Аялдар менен тыгыз иштеген адистер «Эл эмне дейт?», «Тɵркʏнʏмɵ батпайм», «Балдарым ʏчʏн чыдайм» деген эски тʏшʏнʏктɵр аялдарды унчукпоого жана кордукка кɵнʏʏгɵ мажбурлоодо дешет. Эмне ʏчʏн аялдар зомбулукка кабылганда жардам сурагандан коркушат? Мыйзам менен дин бул маселеде кандай чечимдерди сунуштайт? Коомдун айыкпас дартына айланган бул кɵйгɵйдʏн тамыры жана аны чечʏʏ жолдору тууралуу адистердин жана дин ɵкʏлдɵрʏнʏн пикири тɵмɵнкʏ макалада.
Статистика эмне дейт?
Расмий маалыматтарга таянсак, Ош облусунун аймагында 2025-жылдын 11 айы ичинде жалпы 771 ʏй-бʏлɵлʏк зомбулук учуру катталган. 771 коргоо ордери берилип, алардын шарттары бузулган эмес. Ош шаары боюнча ɵткɵн жылдын 12 ай ичинде жалпысынан 468 коргоо ордери берилген (салыштырмалуу 2024-жылы 483 ордер берилген). Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери тарабынан берилген бул ордерлердин ичинен:

• Аялдарга – 459;
• Эркектерге – 4;
• Балдарга – 5 коргоо ордери берилген.
Укугуңузду билиңиз!

Юрист Майсалбек Матсаков зомбулукка кабылган учурда кандай кадамдарды жасоо керектигин тɵмɵндɵгʏдɵй тʏшʏндʏрɵт:
«Зомбулукка кабылган аял биринчи кезекте аймактык тескɵɵчʏгɵ арыз менен кайрылуусу керек. Тескɵɵчʏ келип, арызын каттап, андан соң иш жʏргʏзɵт. Аймактык инспектор аялдын арызы боюнча коргоо ордерин берет. Ал коргоо ордеринин ɵзʏнʏн шарттары болот. Эгерде ал шарттар бузулса, мисалы, кʏйɵɵсʏ 3 кʏндʏн ичинде кайрадан зомбулук кɵрсɵтɵ турган болсо, коргоо ордеринин негизинде кылмыш иши козголот.
Аялдар кɵбʏнчɵ кайсы укуктарын билбей калат? Мисалы, ошол аймактык тескɵɵчʏгɵ арыз менен кайрылса, бирок тескɵɵчʏ арыз боюнча тийиштʏʏ иш-чараларды жʏргʏзбɵй, карабай койсо, кайрылган аял эмне кылаарын билбей калат. Негизи, арыз тʏшкɵндɵн кийин 10 кʏндʏн ичинде жооп берилʏʏгɵ тийиш. Эгерде тескɵɵчʏ эч кандай чара кɵрбɵсɵ же жабырлануучу тескɵɵчʏнʏн жообуна канааттанбаса, анда ал прокуратурага арыз менен кайрылуусу зарыл».
Ислам зомбулукка каршы

Ош шаардык казысынын орун басары Акжол Бакиров ʏй-бʏлɵдɵгʏ эркектин жоопкерчилиги жана диндин бул маселеге болгон мамилесине токтолду:
«Дин аялдарга зомбулукка чыдоону талап кылбайт. Тескерисинче, аялдардын укугун жогору коёт. Себеби, ислам дини келгенге чейин кыз тɵрɵлсɵ намыстанып, аны оор кɵрʏнʏш катары кабыл алышкан. Пайгамбарыбыз исламды алып келгенден кийин аялдардын кадыр-баркы жогорулаган. Буга мисал катары пайгамбарыбыз С.А.Вдын хадисин айтсак болот: «Кимдин ʏч кызы болсо, аларды жакшы тарбиялап, эрезеге жеткирип, турмушка узатса, ал бейиш менен сʏйʏнчʏлɵнɵт»,- деген. Сахабалар: «Эгер эки же бир кызы болсочу?»,-деп сурашканда, «Ошол эле бейиш энчиленет» деп жооп берген. Ошондой эле «Бейиш – эненин таманында» деген улуу сɵзʏ бар.
Исламда оор жумуштар эркектин милдети, ал эми аялдын негизги кызматы – ʏйдɵгʏ кутту сактоо жана бала тарбиясы. Аял назик болгондуктан, аларга дайым жакшы мамиле кылуу керектиги куранда жана хадистерде баса белгиленет. Динди атайын илими бар. Исламды терең тʏшʏнгɵн, ɵмʏрʏн илимге арнаган, Ислам институтун же университетин, медреселерди бʏтʏргɵн, Ханафий мазхабын жана Матурудий акыйдасын терең билген адамдар жеткиргени оң.
Кээде динге жаңыдан келип, ɵзʏнʏн жеке кɵз карашын дин катары таңуулагандардан улам туура эмес тʏшʏнʏктɵр жаралып жатат. Мисалы, дарыгердин халатын кийгендин баары эле дарыгер болуп калбайт да. Ар бир иштин ɵз адиси болушу керек.
Аялга зомбулук кɵрсɵтʏʏ – бул алсыздыктын белгиси. Бул колунан эч нерсе келбеген алсыз эркектин гана иши. ʏй-бʏлɵ башчысы ʏлгʏлʏʏ болуп, тартипти сакташы керек. ʏй-бʏлɵ – бул кичинекей мамлекет. Башчысы кʏчтʏʏ болсо, коомдогу мындай терс кɵрʏнʏштɵр болбойт эле. Караңгы, сезимине ээ боло албаган эркек гана зомбулукка барат. Эркектер ʏй-бʏлɵсʏ, жубайы жана балдары ʏчʏн Жараткандын алдында жоопкер. Аял – эркекке берилген аманат. ʏй-бʏлɵнʏ материалдык жана моралдык жактан камсыздоо эркектин милдети (нафака). Аял болсо ʏйдʏн берекесин сактап, балдарды тарбиялайт. Азыр аялдар да иштеп жатышат, ага каршылыгым жок, бирок негизги каржылык жоопкерчилик эркекте болушу шарт».
Дарийкан Асилбекова:
«Зомбулукка кабылган аял жалгыз калат»

