1 декабря, 2025

Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ

Кыргызстандагы энергетика тармагы учурда ɵзгɵрʏʏ мезгилине кирип, жылуулук камсыздоо ишканалары да жаңы технологиялар менен иштеп баштаган учур. Оштогу «Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасы да ɵлкɵдɵгʏ алдыңкы ишканалардын бири болуп, акыркы жылдары ийгиликтʏʏ реформаларды жана ɵнʏгʏʏлɵрдʏ баштап, экологиялык таза жана энергияны ʏнɵмдɵɵчʏ инновацияларды киргизʏʏгɵ багыт алган. “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Сиражидин Тороев менен болгон маегибизде, ишкананын ɵткɵн тарыхы, жаңыланган инфраструктурасы, алдыдагы пландары жана экологиялык таза энергияга ɵтʏʏ тууралуу сɵз кылдык.

Сиражидин Тороев, Жылуулук камсыздоо муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары:

-Оштогу “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасы 1986-жылы  “Турак-жайларды тейлɵɵ комбинаты” (ЖЭК) деп аталган ишканадан бɵлʏнʏп чыгып, “Оштеплокоммунэнерго” башкармалыгы деп атала баштаган. Алгачкы мезгилдерде ишкана кɵмʏр, газ жана мазут отунунда иштɵɵчʏ 19 откананы тейлей баштаса,  жылдар ɵткɵн сайын ишкана тейлеген отканалардын саны кɵбɵйʏп, азыркы Ош жана Баткен областтарында жайгашкан отканалар да кошулуп, ишкананын кызматына болгон талаптар артты. Ишкана кеңейип отуруп,  2002-2003-жылдары жаңы аталышка жана структурага ɵттʏ, башкача айтканда  “Жылуулук камсыздоо райондор аралык ɵндʏрʏштʏк бирикмеси” деп аталып калды. Ал эми 2022-жылы Ош шаарынын муниципалдык менчигине пилоттук проекттин негизинде ɵтʏп, бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин Оштогу “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасы деп аталып келет.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ишкана 111 откананы тейлейт. Алардын ичинен 21 откана электр энергиясында, 91 откана кɵмʏр отунунда иштейт. Жылуулук тармактарынын узундугу 73,5 км ди тʏзɵт. Ишканада жалпысынан 813 адам эмгектенет, анын ичинде 178и туруктуу, 635и сезондук кызматкерлер. Абоненттердин жалпы саны 15 миң 235  (эл)  жана 118 мекеме, анын ичинде 45 мектеп, 43 балдар бакча, 29 соцмекемелер, 309 кɵп кабаттуу ʏйлɵр .

Жылуулук камсыздоо ишканасында 2025-2026-жылытуу сезонуна карата даярдыктарды кɵрʏʏ боюнча атайын иш-пландар иштеп чыккан, анын жʏрʏшʏндɵ бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылып жаткандыгына ɵзʏңʏздɵр кʏбɵ болуп  жатасыздар.  Тактап айтканда, акыркы 3 айдын ичинде эле 3 откананы жана 1 административдик корпусту имараттарын, жабдууларын жана короолорун кошо капиталдык оңдоодон толук ɵткɵрʏп бʏтʏп, учурда дагы бир откананы капиталдык оңдоодон ɵткɵрʏʏ жумуштары менен алекпиз. Ошондой эле жыл башынан баштап бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейинки аралыкта 107 откана кʏнʏмдʏк (текущий) оңдоодон  ɵтɵрʏлдʏ.

Отканалардын имараттарынын кɵпчʏлʏгʏ эски имараттар жана каптиалдык оңдоого муктаж. Мисалы, ушул биз турган ЮВР-1 деп аталган откана 1970-80-жылдары курулган. Алгач газ менен иштеп, 90-жылдардан кийин газдын жетишсиздигинин натыйжасында мазут отунун колдонууга ɵткɵн, ал эми 1998-жылы электр энергиясына негизделген жогорку кубаттуулуктагы КЭВ-2500 маркасындагы электр отказаны орнотулуп, ушул кʏнгɵ чейин иштеп келет. Откана бʏгʏнкʏ кʏндɵ 21 кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏ, бир мектепти, бир бала бакчаны жана бир китепкананы жылуулук энергиясы менен камсыздайт. Быйылкы жылы бул откана капиталдык оңдоодон ɵттʏ, жабдуулар реконструкцияланды, ошону менен бирге откананын кубаттуулугу жогорулатылды, тактап айтканда, отканада кубаттуулугу 2500 кВтты тʏзгɵн кошумча КЭВ-2500 маркасындагы жаңы отказан орнотулду, натыйжада ушул райондо жашаган шаардыктарды сапаттуу жылуулук менен камсыздоого шарт тʏзʏлдʏ. Откананын короосун, айланасын жашылдандыруу жумуштары жʏргʏзʏлдʏ, тʏрдʏʏ бак-дарактар тигилип, гʏлдɵр отургузулду, короонун ичи жана сырты жарыктандырылды.

