Шарп ылаңы — мал чарбасына олуттуу коркунуч жараткан эң жугуштуу оорулардын бири. Бул вирус кыска убакыт ичинде бир короодон бүтүндөй айылга чейин бат жайылып кетиши мүмкүн. Адистердин маалыматына ылайык, учурда шарп ылаңы Кыргызстандын бардык аймактарында катталып, негизинен жеңил түрдө өтүүдө. Бирок ага карабай оорунун кесепети чоң болуп, малдын сүтү азайып, арыктап, базар соодасына жана элдин кирешесине терс таасирин тийгизет. Бул ооруну кантип алдын алуу керек жана оорунун кесепеттери тууралуу Ош шаардык ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү ,жайыт жана тоют башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алмазбек  Мурзакулов менен маек курдук.

-Шарп ылаңы азыркы учурда жайылышы боюнча абал кандай?

-Шарп ылаңы (ящур оорусу) Кыргызстандын бардык аймактарында болуп жатат. Бирок жеңил типте өттү.  Шарп ылаңы негизи табиятта бар оору жана бул оорунун түрлөрү көп болуп, мал чарбасында эң коркунучтуу оорулардын бири болуп саналат. Түрлөрүн айта кетсем O, A, C, SAT1, SAT2, SAT3 жана ASIA1 деген түрлөрү бар. Шарп ылаңы жай эмес, өтө бат жайылат. Бир короодон башталып, тездик менен  бүт айылга жетип калышы мүмкүн.

Оорунун негизги пайда болуу жана таралуу себептери кайсылар?

-Шарп ылаңы табиятта бар оору болуп, вирус аркылуу чыгат. А вирус абдан жугуштуу. Бир мал ооруса, бат эле шилекейи, сүтү, жеген жеми, чөп ичкен суулары аркылуу башкаларга жугат. Анан дагы адамдар өзү байкабай бут кийим, кол, кийим аркылуу таратышы мүмкүн. Мисалы, бир короодон чыгып, экинчи короого кирсең вирус кошо кирип кетиши мүмкүн.

Алгачкы белгилери кандай жана оору аныкталганда дароо кандай чаралар көрүлүшү керек?

— Шарп ылаңы байкалганда мал жандыктары адаттагыдай абалында болбой, алгач  41-42%га чейин дене табы көтөрүлөт. Ооз көңдөйлөрүндө, тилинде жаралар пайда болуп,  жабыркап, шилекейи агат. Туяктарынын салааларында да ыйлаакчалар (жаралар) пайда болуп, ошондон кийин мал аксап, жатып туруусу кыйын болуп, басышы да кыйын болуп калат. Саан уй болсо,  сүтү дароо азайып кетет. Кыскасы, мал жандыктары кыйналып жатканын көз менен эле байкоого болот. Тоютка, жемге болгон табити начарлап баштайт. Эгер мал жандыктары бооз болсо, бала таштап коет. Эгер бир мал бул ылаң менен ооруп калса андан таза малдарга жем, чөп, суу аркылуу өтө тездик менен жугуп кетиши мүмкүн. Бул жерде эң башкысы убакытты созуп,  теккке кетирбөө керек.  Эгерде шарп ылаңы аныкталса, дароо ооруп калган малдарды  башкалардан бөлүп, өзүнчө кармоо зарыл. Ошол учурда элее ветеринарга кабар берүү маанилүү.  Өзүнчө кармап, дарылоо иштери жүрүп, оорулуу эмес малдарга алдын алуу үчүн эмдөө вакцинасын сайуу керек. Короого кирген адамдарды чектеп, бөтөн адамды,  айрыкча бала-бакыраны киргизбөө талап кылынат. Бул оору бат жайылгандыктан, “Өзү өтүп кетет” деп күтүүгө болбойт.

-Ылаңдын жайылышы ички экономикага же жергиликтүү элге кандайдыр бир деңгээлде зыян алып келеби?

