26 апреля, 2024

Шаарыбыздын айтылуу шахмат аянты

Эл аралык шахмат федерациясы 2024-жылы 100 жылдыгын белгилейт. Ошонун урматына шахматты Парижде ɵтʏʏчʏ кезектеги жайкы олимпиаданын программасына киргизʏʏ сунушун аталган федерациянын жетекчилиги кɵптɵн бери айтып келет. Азырынча бул  кандай чечилери белгисиз. Балким, олимпиадалык оюндар тизмесине кирип калар, балким жок. Кандай болгон кʏндɵ да акылды иштетип, туура ой жʏгʏртʏʏгɵ тарбиялаган шахмат оюнун жаштар арасында жайылта берʏʏ жакшы кɵрʏнʏш. Теманы улай Оштун белгилʏʏ болгон жерлеринин бири  ɵткɵн жумада жаңы имаратынын ачылышы болгон шахмат аянтчасына барып шахмат кʏйɵрмандары менен баарлашып келдик. Шахматты мыкты ойноо менен жаштарга ʏлгʏ болгон аксакалдардан шахмат дʏйнɵсʏ аларга эмнеси менен кызык, оюнга канча саат убактын бɵлɵт, сурадык. 

Махамат Моминов, шахмат сʏйʏʏчʏсʏ:

 “Чыныгы шахмат сʏйʏʏчʏлɵр аны эч качан кумарга айлантпайт”

-Арыбаңыз, аба, канча жашыңыздан бери шахмат ойнойсуз? 

-Мен 16 жашыман бери шахмат ышкыбозумун десем болот. Шахмат аянтчасына кʏнʏгɵ келем. Учурда 87 жаштамын. 2-3 партия ойноп ʏйʏмɵ кайтам. 3-партиядан кийин адам чарчап калабы, айтор эсебиңди жогото баштайсың. Шахмат деген ɵзʏ эсеп менен ойнолуучу оюн да. ʏйдɵ шахмат боюнча кɵптɵгɵн китептерим да бар. Ɵз алдымча тынбай машыгып турам. Жаш кезимде шопур болуп иштедим. Союз учурунда оор транспорт айдоочуларынын арасында чоң мелдештер ɵткɵрʏлʏп турчу. 1978-жылы мен да Бишкек шаарында ɵткɵн мелдеште айдоочулар арасында Кыргызстандын чемпиону болдум. 

-Бир кʏн кечке оюн бʏтпɵй калган учурлар болгонбу? 

-Мисалы, шаардык мелдеште бир жарым саат убакыт берилет. Ал эми республикалык деңгээлдеги мелдеште оюнчуларга 3 саат убакыт берилет. Эгер ʏч саатта бʏтпɵй калса, партия эртеңкиге калтырылат. Оюнчулар фигураларды турган жеринен баарын кагазга жазып алышат. Шахмат доскасынын бетиндеги алфавиттер менен цифралар бекеринен жазылбайт. Ошого карап баарын тактап, жазып алып, эртеси келген жеринен оюнду улантып кете беришет. 

-Оюн учурунда кандай кызыктуу окуялар болот? 

-Кызыктуу учурлар кɵп эле болот. 1980-жылдары шаар биринчилигине катышып калдым. Чынында мыкты оюн кɵрсɵтɵ алгам. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ биринчи орунга бир кадам калганда сыртка чыгып келе коём деп эсебими жоготуп, утулуп калдым. Ошондо бир нерсени тʏшʏндʏм, шахматта сʏйлɵбɵй, эки жакты каранбай, бир орундан жылбай ойногон дурус. Башка нерсеге алаксыдым дегиче оюң чачырап, атааңдашыңан утулуп калууң мʏмкʏн. 

-Кɵп адам келгендиктен жакын отуруп алып ойнойт экенсиздер, бул бири-бириңиздерге тоскоолдук кылбайбы?

-Атайы алаксытып тоскоолдук кылышпайт, бирок, кɵз аркылуу жанаша отурган оюнчулардын жʏрʏшʏ бири-бирине багыт кɵрсɵтʏп же ошону кайталай коём деп тескерисинче, адашып калышы толук ыктымал. Бир сɵз менен айтканда жакын отурган туура эмес. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе бул жерге чыныгы шахмат сʏйʏʏчʏлɵрʏ келип ойношот. Айрым адамдар “акчага мелдешип ойнойсуңарбы?” деп сурап калышат. Жок, шахмат дʏйнɵлʏк деңгээлдеги акыл оюну. Чыныгы шахмат сʏйʏʏчʏлɵр аны эч качан кумарга айлантпайт. 

