28 марта, 2024

ДИНАРА АБИТОВА, ФИТНЕС-ТРЕНЕР: “ФИТНЕС – ДЕН СООЛУК СУЛУУЛУГУ”

Ош шаарында Динара Абитова деген энергиясы ашып-ташкан, ɵзʏ курдуулардан жаш кɵрʏнгɵн, секирип бийлеп, жаштар менен бир толкунда жʏргɵн аялзаты бар. 50дɵн ашса да чарчоо эмне экенин билбей аялзатын машыктырып, дени сак жашоону жайылтуу менен бирге бир карасаң социалдык  тармакта тик-ток тартып калганын кɵрɵбʏз. Бʏгʏн Динара Абитованын жан дʏйнɵсʏнɵ киргенге аракет кылдык.

“Кесибим – дарыгер”

-Мен 52 жаштамын. Борбордогу Кыргыз медициналык институтунун педиатрия тармагында окуп, балдар хирургу адистигинэ ээ болгом. Бирок интернатураны акушер-гинеколог жаатында окудум. Кийин Ош мамлекеттик университетинин алдында тʏзʏлгɵн акушер-гинекология кафедрасында студенттерге, дарыгерлерге (субординатор)  сабак берип эмгектенип жʏрдʏм. Учурда фитнес-машыктыруучумун.

Мен ɵзʏмдʏ спортчу катары эсептебейм, фитнес машыктыруучумун десем туура болот. Спортчулар булар катуу тартипте ар дайым машыгуунун ʏстʏндɵ эмгектенип, ɵлкɵнʏн туусун кɵтɵрʏп, мамлекеттин атын чет ɵлкɵдɵ даңазалагандар. Физкультура бул дене-бойдун, тулку бойдун сулуулугу. Фитнес дагы ушул сыяктуу ден соолук сулуулугу. Камырды канчалык кɵп ийлесең лагмандын камырына окшоп катуу болот, булочканын камырындай болуп кɵппɵй. Мен биздин дене-боюбузду ушундай салыштырып,  тʏшʏндʏрɵ алам. Биз денебизди канчалык кɵп ишке салсак, денебиз ошончолук катуу болот, чыйралат.

Менин жашоомдо фитнеске чейин бий да ɵзгɵчɵ ролду ойноду. Шаардагы пионерлер ʏйʏндɵ азыр «Келечек» балдардын чыгармачылык борбору аталып калган эмеспи. Ошол жерде Надежда Вячеславовна деген хореограф бар болчу. Ал бийди ɵтɵ жакшы ʏйрɵткɵн мугалим болгон. Балким, балерина болгондур жаш кезинде, так эсимде жок. Ошол мугалим бийди ʏйрɵтʏʏдɵ далынын, тулку-бойдун тʏз болуусуна ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурчу. «Туура кыймылдын аркасында денең чыйралат» деп кɵп айтчу.

Степ-аэробикадан башталган жол

-1999-жылы ʏй бʏлɵлʏк медицина жаатында билим алуу ʏчʏн борборго барып калып, кокустан степ-аэробиканы кɵрʏп калдым. Кыздардын бийлеп атканын кɵрʏп аябай суктандым. Дароо жазылып алып, 1 жыл бою ошол степ-аэробикага барып жʏрдʏм. Анан ошол жерде инструктор мени машыктыруучу болсоң болот экен деп айткан. Бирок, ал нерсеге маани деле бербептирмин. Ошко келип “Тамара” деген кыздар клубунан степ-аэробиканы таптым. 2 ай машыгып жʏрʏп, мени инструктор кылып коюшту. Андан кийин “Алыш” спорт клубу ачылды. Ошентип ал жерде  10 жыл иштедим. Кийин аз-аздан ар тʏрдʏʏ спорт клубдарда эмгектендим. Азыркы учурда 2016-жылдан тарта шаардагы “Эрем” спорт клубунда иштеп келем, жалпысынан 22 жылдык иш тажрыйбам бар. Дарыгерлик кесипти таштап, ɵзʏмдʏ фитнеске биротоло арнап калдым.

“Окуп турбасаң артта каласың, заман талабы ушундай”

-2006-жылы борбордо Лана Пономаревадан окуп, фитнес боюнча билим алдым. Ал киши “Reebok” компаниясынын ошол кездеги ɵкʏлʏ болчу. Фитнестеги базалык билимди ошол инсандан алдым. Классикалык аэробика, степ-аэробика, кʏч кɵнʏгʏʏлɵрʏ (силовые упражнения) жалпысынан 3 багыт боюнча билим алдым. Ушул 3 окуу менин кɵз карашымды ɵзгɵртʏп, чек арамды ачты. Негизи ар бир эки жылда окуп, ɵсʏп туруш керек адам. Мен кийинки окууга арадан 10 жыл ɵтʏп, Алматыда билим алдым. Азыр дʏйнɵ кʏн сайын ɵнʏгʏп, ɵсʏп атат. Окуп, ɵзʏңдʏн ʏстʏңдɵн иштеп турбасаң артта каласың. Заман талабы ушундай.