-Ооба, экономикага, жергиликтүү элге өзүнүн зыянын тийгизбей койбойт. Мал — бул көп адамдар үчүн киреше да. Уйдун сүтү, койдун эти — баары азаят. Мал арыктап, сүтү да азайып кетет. Кээде малды толук жок кылууга да туура келип калат.  Сатууга тыюу салынат, базар жабылат. Бул элге, мал алып саткан ортомчуларга да кыйын.  Оорулуу малды союп, сатканга да болбойт. Анткени малдын организми алсырап, ичинде вирус бар болот. Теориялык жактан айтканда,  бул оору адамга жукса катуу жабыркатпайт, бирок, толук коопсуз деп да айта албайм.  Эгер оорулуу малды союп, этин бөлүштүрө баштаса, вирус кийим, кол, бычак, жер аркылуу тарайт. башка малдарга жугуп кетет. Адамдардын кирешеси азаят. Ошондуктан бул оору жөн эле эмес — экономикалык жактан да оор.

-Ооруну көзөмөлдөө үчүн кандай иштер жүргүзүлүп жатат жана вакцинация канчалык эффективдүү?

-Ооруну көзөмөлдөө үчүн мамлекет тарабынан жеке ветеринардык адистерге вакцина бөлүнүп берилет. Жеке ветеринардык адистер алдын ала эмдөө иш-чараларын жүргүзөт. Вакцина жардам берет. Бирок аны “бир жолу эле сайдым, болду” деп түшүнбөш керек. Вакцина бул жөн гана  коргонуу. Ошондуктан мал-жанды өз  убагында эмдөөдөн өткөрүп туруу керек. Мал ээлери көңүл коюп, мал-жанын жакшы караса оору-сыркоо да азыраак болмок. Азыркы учурда лаборатория шартта аталган ылаң жуккан мал жандыктарынын саны аныкталган. Ошого ылайык, сырттан вакцина алынып келинди. Азыркы учурда вакцина  толук  жетиштүү жана жеке ветеринардык адистер эмдөө иштерин жүргүзүүдө. Вакцина эң негизги коргонуу жолдорунун бири.

Акыркы учурда бул ылаң менен Орусия, Казакстан өңдүү бир катар өлкөлөрдөгү мал жандыктары да жабыркаганы айтылууда. Андыктан чек арадан өткөн мал жандыктары текшерилеби?

-Ооба, ар бир чек ара өткөрмө бекеттеринде биздин ветеринардык адистер бар. Сырттан келген малдардын ветеринардык документтерин карап, бир сыйра көздөн өткөрүп, ошого карап киргизишет. Эгер чек арадан оорулуу мал өтүп кетсе, бизге тарап кетиши мүмкүн. Мындай учурлар болбосун үчүн чек арада сөзсүз кирген малдарды көзөмөлдөп турушат. Бирок кээде мал ары-бери өткөндө текшерилбей калат. “Сактыкта кордук жок” , — деп, тынч, кебелбей олтура берүүгө  болбойт.

-Бул ылайдын алдын алуу үчүн кандай кеңештерди берет элеңиз?

-Бул ооруну алдын алуу үчүн мал ээлери ири мүйүздүү малдарын жылына эки жолу — жаз жана күз мезгилдеринде эмдөөдөн өткөрүп турушу абзел. Жаз мезгилинде: март, апрелде, ал эми күздө: сентябрь-октябрь айларында эмдөө маанилүү. Болбосо, кандайдыр бир оору жугузуп алса, мал ээлеринин өздөрүнө эле кыйынчылык жаралат. Анан калса күнүмдүк, бирок, абдан маанилүү эрежелер бар. Алар боюнча айтсам, сатып алынган мал жандыкты дароо эле короодогу малдарга кошуп салбай,  бир аз убакыт өзүнчө кармоо талап кылынат. Ошондо байкайсың, ооруйбу  же жокпу. Базардан же башка жактан мал алганда, сөзсүз ветеринардык маалымат каты бар мал болуш керек. Мал жандыктары сакталган короо таза кармалышы шарт. Кир, нымдуу жер ооруну тез жайылтат. Бөтөн адамдарды малга жакын жолотпогонго аракет кылгыла. Жана эң негизгиси — шек болсо , кечикпей адиске кайрылуу керек.  Мен практикада көп көргөм, эрте байкап, туура чара көргөндөр малын сактап калат. Ал эми бейкапар жүргөн мал ээлери көбүрөөк жоготууга учурайт. 

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

от Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *