25 апреля, 2024

ДЗЮДО – каршылашыңа урмат кɵрсɵтʏʏ

Бʏгʏн спорт рубрикабызда дзюдо спортунун айланасында сɵз кылабыз. Ɵткɵн апта борбор калаада жыл сайын ɵтʏп туруучу дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп ɵттʏ. Мында ɵлкɵ боюнча 254 спортчу катышып, алардын арасынан 74 кыздар болсо, 180 мырзалар тʏздʏ.

Тимур Сатиев, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жаштар, ɵспʏрʏмдор спорт мектебинин дзюдо боюнча башкы машыктыруучусу:

“Жеңишке жетишкен балбандар ɵлкɵнʏн Улуттук курама командасына кирет”

— Бишкек шаарында мырзалар жана кыз-келиндер арасындагы ɵткɵн спорттун дзюдо тʏрʏ боюнча мелдешке барып катышып келдик. Ош шаарынан барган спортчулар арасында 2 балбан финалга чыгып, кʏмʏш медалын багындырды, жеңишке жетишкен балбандар ɵлкɵнʏн Улуттук командасынын курамына кирип, буюрса Азия жана Дʏйнɵ Биринчилигине даярданат. Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин тɵрагасы Абакиров Бекдɵɵлɵт Абакировичке мʏмкʏнчʏлʏктɵн пайдаланып ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле балбандардын жеке машыктыруучусу Бакыт Жусупов агайды куттуктайбыз! Мелдеш ɵтɵ мыкты деңгээлде ɵттʏ, биздин балбандар буга чейин Ош шаарында кʏнʏнɵ эки маалдан машыгууларды ɵткɵрʏп, жакшы даярданышты. Ар бир салмактарында 70-80 катышуучу болду. Ошонун ичинде 4-6 беттеш ɵткɵрʏп, анан финалга чыгып атышты, 2-орун да жаман эмес. 

Биз спорттук мелдештин алкагында жеңишке жетишкен Алманбет Мамазаировду кепке тарттык.

-Алманбет, алгач ɵзʏң жɵнʏндɵ айтып берсең, окурмандар да келечектен кɵптʏ ʏмʏттɵндʏргɵн сендей спортчуну тааный жʏрсʏн.

-Саламатсыздарбы, менин толук аты-жɵнʏм Мамазаиров Алманбет Алмазбекович. Ɵзʏм Ош шаарында тɵрɵлʏп, чоңойгонум менен ата-тегим Ɵзгɵн районунун Кызыл-Сеңир айылынан болот. Спорт менен 7-класстан тарта машыгып калдым. Жалпысынан 10 жылдын тегерегинде болуп калды.

-Эмне себептен дзюдону тандап алдың, мисалы грек- рим кʏрɵшʏ эмес, же футбол, эмнеси менен бул спорт сени ɵзʏнɵ тартты?

-Мен биринчи спортко аралашып баштаганда ушу-саньда менен машыгып баштагам. Кубаныч деген мектепте чогуу окуган классташ досум бар. Азыр ал ɵзʏнʏн салмагы боюнча Кыргызстандын чемпиону, дзюдо боюнча мыкты спортчулардын катарын толуктайт. Ошол экɵɵбʏз чогуу окуп жʏрʏп, ал мага дзюдо боюнча машыгуума кеңеш берди. Алгач атам экɵɵбʏз кеңештик, залга бардык, кɵрдʏк, ошентип дзюдо менен машыгып калдым. Бул спорттун ɵзгɵчɵлʏгʏ шариятка да дал келген  спорт десем болот. Философиясы терең, бул спортту япон улутунун ɵкʏлʏ Дзигоро Кано деген адам ойлоп тапкан. Дзюдодо эки адам бири-бири менен кʏрɵшʏʏ эмес, каршылашыңа да урмат кɵрсɵтʏʏ, утулсаң дагы, утсаң дагы бири-бириңи урмат кылууну ʏйрɵтɵт.

-Ата-энең сенин спортту тандап алууңа кандай кɵз карашта, балким сыймыктанса керек…

-Ата-энем менин спорт жаатында баратканыма тʏз кɵз карашта, негизи спортко келʏʏмɵ ата-энем себепчи. Анткени, алар “убакытыңды жɵн эле кетирбе, ден соолугуңа да пайдалуу” деп акыл айтып колдоп турушат. Эмне керек болсо бардык муктаждыктарыма каралашып, ушул даражага жеткирген ата-энем, аларга чексиз ыраазымын.

-Апалар кɵп учурда, мушташ, кʏрɵш сыяктууну кɵрɵ албайт, баласынын мушташып атканы эне ʏчʏн оор, ʏйдɵгʏлɵр сенин мелдештериңи кɵрɵбʏ?

