5-октябрь кʏнʏ ордолуу Ош шаарында чоң салтанат — шаар кʏнʏ белгиленди. Мааракелик иш-чаралар эртең менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун кɵтɵрʏʏ аземи менен башталып, кечке чейин ар тʏрдʏʏ маданий, спорттук жана социалдык иш-чаралар менен коштолду.

Мамлекеттик туу кɵтɵрʏлʏп, парад ɵттʏ
Борбордук аянтта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамлекеттик туу кɵтɵрʏлдʏ. Бул иш-чара Ош шаарынын кʏнʏ менен катар Кыргыз туусунун ыйыктыгын жана мамлекеттʏʏлʏктʏн символун даңазалады.

Белгилей кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен мурдагы 45 метрлик желек саптын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулду. Салтанатта Президент Садыр Жапаров шаар тургундарын майрамы менен куттуктап:“Ордолуу Ош шаарынан эл аралык айдыңда кыргыз туусун бийик желбиреткен эр азамат уул-кыздарыбыз кɵп чыксын!”, – деди.
Андан соң борбордук аянтта Ош шаарынын жана облусунун кʏч тʏзʏмдɵрʏнʏн парады ɵтʏп, шаардык майрамдын духун арттырды.
Барпы Алыкулов атындагы жаңы сейил бак пайдаланууга берилди

Ош шаарында дагы бир чоң белек – жаңы Барпы Алыкулов атындагы сейил бак ачылды. Президент Садыр Жапаров катышкан бул иш-чара шаарды жашылдандыруу жана элдин эс алуусуна шарт тʏзʏʏ максатында ишке ашырылды.
Н. Исанов кɵчɵсʏндɵ жайгашкан парк жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы 26 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Анда жашыл зона, воркоут аянтчасы, балдар оюн жайы, унаа токтотмо, кичи футболдук аянтча, тамактануучу жай жана ажаткана бар.
«Булак» спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекси ачылды

Мамлекет башчысы Ошко болгон сапарынын алкагында жаңы «Булак» спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстин ачылыш аземине катышты. Президент символикалык боону чечип, спортчулар ʏчʏн тʏзʏлгɵн заманбап шарттар менен таанышты.
Комплекс мамлекеттик-жеке ɵнɵктɵштʏктʏн негизинде курулуп, жалпы наркы 202 миллион сомду тʏздʏ. Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталып, толугу менен 100 пайызга аяктаган.
Ысакбек Монуев атындагы кɵчɵдɵ эки деңгээлдʏʏ ɵтмɵк ачылды

Ош шаарынын тургундары ʏчʏн дагы бир кубанычтуу кабар — Ы. Монуев кɵчɵсʏндɵгʏ эки деңгээлдʏʏ ɵтмɵктʏн жана Кыргызстандын биринчи генерал-лейтенанты Ысакбек Монуевдин эстелигинин ачылышы болду.
Жалпы узундугу 640 метр, кеңдиги 22 метр болгон транспорттук тʏйʏн толук асфальтталып, жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр ʏчʏн жер алдындагы ɵтмɵк курулду. Эстелик орнотулган аймак жашылдандырылып, отургучтар коюлду.
625 орундуу жаңы мектеп ишке берилди

Ош шаарындагы С. Айни кɵчɵсʏнɵ курулган жаңы мектеп шаар тургундары ʏчʏн чоң белек болду. 625 орундуу заманбап билим уясынын ачылыш аземи шаар кʏнʏ менен айкалышып ɵттʏ.
Мектеп толугу менен керектʏʏ жабдуулар менен камсыздалган. Анын аймагында суу кампасы жана ɵзʏнчɵ жылуулук берʏʏчʏ система бар. Президент Садыр Жапаровдун атынан мектепке эки интерактивдʏʏ доска тапшырылды.
Жаңы сквер пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Б. Осмонов кɵчɵсʏндɵ шаар кʏнʏнɵ карата жаңы сквер ачылып, тургундардын эс алуусу ʏчʏн пайдаланууга берилди.
Мааракеге эл аралык коноктор катышты
Ош шаарынын 3025 жылдык мааракесине жана шаар кʏнʏнɵ карата ɵткɵрʏлгɵн иш-чараларга коңшу ɵлкɵлɵрдɵн жана бир тууган шаарлардан ɵкʏлдɵр келишти.
Алардын арасында Шымкент, Тараз, Новосибирск, Ростов-на-Дону, Ярославль, Наманган жана Андижан шаарларынын мэрияларынын делегациялары болду. Коноктор Ош элине жылуу каалоо-тилектерин билдирип, кызматташтыкты кеңейтʏʏ ниеттерин айтышты.
«Тарыхый Ош шаары» сʏрɵтчʏлɵр сынагы жыйынтыкталды

