5 марта, 2026

Мɵɵнɵтсʏз берилген айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу: жарандар ʏчʏн жеңилдетилген тартип

Акыркы мезгилде айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ жана транспорт каражаттарынын техникалык паспортторун алмаштыруу маселеси коомчулукта кеңири талкууланып жатат. Айрыкча мɵɵнɵтсʏз айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ жаңыртуу, медициналык маалым каттар жана “Тʏндʏк” тиркемеси аркылуу кызмат алуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ жарандарды кызыктырууда. Бул маселелер боюнча так маалымат алуу максатында Ош шаардык айдоочуларды жана транспорт каражаттарын каттоо бɵлʏмʏнʏн башкы адиси Авазбек Маматалиевге кайрылдык.

— Аваз мырза, Ош шаарында мɵɵнɵтсʏз айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу иши качан башталды жана канча убакытка созулат?

— Мɵɵнɵтсʏз айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу иши Ош шаарында учурда башталганы турат. Бул процесс бир айга созулат. Тактап айтканда, 15-январдан 15-февралга чейин жʏргʏзʏлʏп жатат. Ош шаардык айдоочуларды каттоо жана транспорт каражаттарын каттоо бɵлʏмʏ бул багытта уюшкандыкта, белгиленген тартипте иш алып барууда.

— Айдоочулук кʏбɵлʏктʏ алмаштыруу ʏчʏн жарандар сɵзсʏз тʏрдɵ сиздин бɵлʏмʏңʏзгɵ баруу керекпи же башка мʏмкʏнчʏлʏктɵр да каралганбы?

— Жарандар ʏчʏн эки жол каралган. Биринчиси — салттуу ыкма, башкача айтканда айдоочуларды жана транспорт каражаттарын каттоо бɵлʏмʏнʏнɵ келип, документтерин тапшырып алмаштыруу. Экинчиси — заман талабына ылайык онлайн кызматтарды колдонуп, “Тʏндʏк” мамлекеттик тиркемеси аркылуу алмаштыруу. Бул жарандардын убактысын ʏнɵмдɵп, ашыкча кезек кʏтʏʏдɵн арылтуу максатында киргизилген.

— Алмаштыруу ʏчʏн кандайдыр бир акы алынабы?

— Учурда мɵɵнɵтсʏз айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу толугу менен акысыз жʏргʏзʏлʏп жатат. Бул дагы мамлекет тарабынан жарандарга тʏзʏлгɵн олуттуу жеңилдиктердин бири.

— Айдоочуларды эң кɵп тынчсыздандырган суроолордун бири — 083 формадагы медициналык маалым кат. Айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштырууда бул маалым кат талап кылынабы?

— Бул маселеге ɵзгɵчɵ кɵңʏл бургула деп айтат элем. Мɵɵнɵтсʏз айдоочулук кʏбɵлʏктʏ алмаштырууда 083 формадагы медициналык маалым кат таптакыр талап кылынбайт. Айдоочунун паспорту жана эски айдоочулук кʏбɵлʏгʏ болсо жетиштʏʏ. Медициналык мекемелерге барып, кезек кʏтʏʏнʏн кереги жок.

— Анда 083 формадагы медициналык маалым кат кайсы учурларда гана керек болот?

— Бул маалым кат айдоочулук кʏбɵлʏктʏ биринчи жолу алып жаткан жарандарга, айдоочулук кʏбɵлʏгʏн жоготуп алган учурда же мɵɵнɵтʏ бар айдоочулук кʏбɵлʏктʏн мɵɵнɵтʏ аяктаганда гана талап кылынат. Ал эми жɵн гана алмаштыруу ʏчʏн бул документтин кереги жок экенин баса белгилейм.

— Транспорт каражаттарынын техникалык паспорттору боюнча да ɵзгɵрʏʏлɵр болуп жатат. Бул тууралуу кеңири айтып берсеңиз.

— Ооба, учурда транспорт каражаттарын каттоодо кагаз тʏрʏндɵгʏ  техникалык паспорттордун ордуна жаңы ʏлгʏдɵгʏ пластикалык техникалык паспортторго ɵтʏʏ процесси жʏрʏп жатат. Бул система Ош шаарында толук кандуу иштеп жатат жана этап-этабы менен жайылтылууда.

— Жаңы пластикалык техникалык паспортторду да “Тʏндʏк” аркылуу каттоого мʏмкʏнбʏ?

— Албетте, мʏмкʏн. Транспорт каражатын каттоо “Тʏндʏк” тиркемеси аркылуу жʏргʏзʏлɵт. Ал ʏчʏн унааны сатуучу менен алуучунун жана алардын жубайларынын макулдугу талап кылынат. Бардык процесс онлайн форматта жʏргʏзʏлʏп, жарандар ʏчʏн кыйла ыңгайлуу шарт тʏзʏлгɵн.

— Пластикалык техникалык паспорттордун негизги артыкчылыгы эмнеде деп айтат элеңиз?

— Негизги артыкчылыгы — бул документтер эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Мындан тышкары, жоголуп кетʏʏ коркунучу азаят, маалыматтар электрондук базага интеграцияланып, текшерʏʏ жана колдонуу жеңилдейт.

— “Тʏндʏк” системасын колдонууда техникалык мʏчʏлʏштʏктɵр жаралып калса, жарандар кайда кайрылса болот?

— Эгерде “Тʏндʏк” мобилдик тиркемесинде системалык техникалык мʏчʏлʏштʏктɵр жаралса, жарандар 119 кыска номерине байланышып кайрылса болот. Ал жактан тиешелʏʏ жардам кɵрсɵтʏлɵт.

— Алдыдагы реформаларга байланыштуу жарандарга кандай кайрылуу жасайт элеңиз?

— Жарандарга айтаарым — айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштырууда же транспорт каражаттарын кайра каттоодо убара болуп биздин бɵлʏмгɵ келип кезек кʏтʏп отурбай, мʏмкʏн болушунча “Тʏндʏк” тиркемеси аркылуу кызмат алууну тандашса болот. “Тʏндʏк” тиркемеси жок жарандар аны жʏктɵп алып, катталып алса, ушул сыяктуу кɵптɵгɵн мамлекеттик кызматтарды онлайн форматта оңой эле пайдалана алышат.

— Техникалык паспорттор боюнча акыркы талап кандай болот?

— Кагаз тʏрʏндɵгʏ  техникалык паспорттордун баары этап-этабы менен пластикалык техникалык паспортторго ɵтɵт жана ага ɵтʏʏ милдеттʏʏ болуп саналат.

Гульнура Ормонова

About The Author