1 декабря, 2025

Ош шаарындагы Жибек-жолу МАБы: бʏгʏнкʏ абал жана эртеңки багыттар

Ош шаарындагы эң ири муниципалдык аймактык башкармалыктардын бири – Жибек-Жолу аймагы. Бул башкармалык кандай шартта жашап жатат, жергиликтʏʏ эл кандай кɵйгɵйлɵрдʏ кɵтɵрʏʏдɵ жана алдыда кандай максаттар бар? Бул суроолорго жооп алуу ʏчʏн Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Нургазы  Каримов  менен ачык маек курдук.

– Жибек-Жолу МАБы кайсы аймактарды камтыйт?

– Биздин башкармалык 11 миң 85 гектар аянтты ээлеп, Кара-Суу районунун Шарк жана Нариман айыл ɵкмɵттɵрʏ, Ош шаарынын Жапалак жана Курманжан датка муниципалдык  аймактары менен чектешет. Аймакта жалпы 234 кɵчɵ, 7 миң 759 жеке турак жай, 1 кɵп кабаттуу ʏй (56 батирлʏʏ), 3 мамлекеттик жана 7 жеке менчик бала-бакча, 10 мектеп, 1 медресе, 17 мечит, 1 ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борбору, 1 ФАП, 1 жеке менчик оорукана, 1 шаардык милиция бɵлʏмчɵсʏ, 1 ɵрт ɵчʏрʏʏ кызматы, 1 калкты тейлɵɵчʏ борбор, 464 экономикалык ишмердʏʏлʏк жʏргʏзгɵн чарбалык субъект бар. Калк менен тʏз байланышта 16 кварталдык комитет активдʏʏ иш жʏргʏзɵт. Бул калктын жыш жайгашкан, экономикалык активдʏʏ аймактарынын бири.

– Калктын курамы жана ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ тууралуу айтып берсеңиз.

– Биздин аймакта 48 миң  606 адам жашайт. Калктын кɵпчʏлʏгʏн ɵзбектер тʏзɵт. Мындан сырткары кыргыз, тʏрк, тажик, орус жана татар улуттары да да жашайт. Жашоочулардын негизги бɵлʏгʏ соода-сатык жана тейлɵɵ тармагында иштешет. Аймак айылга окшош болгону менен шаар ичиндеги шаарча десек жаңылышпайбыз.

– МАБдын негизги милдеттери кайсылар жана кʏнʏмдʏк иштер кандай ɵтɵт?

– Биздин негизги милдет – аймакты социалдык-экономикалык жактан ɵнʏктʏрʏʏ, мэриянын жана шаардык кеңештин чечимдерин жеринде ишке ашыруу. Ошондой эле аймактын тазалыгын сактоо, жашылдандыруу, инфраструктураны жакшыртуу жана калктын муктаждыктарын чечʏʏ боюнча кʏнʏ-тʏнʏ иш алып барабыз.

– Жарандарга кандай кызматтар кɵрсɵтʏлɵт жана социалдык колдоо маселеси кандай жолго коюлган?

– Жашаган жери тууралуу маалымкаттар бʏгʏнкʏ кʏндɵ санариптик тутум аркылуу берилет. Ар бир жаран ɵзʏнʏн “Тʏндʏк” тиркемеси аркылуу бул маалыматты ɵзʏ ала алат. Бул – жарандар ʏчʏн ыңгайлуу жана ыкчам жол. Дал ушул Тʏндʏк тиркемесине ɵздʏк маалыматтар биз аркылуу санарипттик тʏйʏнгɵ киргизʏʏ менен жʏктɵлɵт. Мындан сырткары, ʏй-бʏлɵлʏк абал боюнча актылар да тʏзʏлɵт. Мындай актылар, айрыкча, социалдык жардам алуу же башка мамлекеттик кызматтарга кайрылууда керек болот.

Аймакта 200дɵн ашуун аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵ бар. Бул ʏй-бʏлɵлɵргɵ Ош шаардык социалдык ɵнʏгʏʏ башкармалыгы менен биргеликте кыш мезгилинде кɵмʏр, азык-тʏлʏк сыяктуу жардамдарды ʏзгʏлтʏксʏз кɵрсɵтʏп келебиз. Ошондой эле демɵɵрчʏлɵрдʏ тартуу менен да кошумча колдоолор уюштурулат. Мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандар, карылар, жалгыз бой аялдар унутта калбайт – бул багытта да атайын иштер жʏргʏзʏлʏп турат.

– Инфраструктураны ɵнʏктʏрʏʏ боюнча кандай долбоорлор ишке ашууда?

– 2025-жылы БУУнун “Азык-тʏлʏк” программасынын алкагында 4 долбоор ишке ашууда. Негизги басым – тротуар куруу, лотокторду орнотуу жана жолдорду оңдоо иштерине жасалууда. Мындан сырткары, Казак ССРнин 60 жылдыгы кɵчɵсʏндɵ 2 кабаттуу жатакана курулуп, натыйжада 14 ʏй-бʏлɵ ʏй-жайлуу болду. 179-кɵчɵсʏндɵ дал ушундай жатакана курулуп жатат. Ошондой эле №44 мектепке кошумча 2 кабаттуу корпус курулууда.