«Ак жʏрɵк» кризистик борборунун негиздɵɵчʏсʏ жана жетекчиси Дарийкан Асилбекова аялдардын ички кɵйгɵйлɵрʏн жана коомдук тоскоолдуктарды ачыктады:
«»Ак жʏрɵк» кризистик борбору 25 жылдан бери иш жʏргʏзʏп келет. Бул жылдар аралыгында бизге 30 миңге чукул кайрылуу болду, алардын 90 пайызы – кыз-келиндер. Негизги кɵйгɵй — ʏй-бʏлɵлʏк зомбулук: физикалык, сексуалдык жана эң башкысы — психологиялык зомбулук. Акыркы 5 жылда психологиялык зомбулук ɵтɵ ɵсʏп кетти. Мындай кɵрʏнʏштɵр кайын-журттун жана ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнʏн ортосунда болот.
Тилекке каршы, биздин аялдар «эл эмне дейт?» деген эски стереотиптен такыр арыла албай келишет. Коргоо ордерин ала албай калышканда, биз ал жабырлануучунун кайненесин же кʏйɵɵсʏн тартипке чакыралы десек, аялдар ɵздɵрʏ макул болушпайт. «Эч ким билбей эле койсун, кошуналарым, туугандарым укпасын, сиздер эле кɵйгɵйʏмдʏ чечип бериңиздер» деп кайрылышат. Бирок маселени бир тараптуу чечʏʏ мʏмкʏн эмес. Бул учурда зомбулук кайра башынан кайталанат. Аны тʏшʏндʏрʏʏ ɵтɵ кыйын.
«Кʏйɵɵң жана ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏң менен сʏйлɵшɵлʏ» десек, кеткенге шашылышат. Коркушат, себеби «балдарым бар», «эл эмне дейт?», «тɵркʏнʏмɵ батпайм» дешет. Аялдарга колдоо жок. Мамлекет мыйзам тʏрʏндɵ коргошу керек. Мыйзам иштегенде гана аял менен бала коркпой жашай алат. Зомбулукка кабылган аял жалгыз калат. Жакындары да аны четке кагып, «бар, жаша» дешет. Ошол себептʏʏ аялдар маселени ɵзʏнчɵ чечкиси келет.
Бизге 50 жаштан ашкан аялдар да кайрылышат. Кɵп аялдуулук — алардын негизги кɵйгɵйʏ. Эркектери ʏй-бʏлɵсʏн таштап чыгып кеткен учурлар кɵбɵйʏʏдɵ. Уруп-согуу, атып салуу, атка байлап сʏдʏрɵɵ, атʏгʏл дɵңгɵлɵк илип коркутуу сыяктуу окуялар 45-50 жаштан ашкан аялдарда болуп жатат. Кʏйɵɵсʏ менен аялынын ортосундагы сый-урматты жеткире албай жатабыз. Ынтымактуу ʏй-бʏлɵнʏ бекемдɵɵ боюнча мамлекеттик программаларды киргизип, жаштарга милдеттʏʏ тʏрдɵ окутууларды ɵткɵрʏʏ керек. Мектептерди ачып, психологдорду жана адистерди даярдоо зарыл.
Союз убагында сыртыбыз атеист болгону менен, жан дʏйнɵбʏздɵ тынчтык, боорукердик жана ыйман бар эле. Азыр сыртыбыз ыймандуу кɵрʏнгɵнʏ менен, ичибизде ыйман такыр жок».
Айнура Валижанова


Окшош макалалар
Мɵɵнɵтсʏз берилген айдоочулук кʏбɵлʏктɵрдʏ алмаштыруу: жарандар ʏчʏн жеңилдетилген тартип
Коомдук ишеним блогерлерге ɵтʏп жатабы?
Жеңишбек Токторбаев «курулуш революциясын» кантип ишке ашырды?