2 февраля, 2026

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ — чыгармачылыктын жаңы баскычыбы же автордук укуктун тебеленгениби?

Акыркы айларда YouTube, TikTok, Instagram платформаларында белгилʏʏ кыргыз ырлары жасалма интеллекттин “ʏнʏ менен” ырдалып, миллиондогон кɵрʏʏлɵрдʏ топтоп жатат. Бирок бул жаңылыкка авторлор сʏйʏнгɵндɵн кɵрɵ, кооптонуп жаткандай.

 Бул — атайын программалар оригинал ырды анализдеп, аны башка адамдын ʏнʏнɵ окшоштуруп же жаңы аткаруу формасында кайра жаратышы. Мында реалдуу адам студияга кирип ырдабайт, бардыгын алгоритм аткарат. Мындай каверлер адам ɵзʏ ырдаган каверлерден тʏп-тамырынан айырмаланат. Анткени аткаруучу — жасалма, ал эми жоопкерчилик маселеси так эмес.

Кыргызстанда да бул кɵрʏнʏш чыгармачыл чɵйрɵдɵ кызуу талкууга алынууда. Айрым белгилʏʏ обончу менен аткаруучулар  алардын чыгармалары уруксатсыз колдонулуп, жасалма интеллект аркылуу башка ʏн менен “кайра жашап” жатышын автордук укуктун одоно бузулушу катары баалашууда. Айрыкча улуттук баалуулукту камтыган, патриоттук же эл ичинде кеңири тараган ырлардын мындай жол менен колдонулушу коомдук реакцияны жаратууда.

Авторлордун эмгеги уруксатсыз пайдаланылып, бурмаланып, айрым учурларда коммерциялык пайда табууга да колдонулуп жаткандыгы. Социалдык тармактардагы кɵптɵгɵн видеолор монетизацияланып, жарнама аркылуу киреше алып келет. Бирок ошол кирешеден чыгарманын чыныгы ээсине бир тыйын да тийбей калышы мʏмкʏн. Мындан тышкары, айрым каверлерде ырдын мааниси бурмаланып, автор каалабаган контекстте колдонулуп жатканы да айтылууда.

Ушул себептен улам айрым обончулар Кыргызпатентке кайрылып, жасалма интеллект аркылуу жасалган каверлерге укуктук баа берʏʏнʏ талап кыла баштаганы маалым. Бул кɵрʏнʏш Кыргызстанда автордук укук менен жаңы технологиянын кесилишкен чек арасын тактоо зарылдыгын кɵрсɵтʏʏдɵ.

Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын директору Алишер Тоотаев жаралган жагдай боюнча мындай дейт:

“ Жасалма интеллекттин музыка дʏйнɵсʏнɵ кириши, бир жагынан кызыктуу инновация болсо, экинчи жагынан олуттуу терс таасирин тийгизип жатат. Биринчиден, автор менен макулдашпай эле чыгармаларды жасалма интеллект аркылуу кайра жаратуу, алардын укугун бузууда. Экинчиден, обон, ноталар жана аранжировканын гармониясы бузулуп, тексттер туура эмес ырдалып жатат. ʏчʏнчʏдɵн, айрым учурларда ырлар орусча акцент менен аткарылып, биздин жаштар аны ʏлгʏ катары кабыл алууда — бул улуттук маданиятка катуу сокку болуп жатат.

Менин жеке чыгармаларымдын мисалын алсак, интернеттен угуп калдым: ноталар, обон жана текст туура эмес берилген, автордук укугумду олуттуу тебелеп жатат. Мындай аракетти маданиятка каршы “вирус” деп мʏнɵздɵсɵ болот. Автордун идеясы, композициянын кульминациялык бɵлʏктɵрʏ бузулуп, чыгарманын мааниси ɵзгɵртʏлʏʏдɵ. Мен бул боюнча Кыргызпатентке да ой-пикиримди билдирип, укуктук коргоо чараларын карап чыгууга чакырганмын.

Бул маселе бир автордун гана эмес, жалпы кыргыз маданиятынын коопсуздугуна байланыштуу. Кыргызстандагы обончулар союзу, белгилʏʏ мугалимдер жана жетекчилер менен биргеликте, мындай кɵрʏнʏштɵргɵ каршы чараларды кɵрʏʏ зарылдыгын айтып келем. Жасалма интеллект аркылуу чыгармачылыкты бузууга жол бербестен, автордук укукту сактоо — улуттук маданиятты коргоонун маанилʏʏ бɵлʏгʏ деп эсептейм”.

Юридикалык жактан алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автордук укук ырдын сɵзʏнɵ, обонуна жана оригинал аткарууга тиешелʏʏ. Эгерде чыгарма автордун макулдугусуз колдонулуп, коомчулукка таратылса же киреше табуу максатында пайдаланылса, бул автордук укуктун бузулушу катары каралат. Демек, жасалма интеллект менен жасалган каверде да обон жана сɵз уруксатсыз колдонулса, мыйзам бузуу фактысы бар деп айтууга негиз жетиштʏʏ.

Бирок маселенин татаалдыгы — жасалма интеллект ɵз алдынча укуктук субъект эмес. Ал адам сыяктуу жоопко тартылбайт. Бул учурда жоопкерчилик кимде болот?

Юрист Нуртилек Сайдиновдун айтымында, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, музыкалык чыгармалар — обон жана сɵз автордук укуктун объектиси болуп эсептелет, аларды уруксатсыз колдонуу, анын ичинде жасалма интеллект аркылуу кавер кылуу да автордук укуктун бузулушу болуп саналат. AI ɵз алдынча жоопкер эмес, андыктан жоопкерчилик негизинен чыгарманы колдонгон жана интернетке жʏктɵгɵн адамга жʏктɵлɵт. Авторлор киреше таап жаткан видеолорду токтотуу ʏчʏн Кыргызпатентке кайрылып, сот аркылуу зыянды ɵндʏрʏп, ошондой эле YouTube сыяктуу платформаларга арыз жолдошу керек. Айрым учурларда платформанын ички эрежелери да роль ойнойт. Мисалы, YouTube автордук укук бузулду деген доо тʏшкɵн учурда видеону ɵчʏрʏп же монетизациясын токтотуп коюшу мʏмкʏн.

Авторлор ɵз укугун кантип коргой алышат? деген суроо менен Илим, жогорку билим берʏʏ жана инновациялар министрлигинин Тʏштʏк аймактар аралык бɵлʏмʏнʏн башчысы Бактыяр Ибрагимовго кайрылганыбызда, ал тɵмɵнкʏдɵй жооп берди.

“Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жасалма интеллект менен байланышкан маселелерди толук жɵнгɵ салган ɵзʏнчɵ мыйзамдык механизмдер азырынча каралган эмес. Ошондуктан бул кɵйгɵйдʏ тыюу салуу жолу менен эмес, укуктук жана этикалык жɵнгɵ салуу аркылуу чечʏʏ зарыл. Ошол эле учурда авторлор ɵз укугун коргоо мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵн ажыратылган эмес. Алар Илим, жогорку билим берʏʏ жана инновациялар министрлигине (Кыргызпатентке) расмий арыз менен кайрылып, чыгармаларын каттатып, башкача айтканда автордук кʏбɵлʏк алып коюушу шарт.Автордук укук мыйзамында каралган тартипте автор же аткаруучу ошол кʏбɵлʏктʏн негизинде укугун коргой алат. Мындан тышкары, эл аралык интернет платформаларга автордук укук боюнча доо жɵнɵтʏʏ аркылуу видеолордун ɵчʏрʏлʏшʏн же кирешенин токтотулушун талап кылууга укуктуу. Авторлордун укуктары бузулган учурда сотко чейинки доо коюу же тʏздɵн-тʏз сотко кайрылса болот. Жасалма интеллект — заман талабы, аны толук четке кагуу мʏмкʏн эмес болууда, бирок анын колдонулушу авторлор менен  ɵз ара келишимдин негизинде музыканы жасап жаткан ютуб каналдары, авторлорду тактап уруксат алууга жана каналга автордун сɵзʏн жана обонун жазган кишилерди кɵргɵзʏʏ милдеттендирилет. ЖИ аркылуу жасалган каверлерди ачык белгилɵɵ жана коммерциялык максатта сɵзсʏз тʏрдɵ уруксат алуу сыяктуу мыйзамдык алкакта жʏргʏзʏлʏшʏ керек”.

Адистин сɵзʏндɵ айтылгандай, учурда авторлор ʏчʏн белгилʏʏ укуктук инструменттер бар болгону менен, жасалма интеллектке байланышкан маселелер толук системалаштырыла элек. Бул жагдай авторлорду ɵз укугун коргоодо кошумча аракеттерге барууга мажбурлап, ошол эле учурда мыйзамдарды заман талабына ылайык жаңылоонун зарылдыгын кɵрсɵтʏʏдɵ. Демек, жасалма интеллектти чыгармачылыкта пайдаланууну тыюу салуу эмес, аны так эрежелер менен жɵнгɵ салуу керек деген тыянак чыгарсак болот. Жаңы доордун технологиясы маданиятты бузган инструментке айланбай, тескерисинче маданиятка кызмат кылышы керек.

Анткени, маселе бир гана авторлордун кызыкчылыгында эмес, жалпы улуттук маданияттын келечегинде турат. Эгерде чыгармачылык эмгек корголбосо, жаңы технология ɵнʏгʏʏнʏн ордуна руханий баалуулуктарга коркунуч жаратышы ыктымал.

Бул жагдай боюнча айрым ыр сʏйʏʏчʏлɵрдʏн пикирин угуп кɵрдʏк.

Гʏлназ,  студент:

—      Акыркы убакта жасалма интеллект аркылуу ырдалган ырларды кɵп угуп калдым. Кээ бирлери абдан уккулуктуу, сапаты да жаман эмес. Чынын айтсам, автору ким, уруксат барбы же жокпу деп анчейин кызыкпайм. Биз ʏчʏн негизгиси — музыка жагымдуу болуп, кулакка жакса болду. Эгер технология жакшы музыка жаратып жатса, аны колдонууга каршы эмесмин.

Айбек, шаар тургуну:

— Менимче, жасалма интеллектке толук тыюу салуунун кереги жок. Бирок мындай каверлер ачык белгиленип, автордун уруксаты менен гана колдонулушу керек. Болбосо эртең эле улуттук ырлар каалагандай ɵзгɵртʏлʏп, маани-маңызы жоголуп кетиши мʏмкʏн. Бул маселе жɵн гана музыка эмес, маданияттын келечеги менен байланыштуу.

Демек, жасалма интеллект — бул замандын талабы, технологиялык ɵнʏгʏʏнʏн табигый баскычы. Ал чыгармачылыкка жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ ачып, музыка дʏйнɵсʏнɵ башкача ɵңʏт алып келиши ыктымал. Бирок технология ɵнʏгɵт экен деп, улуттук маданиятты, автордун эмгегин жана руханий баалуулуктарды тебелеп ɵтʏʏгɵ жол берилбеши керек. Эгер жасалма интеллект мыйзамдык жана этикалык чектɵɵлɵрсʏз колдонулса, ал чыгармачылыктын ɵнɵктɵшʏ эмес, душманына айланып кетʏʏ коркунучу бар.

Гульнура Ормонова

About The Author