“Жашоодо мен жакшы окуучумун”

-Азыркы учурда биздин жашоону алдыга сʏрɵп аткан социалдык тармактар тууралуу айта турган болсом. Мен инстаграм желесине кичʏʏ балам тɵрɵлгɵндɵ катталгамын,  буга 10 жылдай убакыт болуп калды. Ал кезде биздин жашоодо истаграмдын ролун терең тʏшʏнгɵн деле эмесмин. Кээде гана сʏрɵт илип койчумун. Азыркы кезде инстаграм сатуу аянтчасына айланып калбадыбы. Бирдей ойлонгон адамдардын биригʏʏсʏ. Мындан 7-8 жыл мурун орусиялык блогерден кымбат эле акчага сабак сатып алгамын. Сабак онлайн форматта болчу,  2-3 жолу окудум. Мен ʏчʏн негедир татаал болдубу билбейм, улантып окуй алган жокмун. Убакыттын ɵтʏшʏ менен истаграм ɵнʏгʏп, адамдар акча иштеп баштады. Мен деле билген нерселеримди соц тармак аркылуу бɵлʏшсɵм болот эле деп ойлонуп калдым. Ɵткɵн жылы жайлоого барганда ошол жерден кызыктуу тарыхчаларды тартып жʏктɵп коюп аттым. Ошондо 10 кʏндɵ 1000дей катталуучу келген мага. Ноябрь айында ɵткɵн жылы менин балам Азат менен келиним Ɵмʏркан баш кошушту. Келиним СММ адиси болгон ʏчʏн мен анын окуусуна жазылып, окудум. Менин балдарым ушул нерсе менен иштеп атышса билгим келди, окугум келди. Мага деле керек, балдарым эмне менен алек болуп атканын ичинен билʏʏ ʏчʏн окудум. Ɵмʏркан мага СММди башка тарабынан ачты, кɵп нерсени ʏйрɵндʏм. Соц тармакта активдʏʏ, ачык болууга даяр элем. Азыр ушул нерсени ɵнʏктʏрʏп атам, кантип сʏрɵткɵ тарткан туура болот, кантип жайгаштыруу керек, баары мага ачылыш болду. Жашоодо мен жакшы окуучумун. Окуганды жакшы кɵрɵм, ар дайым кунт коюп угам.

“Апам – колдоочум, келиним –мугалимим”

-Апам мен эмне жасасам колдоп турат. Бир ирет Ысык-Атага барып калдык. Мен телефонго тиктеп отуруп калсам керек, апам “эмне кылып атасың?” деди. Апам мени менен сʏйлɵшʏп отур дегиси келди окшойт. Анан мен апама тʏшʏндʏрʏп баштадым. Апа бул тарыхча, муну мынча адам кɵрɵт, бул кимгедир пайдалуу болот десем “аа бул иш турбайбы” деп кийин кандайдыр бир башкача нерсе кɵрʏп калса «муну тартып киргизип койбойсунбу» деп  ɵзʏ мага жардамдашып калды. Азыр телефон тиктеп калсам, «Динара иштеп атасыңбы, иштей бер, макул» деп тоскоол болбой кайра колдоп турат. Ушунун баары менин инстагрдамда активдʏʏ болушума себепкер адамдар.

Азыркы ɵсʏп келе жаткан муундун мага эмнеси жагат? Алар бир нерсени айтканда дароо аткарышат. Мен ошону алардан ʏйрɵнгʏм келет. Мисалы, келиним менин мугалимим. Апа мынаны аласыз, мындай кыласыз деп ʏйрɵтʏп баштаганда Омка, мен эмне кылайын эле деп турам. Мен аны менен тартышпайм, талашпайм. Себеби, ал бул жаатта адис, бул ишеним. Жаштар менен бир толкунда болуу кыйын эмес, тескерисинче жеңил, мен алардан энергия алам.

“Апам, кайненем мага ʏлгʏ”

-Билесизби, мен ʏчʏн ʏлгʏ бул менин апам. Апам ”келин мага келсин, кызматымды кылсын” деп эч качан айткан эмес. Экинчи апам бул кайненем. Ал дагы ошондой аял. Мага бир нерсе айтып калса «апа, жумушуман бошобой атат элем» десем «макул сенин ишиң бар, кыла бер, иштен калба” деп эле кайра колдоп турат. Анан менин балам ʏйлɵнʏп калса эмнеге анын келинчегин мен жумшап отурушум керек. Ал деле мага окшоп ким бирɵɵнʏн  сʏйʏктʏʏ кызы, ата-энеси аны чоңойтту, билим берди, кɵп нерсеге жетиштирди. Анан менин ʏйʏмɵ келип ʏй кызматкери болуш керек эмес. Адамдын ɵзʏн баалоо тɵмɵн болгондо бирɵɵгɵ барып асылат, аны басынтып, ошол аркылуу ал ɵзʏнʏн баасын кɵтɵрɵт. Психологияда ушундай тʏшʏнʏк бар. Менин балам менен келиним бактылуу болсо ошол жетиштʏʏ, мен ошого сʏйʏнɵм, экɵɵ бактылуу болсо мен бактылуу. Кудай мага даяр кызды берип атса кандай сонун. Ар бир адам ɵзʏнʏн жашоосу менен алек болсо башка нерсеге убакыты да болбойт.

“Фитнес бизди чарчатпашы керек”

-Биздин ɵлкɵдɵ, шаарда , негизи эле коомдо акыркы кезде аялдардын активдʏʏ болгону мени аябай кубандырат. Мисалы, ʏйдɵ конок кʏтʏп, бир нече адамды коноктоп, аларга тамак-аш, салаттын тʏрлɵрʏн жасап, ал ортодо кичинекей баласына убакыт бɵлʏп, жасап аткан иштерин телефонго кооздоп тартып, аны соц тармакта татынакай кылып бɵлʏшʏп жетишет, мен ошол нерсеге таң калам. Ошол мени сʏйʏндʏрɵт. Балдарына деле убакыт таап, ошол эле кезде бизнесин кошо алып кеткен бизде азамат аялдар чынында кɵп.

Фитнес бизди чарчатпашы керек. Спорттук машыгуулардан кийин денебиз ырахат алышы зарыл. Жеңилдикти сезʏʏ ʏчʏн спорт залга барабыз да, машыгып анан чарчап сулайып жатуу ʏчʏн эмес.

Элира Чынтемир кызы