27 июля, 2024

“ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫН САЯСАТТАШТЫРБАЙ, ОЛУТТУУ КАРОО КЕРЕК”

Электр энергиясына болгон тариф май айынан баштап 0,77 тыйындан 1 сомго кɵтɵрʏлɵт. Бул тууралуу ɵлкɵ башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялап, калың элге тʏшʏндʏрмɵ берди. Бирок, мындай кабар акыркы учурда электр жарыгынын тез-тез ɵчʏрʏлʏʏсʏ орун алган кезде тарагандыктан, калк ичинде нааразы пикирлерди жаратпай койгон жок. Анткен менен кризиске кептелген энергетика тармагын ɵнʏктʏрʏʏдɵгʏ жолдордун бири – тарифти ɵзгɵртʏʏ экенин адистер белгилеп келишʏʏдɵ. Мындай пикирди кармангандардын бири техника илимдеринин кандидаты Ɵскɵнбай Дилишатов:

“ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНДА РЕФОРМА ТƟРТ БАГЫТТА ЖYРYYСY КЕРЕК”

-Электр энергиясына болгон тарифтин ɵзгɵрʏʏсʏн адис катары колдойм. Себеби электр энергиясын ɵндʏрʏʏ, токту топтоочу кɵмɵк чордондорго чейин ɵздʏк наркы 0,48-0,53 тыйынга туура келе турган болсо, ал эми элге, ʏйгɵ жеткирʏʏ 1 сом 50 тыйындан ашып калган учурлар болууда. Калктын 0,77 тыйындан тɵлɵп келʏʏсʏ кɵп жылдан бери эле айтылып келʏʏдɵ. Муну саясатка айландыруунун кереги жок, инфляциянын эсебинен эле жылдан-жылга тыйын болсо да кошулуп келгенде азыркыга чейин кɵйгɵй жаратмак эмес. Анткени 2010-жылга келгенде тарифтин дароо ɵсʏп кетиши элге чоң резонанс жараткан. Мындан улам тарифти тыйындан кошуп ɵзгɵртʏʏ туура саясат болот. Себеби электр энергиясын ɵндʏрʏʏ ɵзʏн-ɵзʏ актабай калганы факт. Ошондуктан, 0,77 тыйындан 1 сомго кɵтɵрʏʏнʏ туура кабылдообуз керек. Электр энергиясында да реформа жʏргʏзʏʏ заман талабы десек болот. Биздин кɵз карашта электр энергиясындагы реформа тɵрт багытта жʏрʏʏсʏ керек. Биринчи – ɵндʏрʏш процесстерин автоматташтыруу, экинчи – электр энергияны сатуулар жана сатып алуулар, ʏчʏнчʏ – жаңы кубаттуулуктарды пайда кылуу, ГЭСтерди куруу же альтернативдик энергия булактарынан алууну (кʏн, шамал электр станцияларын куруу) колго алуу зарыл. Азыркы кʏндɵ ɵзʏбʏздʏн жарандардан жана сырттан келген инвесторлор менен биргеликте кɵптɵгɵн чакан жана кичи ГЭСтерди куруу колго алынды. Бул албетте, жакшы. Тɵртʏнчʏ — кайрадан экспортту ишке ашырууну уюштуруу. Ал ʏчʏн бизге кубаттуулук жетишсиз болууда. Кыргызстан 2010-жылга чейин жылына 3 млрд. кВт/сааттан ашык электр энергияны экспорттоп келген. Бʏгʏн тескерисинче, Казакстан менен Тʏркмɵнстандан импорт кылууга туура келген учурлар бар.

Ɵндʏрʏш процесстерин автоматташтыруу дегенде ушул тапта 15%га жакын керектɵɵчʏлɵргɵ акылдуу эсептегичтер коюлган. Дагы 1-1,5 жыл аралыгында 50%дан ашыруу пландалууда, мунун баары автоматташтырылууга тийиш.

Ал эми сатуулар жана сатып алуулар дегенде, Кыргызстан боюнча мамлекеттик сатып алуулардын 40%га жакыны энергетикалык сатып алуулар тʏзɵт. Бардык кассалык каражаттарды башкаруу иштерин онлайн режиминде автоматташтырууга жетишʏʏ керек деп  холдингдин мурдагы жетекчилери, ɵндʏрʏштɵ иштеп жаткандар, экономисттер аны эсептеп чыгышкан. Жаңы кубаттуулуктарды иштеп чыгаруу заман талабы. Учурда 50гɵ жакын чакан жана кичи ГЭСтерди куруу жʏрʏп жатат, бʏткɵрʏлгɵндɵрʏ да бар. Бир эле жылдын ичинде чакан ГЭСтерди курууга 20 уруксат кʏбɵлʏгʏ берилген. Демек, жеке ишкерлер бул тармакта дагы ɵздɵрʏнʏн салымдарын кошуп келишʏʏдɵ. Жеке компанияларда электр энергиясын ɵндʏрʏʏдɵ ɵздʏк наркы болжолдуу 0,80 тыйынга туура келет. Ошол эле учурда ɵндʏрʏлгɵн электр энергиясын жеткирʏʏ да чыгымга алып келет. Ошондуктан кандай болгон кʏндɵ да жеке компаниялар ɵндʏргɵн электр энергияны мамлекет болжол менен 3 сом 15 тыйындын тегерегинде сатып алса, эгерде тариф ɵзгɵргɵн болсо, аны кайра элге  1 сомдон сатышат. Мындан соң мамлекет тарабынан калкка жакшы эле колдоо болуп келет десек болот.

