ММА дʏйнɵсʏндɵ ɵзʏнʏн ɵжɵрлʏгʏ, жɵнɵкɵйлʏгʏ жана жеңишке болгон туруктуу мʏнɵзʏ менен айырмаланган спортчулардын бири — Бусурманкул Абдибаит уулу . Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чак айылында 1993-жылы туулган эрежесиз уруштун ɵкʏлʏнʏн спортко болгон кызыгуусу бала кезинен калыптанып, аны 2009-жылы Бишкек шаарына алып келген. Борбордогу Fighter KG спорт клубунун курамында грэпплинг жана ММА багытында профессионалдык жолун баштаган. Кыска убакыт ичинде ал Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болуп, Азия жана дʏйнɵлʏк мелдештерде байгелʏʏ орундарды ээлеп, эл аралык аренада тааныла алган. Орусиянын М-1 Global лигасында, ошондой эле Хабиб Нурмагамедов негиздеген Eagle FC лигасында чыгып, чемпиондук наамга жетишкен. Учурда АКШдагы LFA уюмунун мушкери катары карьерасын улантып, ошол эле учурда жеке ишкерлик кылып, коомдук иштерге активдʏʏ аралашып келет. Бул маекте биз Бусурманкул Абдибаит уулунун ички дʏйнɵсун, жеңиштеринин статистикасы аркылуу эмес, жашоого болгон кɵз карашы, дʏйнɵ таанымы, принциптери жана инсандык позициясы аркылуу ачууга аракет кылдык.

— Алгач спорттук жолуңузга кɵз салсак, карьераңызда кайсы беттеш маанилʏʏ болгон?
— Карьерамдагы эң чечʏʏчʏ беттеш 2017-жылдын башында Ингушетияда, бразилиялык мушкер Диего Давелла менен болгон. Биринчи жолку беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Экɵɵбʏздʏн тең мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз бар экенин кɵргɵн уюштуруучулар бир жарым айдан кийин реванш уюштурушту. Экинчи беттеште мен биринчи раундда эле, мɵɵнɵтʏнɵн мурда жеңишке жеттим. Дал ошол беттештен кийин эл аралык М-1 Global уюмунан расмий келишим алып, карьерам жаңы баскычка кɵтɵрʏлдʏ. Ошондон тартып эл аралык ареналардын эшиги мен ʏчʏн ачылды десем болот. Бул жеңиш мага ɵзʏмɵ болгон ишенимди кʏчɵтʏп, «мен эл аралык деңгээлде таймашууга татыктуумун» деген ишенимди пайда кылды. Ошол эле учурда жоопкерчилик да артылды. Себеби, андан кийин менин ар бир кадамыма кɵңʏл бурулуп жатты.
— Сизди спорт дʏйнɵсʏндɵ “Алай” деген каймана ат менен таанышат. Бул ат сизге кʏч береби же жоопкерчиликпи? Дегеле кичи мекениңиз сиздин мʏнɵзʏңʏзгɵ кандай таасирин тийгизген?
— “Алай” — менин спорттук каймана атым гана эмес, тʏпкʏ тамырым. Албетте, адамдын мʏнɵзʏ, тарбиясы, кичи мекенинде калыптанат деп ойлойм. Чоң-Алай — тоолуу аймак. “Тоодо – тоодой жашоо бар”, — дегендей, ал жерде балдардын физикалык мʏмкʏнчʏлʏгʏ кʏчтʏʏ болот. Андан сырткары тоонун ɵзʏнʏн салмагы, катаалдыгы бар. Биз эрте жетилебиз, чыдамкай болобуз. Комфорттон алыс шартта чоңойгондуктан, шаардагы кыйынчылыктар анча оор сезилбейт. Жайдын аптабына, кыштын ызгаарына чыдап ɵскɵн балдар турмушка бышып чоңоюшат. Улууну урматтаганды, кичʏʏнʏ ызааттаганды, ата-энеге баш ийип, сыйлагандын так чек аралары чоң-алайлыктардын тарбиясында так байкалат. Ошол тарбия бʏгʏнкʏ кʏндɵ менин мʏнɵзʏмдʏн калыптанышынын ɵзɵгʏ болгон десем ашыктык кылбас. Алайдын кулуну болуу мага руханий кʏч берʏʏ менен бирге чоң жоопкерчиликти жʏктɵйт. “Кыргыз” жана “Алай” деген атты уят кылбоо — мен ʏчʏн эң чоң милдет.

