1 декабря, 2025

Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр

Аялдын саламаттыгы — ʏй-бʏлɵнʏн бакубат жашоосунун жана коомдун келечегинин башаты. Ош облустук Адам репродукциясы борборунун бɵлʏм башчысы, акушер-гинеколог, окутуучу Жайнагʏл  Мамытова аялдардын ден соолугу, тукумсуздукту алдын алуу, туура жашоо образы жана эрте никеге каршы кɵз караш тууралуу айтып берди.

«Медицинадагы эмгек жолумду 13 жыл мурда баштагам. Алгач шаардык тɵрɵт ʏйʏндɵ иштеп, патология, тɵрɵт бɵлʏмдɵрʏндɵ, андан соң реанимацияда кʏн-тʏн дебей кызмат кылдым. Азыр болсо Ош облустук  Адам репродукциясы борборунда бɵлʏм башчысы болуп иштеп жатам. Мындан сырткары ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде акушердик жана гинекология сабагынан студенттерге сабак берем. Педагогдук стажым быйыл 6 жылга толду. Мен ʏчʏн кесип — бул жɵн гана жумуш эмес, бул ɵмʏрʏмдʏн маңызы», — деп баштады сɵзʏн Жайнагʏл айым.

Ал Кыргызстандагы аялдардын саламаттыгына байланышкан эң чоң кɵйгɵйлɵрдʏ да айтып ɵттʏ.

«Биздин эң чоң кɵйгɵй — аялдардын ɵз ден соолугуна кайдыгер мамилеси. Профилактикалык текшерʏʏ дээрлик жок. Кɵпчʏлʏк айымдар дарыгерге оору ɵтʏшʏп кеткенде гана кайрылышат. Бизге жатын моюнчасынын, эмчек безинин 3–4-даражадагы рагы менен келишет. Ал эми оорунун 1–2 стадиясында кайрылган учурлар ɵтɵ сейрек. Бул ɵтɵ ɵкʏнʏчтʏʏ нерсе. Себеби, пациент канчалык эрте кайрылса дарылоо ошончолук жеңил жана натыйжалуу болот эле».

Анын айтымында, аялдардын жашоо образы ооруларга тʏздɵн-тʏз таасир этет.

«Туура эмес тамактануу, уйкунун жетишсиздиги, ашыкча салмак — булардын баары гормоналдык бузулууларга алып келет. Эстроген май тканында кɵп бɵлʏнɵт. Ал сʏт бездериндеги майда кисталарды чоңойтуп жибериши мʏмкʏн. Ошондой эле миома, аденомиоз сыяктуу залалдуу шишиктердин ɵсʏшʏнɵ тʏрткʏ болуп, бара-бара ракка айланып кетʏʏ коркунучу жогорулайт».

«Азыркы учурда бизге эң кɵп кайрылышкан кɵйгɵй — бул тукумсуздук. Бирок коомдо дагы эле кɵпчʏлʏк ойлойт: тукумсуздук аялдан гана болот деп. Чынында, бул оору эркектерде да бар. Ошондуктан биз дайыма жубайларды чогуу чакырабыз. Урологдор эркектерди кабыл алат, аялдарды болсо биз карайбыз. Бала тɵрɵɵ — бул эки тараптын тең жоопкерчилиги»,  — деп баса белгиледи дарыгер.

Ал оорулардын алдын алуу ʏчʏн ар бир адам сɵзсʏз тʏрдɵ толук тʏрдɵ медициналык текшерʏʏдɵн ɵтʏшʏ керектигин эскертти.

« «Чек-апка» жатын моюнчасынын скрининги, ВПЧ (адамдын папилома вирусу) анализи, аз кандуулукту аныктоо ʏчʏн жалпы кан анализи, темирдин жана ферритиндин деңгээлин текшерʏʏ, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды аныктоочу анализ кирет. Бул жɵн эле анализ эмес, келечекте чоң оорунун алдын алуучу чаралар. Жылына жок дегенде бир жолу дарыгерге кɵрʏнʏп туруу зарыл».

Дарыгер жеке гигиена маселесине токтолуп, ал дагы бир чоң кɵйгɵй экенин айтты.

«Бизге кɵп аялдар келип: “Эмне менен “подмывка” кылыш керек?”- деп сурашат. Кээ бирлери кир самын колдонорун айтышат. Ал туура эмес. Себеби кындын нормалдуу микрофлорасы кислота болот. Кир самында болсо щелоч бар. Ал микрофлораны бузат да, ар кандай инфекцияларга шарт тʏзɵт. Гигиенаны эне кызга кичинекейинен ʏйрɵтʏшʏ керек. Эне менен кыздын ортосунда ачык сʏйлɵшʏʏ жана тыгыз мамиле болушу зарыл».

«Мен эрте никеге каршымын. Себеби, аялдын организми 22 жаштан 35 жашка чейин бала тɵрɵɵгɵ толук даяр болот. 16–17 жашында турмушка чыккан кыздар бар. Алар физикалык жактан да, эмоционалдык жактан да жетиле элек болот. Алар эне болууга даяр эмес. Ал эми 35 жаштан кийинки кош бойлуулуктун дагы коркунучу чоң. Даун синдрому, аутизм сыяктуу оорулар менен балдардын тɵрɵлʏʏ тобокелдиги жогорулайт. Ошондуктан мен аялдарга: турмуш курууну кечиктирбегиле, бирок шашылбагыла деп кеңеш берем», — деди дарыгер.

Ал кошумчалагандай  коомдогу сексуалдык тарбия маселеси да чоң кɵйгɵй.

