19 апреля, 2024

Альпинисттин ар бир кадамы коркунучтуу

Альпинисттер жɵнʏндɵ кɵптɵгɵн кызыктуу фактылар, укмуштуудай фильмдер, кɵркɵм чыгармалар эл арасында айтылып келет. “Эверест” деген фильмди кɵрдʏңʏз беле? Эгер сиз аны кɵргɵн болсоңуз ɵз ɵмʏрʏн тобокелге салып, мынча азаптын альпинисттерге эмне кереги бар деп ойлошуңуз мʏмкʏн. Чынында мындай оор ишти эрки кʏчтʏʏлɵр гана тандап алса керек. Жаш альпинист Азат Талипов биздин коногубуз болду.

Каарман тууралуу:

Азат Талипов 1996-жылы Каракол шаарында туулган. Кесиби боюнча дарыгер, Кытайдын Ланчжоу шаарындагы университеттен кытай медицинасы боюнча билим алган. Учурда Эңилчек тоосунда кыргыз-кытай тилдеринде котормочу болуп эмгектенет.   

-Айтсаңыз Азат, альпинизмге болгон кызыгуу качан пайда болгон?

-2020-жылдан баштап альпинизмге кызыга баштадым. Ага чейин 3-4 миң метр бийиктиктеги тоолордо трекинг кылып жʏрчʏмʏн. Спорттун бул тʏрʏн тандап калышыма жакын досум Нурсултан себеп болгон. Ал 2019-жылдан бери Ленин тоосунда иштеп келет, 2020-жылы мени да ошол жакка ишке чакырды. Ал убакта альпинизм жɵнʏндɵ анчейин тʏшʏнʏк жок болчу. Акча каражаты бир аз тартыш болуп тургандыктан, айлык маянанын жакшы экенин угуп, ишке макул болгом. Чынын айтканда, Ленин тоосуна алгач келгенде бир жумадай ɵтɵ оор болду. Баш оору, алсыздык жана бийик тоого байланыштуу ар кандай ооруларга кабылдым. Убакыт ɵткɵн сайын бардык жагынан жеңил болбосо да шартына кɵнʏп, альпинизм деген эмне экенин акырындан тʏшʏнʏп, кʏндɵн-кʏнгɵ кызыгуум артып, бул тармакта тажрыйба топтой баштадым. Бир ай ɵткɵн соң айлык акы маселеси деле кɵп ойлондурбай калды. Анткени альпинизм чынында эле оору сыяктуу, ɵзʏм да экстремалдуу спорттун тʏрлɵрʏнɵ кызыгам. Ошол кезден тарта тоо чокуларын багындыруу менин биринчи максатыма айланды.

-Тоодо жʏрʏп кандай окуяларга туш болдуңуз, ɵмʏрʏңʏзгɵ коркунуч келген учурлар болду беле?

-Тоодо ар кандай окуяларга туш болушуң ыктымал. Анын ичинде жакшысы да, жаманы да бар. Кɵп учурларда куткаруу иштерин кездештирʏʏгɵ болот. Ɵткɵн жылдын август айында аянычтуу бир окуя болуп ɵттʏ. Ленин чокусунун 6 100 метр бийиктигинде (ʏчʏнчʏ лагерь) бир альпинст кырсыктан улам каза тапкан. Ошол кʏн мен ʏчʏн абдан оор болду, альпинисттин сɵɵгʏн тʏшʏрʏп келе жатып, ɵзʏмɵ сак болбогондун айынан тоодон 15-20 метр тɵмɵнгɵ кулап кеткем. Кудайга шʏгʏр, бир аз жаракатты эске албаганда эч жерим эч нерсе болгон жок. Ошол кезден тарта ар бир тоо кооптуу экенин тʏшʏндʏм. Кыргызда сɵз бар го “сактанганды Кудай сактайт деген” демек, бийик тоолордо альпинисттин ар бир кадамы кооптуу болушу мʏмкʏн. Ошондуктан, ɵзʏбʏзгɵ сак болууга милдеттʏʏбʏз.

-Бир тоого чыгуу ʏчʏн канча убакыт даярдануу керек?

-Менин жеке оюм боюнча Ленин тоосуна чыгуу ʏчʏн 1 же 2 ай машыгып, даярдануу жетиштʏʏ. Бирок, бардык эле адам чыгып кетʏʏсʏ мʏмкʏн эмес. Тоонун бийиктигине жана альпинисттин тажрыйбасына карап даярдануу убактысы окшош болбойт.

-Кандай бийиктиктерди багындырдыңыз жана багындырууну кыялданып жʏрɵсʏз?

-Буга чейин Петровский, Юхина, Раздельная чокулары жана Ленин чокусунун 6700-6800 метр бийиктигине чейин жеттим. Бир тараптан караганда негизги максаттарымдын бири чет ɵлкɵлʏк альпинисттерди чокуга аман-эсен алып чыгуу эле. Тилекке каршы, кɵп учурларда аргасыздан кайра ылдыйга тʏшʏрʏʏгɵ туура келʏʏдɵ. Себеби алардын ден соолугунда кɵйгɵй жаралышы мʏмкʏн же аба ырайы кескин начарлап кетишинен улам артка кайтууга мажбур болобуз. Ар бир альпинисттин максаты бул дʏйнɵдɵгʏ эң бийик тоонун чокусун багындыруу болсо керек. Ошол сыяктуу менин да чоң тилектеримин бири келечекте Эверестин чокусуна Кыргызстандын желеги менен чыгуу. Ал эми жакынкы эки жылдын ичинде 7 миң метрлик бийиктиктеги тоолорго чыгууну кɵздɵп жатам.

-Альпинист болушуңузга ʏй-бʏлɵңʏз каршы болгон чыгар?

-Албетте, башында ата-энем жана бир туугандарым каршы болгон. Кийинчерээк менин тандоомо макул болушту. Учурда ар тараптан колдоо кɵрсɵтʏп келишʏʏдɵ.

-Альпинисттер ден соолугуна кандай кам кɵрʏшɵт?

-Жʏгʏрʏʏ, велосипед тебʏʏ, сууда сʏзʏʏ сыяктуу спорттун ар кандай тʏрлɵрʏ менен машыгып туруу жана 3-4 миң метр бийиктиктеги тоолордо сейилдɵɵ зарыл деп ойлойм.

-Мисалы, башка спорттун тʏрлɵрʏндɵ ийгиликке жеткен спортчулар медаль менен сыйланышат, альпинисттерге тиешелʏʏ сыйлыктар да барбы?

-Ооба бар. КМШ ɵлкɵлɵрʏ боюнча эң жакшы наамдардын бири “Ак илбирс” (Снежный Барс) болуп эсептелет. Бул наамды алуу ʏчʏн Ленин, Хан-Теңир, Жеңиш, Корженоева, Коммунизм чокуларынын 5-7 миң метр бийиктигин багындыруу керек. Жогоруда атап ɵткɵн тоолорго кышында чыккан адамдарга “Кышкы ак илбирс” (Зимний снежный барс) наамы ыйгарылат. Мындан сырткары “Золотая Вершина”, “Золотой ледоруб”, “Золотой крюк” жана башка сыйлыктарды атаса болот.

-Кыргыз альпинизминин учурдагы абалы?

-Кыргыз альпинизминин абалы жылдан жылга ɵнʏгʏп келе жатат. Буюрса, жакшы жылыштар бар. Атай кетсек, ушул жылы биринчи жолу кыргызстандык альпинисттер уюму Непалдагы Манаслу тоосуна барышты.

-Альпинисттер ɵзʏ менен бирге тоого эмнелерди алып чыгуусу керек?

-Сɵзсʏз тʏрдɵ бекем жип, кɵздʏ кʏндɵн коргоочу сапаттуу кɵз айнек жана кʏндɵн коргоочу крем, рация(байланыш аппараты, радиостанциянын кыскартылышы), тамак-аш даярдоочу жабдыктар. Альпинисттер кɵбʏнчɵ тез даярдалуучу калорияга бай азыктарды камдашат. Ошондой эле ледоруб , репшнур, карабин, жумар сыяктуу жабдыктар. Жылуу кийим, спальник, палатка, биринчи жардам катары колдонууга дары-дармек, кичинекей лопатка, кислород толтурулган баллон. Ал эми кислород аппараты лагерлерде гана болот. Мисалы, Ленин тоосундагы экинчи лагерде бирɵɵ, ʏчʏнчʏ лагерде бирɵɵ жайгаштырылган.

Айжылдыз Тойчиева