— Жеңилʏʏ менен жеңиштин кайсынысы кɵбʏрɵɵк мотивация берет деп ойлойсуз?
— Экɵɵнʏн тең орду бар. Жеңилгенде ыза болосуң, ɵзʏңдʏ анализдеп, кемчилигиңди кɵрɵ баштайсың. Жеңилʏʏнʏ чоң сыноо деп эсептейм. Айрымдар дал ошол учурда сынып, спорттон кетип калышат. Ал эми ошол сыноодон ɵтʏп, кайра туруп кетсе, адамдын тайманбастыгы ошондо билинет.
Жеңиш да ɵзʏнчɵ мотивация. Анын даамын татып, ошол деңгээлди сактап калууга умтуласың. Бирок ашыкча ɵзʏңɵ болгон ишеним — кооптуу. Кээде удаа-удаа жеңиштерден улам, ɵзʏнɵ ашыкча ишенип, жетиштʏʏ даярдыксыз, утулуп калган мушкерлерди да кɵрʏп жʏрɵбʏз. Ошондуктан мен ʏчʏн эң туурасы — кандай абал болбосун акыл менен тыянак чыгара билʏʏ маанилʏʏ.
— Рингде атаандаш, жашоодо дос болуп калган каршылаштарыңыз болду беле? Бул экɵɵнʏн ортосунда баланс кармоо кыйын эмеспи?
— Бул адамдын ички дʏйнɵсʏнɵ, жашоого болгон кɵз карашына байланыштуу. Беттешке киргенде сага реалдуу дʏйнɵнʏн эшиги жабылат, анда сен атаандашсың. Бирок беттеш бʏткɵндɵн кийин адам бойдон калуу керек. Айрым мушкерлер утулуп калган учурда каршылашын жек кɵрʏп калышат. Мен болсо беттештен кийин атаандашымдан кечирим сурап, ийгилик каалап коюуну адат кылып алгам. Бул — мен ʏчʏн адамдык принцип. Убагында беттешкен атаандаштарым менен жакшы мамиледе калганмын, бирок, менде атаандаштар менен дос болуп кеткен учурум болгон эмес.
— Кыргыз мушкерлеринин мʏнɵзʏндɵ башкалардан айырмалаган ɵзгɵчɵлʏк барбы?
— Ар бир элдин ɵзʏнɵ жараша мʏнɵзʏ, касиети болот да. Кыргыз мушкерлердин башкалардан айырмасы — чыдамкайлыгы, тайманбастыгы, туруктуулугу. Кыйынчылыкка оңой эле моюн бербейбиз, майда-чʏйдɵ нерсеге “кыйналдым” деп даттанбайбыз. Муну кээде ɵзʏбʏз эле эмес, эл аралык мелдештерде отурган эксперттер, комментаторлор да айтып жʏрʏшɵт.