«Биздин коомдо гинекологго баруу уят деп эсептешет. Бул — чоң ката. Башка органдарыбыз ооруса дарыгерге кайрылабыз го. Гинеколог да адис. Уялып, жашырбай, убагында кайрылуу зарыл. Биздин борбордо атайын жаш балдардын гинекологу бар. Кээ бир кыздар апасына айта албай, бизге жашыруун келишет. Айыздын бузулуусу болуп жатса да энелери: “Барбайсың?”- деп коюшат. Натыйжада кеч кайрылып, тукумсуздук, гормоналдык бузулуу сыяктуу чоң кɵйгɵйлɵргɵ кабылышат».

Ошондой эле борбордун милдетине шаар деңгээлиндеги профилактикалык иш-чараларды уюштуруп, мектептерде, университеттерде тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ кирет.

 «Биз аядар кеңешин, лекцияларды ɵткɵрʏп, кыз-келиндерге: айыздын ɵзгɵрʏʏлɵрʏ, гигиена, ʏй-бʏлɵнʏ пландоо тууралуу ачык тʏшʏндʏрʏп беребиз. Бул — биздин коом ʏчʏн абдан зарыл нерсе» — деди ал.

«Аборт маселеси дагы эле курч бойдон турат. Себеби контрацепцияны туура колдонууну билбейбиз. Аборт кылуу ʏчʏн аптекаларда контрабанда жолу менен келген таблеткалар кенен- кесир эле сатылып жатат. Аны кɵзɵмɵлдɵгɵн адам жок. Аялдар аларды ɵз алдынча ичип алып жатышат. Дозасын билбей ичкенде, кан кетип, оор абалда ооруканага тʏшкɵн учурлар кɵп. Бул ɵтɵ коркунучтуу. Ар нерсени ɵзʏнʏн адиси кылышы керек. Контрацепциянын тʏрʏнɵ токтоло турган болсок, бʏгʏнкʏ кʏндɵ тʏрʏ абдан кɵп, бирок аны дарыгер гана туура тандап бере алат. Ɵз алдынча иш-аракет жасоо ɵмʏргɵ коркунуч жаратат», — деп катуу эскертти Жайнагʏл айым.

Медицинадагы жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵргɵ токтолуп, ал акыркы жылдары эстетикалык гинекология кеңири жайылып жатканын белгиледи.

«Тɵрɵттɵн кийин кɵп аялдарда заара кармай албай калуу, жатындын ылдыйлап калуусу сыяктуу кɵйгɵйлɵр болот. Бул нерсени калыбына келтирʏʏ ʏчʏн азыркы учурда плазмолифтинг жана плазмотерапия сыяктуу жаңы ыкмалар колдонулууда. Бул процедуралар аялдын организмин калыбына келтирип, ʏй-бʏлɵнʏн интимдик жашоосунун сапатын жакшыртат. Бирок бул процедуранын таасири убактылуу. Белгилʏʏ убакыттан кийин кайталап туруу керек».

Каарманыбыз  эсте калган оор учурларынын бири менен бɵлʏштʏ.

«Мен шаардык тɵрɵт ʏйʏндɵ иштеген учурда тʏнʏ 27 жумалык кош бойлуу келинди алып келишти. Температурасы 39–40 градуска жетип, абалы ɵтɵ оор экен. Айтымында, 2–3 кʏн мурда суусу кеткен экен, бирок кичинекей баласы ооруп жаткандыктан, дарыгерге кайрылбай жʏрɵ берген. Жыйынтыгында сепсис менен келди. Биз бардык аракетибизди жумшап, анын ɵмʏрʏн сактап калдык. Бирок, жолдошунун жана ата-энесинин уруксатын алып, жатынын алып салууга туура келди. Бала тɵрɵлдʏ, бирок, чарчап калды. Аял ɵзʏнɵ келгенден кийин кɵзʏнɵ жаш алып: “Эмне ʏчʏн мындай кылдынар?” -деп ыйлап ызы-чуу салды. Ушундай учурда оорулуу менен биз да кошо кайгырабыз. Пациенттин жан дʏйнɵсʏнʏн сыздаганын жон терибиз менен кошо сезебиз. Себеби, биз да биринчи кезекте аялбыз, энебиз, анан гана дарыгербиз».

Аялдын саламаттыгы — улуттун келечеги. Ɵз убагында текшерилип, алдын алуу чараларын кɵрʏʏ менен кɵптɵгɵн оорулардын алдын алса болот.

«Жылына жок дегенде бир жолу профилактикалык кɵзɵмɵлдɵн ɵтʏп, базалык «чек-аптан» ɵтʏʏнʏ сунуштайм. Мындан тышкары, жашоо образын ɵзгɵртʏʏ ɵтɵ маанилʏʏ: туура тамактануу, таза эттерди, мɵмɵ-жемиштерди кɵп жеп, фастфуд жана газдалган суусундуктардан алыс болуу зарыл. Жумасына жок дегенде ʏч жолу кардионагрузка жасоо же кʏнʏнɵ он миң кадам басуу организм ʏчʏн пайдалуу. Ошондой эле суу режимин сактоо, уйкуну туура жолго коюу абдан чоң роль ойнойт. Тʏнкʏ саат ондо жатып, терең уйкуга кетʏʏ эң мыкты эс алуу болуп эсептелет. Эгер уйку бузулса, гормоналдык фон да бузулат. Ал эми уйку жакшы болушу ʏчʏн ʏй-бʏлɵдɵгʏ милдеттерди аял менен эркек тең бɵлʏшʏп, аялга эс алууга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп бериш керек. Ошондо гана аял чынында кʏчтʏʏ, бактылуу жана саламат болот» — деп маегин жыйынтыктады ал.

Айнура Валижанова

About The Author