-Ооба, ар тʏрдʏʏ мелдештерде чыгып атканымда тʏз эфирде кɵрсɵтʏп калган учурлар болот. Баары бир ата-эне бала ʏчʏн кыжаалатчылык тартат. Баласынын жеңилип, ыза тартканын кɵргʏсʏ келбейт. Ɵздɵрʏ да айтып калышат “сен кʏрɵшʏп баштаган кезде кыжаалат болуп, кан басымым да кɵтɵрʏлʏп кетет деп телевизордʏ ɵчʏрʏп коём» дешет. Кийин жыйынтыгын кɵргɵндɵрдɵн сурап алышарын айтышат.

-Кел эми, кечээ болуп ɵткɵн чемпионат тууралуу сɵз кылалы, сен канча килограмм категорияда катыштың, канча спортчу катышты,  канча балбан менен мелдеш ɵткɵрдʏң?

-Мен 100 килограммдык салмак категорияда катыштым. Менин категориямда 20 бала катышты. Ошонун ичинде 4 бала менен мелдеш ɵткɵрдʏм.

-Экинчи орунду алуу деле оңой болбойт, биринчи орунга жетʏʏгɵ сага эмне тоскоол болду же кандайдыр бир ката кетирдим деп ойлойсуңбу?

-Кудайдын буйругу да, экинчи орунду алуу да оңой эмес. Мен ɵткɵн жылкы анан, андан мурунку жылдардагы чемпионаттарда 1-орундарды алгам. Бул жолу 2-орун болуп калды. Финалдык беттеште Айбек Акимов деген бишкектик бала менен кʏч сынаштым. Кʏрɵшʏп атып ɵзʏм катачылык кетирип алдым, ошонун негизинде 1 баллдык айырма менен утулуп калдым деп ойлойм. Мен ʏчʏн ошол финалдык беттеш оор болду. Негизи кʏрɵшʏʏ, спорт жеңил эмес, ар тʏрдʏʏ жагдайга даяр болушубуз керек.

-Сɵз соңунда сенин ийгиликке жетʏʏңɵ себепкер болгон машыктыруучуң тууралуу сурайын…

-Ийгилик жаратууда ар бир адам артын бир кылчайып карап алат эмеспи. Спортто адам жетишкендикке жетʏʏдɵ бир эле кара кʏч эмес, акыл-эс, машыктыруучу да маанилʏʏ. Менин бʏгʏнкʏ ийгиликтеримин артында турган жеке машыктыруучум Бакыт Жусупов агайымы айта кетпесем болбойт. Ɵлкɵ чемпиону болуума салымын кошкон, ар дайым колдоп келген инсан катары мʏмкʏнчʏлʏктɵн пайдаланып агайыма ыраазычылык билдирем. Жɵн эле машыктыруучуңдун сага болгон ишеними кандай кʏч берет. Агайым ар дайым мага ишенет, ишеничин актаганга аракет кылам.

Дзюдонун тарыхынан…

 Дзюдонун пайда болуу тарыхы 1882-жылга барып такалат. Негиздɵɵчʏсʏ катары Дзигоро Кано. Ал 21 жашында Токио шаарында дзюдо мектебин негиздеген. Дзюдо бул куралсыз филосифиянын негизиндеги кʏрɵш болуп саналат. Дзигоро Кано кɵп жылдар бою эң таасирдʏʏ окутуучу катары эсептелген. 1886-жылдан баштап Японияда полиция жана аскер академияларында дзюдо сабагы кирген. XIX кылымдан тарта Кано дзюдону Европада ɵнʏктʏрɵ баштаган, алгачкы мектепти Францияда ачкан.

Дзюдонун кʏйɵрмандарынын арасында АКШнын президенти Теодор Рузвельт да кирет. Ал ак ʏйдɵ атайын бɵлмɵдɵ дзюдо менен машыккан.

Олимпиада оюндарына кирген спорт

1964-жылы тарыхый окуя болуп дзюдо биринчи жолу олимпиада оюндарынын катарына кирген. Кыз-келиндер арасында ɵтʏʏчʏ дзюдо 1992-жылы тизмеге кошулган. Олимпиада оюндарында 7 салмак категорияда кыз-келиндер да, эркектер да катышат.

Дзюдо бел куру

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Дзюдо федерациясы 180 ɵлкɵдɵ бар. Японияда спорттун бул тʏрʏ улуттук спорт деп аталат. Дʏйнɵдɵ дзюдо менен машыккан 20 миллиондой адам бар. Бул футболдон кийинки 2-орунду ээлейт дегенди билдирет. Дзюдо бел куру аттестациядай эле маанилʏʏ нерсе. Себеби кур чеберчиликтин деңгээлдин билдирет. Курдун тʏсʏнɵ карап спортчунун кайсы баскычта экенин айырмаласа болот. Мисалы, эң тɵмɵнкʏ баскыч 6 КЮ, эң жогоркусу 1 КЮ. Андан соң ДАН, бул чеберчилик баскыч дзюдодо. Эң тɵмɵнкʏ баскыч 1 ДАН, жогоркусу 10 ДАН болуп саналат. Дзюдо куру 10 тʏстɵн турат.

Элира Чынтемир кызы