Андан сырткары, ʏлʏштʏк каржылоо жолу менен жергиликтʏʏ бюджеттен жана тургундардан жалпы 9 миллион 684 миң сом чогултулуп, 5 ири долбоор ишке ашты. Бул – жашоочулар менен чогуу аткарылган чоң иштер. Маселен, газ тʏтʏктɵрʏ тартылды, ички жолдор асфальтталды. Каратай кɵчɵсʏнɵ 330 метр, Тʏркмɵн ССРине 60 жыл кɵчɵсʏнɵ 230 метр асфальт тɵшɵлдʏ. Бул иштер – эл менен бийликтин биргелешкен аракетинин жемиши.

– Жолдордун, тротуарлардын жана ирригация системаларынын абалы тууралуу айтсаңыз. Бул жаатта кандай иштер аткарылды?

– 2025-жылдын 6-февралынан тартып, Ош шаарынын мэринин протоколдук тапшырмасынын негизинде архитектура жана муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте кызыл сызыкка жана тротуарга чыккан мыйзамсыз курулуштар боюнча рейддер уюштурулду.

Анын жыйынтыгында борбордук Т.Жумабаев, Имам-Ата, 101, С.Айни, Т.Салиев жана Куцемилова кɵчɵлɵрʏндɵ коммерциялык тʏйʏндɵр менен тосмолор алынып, аталган кɵчɵлɵрдʏ жалпы узундугу 7,5 чакырым аралыгын асфальттоо иштери башталды. Биринчи этапта Т.Жумабаев менен Имам-Ата кɵчɵлɵрʏнʏн 1,5 чакырым аралыгын 24 метрге чейин кеңейтип, тɵрт тилкелʏʏ жолдор курулду. Ошол эле учурда тротуарлар, жашыл зоналар жана ирригациялык тʏйʏндɵр да толук каралып, толук оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏргʏзʏлдʏ.

Азыркы учурда республикалык бюджеттин эсебинен 151-кɵчɵнʏн 1 чакырым аралыгына асфальт тɵшɵɵ иштери жʏрʏп жатат. Мындан тышкары, шаарды аралап ɵткɵн “Кыр-Арык” жана “Моюн” каналдарынын корук зоналары бошотулуп, баштапкы калыбына келтирилди. Бул иштер ирригация системаларынын жакшы иштешине шарт тʏзʏʏдɵ.

– Аймакты кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу боюнча кандай иштер жʏрʏп жатат?

– “Жашыл мурас” ɵнɵктʏгʏнʏн алкагында быйыл 1050 кɵчɵт отургузулду. Аймактын 177-кɵчɵсʏнʏн боюнда арча, сакура, кайың, каштан сыяктуу кɵчɵттɵр тигилди. Мектептердин айланаларына да кɵңʏл буруп, 500дɵн ашык тал-терек отургуздук.

Мындан тышкары, “Жазгы ʏч айлык” тазалык ɵнɵктʏгʏнʏн алкагында 1532 адам ишембиликке чыгып, мекеме-ишканалар, мектептер, соода тʏйʏндɵр жана жɵнɵкɵй жашоочулар жигердʏʏ катышты. Жалпысынан 4000 метр арык тазаланды. Бул иштер аймактын экологиялык абалын жакшыртып, жашоочулар ʏчʏн таза жана кɵркɵм чɵйрɵ тʏзʏʏгɵ багытталган.

– Аймактын ɵнʏгʏʏсʏнɵ эл кандайча катышууда? Коомдук угуулар ɵткɵрʏлɵбʏ?

– Коомдук угуулар жылына кеминде эки жолу ɵтɵт. МАБ тарабынан квартал сайын 16 кварталдык комитетте жолугушуулар уюштурулат. Элдин активдʏʏлʏгʏ жогору. Жашоочулар негизинен таза суу, жол, мектеп, транспорт маселелери боюнча кайрылышат. Бул маселелер мэрия менен тыгыз кызматташтыкта чечилип жатат.

– Кадр, техника жана бюджет маселесине токтолсок?

– Кызматкерлер жетиштʏʏ. Учурда МАБда 9 муниципалдык кызматкер, 16 кварталдык комитет тɵрагалары, 4 кенже тейлɵɵ техникалык кызматкерлери жалпы 29 адам эмгектенет. МАБдын ɵзʏнʏн заманбап шартта салынган жаңы имараты бар. 2025-жылдын башында шаар мэринин колдоосу менен МАБдын айрым оперативдʏʏ иштерин аткарууга, аймактын тазалыгын кароо ʏчʏн “Лабо” техникасы сатып алынып берилген. Бюджет боюнча айрым тармактарда кыйынчылыктар болсо да, ички жана тышкы инвестициялар, ʏлʏштʏк каржылоо аркылуу калктын катышуусу менен чоң иштер аткарылууда.

– Акырында, аймакты ɵнʏктʏрʏʏ боюнча келечек пландар тууралуу айтсаңыз.

– Жибек-Жолу МАБы ɵз алдынча жашап жаткан аймак эмес. Бул аймактын Ош шаарынын ɵнʏгʏʏсʏнɵ тʏздɵн-тʏз таасири бар. Биздин максат – жарандарга ыңгайлуу шарт тʏзʏп берʏʏ менен жашоонун сапатын жогорулатуу. Аймактык ɵнʏгʏʏ стратегиясы – бул кагаз ʏстʏндɵгʏ пландар эмес, иш жʏзʏндɵгʏ натыйжалар менен далилдениши керек. Биз ошол жолдо, эл менен чогуу иштеп жатабыз.

Гульнура  Ормонова.

About The Author