Кыргызстанда соңку жылдары ата мекендик ɵндʏрʏшкɵ кызыгуу артып, ɵз жергесинде ɵндʏрʏлгɵн азык-тʏлʏктʏ элге тартуулап жаткан ишкерлердин саны кɵбɵйдʏ. Алардын арасында «Бал Ширин» ɵндʏрʏштʏк ишканасы ɵзгɵчɵ орунду ээлейт. Эл арасында даамы менен, сапаты менен, эң башкысы — табигыйлыгы менен таанылган бул бренддин тʏптɵлʏшʏ кичинекей батирден башталып, чоң ишканалык деңгээлге чейин жеткен. Биз «Бал Шириндин» негиздɵɵчʏсʏ Арстанбек Маматовдун эмгек жолун, максат-мʏдɵɵсʏн, ата мекендик ɵндʏрʏшкɵ болгон кɵз карашын баяндайбыз.

ʏй шартынан башталган эмгек
2007-жыл. Жаш жигит Арстанбек ɵзʏнʏн ата-энеси менен бирге ʏйдɵ отуруп кыям кайнаткан учурларын бʏгʏнкʏ кʏндɵ жылуу жылмаюу менен эскерет.
«Атам Тешик-Таш» базарына барып, бир колуна кумшекерди, бир колуна жемиштерди кɵтɵрʏп ʏйгɵ келчʏ. Апам ʏйдɵ ошол жемиштерден кыям жасачу. Мен болсо маршруттан маршрутка тʏшʏп, «Кара-Суу» базарына алып барып, араба менен кыямдарды сатчумун. Биздин биринчи жумушчулар — атам, апам жана мен болчубуз. Ошол кʏндɵр мен ʏчʏн ысык-суугу менен унутулгус мектеп болгон. Эң башкысы, бул иш оңой жол менен башталган эмес», — дейт ал.
Кɵп жыл бою Маматовдордун жасаган кыямдары этикеткасыз, жɵн гана айнек идиштерде базарга чыгарылып келген. Эл «ʏйдɵ жасалган» деп баалачу. 2014-жылы гана «Бал Ширин» деген аталышка токтолушкан.
«Бренд кылбасак болбойт деп кɵп ойлондук. Миң ой келген, акырында «Бал Ширин» деген аталышка токтолдук. Бул соода маркасын алганыбызга да 10 жылдын жʏзʏ болуп калды», — деп эскерет Маматов.
Учурда ишкана 20дан ашуун продукциянын тʏрʏн чыгат: кыямдар (вареньелер) жана тʏркʏн салаттар. Ар биринин ɵзʏнʏн даамы, ɵзʏнʏн сыры бар.


Уникалдуу ыкма жана сапатка болгон талап
«Бал Шириндин» башкалардан негизги айырмасы — уникалдуу рецепт. «Бал Шириндин» башкы айырмасы — ɵзгɵчɵ ыкма менен жасалган продукциялар. Арстанбек мырза ɵзʏ технолог катары кʏн-тʏн дебей изденген жылдарын эскерди.
«Биз канткенде сапаттуу, химиялык кошулмасыз азыкты чыгара алабыз деп кʏнʏ-тʏнʏ ар кандай ыкмаларды сыноодон ɵткɵрдʏк. Акыры, 5–6 жылдан кийин гана ишенимдʏʏ ыкманы ойлоп таптык. Ошондон бери ошол ыкма менен иштеп келебиз».
Ишкананын ички кɵзɵмɵлʏ да ɵзгɵчɵ: ар бир продукцияны алгач ɵздɵрʏ татып кɵрʏшɵт. Жакса гана элге сунуш кылышат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ «Бал Шириндин» продукциялары Кыргызстандын бардык аймактарында сатылат. Тагыраак айтканда, “Глобус” жана “Азия” аттуу соода борборлорунан сатып алууга болот. Ошондой эле Орусия менен Казакстанга да экспорттолуп келет.
«Биздин мɵмɵлɵр таза абада, кʏндʏн нурунда, химикатсыз бышат. Ошондуктан даамы ɵзгɵчɵ. Чет элдиктер биздин кыямдарды жегенде таң калышат. Даамына гана эмес, сапатына да суктанышат», — деп сыймыктанат Маматов.
Жетекчи кардарлардын пикирин чоң мааниге ээ деп эсептейт.
«Соода болгондон кийин ар кандай пикир болот. Жакшы сɵз кубандырса, сын пикир ɵркʏндɵтɵт. «Клиент всегда прав» дегендей, бизге айтылган кемчиликтерди дароо оңдоп, сапатты жакшыртуунун ʏстʏнɵн иштейбиз. Адам деген жаңылат, иш бар жерде сɵзссʏз кемчилик да болот эмеспи. Ал сыңарындай, кээде салаттын тузу аз, же болбосо кыямдын шекери кɵп болуп калат, кээде мɵмɵ-жемиштер майда же чоңураак тууралып калат. Баары жагып, продукциянын идиши жакпай калышы мʏмкʏн. Биз ушулардын баарын тʏшʏнʏʏ менен кабыл алып, ар бир сунушту, кардарлардын каалоолорун аткарууга аракет кылабыз», — дейт ал.