—“Мындай нерсе мага болбойт” деген чек сизде барбы?
— Мен ʏчʏн ата-энеме катуу сʏйлɵɵгɵ болбойт. Аял кишиге орой мамиле кылуу мага жат кɵрʏнʏш. Кɵпчʏлʏк жаштарга ʏлгʏ боло турган инсан катары, коомго зыян келтире турган кɵрʏнʏштɵрдɵн алыс болушум керек. Мен ʏчʏн алдаган, жалган сʏйлɵɵ такыр болбойт. Мына ушундай принциптерди карманып, ɵзʏмɵ ушундай “болбойт” деген чектерди коюп келем.
— Сиз ыр жазып, ырдап жʏргɵнʏңʏздʏ кɵптɵр биле бербейт экен. Сиз ʏчʏн спорт менен поэзияны эмне байланыштырат?
— Поэзия тынчтыкты сʏйɵт. Ал адамдын ички руханий абалын, кɵɵдɵнʏн ээлеп алат. Спортто да тынчтык абдан маанилʏʏ: кайра калыбына келʏʏ ʏчʏн, ойду бир жерге топтоо ʏчʏн, ар бир кыймылды анализдɵɵ ʏчʏн тынч чɵйрɵ керек. Мен спортко кɵп энергиямды берем, ошол сарпталган кʏчтʏ руханий жактан калыбына келтириш ʏчʏн тоого же табият койнуна чыгып машыгам. Дал ошондой учурларда ɵзʏмдʏ эркин сезип, илхам келет. Жан дʏйнɵмдɵ топтолгон ойлор оргуштап, ыр саптарына айланат. Сɵз келгенде аны кагаз бетине тʏшʏрʏп, жеңилдеп калам. Жазган ырларымды мен эң оболу ɵзʏм ʏчʏн жазам. Мен ʏчʏн ыр жазуу — хобби. Эгер бир кʏнʏ ɵз каалоом менен чыгарып, окурманга сунуштайм десем, анда чыгат. Ал учур качан болоорун убакыт ɵзʏ кɵрсɵтɵт.

— Тарыхты кызыгып окуйт экенсиз, кайсы доор же инсан сизди ɵзгɵчɵ таасирлентет?
— Дин жагынан карасак, VII кылымда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) пайгамбарлыкты кабыл алып, адамзатка бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин жеткен уникалдуу динди алып келген. Ушул дин аркылуу биз жараткан тарабынан баалуу экенибизди, башка жандуулардан айырмаланган инсан экенибизди таанып келебиз. Пайгамбарыбыздын бул динди жеткирʏʏ жолунда басып ɵткɵн сыноолуу, сабырдуу жолу мага ɵзгɵчɵ таасир калтырат.
Ал эми кыргыз тарыхына кайрылсак, VIII кылымда Енисей ɵрɵɵнʏндɵ биринчи Кыргыз каганатын тʏптɵгɵн Барсбек каган бар. Ал саясатчы катары да, аскер башчы катары да чоң ролду ойногон инсан болгон. “Нɵлдɵн” тʏптɵлгɵн бул каганат 50–60 жылдай жер бетинде ɵз ордун сактап, башка хандыктар менен эсептеше алган, кɵз карандысыздыгын кармай билген. Барсбек кагандын ошол мезгилдеги саясий акылмандыгы менен стратегиясы мени ɵзгɵчɵ таасирлентет.
— Эгер бʏгʏн 15 жаштагы Бусурманкулга кат жазсаңыз, эмне деп жазмак элеңиз?
— Азыркы жашоодон алган тажрыйбама таянып, кеңеш бермекмин: “Сен туура жолдо баратасың, бирок кээ бир учурларда туура чечимдерди кабыл алуу абзел. Балким, ошол чечимдер келечегиңе чоң таасир бериши мʏмкʏн. Албетте, адам ката кетирет, кандай кырдаал болбосун тур, сынба. Эң чоң колдоону ɵзʏңɵ ɵзʏң гана бере аласың, каталарың ʏчʏн эч качан ɵзʏңдʏ кʏнɵɵлɵбɵ. Кудай менен бол, башкалардын айткандарына эмес, ɵз интуицияңа таянып чечим кабыл ал. Айланаңда сени эч качан сатпаган, ишеничтʏʏ адамдар болсун” , — деп жазмакмын.
Гульнура Оромонова


Окшош макалалар
Чейрек кылымга тете бир жыл: Жеңишбек Токторбаевдин ишмердʏʏлʏгʏ башка мэрлерге ʏлгʏ болду
Болот Баетов: «Депутаттар ɵз амбициясын эмес, шаардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшту»
Шаарыбыздагы жеке мектептер билим деңгээлин жогорулатабы же коомду катмарларга бɵлɵбʏ?