-Жылуулук камсыздоо ишканасынын алдыдагы максаттарынын бири — экологиялык таза жана инновациялык энергия системаларына ɵтʏʏ. Алар: геотермикалык энергияны, кʏндʏн энергиясын, шамалды, суу ресурстарын, биогазды ж.б. болгон жашыл энергияны колдонуу болуп эсептелет.  Ишкана жаңы энергия булактарын колдонуу менен, экологияны коргоо жана энергияны ʏнɵмдɵɵ боюнча иштерди жандантууда. Алардын бири “тепловые насосы” деп аталган жылуулук насостору. Биз Бишкек шаарына атайын барып,  жаңыдан гана орнотулган жылуулук насосторун кɵрʏп келдик. Бул технологиялардын жардамы менен экологиялык жактан таза энергия ɵндʏрʏлɵт. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул технология Кыргызстанда жаңы экенин айта кетʏʏ менен бирге бул технология бизге оң натыйжасын берет деп терең ишенем. Келечекте Ош шаарына ушул технологияларды киргизип, мектептерди, балдар бакчаларды, ооруканаларды, соцмекемелерди  экологиялык таза жылуулук менен камсыздай алабыз. Жылуулук насостору энергоэффективдʏʏ жабдуулар деп эсептелинет. Мисалы, алар 5 киловатт электр энергиясын колдонуп, 20 киловатт жылуулук  энергиясын чыгарып берʏʏ жɵндɵмдʏʏлʏгʏнɵ ээ. Келечекте бул технологиялар менен ишкана энергетика тармагында маанилʏʏ ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ киргизе алат деп ишенем. Учурда жылуулук насосторун орнотуу боюнча сʏйлɵшʏʏлɵр жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

-Жылуулук камсыздоо ишканасы бир катар кɵйгɵйлɵр менен да кʏрɵшʏʏдɵ. Эң негизгиси жаңы курулган ʏйлɵрдʏн санынын артуусу, бирок бул ɵз кезегинде ишкананын кубаттуулугуна чектɵɵлɵрдʏ киргизʏʏдɵ. Кɵпчʏлʏк жаңы ʏйлɵр курулганы менен, аларга жетиштʏʏ жылуулук берʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелʏʏ болууда жана бул бизге жаңы тʏйшʏктɵрдʏ алып келʏʏдɵ. Азыр кээ бир жерлерде жылуулук кубаттуулугун кɵтɵрʏʏ маселеси туулуп жатат. Ошол эле учурда, биз жаңы отканаларды орнотуп, техникалык жаңыланууну жʏргʏзʏп жатабыз. Мындан сырткары,  “Жылуулук камсыздоо”  ишканасынын эски инфраструктурасынын кɵйгɵйлɵрʏ да бар. Эски отканалар жана электр желелеринин кубаттуулугу жетишсиз болуп, ишкана ушул кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ ʏчʏн   каражаттарды инвестициялоо зарылдыгын белгилейт. Албетте бул кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ ʏчʏн кɵп каражаттар талап кылынат.

-Жылуулук камсыздоо ишканасынын алдында дагы бир чоң жумуш — инфраструктураны жаңылоо болчу. Ишкананын эски имаратынын абалы ɵтɵ начар болуп, дубалдары жарылып, сырткы беттери укаланып баштап, аны ремонттоо мʏмкʏн болбогон абалга келген. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ мэрибиз Жеңишбек Шерматович Токторбаев ишканага жаңы имарат бɵлʏп берди, андан сырткары жаңы эмеректерди тартуулап, кызматкерлер ʏчʏн жагымдуу шарттар тʏзʏлдʏ. Учурдан пайдаланып ɵзʏмдʏн жана жалпы эле ишкананын атынан мэрибизге терең ыраазычылык билдирип кетем.

-“Жылуулук камсыздоо”  ишканасынын жетишкендиктери жыл сайын ɵсʏʏдɵ. Бул ийгиликтерди ишкана кызматкерлери ɵз кʏчʏ менен жаратууда. Ишканада жʏргʏзʏлгɵн жумуштар ишкананын ɵзʏнʏн кʏчʏ менен жʏргʏзʏлʏп, жаңы жабдууларды, отканаларды орнотууга жана техникалык иштерди ɵз алдынча аткарууга жетишишти. Акча каражаттарын ʏнɵмдʏʏ пайдалануу ʏчʏн материалдарды гана сатып алып, калган жумуштарды ишкананын кʏчʏ менен аткарууга аракеттенип жатабыз. Аткарылган жумуштар, тʏзʏлгɵн шарттар — бул биздин ийгилигибиз. Мурдагы жана азыркы мезгилдеги ишкананы салыштырсак, айырмачылык бар. Кызматкерлердин мʏнɵзʏ да ɵзгɵрдʏ, ишке болгон кызыгуусу да кʏчɵп барууда,  шыктануу пайда болду десем жаңылышпайм.

“Жылуулук камсыздоо” ишканасы жыл сайын бир нече чоң долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо, тактап айтканда жылына бир нече откана капиталдык оңдоодон ɵткɵрʏлɵт,  кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн жылуулук системаларын жаңылоо боюнча иштерди жʏргʏзʏлɵт. Андан сырткары, ишкана жашыл энергия менен иштɵɵнʏ улантып, экологиялык таза энергияны пайдалануу ʏчʏн жаңы инновацияларды колдонууга багыт алат.  Келечекте ишкана ɵзʏнʏн технологиялык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн кеңейтип, глобалдык деңгээлде энергиянын таза жана ʏнɵмдʏʏ тʏрлɵрʏн колдонууга аракет кылат. Жылуулук камсыздоо ишканасынын алдыдагы максаттарынын дагы бири — экологиялык таза энергия булактарын колдонуу. Энергияны ʏнɵмдɵɵгɵ багытталган технологиялардын колдонулушу аркылуу жылуулук системаларынын иштɵɵ натыйжалуулугун жогорулатуу пландаштырылган. Жашыл энергияга ɵтʏʏ менен, ишкана экологияга да оң таасирин тийгизип, энергетикалык кризистерге да даяр болууга мʏмкʏнчʏлʏк алат.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author