Бирок коом блогер менен журналистти дайыма ажырата бербейт. Журналисттердин иши мыйзам менен жɵнгɵ салынса, блогерлердин ишин тескеген нормалар эми гана талкууланып жатат. Ошондуктан блогерлер да тараткан маалыматына жоопкерчилик менен мамиле кылып, “зыян келтирбе” принцибин карманышы керек. Блогерлер аркылуу кайрылуулар ыкчам жана жыйынтыктуу болуп жаткандыктан, элдин аларга болгон ишеними жогору болуп жатат”, — дейт Г. Газиева.
Тилекке каршы, блогерлерге болгон ишенимде да кооптуу жагдайлар бар
Тилекке каршы, элдин блогерлерге болгон ишениминде да коркунучтуу жагдайлар бар. Блогерлердин жаштар менен жакындыкта сʏйлɵшʏʏсʏ, ʏзгʏлтʏксʏз байланышы — чоң артыкчылык. Бирок бул кɵрʏнʏш автоматтык тʏрдɵ алар так жана объективдʏʏ маалымат берет дегенди билдирбейт. UNESCO сыяктуу эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, кɵптɵгɵн контент жаратуучулар билдирген маалыматтын тактыгын текшербейт же расмий булактардан алынган фактыларга таянбайт. Натыйжада, маалыматтын туура эмес тарашы, фактыларды бурмалап берʏʏ коркунучу пайда болот.
Кыргызстанда да блогерлер жана журналисттер ʏчʏн жалган маалымат тараткан учурда жоопкерчилик маселелери талкууланууда. Коомдо маалыматтын сапаты жана ишеним маселеси кенен талкууланып жатат (Sputnik Кыргызстан). Бирок, элдин блогерлерге болгон ишениминде белгилʏʏ коркунучтар жана кɵйгɵйлɵр дагы бар:
— Fact-чекерингтин жоктугу. Кɵп блогерлер ɵз аудиториясына маалыматтын тууралыгын текшербей берет.
— Fake маалыматтардын жайылышы. Кыргызстанда жалган же бурмаланган маалыматтар менен байланыштуу кɵйгɵйлɵр бар.
— Жарандык жоопкерчиликтин жоктугу. Блогерлер резонанс жаратуучу контент менен чыкканы менен, андан кийин материал коомдо талкууга тʏшʏп, ар кандай кɵз караштарды пайда кылат.
— Мыйзамдык ченемдердин так аныкталбагандыгы. Кыргызстанда блогерлердин укуктук статусу жана жоопкерчилиги толук аныкталган эмес.
Бул кɵрʏнʏш элдин социалдык тармактагы маалыматка кɵз каранды экенин кɵрсɵтʏп, маалыматтын тактыгын текшерʏʏ зарыл экенин ачык кɵрсɵтɵт. Ошондуктан коом да медиа сабаттуулукту жогорулатууга жана ишеним кɵрсɵткɵнгɵ чейин факт текшерʏʏгɵ ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруусу маанилʏʏ экендиги айкын.

Ишенимди кимге кɵрсɵтʏшʏбʏз керек?
Коомдун ишеним тандоосу — татаал жана кɵп кырдуу процесстин натыйжасы. Эл саясатчыларга же блогерлерге гана ишенʏʏ керек деп атайын талдабайт. Алар ишеним кɵрсɵтʏп жаткан адамдардын адамдык сапатына, жакындык деңгээлине, кɵрсɵткɵн ишине жана ачыктыкка карай баа берет.
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ:
• саясий лидерлер эл менен тʏз байланышты кʏчɵтʏшʏ, реалдуу иштерди кɵрсɵтʏʏсʏ кыйыныраак болуп турат;
• блогерлер коомдук пикирдеги орундукту тез тапса да, маалыматтын сапаты боюнча жоопкерчиликти кɵтɵрʏшʏ зарыл.
Коом кимге ишенерин тандап жатат. Бирок негизги суроо ачык бойдон калууда: эл ишенген адамдар коом алдындагы жоопкерчиликти да тең кɵтɵрɵ алабы?
Гульнара Ормонова


Окшош макалалар
Аял тагдыры – коомдyн кʏзгʏсʏ: Аялдардын кордугуна качан чекит коюлат?
Мɵɵнɵтсʏз берилген айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу: жарандар ʏчʏн жеңилдетилген тартип
Жеңишбек Токторбаев «курулуш революциясын» кантип ишке ашырды?