Ажибаев Сабыр, шахмат сʏйʏʏчʏсʏ:

“Шахмат аянтчасында жаштар кɵбɵйʏп калды”

-Жумуштан бошогон убактарда келип шахмат ойнойм. Мурда кɵбʏнчɵ пенсия курагындагы аксакалдар келип ойносо, азыр шахмат аянтчасында жаштар да кɵбɵйʏп калды. Бул жакшы кɵрʏнʏш деп айтар элем. Мындан сырткары Америка, Европа жана башка ɵлкɵлɵрдɵн келген саякатчылар да биз менен шахмат ойноп кетишет. Ɵзʏм 7 жашыман бери шахматка кызыгам. Бир топ мелдештерге катыштым. Ноокат районунун чемпиону, Ош электрде иштеп жʏргɵндɵ ишканалар арасында ɵткɵрʏлгɵн мелдештерде чемпион болдум. Шахмат мен ʏчʏн хобби десем болот. Жылуу жерде шарт тʏзʏлгɵнʏнɵ мага окшогон шахмат кʏйɵрмандары ого бетер сʏйʏнʏп, жаркылдаган маанайда отурабыз. 

Пенсионер: 

“80 жаштан ɵткɵн пенсионерлерге акысыз” 

-Кечке ʏйдɵн чыкпай жаткандан кɵрɵ бул жерге келип, ары-бери басып, шахмат ойноп кеткенибиз жакшы да. 80 жаштан ɵткɵн пенсионерлерге акысыз. Шахмат ойногондо аз да болсо башка кɵйгɵйлɵрдɵн алыстап, кɵңʏлʏбʏз кɵтɵрʏлʏп калат. Азыр 17 шахмат доскасы бар. Аксакалдардын кɵйгɵйʏн угуп, ушул аянтчаны салынышына кɵмɵк кɵрсɵткɵн мэрге жана демɵɵрчʏлɵргɵ абдан ыраазыбыз. 

Самат Мырзаев, А.Навои паркынын директору:

“Курулуш иштери 2-3 айга созулду” 

-Буга чейинки эски шахмат ойноочу жер жɵнɵкɵй эле навес болгондуктан жайкыга гана ылайыкташкан эле. Бирок, ошого карабай шаар тургундары жана райондордон, айылдардан кызыккан аксакалдар кышында да келип 3-4 саат шахмат ойноп кетишер эле. Анан аксакалдардан уюштуруучу топ чыгып, бизге жабык шахмат аянтын куруу маселеси боюнча кайрылышты. Биз Ош шаардык мэриясына кайрылдык. Мэр ɵзʏ жеринен барып кɵрʏп, жабык шахмат аянтын курууну бизге тапшырма иретинде, сураныч иретинде айтты десем болот. Анткени биз паркты ижарага алып иштетип келе жаткан жеке тараппыз. ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын май айынан башталган курулуш иштери 2-3 айга созулду. Кыш жакындасын деп ачылышын бир аз кʏтʏп калдык. Мэрияныны тапшырмасы менен архитектура атайы долбоор берди, ошого карап аянтчанын узундугу 18 метр, туурасы 10 метр болгон аянтчаны курдук. Анын ичинде дааратканасы, долбоордо кɵрсɵтʏлгɵндɵй бир бурчуна тапчан, чай, кофе, жеңил тамак-аштын тʏрлɵрʏн бышырып бере турган буфет да уюштурулган. 

“Мелдештерди ɵткɵрʏʏгɵ толук шарт бар” 

-Учурда шахмат федерациясы менен иш алып баруудабыз. Аларга да аптанын кайсы бир кʏнʏн белгилеп, тʏшкɵ чейин же тʏштɵн кийин кружок, секция сыяктуу кылып шарт тʏзʏп берели деп жатабыз. Анткени шахмат дʏйнɵлʏк спорттун тʏрʏнɵ киргендиктен бизден да мыкты жаштар чыгыш керек. Ошондуктан шахмат федерациясы же «Келечек» балдар чыгармачыл борбору сыяктуу мектептерге ар дайым эшигибиз ачык. Райондук, облустук деңгээлдеги беттештерди ɵткɵрɵбʏз дешсе, толук шарт бар. Ал гана эмес, эл аралык деңгээлдеги мелдештердин ɵтʏʏсʏн да алдыдагы пландар катары карап туралы. 

Айжылдыз 

Тойчиева