29 марта, 2024

АЛМА-Ноокаттын бренди

Кезектеги макаланы Ноокат жергесинен даярдамак болуп жолго чыктым. Сʏйʏктʏʏ темам болгон “айыл чарбасы, анын ичинде алма ɵстʏргɵн багбан” тууралуу жазганы баратам. Шилекейди чууртуп жолдо катар бактын башындагы же чакага терилип сатыкка коюлган алмалар алдыңыздан байма-бай кезиге баштаганда Ноокатка келгениңизди билесиз. Бирок биз барчу айыл райондун боборунан бир аз алыс, жолду андан ары улап отуруп, Кʏңгɵй-Кожоке айылынын кадырман аксакалы, багбан Тɵрɵев ʏсɵн атанын ʏйʏнɵ кирип бардык. Шактагы кызарган алмалар дароо кɵзгɵ урунат, чын айтам мен мындай чоң кɵлɵмдɵгʏ алманы кɵргɵн эмесмин. Бекеринен Ноокаттын алмасы дешпейт тура. Ошентип бул алманы кантип ɵстʏрʏʏ керектигин тезирээк билгенге ашыктым.

“Сапаттуу тʏшʏм алуу ʏчʏн туура бутоо керек”

-1978-жылы мектепти бʏтсɵм ошондон бери багбанчылык менен алектенем. Кудайга шʏгʏр, ʏй-бʏлɵм, балдарым Россия же Казакстан сыяктуу ɵлкɵлɵргɵ мигрант болуп барбады. Ɵкмɵттɵн бир сом пособие албай, тиргилик кылып келе жатабыз. Болгон кирешебиз багбанчылык. Балдарды окутуп, ʏйлɵндʏрʏп-жайладым. Бир туугандарым да багбанчылыктын арты менен жашоо-шарттарын кыйла жакшыртышкан.

Ноокат районунун жери алмага ылайыктуу келет. Кезинде кɵчɵттɵрʏн Питомниктен, Кеңеш айыл ɵкмɵтʏнɵн, Оштон жана Кадамжай райондорунан сатып алып келгенбиз. Кɵчɵттʏ эккенде уланган жерин кɵмбɵй эгиш керек, айрым учурда жерди ɵтɵ терең казып эгишет, мында алма кɵктɵбɵй калат. Баса белгилеп айтам, жогорку, сапаттуу тʏшʏмдʏ алуу ʏчʏн туура бутоо керек. 15 жылдай болуп калды Германиядан бир адис келип “Алтын казык” орто мектебинде бизди окуткан эле. Ошол адис ʏйрɵткɵндɵй ыкма менен бутап алмабыздын тʏшʏмдʏлʏгʏ ɵтɵ жогорулады, кɵлɵмʏ да чоңойду, товардык кɵрʏнʏшʏ жакшырды. Учурда Кʏңгɵй-Кожокенин алмасы райондо рекорддук кɵрсɵткʏчтɵ.

70 сотых жерден  40 тоннага чейин тʏшʏм алууга болот

— Мындан сырткары алма кɵчɵтʏ бешинчи жылы тʏшʏмгɵ кире баштайт, жетинчи жылдан тʏшʏмдʏ мол берет. Алманы эгилгенден тарта 3-4-жылдан кийин бутай баштаса болот. Бутаганда бийиктиги 3,5 — 4 метрден ашпагандай кылып, туурасы 2 метрдей, астыңкы шагы узун, ʏстʏңкʏсʏ кыска арчанын формасындай болуусу абзел. Биринин ʏстʏнɵ бири минбеген абалда буталса арасына кʏндʏн энергиясы кирип, мɵмɵсʏ чоңоёт, кызарышы жакшы болот, бышканда жылтырап, товардык кɵрʏнʏшʏ даана чыгат. Евро чеканкада бир да кайчы тийбеген бутак калбашы керек, баары кыскартылат. Союздун чеканкасында бир аз туура эмес буталгандыктан алма бир жыл алып, бир жыл дем алчу эле. Азыр жылда алат. 70 сотых жерим бар, ушундай участкалардан дагы башка жерлерди сатып алгам. Бизди окутуп кеткен ошол германиялыктын айтканына караганда, айыл чарбабыз кыйла артта калыптыр. “Силер гектарына 10-15 тонна алма алсаңар, биз 50 тоннага чейин алабыз” деген эле. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ мен ал айткан цифрага жеткирдим, тагыраагы жылда 70 сотых жерден 38-40 тонна тʏшʏм алам.

