1 декабря, 2025

Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды

Бʏгʏн, 25-ноябрь кʏнʏ Ош шаардык кеңешинин XVII  сессиясы ɵтʏп, анда муниципалдык жерлерди мамлекеттин балансына жана айрым мамлекеттин объектерин муниципалдык баланска ɵткɵрʏʏ боюнча маселелер каралып, депуттар тарабынан талкууланып, сунуш-пикирлер берилди.

Сессияга Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, 41 депутат, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Казыбай уулу катышты.

Сессияны баштоонун алдында Болот Баевтов «Бир бол» фракциясынан жаңы депутатты жамаатка тааныштырды. Тɵраганын айтымында, аталган фракциядан депутат болгон Жоробаев Жоомарттын ордуна  Алимов Козимжон Носирович депутат болду.

Тɵрага жаңы депутаттын иштерине ийгиликтерди каалап, элдин ишенимин татыктуу аркалап иштей беришине тилектештигин билдирди.

Сессиянын кʏн тартибине 4 маселе коюлду. Алар:

1. Мамлекеттик менчиктеги айрым мʏлктɵрдʏ Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ.

2. Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы №71“Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мʏлктɵрдʏ мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏп берʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ” токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ.

3. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мʏлктɵрдʏ мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏп берʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ.

4. Ош шаарында кɵрʏстɵндɵрдɵ кɵмʏʏ жайларын брондоонун орточо наркын эсептɵɵдɵ кошумча кызматтардын наркын бекитʏʏ жɵнʏндɵ.

Алгач «Мамлекеттик менчиктеги айрым мʏлктɵрдʏ Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ» маселеси каралып, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Казыбай уулу маалымат берди.

«Туран  №60 даректеги УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы ыкчам тобу жайгашкан имарат жана 4,3 гектар жерин,  Каримов кɵчɵсʏндɵгʏ №31 А дарегиндеги Илимдер академиясына караштуу 7500 чарчы метр жер имараты менен муниципалдык менчикке, Алымбек датка №298 дарегиндеде жайгашкан Элдер ассамблеясы имаратын  муниципалдык менчикке ɵткɵрʏʏ, Атабаев кɵчɵсʏндɵгʏ №2 дарегиндеги  реабилитациялык борбордун 703 чарчы метр жер тилкеси гана муниципалдык менчикке ɵткɵрʏп берʏʏ маселеси турат», — деди ал.

Тɵрага Болот Баетов бул маселе боюнча буларга токтолду.

« «Альфанын» жерин  генерал Ташиев ɵзʏ ɵткɵрʏп берип жатат. Жолдор башкармалыгынын базасы, унаа токтотуучу жери жок. Эми ошол 5 гектарга жакын жерге Жолдор башкармалыгы жана Муниципалдык автоунаа башкармалыгынын (ОГМАП) жарымы барат», — деди тɵрага Болот Баетов.

Мирлан Казыбай уулу белгиленгендей, «Альфа» да аталган даректе кала берет.

Сунуш-пикирлердин натыйжасында биринчи маселе депутаттар тарабынан колдоо тапты.

 Ошондой эле жыйында 2-маселе каралып, муниципалдык менчиктеги жерлерди мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏʏ боюнча маселе талкууланды.

Жыйындын жʏрʏшʏндɵ Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Казыбай уулу маалымат берди. Казыбай уулунун маалыматына караганда, муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке ɵтɵ турган объекттердин катарында Кең-Сай конушунда жайгашкан подстанциянын 80 сотых жеринин 25 сотых жерин мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏп берʏʏ (Ош шаардык кеңешинин 10-сентябрдагы сессиясында подстанция жайгашкан 80 сотых жери Ош электр тармактары ишкнасына ɵткɵрʏлʏп берилген. Эми ошол 80 сотых жердин 55 сотыхын кайра мэрия алмай болду) маселеси да бар.

Кʏн тартибиндеги  3 маселе боюнча муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке ɵтɵ турган объекттердин тизмеси:

— Курманжан Датка кɵчɵсʏнʏн №3 дарегиндеги (Ош шаардык мэриясынын мурдагы Ош шаардык спорттук жана медициналык калыбына келтирʏʏ борборунан имараты жери менен ) жалпы 354 чарчы метр жери;

— Кең-Сай конушундагы 28000 чарчы метр жерди Президенттин иш башкармалыгына ɵткɵрʏп берʏʏ (МИКтин ʏйлɵрʏ курулат);

— Президенттин Турукташтыруу фондунан бɵлʏнгɵн 500 млн сомго алынган 119 бирдик техниканын бирин — экскаваторду Сулайман-Тоо РЭТке ɵткɵрʏп берʏʏ;

— Р. Моминов кɵчɵсʏнʏн №152 дарегинде жайгашкан «Акылман» балдар бакчасынын имаратынын 3292 чарчы метр жери  менен УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгына(алардын кызматкерлеринин балдары тарбияланат. Бакча республиклык бюджеттен каржыланат) ɵткɵрʏп берʏʏгɵ макулдук берʏʏ;

— Курманжан Датка кɵчɵсʏнʏн №155 дарегинде жайгашкан №22 «Ак-Жолтой» бала бакчасынын 3800 чарчы метр жерин имараты менен мамлекеттик менчикке ɵткɵрʏп берʏʏ (бакча ИИМ тарабынан каржыланып, Ош ШИИБдин кызматкерлеринин балдары тарбияланат).

Натыйжада бул маселелер депутаттар тарабынан колдоо тапты.

Сессия андан ары уланып, «Ош шаарында кɵрʏстɵндɵрдɵ кɵмʏʏ жайларын брондоонун орточо наркын эсептɵɵдɵ кошумча кызматтардын наркын бекитʏʏ жɵнʏндɵ» маселеси да талкууланды. Кɵптɵгɵн депутаттардын сунуш-пикирин эске алуу менен бул маселе колдоо тапкан жок.

Аталган маселе коомдук талкууга коюлуп, кийинки сессияларга коюлмай болду.

Дооран  Токтошев

About The Author