“ТАРИФТИН ƟЗГƟРYYСY МЕНЕН АЛДЫГА ЖЫЛУУ СƟЗСYЗ БОЛОТ”

— Тариф кɵтɵрʏлсɵ эле дароо баары жакшы болуп кетет дегенден алысмын. Бирок, белгилʏʏ болгондой, электр шаймандарынын 80%дан ашыгы эскилиги жеткен, кɵпчʏлʏгʏ алмаштырууга муктаж. Бул ʏчʏн абдан кɵп каражат жумшалат. Андыктан,  туура тʏшʏнʏп, мамлекеттик саясатты колдоо иретинде 0,23 тыйынга кɵтɵрʏлʏʏсʏнɵ анчейин убайым тартпашыбыз керек. Биз базар экономикасында жашайбыз, анда инфляцияга карап, бардык тармакта ɵзгɵрʏʏлɵр болуп турат. Биз башка нерселерге деле эсепсиз чыгым кылабыз. КМШ ɵлкɵлɵрʏндɵгʏ эң арзан тариф бизде. Кыргызстан гидро ресурстарга бай деп келебиз. Бирок, КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн ичинен гидроресурстарга бай делип Орусия биринчи орунда турса, Тажикстан экинчи орунда. ʏчʏнчʏ орунда Кыргызстан турат. Бирок, аларга салыштырмалуу электр энергиясына болгон тариф мамлекетибизде бир кыйла эле арзан.

Ал эми ОшТУнун энергетика кафедрасынын башчысы Рустам Пакирдинов да тарифти кɵтɵрʏʏ туура маселе экенин айтып, убагында ГЭСтерге, электр жабдууларына кɵңʏл буруу керектигин, жарактан чыкканда кайра калыбына келтирʏʏ кɵп убакытты жана каражатты талап кыларын белгиледи:

“ТАРИФ АРЗАН БОЛСО, БИР КYН КЕЛИП БАРДЫГЫ ИШТЕН ЧЫГАТ”

-Электр энергия – материянын ɵзгɵчɵ тʏрʏ. Себеби муну газга, бензинге же кɵмʏргɵ окшоп сактап коё албайбыз. Ɵндʏргɵндɵн кийин дароо колдонуу керек. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ акыркы ГЭСтердин курулганына 30 жылдан ашты. Ал эми калк 7 миллионго жетти. Мында баланс бузулду. Керектɵɵчʏлɵр кɵбɵйгɵндʏктɵн, кубаттуулук жетишпей жатат. Ошондуктан электр жабдыктарын оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏп, модернизациялоо ʏчʏн тарифке кɵңʏл буруу керек. Мисалы, акыркы кезде кʏйʏʏчʏ майдын баасы, уюлдук операторлордун тарифтери кɵтɵрʏлдʏ. Эгерде тариф арзан боло берсе, анда бир кʏн келип бардыгы иштен чыгат. Иштен чыккан жабдууларды кайра калыбына келтирʏʏ ɵтɵ кɵп эмгек, каражат талап кылынат. ГЭСтер стратегиялык объект, алар Кыргызстандын байлыгы болгондуктан, сактап калуу керек. Маселен, Пакистан, Ооганстан жактарда 1 кВт саат электр энергиясы биздин валютага 30-40 сомго дагы жок. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бизде ар бир генераторлор, кɵмɵкчʏ чордондор (трансформаторлор) ɵзʏнʏн мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵн 20-30% ашыкча жʏк менен иштɵɵдɵ. Андыктан, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатып, жаңы трансформаторлорду алып, ГЭСтерди модернизациялоо керек. Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча долбоор башталууда. Аталган долбоор ишке ашса Ɵзбекстанга да, Казакстанга да пайдалуу болот. Айтсак, Камбар-Ата-1 ГЭСи кышкысын иштесе, андан чыккан суу Токтогул суу сактагычына сактала берет да, жайында андагы сууну кошуна ɵлкɵлɵр пайдаланса болот. Бʏгʏн биз Токтогул суу сактагычындагы сууну максималдуу колдонуп жаткандыгыбыздан, жайкысын Ɵзбекстан менен Казакстанга суу жетишсиз болууда. Ал эми “сууну сатып жатышат” деген сɵз туура эмес, бул мʏмкʏн дагы эмес. Дагы бир маселе, учурда 10 киловольттук 1 метр кабель 1,5 миң сомго чейин болууда. Ошол эле мезгилде авариялык ɵчʏрʏʏлɵр да кɵп, бирок тариф 0,77 сомдон болгондо таптакыр эле артка кетип жатпайбы. Ортодогу жоготуулар боюнча айтсак, жоготуу бул физиканын закону. Себеби трансформатордо, линияларда 10 пайыздан жогору жоготуу сɵзсʏз болот. Тактап айтканда, линиялар кыска болгондуктан, шаарда жоготуу азыраак. Айылдарда линиялар узун, ошол ʏчʏн жоготуу кɵбʏрɵɵк. Мындан улам энергетика тармагын саясатташтырбай, олуттуу кароо керек.

Жумагʏл Кочкорбай кызы