Алма кɵчɵтʏн азыктандыруу

-Мындан сырткары мал чарбасы менен да алектенем. Органикалык жер семирткич катары уйдун кыгын 3-4 жылда бир бакка чачып турабыз. Бирок, топуракка азот, фосфор бербейбиз. Дарылоодо февраль айында температура 20 градус ысыганга чейин щитовкиге каршы 10 литр сууга 1 литр ысык сууну кошуп, 300 грамм кɵк таш (медный купорос) 3-4 кашык айна аралаштырып кɵчɵттʏ жууп чыгыш керек. Же болбосо кɵк таштын ордуна ак майды деле колдонсо болот. Ак майды ɵзʏбʏздʏн окумуштуулар сунуштаган, бул жакшы жыйынтык берди. Жогоруда айтып ɵткɵнʏмдɵй дарылоонун бул тʏрʏ биздин Ноокаттын шартында 5-февралдан 15-мартка чейин бʏтʏшʏ зарыл. Себеби 15инен кийин бʏчʏр ачылып, кабыгы ажырап калат, мында гʏлгɵ зыяны тийип калышы мʏмкʏн. Андан кийин гʏлдʏн астынан скор деген паршанын дарысы берилет. Парша – бул оору, алмага кара котур сыяктуу тʏшʏп, суусун соруп, тʏсʏн ɵзгɵртʏп, чоңойтпойт. Ошол ооруга каршы 10 литр сууга 10 грамм скор, 15 грамм нурелл (курттун дарысы) кошуп себилет. Андан кийин гʏлʏн тɵгɵɵрʏ менен 10 литр сууга 10 грамм скор, 15 грамм нурелл, нитрафин же куртка каршы башка дарыны аралаштырып кɵчɵткɵ сээп чыгуу керек. 20 кʏндɵн кийин ушул эле дарыны кайталап себет. Дагы 20 кʏндɵн кийин бир сээп ошону менен ʏч жолу дарылоодон соң алмада курт же парша болбойт.

Алма муздак бɵлмɵдɵ сакталат

-Ноокаттын чыгыш тарабы бир аз суук болгондуктан алманы жыйноо 20-сентябрдан кийин. Менин алмамы Ɵзбекстандын Ташкент шаарындагы ишкерлер кɵп алышат. Мындан 4 жыл мурда дайым кышка сактап, жазда сатчу элем. Сактаган бɵлмɵнʏ ɵтɵ муздак кармаш керек. Эшик-терезелердин баарын караңгылатып, астына суудан сээп, ным жерде кармайт. Эгер кʏн кирип жылый турган болсо алманы чиритет.

Баасы жогору “крипсон” сорту

-Учурда алманын кара кочкул тʏстʏʏ “крипсон” деген сортуна кɵбʏрɵɵк кɵңʏл буруп жатам. Ɵзʏмʏн алмам кадимки жанатан (превосходный) сортунан эле, баарына крипсонду улап чыктым. Крипсон сортундагы алманы сатуу оңой, баасы да жогору. Менде азырынча ушул эки эле сорт бар. Башка сорттогу алмаларды сатуу бир аз кыйын болгондуктан эккен эмесмин. Мындан сырткары шабдалы, кокон гилас кɵчɵттɵрʏм бар. Алар да евро чеканка болгондуктан мɵмɵсʏ чоң, баасы ɵтɵ жогору. Менден кɵпчʏлʏк сурап калышат “алмаңыз да, шабдалыңыз да, гиласиңиз да чоң-чоң болот сыры эмнеде?” деп. Жогоруда айтып ɵткɵнʏмдɵй сыры бул туура бутоо. Балдарыма да багбанчылыкты ʏйрɵттʏм. Сурагандардын баарына консультация берем, жаап-жашырбайм албетте. Анткени баарыбыздын алмабыз жакшы болсо кардарлар ушул жакка ɵздɵрʏ издеп келишет.

Бир жылы “Ата-Мекен” фракциясын депутаты Карганбек Самаков Айыл чарба министрлигине “Японияга барып 90 жылдык шабдалы дарагын кɵрдʏм, биз болсо 5-6 жылда жулуп ыргытып жиберебиз. Айыл чарба министрлиги сиздер эмнеге иштебейсиздер, ошол жактан адистерди алып келип дыйкандарды окутпайсыңарбы” деп айткан жайы бар эле. Чынында айыл чарбасы ɵлкɵнʏн кирешелʏʏ тармагы болгондон кийин биз аны ɵнʏктʏрʏп, эл аралык деңгээлдеги конкуренттерге туруштук берип, дʏйнɵлʏк рыноктон туруктуу ордубузду табышыбыз керек.    

Айжылдыз Тойчиева

Фото: Сыдык Токонов