Дыйкандарды колдоо – башкы багыт
«Бал Шириндин» негизги ɵнɵктɵштɵрʏ жергиликтʏʏ дыйкандар болуп саналат. Чийки зат тʏздɵн-тʏз алардан алынат.
«Мисалы,помидор ɵстʏргɵн дыйканды эле алалы. Ал жер айдайт,кʏйʏʏчʏ май коротот. Кɵчɵт сатып алат, отургузат, зыянкечтерден дарылайт. Бирок тʏшʏмдʏ сатууда кыйынчылыктар болот. Биз алардын эмгегин баалап, тʏшʏмʏн базар баасында сатып алабыз. Бул — алардын ʏй-бʏлɵсʏн багышына чоң жардам. Кайсы бир аймакта ɵндʏрʏштʏк ишкана ачылган болсо, ал ишкана миңдеген ʏй-бʏлɵлɵрдун ʏйʏндɵ казанынын кайнашына себепчи болот. Мен ʏчʏн эң чоң ырахат ушул», — дейт Маматов.
Азыркы кʏндɵ ишканада 40ка жакын жумушчу эмгектенет. Бирок ишкананын алдыдагы максаттары чоң.
«Биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Жумушчу орундарды миңге жеткизсек деген аруу тилегибиз бар», — деп кошумчалайт ал.
Ишкердин пикиринде, ата мекендик ɵндʏрʏштʏ колдоо мамлекет ʏчʏн да, коом ʏчʏн да пайдалуу.
«Эгер биз ɵзʏбʏздʏн ɵндʏрʏштʏ ɵнʏктʏрсɵк, жумушсуздуктун саны азаят, мамлекетке салык тɵлɵнɵт, элдин казаны кайнайт. Ал эми чет ɵлкɵдɵн келген продукция кымбат жана сапаты кʏмɵн жаратат. Биздин мɵмɵлɵр кʏндʏн нуруна сиңип,таза суу менен суугарылып, таза абада бышат. Ошондуктан даамы да ɵзгɵчɵ, башка ɵлкɵлɵр суктанаарлык эле», — деп сыймыктанат ал.
Жаңы технология жана билим
Маматов кесиби боюнча инженер-байланышчы болсо да, турмуш аны азык-тʏлʏк ɵндʏрʏшʏнɵ алып келген. Ал ɵз алдынча тамак-аш коопсуздугу боюнча билим алып, атайын курстарды окуп, сертификаттарды алган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ишкананын ɵндʏрʏшʏ 70% автоматташтырылган, 30% кол менен аткарылат. Бул сапаттын жогору болушуна кепилдик берет.
“Биз дайыма жаңы технологиялар менен иштешʏʏнʏ ʏйрɵнʏп, билимибизди ɵркʏндɵтʏп турабыз. Мамлекет да жыл сайын санитардык окууларды уюштуруп турат. Жылына эки-ʏч жолу квалификациябызды жогорулатып турабыз. Биз сапатка жана коопсуздукка ɵтɵ чоң маани беребиз”, — депд ал.

Ата мекендик ɵндʏрʏш — ɵлкɵнʏн кʏчʏ
Арстанбек мырзанын айтымында, ата мекендик ɵндʏрʏштʏ ɵнʏктʏрʏʏ ар бир жарандын ыйык парзы.
“Ар бир жаран кайсы жерде тɵрɵлсɵ, ошол жердин экономикасын кɵтɵрʏʏгɵ салым кошушу керек. Ɵндʏрʏш ɵнʏксɵ, жумушсуздардын саны азаят, мамлекет салык алат, коомго пайда келет. Элдин дасторкону да байыйт”, — дейт ал.
“Бал Ширин” — бул жɵн гана кыям кайнаткан чакан ʏй-бʏлɵлʏк ишкана эмес. Бул — чоң эмгектин, талыкпаган мээнеттин, ʏзгʏлтʏксʏз изденʏʏнʏн жемиши. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул бренд Кыргызстанды гана эмес, чет ɵлкɵлɵрдʏ да багынтып, ата мекендик ɵндʏрʏштʏн сыймыгына айланды.
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр