25 апреля, 2024

Аргентина чемпион: Тарыхтагы эң кызыктуу финалдык беттеш

2022-жылдын 18-декабрь күнү болуп өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык беттешинде Аргентина жана Франциянын курама командалары беттешти. Оюндун биринчи таймында чабуулчу Лионель Месси пенальтиден жемиштүү пайдаланып, алгачкы эсепти ачса, 36-мүнөттө жарым коргоочу Анхель ди Мария экинчи голун киргизип 2:0 эсбенинде аргентиналыктардын пайдасы менен аяктаган. Ал эми экинчи таймда оомат франциялыктарга ооп, чабуулчу Килиан Мбаппе эки мүнөттүн ичинде эки гол киргизди. Оюнга кошумча 8 мүнөт берилди, бирок, тең чыгуу менен аяктаганына байланыштуу кайрадан 30 мүнөттүк беттеш башталды. Месси кайрадан мыктылыгын көрсөттү, берилген кошумча убакыт ортологондо аргенетиналыктарга үчүнчү голун алып келди. Мбаппе да бош келген жок,118 мүнөттө пенальтиден гол киргизип, эсепти кайрадан теңеди. Кошумча убакыт да аяктап, пенальтилер сериясы 4:2 эсебинде аргентиналыктардын пайдасына аяктады. Ошентип Аргентина өз тарыхында 36 жылдан кийин чемпиондук кубокту кайрадан өлкөсүнө алып кетүүгө татыктуу болду.

Сыйлоо аземинде жалпысынан төрт номинация ыйгарылса, анын үчөө аргентиналыктарга буюрду. Тагыраагы, мыкты оюнчу — Лионель Месси, мыкты дарбазачы — Эмилиано Мартинес, мыкты жаш оюнчу — Энцо Фернандес. Ал эми көпчүлүктүн купулуна толгон жаш чабуулчу Килиан Мбаппе алтын бутсага ээ болду.    

Катар чыгымдын баарын футболго жумшадыбы?

2022-жылдын 20-ноябрында башталган Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат бир топ кызыктарга бай болду. Күйөрмандарды бирде кубантып, бирде ыйлатып, түн уйкуларынан калтырган беттештерден учкай кеп кылабыз. Ал эми той өткөрсөң да бири ыраазы болсо, бири нааразы болгон сыяктуу айрым коноктор үй ээси Катарга эмне үчүн нааразы болушту? Төмөндө окуй аласыз.

Катышкан ар бир команда ФИФАдан кепилденген сыйлык алат деп белгиленген. Футбол чемпионатын өткөрүүдө Катар эң көп акча сарптаган өлкө болуп калды. Бирок, анын баары футболго эмес. Ливерпуль университетинин футбол боюнча адиси Киран Магуайр: “Дүйнөлүк чемпионат Катардын бийлиги үчүн өлкөнүн инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүүнүн катализатор болду”,- дейт. Алар жолдорду, аэропортторду оңдоого, жаңы пляждарды, мейманканаларды куруп, оюнга чейин тездик менен бүткөрүшкөн. ФИФАнын расмий билдирүүсүнө ылайык, Катардагы дүйнөлүк чемпионаттын байге фонду 440 миллион долларды түзөт. Турнирдин жеңүүчүсү рекорддук 42 миллион доллар алат. Акыркы жолу Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңген команда 38 миллион доллар алган эле. Ар төрт жыл сайын жаңы турнирде бул сумма көбөйүүдө. Дүйнө чемпиондугун уюштуруу комитетинин төрагасы Нассер Аль-Хатердин айтымында, оюндан кийин Катар турнирди даярдоого жумшаган инвестициядан эки эсе көп киреше алуусу күтүлөт. Мындай масштабдуу турнир өткөндө туристтик активдүүлүк күчөйт. Мисалы, буга чейин Бразилия менен Орусия чемпионатты өткөрүүдөн 17 миллиард доллардын тегерегинде пайда көрсө, чыгымдары дээрлик 8 миллиард долларды түзгөн.

Биринчи беттеште эле унаалуу болгон Сауд Арабиянын командасы

Чемпионаттын алгачкы күндөрүндө Сауд Аравиясынын курама командасы эң күчтүү делген Аргентинаны 2:1 эсебинде утуп алды. Бул жеңиши үчүн мураскор ханзада Мухаммед ибн Салман Аль Сауд команданын ар бир оюнчусуна “Rolls Royce Phantom” унаасын белекке берүүнү убада кылган. Ошентип Сауд Арабиясы Дүйнө чемпиондугунун тарыхында Аргентинанын дарбазасына бирден көп гол киргизген Азия футбол конфедерациясынын биринчи командасы болуп калды.

Хорватия эли жыйынттыкка макул эмес…

Кээ бир командалар эки же андан көп ирет дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыгышкан. 13-декабрда Катарда Аргентина менен Хорватиянын ортосундагы Дүйнө чемпиондугунун биринчи жарым финалы өтүп, 3:0 эсебинде Аргентинанын пайдасына чечилген. Бирок, Хорватия эли буга нааразыдай. Алар италиялык калыстын пенальтиге берген чечимин 100% адилетсиз болгонун белгилешти. Аргентина курама командасы тарыхында 6-ирет дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына чыкты. Бирок финалга чыгуу боюнча алар 8 ирет чыккан Германияны кууп жете элек. 35 жаштагы Лионель Месси Чемпионаттагы мыкты оюнчу наамын дагы бир ирет колго киргизди. Ал эми көпчүлүк күйөрмандар Криштиану Роналдунун оюндан четтетилиши чоң ката деп эсептешүүдө. Рональдо демекчи бул жолку оюнда укмуштуудай жаңылык жаратып, Португалия курама командасы менен болгон беттеште күчтүү коргонуу жана күчтүү дарбазачысы менен атаандашынын айласын кетирген марокколуктар жөнүндө айта кетпесек болбос. Түндүк-Батыш Африкада жайгашкан бул мамлекет тарыхында биринчи ирет дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына чыккан.  

Аял калыстар катышкан биринчи чемпионат

18-декабрь финалдык беттеште Франциянын командасынын футболчу-чабуулчусу 23 жаштагы Килиан Мбаппе экинчи ирет дүйнө чемпиондугунун финалында ойнойт. Ал эми чемпионаттын эң жаш командасы делип  Гана курама командасы табылды. Футболчулардын орточо жашы 24-27 жаш.  Эң жаш машыктыруучусу Аргентина курама командасынын башкы машыктыруучу 44 жаштагы Лионель Скалони. Эң улгайган машыктыруу 71 жаштагы голландиялык Луи ван Гал. Мындан сырткары эң жогорку курактагы катышуучулары делип Мексика курама командасынын дарбазачысы 40 жаштагы Альфредо Талавера табылган. Аны менен катар бул чемпионат Пепе, Роналду, Лука Модрич сыяктуу бир топ футболдун тирүү легендаларынын карьересынын жыйынтыкталышына себеп болууда. Чемпионаттын дагы бир чоң өзгөчөлүгү – биринчи жолу кыздар башкы калыс катары барышкан. Алар франциялык Стефани Фраппарт, руандалык Салима Мукансанга жана япониялык Ёсими Ямашита.

Алкоголго тыюу салуу, формаларга кийлигишүү…

Дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына эки күн калганда үй ээси Катар күтүүсүздөн ФИФА менен болгон бардык келишимдерди бузуп, дээрлик бардык жерде алкоголдук ичимдиктер, ал тургай сыраны сатууга тыюу салды. Дүйнө чемпиондугуна агылып келе жаткан күйөрмандар буга нааразычылыгын билдиришкен. Буга чейин Катарга тонналап сыра ташыган ишканалар мындай чечимге таң калган. Алар күндүн ысыгында туристтерге сыра сатып, эбегейсиз пайда табууну көздөшкөн эле . Ошондой эле коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичип, мас абалында жүргөндөргө алты айга чейин эркинен ажыратуу же айып пул салуу жазалары каралган. Батыштын жети курама командасынын капитандарына түстүү боосу бар бут кийимдерин кийүүгө тыюу салынды. Ким кийсе сары карточкалар жана четтетүүлөр болот деп коркутушкан. Алар күйөрмандар арасында да ушундай ачык, кыска, көңүлдү тартуучу түстөрдү колдонууга тыюу салды. Жыйынтыгында Германиянын курама командасы жооп катары акция өткөрүп, команда ооздорун колу менен жаап, чектөөлөргө каршы чыкканын билдиришти.

Таштанды таштабаган япониялык күйөрмандар

Мейманканалардын баасы абдан жогору болгондуктан, футбол күйөрмандарынын көпчүлүгү кумдуу лагерде жайгашкан кемпингдерге жайгашууга аргасыз болушкан.  Анын бир күндүк ижара акысы 175 еврону түзгөн. Бирок, лагерде шарт каралган эмес, дааратканасы жок болуп, ичүүчү, кол жуучу суу түтүктөрүнөн дайым кир суу агып чыгаарын айтып нааразы болушкан. Япон күйөрмандары болсо бул ирет да өзгөчөлөнө алышты. Алар ар бир оюндан кийин отурган жерлерин тазалап, бүт таштандыларды чогултуп чыгышкан. Мындай аракети менен таң калдырган япониялыктар сураган кишиге “биз япондорбуз, ошондуктан таштанды таштабайбыз, бул жерди сыйлайбыз” деп жооп беришкен.

Айжылдыз Тойчиева