Ош шаарындагы Алымбек Датка этно-комплексинде “Тарыхый Ош шаары” аттуу эл аралык сʏрɵтчʏлɵр кароо-сынагы ɵтʏп, жыйынтыгы чыгарылды.
Россия, Казакстан, Ɵзбекстан жана Кыргызстандын жети дубанынан келген 26 сʏрɵтчʏ 60тан ашуун эмгегин кɵргɵзмɵгɵ коюшкан.
Жыйынтыгында:
1-орун — Ош облусунан келген сʏрɵтчʏгɵ,
2-орун — Казакстандан келген катышуучуга,
3-орун — Баткен облусунун ɵкʏлʏнɵ ыйгарылды.
Жалпы байге фонду 250 миң сомду тʏздʏ.
Ат чабыш — мэрдин кубогу ʏчʏн
Ош шаарындагы Тɵлɵйкɵн ипподромунда ат чабыштын беш тʏрʏ боюнча мелдеш ɵтʏп, ага Кыргызстандын жети облусунан жана Казакстандан саяпкерлер катышты.
Жалпы байге фонду 2 миллион сом, андан сырткары демɵɵрчʏлɵр тарабынан эки унаа коюлду.
Жеңʏʏчʏлɵргɵ кыска жана узун аралыктагы чабыштарда акчалай жана автоунаа сыйлыктары тапшырылды. Бул мелдеш Ош шаарын 3025 жылдыгына арналды.
Таяк тартыш, аркан тартыш жана кол кʏрɵш боюнча мелдештер

А. Навои паркындагы амфитеатрда шаардык спорт комитети уюштурган элдик оюндар — таяк тартыш, аркан тартыш жана кол кʏрɵш боюнча мелдештер ɵттʏ. Катышуучулар ар тʏрдʏʏ салмактык категорияда кʏч сынашып, жеңʏʏчʏлɵр акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Кɵк бɵрʏ боюнча жаштар мелдеши

Тɵлɵйкɵн ипподромунда райондор аралык жаштар арасында кɵк бɵрʏ боюнча мелдеш ɵттʏ. Мында 5 райондук команда кʏч сынашып, мыктылар тандалып, алар Таласта ɵтɵ турган республикалык мелдешке катышмай болушту. Жалпы байге фонду 250 миң сом.
Гала-концерт менен жыйынтык

Ош шаарынын 3025 жылдык мааракеси жана Алымбек датканын 225 жылдыгынын урматына А. Сʏйʏмбаев атындагы борбордук стадиондо белгилʏʏ эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң гала-концерт болуп ɵттʏ.
Кечте фейерверктер атылып, шаар тургундары жана коноктор майрамдык маанайда шаардын улуу тарыхын жана жаңы ийгиликтерин даңазалашты.
Ош – туруктуу ɵнʏгʏʏгɵ багыт алган шаар

Ошентип, Президент Садыр Жапаровдун Ош шаарына болгон бул сапары шаардык ɵнʏгʏʏнʏн жаңы этабына нук берди десек жаңылышпайбыз. Мамлекет башчысынын катышуусунда ачылган “Булак” спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекси менен Барпы Алыкулов атындагы жаңы сейил бак — бул акыркы жылдары Ошто жʏрʏп жаткан ырааттуу жана системалуу иштердин жыйынтыгы. Мындай ири социалдык жана спорттук объекттер шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатуу менен бирге, мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги кызматташтыктын жемишин да кɵрсɵтʏп турат. Акыркы жылдары Ош шаарында инфраструктуралык долбоорлордун ылдам темп менен ишке ашырылышы байкалууда. Жаңы мектептердин, скверлердин, жол ɵткɵɵлдɵрдʏн курулушу — бул шаарды жаңылоонун, жандандыруунун кɵрʏнʏктʏʏ мисалдары. Эл арасында “мэр Жеңишбек Токторбаев келгенден бери Ош шаары ɵзгɵрдʏ” деген пикир бекеринен айтылбайт. Анын жетекчилиги алдында бир катар маанилʏʏ долбоорлор ишке ашып, шаар туруктуу ɵнʏгʏʏ жолуна тʏшкɵнʏн жергиликтʏʏ тургундар да белгилешет. Инфраструктурадан тартып маданий жана спорттук чɵйрɵлɵргɵ чейинки ɵзгɵрʏʏлɵр шаардын эл аралык аброюн арттырууга ɵбɵлгɵ болууда. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош жаңылануу, ɵсʏʏ жана заманбап ɵнʏгʏʏ доорун баштан кечирʏʏдɵ. Президенттин катышуусундагы ар бир ачылыш, ар бир демилге — бул шаар тургундары ʏчʏн ишенимдин жана келечекке багыттын белгиси. Ош шаарынын бʏгʏнкʏ жʏзʏ — мамлекеттик колдоонун, жергиликтʏʏ бийликтин эмгегинин жана элдин ынтымагынын чагылышы.
Гульнура Ормонова
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр