Бүгүн, 21-апрелде Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгына караштуу Керме-Тоо жана Сары-Зоо айылдарынын тургундары менен жолугуп, алардын арыз-муңун укту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сары-Зоо айылынын тургундары таза суу жана унаа өтүүчү көпүрө маселелерин көтөрүштү. Шаар мэри аталган көйгөйлөр боюнча тез арада долбоор иштеп чыгууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Ошондой эле Керме-Тоо айылынын бир катар чечилбей келген социалдык маселелери бар экени белгилүү болду. Алардын ичинен эң орчундуусу – аймакта таза сууга болгон муктаждыктын жогору экени. Калаа башчысы бул көйгөйдү чечүү менен катар, балдар үчүн кичи футбол аянтчасын куруу, жолдорду асфальттоо жана тротуарларды салуу маселелери да караларын билдирди.

Б.Осмонов көчөсү Барсбек айлампасынан тарта Касымбеков көчөсүнө чейин реконструкцияланууда
Осмонов көчөсүндө оңдоо иштери активдүү жүрүп жатат. Жалпы узундугу 10,6 чакырымды түзгөн көчө эки этап менен реконструкцияланууда. Биринчи этапта Касымбеков көчөсүнөн Айтиев көчөсүнө чейинки 5 чакырым бөлүк оңдолуп, май айынын аягына чейин пайдаланууга берилет. Калган бөлүгү жыл соңуна чейин толук жаңыланат.
Долбоордун алкагында Айтиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол курулуп, Кочконов көчөсү аркылуу жаңы базарга альтернативдүү кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Ошондой эле кошумча жолдор жана көпүрөлөр аркылуу борбордук базарга жетүү жеңилдетилет.
Учурда Осмонов көчөсүндө асфальт төшөө иштерине даярдык көрүлүп, жолдун негизин түздөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды куруу иштери да параллелдүү түрдө жүрүп жатат.

Мэр Жанарбек Акаев Жапалак айыл аймагындагы курулуш иштери менен таанышты
20-апрель күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Жапалак айыл аймагындагы жүргүзүлүп жаткан социалдык объектилердин курулуш иштери менен жеринен таанышып чыкты.
Учурда аталган айыл аймактын Жапалак, Арек, Качыбек, Орке, Мээркан, Кеңеш, Татар, Гулбаар, Төлөйкөн, Тээке жана Керме-Тоо айылдарына жалпы узундугу 75000 метрге бара бар таза суу түтүктөрү тартылууда.
Ошондой эле 100 орундуу бала бакчанын курулушу жана Атабаев атындагы мектепке кошумча спорт зал, актылык зал, ашкана имараттарын тургузуу иштери жүрүп жатат.
Шаар мэри ар бир курулуш объектин жеринен көзөмөлдөп, курулушчуларга жумушту сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө ыкчам бүтүрүү тапшырмасын берди.

Көрүнүктүү акын Шавкат Рахмандын 75 жылдыгы Ош шаарында салтанаттуу белгиленди
20-апрель күнү Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында көрүнүктүү акын, терең ойчул Шавкат Рахмандын 75 жылдыгына арналган эл аралык эскерүү кечеси болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Өзбекстан Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын жана журналист Минхожидин Мирзо, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун эл аралык байланыштар боюнча төрагасынын кеңешчиси Бегижан Ахмедов жана Өзбекстандан келген акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, ошондой эле акындын жакындары, үй-бүлө мүчөлөрү жана күйөрмандары катышышты.
Эскерүү кечесинде акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгы чагылдырылып, өз үнү менен жазылган ырлары жаңырды.
Акындын үй-бүлө мүчөлөрү эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын чыгармачылык мурасы тууралуу жылуу сөздөр айтылды.
Мындан тышкары акындын өмүрүнө арналган көргөзмө уюштурулуп, жаш муун өкүлдөрү тарабынан анын чыгармаларынын негизинде сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, мааракелик иш-чара 2 күн улантылып, коноктор үчүн маданий жолугушуулар жана Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейине экскурсия уюштурулат.

Ош шаарында жаңы скверлер курулуп, жашыл аймактар кеңейүүдө
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык, Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу И.Разаков көчөсүндө жаңы сквердин курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.
Долбоордун алкагында аймакта заманбап эс алуу шарттары түзүлүп, жашыл аймактар кеңейтилип, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу инфраструктура каралууда.
Аталган сквер “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, шаар мэринин демилгеси менен Ош шаарынын аймагында жалпысынан 10 жаңы сквер жана эс алуу жайларын куруу пландалып, алардын айрымдарында курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
