13 октября, 2025

“Тынчтык жɵнʏндɵ” мыйзамы: Коомчулуктун дʏрбɵлɵңʏ, мыйзамдын авторунун тʏшʏндʏрмɵсʏ

2024-жылдын 7-декабрында президент Садыр Жапаров «Тынчтык жɵнʏндɵ» мыйзамына кол койгон. Бул мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого алынып, президентке сунушталган эле. Акыркы кʏндɵрʏ аталган мыйзам коомчулукта кызуу талкуу жаратып, тʏрдʏʏ пикирлер айтылууда. Айрымдар мыйзамды туура эмес тʏшʏнʏп, «тойлор саат 22:00гɵ чейин эле болот экен» деген ойго келген. Бирок мыйзамдын ɵзʏндɵ тойлорго же башка иш-чараларга тыюу салуу жɵнʏндɵ так талап жок.

Мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дастан Бекешов бул боюнча тʏшʏндʏрмɵ берип, «тойлор сɵзсʏз тʏрдɵ саат 10до бʏтʏшʏ керек» деген норма мыйзамда жоктугун белгиледи:

“Мыйзамда тойлор 10до бʏтсʏн деген жери жок! Тʏнкʏ саат 10дон баштап “Тынчтык жɵнʏндɵ мыйзамда” белгиленген норма бар. Ошол норманы сактоо керек. Калган учурда иштегендер иштей берсин, анткени иштɵɵ — зарыл нерсе. Биз ага каршы эмеспиз. Бирок мыйзамда “тойлор сɵзсʏз тʏрдɵ саат 10до бʏтʏшʏ керек” деген норма жок. Эч жерде андай тыюу салынган эмес.

Бул мыйзамдын автору мен болгонума карабастан, аны ишке ашыруу боюнча тапшырманы президент бардык ишкерлерге мыйзамды сактоо ʏчʏн берген. Бирок айрымдар аша чабуу менен «тойлорду саат 10до токтотсун» деп талап коюп жатышат. Бул — практика жʏзʏндɵ туура эмес. Себеби мыйзамда андай талап так жазылган эмес.”

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын улук тескɵɵчʏсʏ, милициянын майору Замирбек Балтабаев да мыйзамдын негизги максатын тʏшʏндʏрдʏ. Анын айтымында, бул мыйзам калктын тынчтыгын жана бейпилдигин сактоого багытталган:

“Мыйзамдын негизги максаты — калктын тынчтыгын жана бейпилдигин сактоо. Менин бул мыйзамга болгон кɵз карашым оң. Анткени буга чейин жарандардын тынчтыгын камсыз кыла турган так регламент мыйзам тʏрʏндɵ жок болчу. Азыр кабыл алынганы туура деп эсептейм. Себеби тʏн ортосунда же кечки убактарда жарандардын тынчтыгы бузулган ар кандай жагдайлар кɵп кездешет. Эми ошол маселелерди бул мыйзам жɵнгɵ салат.”

Ал мыйзамды бузгандарга айып пул салынарын кошумчалап, жеке жарандарга 10 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 28 миң сомго чейин айып пул каралганын белгиледи. Ошондой эле азан окуу жана диний иш-чараларга эч кандай чектɵɵ жоктугун да эске салды.

Тамадалар да жаңы мыйзамды колдоп чыгышты. Алардын бири Бегали Кадыров буга чейин тʏн ортосуна чейин созулган тойлор эми тартипке келип, эрте бʏтʏп жатканын билдирди:

“Мыйзам чыккандага чейин жай мезгилинде бир жолу тойго барганым эсимде, тʏнкʏ саат 11де башталып, таңкы 2:45те араң бʏткɵн. Ошко кайтып келгиче таң аткан. Ал эми мыйзам чыккандан кийин абал таптакыр ɵзгɵрдʏ. Азыр конокторду саат 5те чакырып, 6 жарымга чейин той башталып, болжол менен 22:30дарда аяктайт. Ɵзʏм алып барган тойлордун кɵпчʏлʏгʏн 22:15тен 22:30да бʏтɵт. Кээде ага да жетпей бʏтʏп калат. Бул мен ʏчʏн да, эл ʏчʏн да абдан жакшы болду.

Эл мурда “тойду кеч баштайлы” деп кʏтʏп турчу, эми тескерисинче “эртерээк баштайлы” деп сунуш кылышууда. Мурун тойлор 8-9да башталып, 11-12ден кийин бʏтсɵ, азыр ошол эле убакыт ʏч-тɵрт саатка алдыга жылды. Тойдун узактыгы ошол бойдон калды, болгону эрте башталып, эрте бʏтʏʏдɵ. Коноктор тарабынан тамак-аш жетишпей калды же сɵздɵр айтылбай калды деген сыяктуу кɵйгɵй болгон жок.

Бул мыйзам биз, тамадалар ʏчʏн да пайдалуу болду. Тойго эрте барып, ʏйгɵ эрте келебиз. Эртең менен эс алып, жумушка же башка иштерге жетишип калабыз. Мурун тʏн бир убакта келип, эртеси чарчап калчубуз. Бул тартип тойго келген конокторго да жагып жатат. Алардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, студенттер бар. Баары эрте эс алып, эртеси энергиясы менен ойгонууга мʏмкʏнчʏлʏк алышты.

Мен бул мыйзамды толугу менен колдойм. Ар бир мамлекетте ɵзʏнʏн тартиби болушу керек. Кээ бир ɵлкɵлɵрдɵ тойго катыша турган адамдын саны чектелген, кээ бир жерде тойду дем алыш кʏндɵрʏ гана ɵткɵрʏʏгɵ уруксат берилет. Ошол сыяктуу бизде да тартип орноду. Бул мыйзамдын кемчилигин кɵргɵн жокмун. Эл колдоп жатса — мен эки эсе колдойм.”

Дагы бир тамада Кожо Жахпаров мыйзам коомго оң таасир бергенин белгилеп, коноктор да, ресторан кызматкерлери да жаңы тартипке кɵнгɵнʏн айтты:

“Эл ”Тынчтык жɵнʏндɵ” мыйзамга эл тез эле кɵнʏп кетти. Азыр алып барган тойлорубуздун дээрлик баары эрте аяктоодо. Эл да, биз да муну туура кабыл алдык. Тойлор эрте бʏтʏп жатканы конокторго эч кандай терс таасир берген жок. Башында биз, тамадалар кеч баштап кеч бʏтʏргɵнгɵ кɵнʏп калгандыктан, жаңы системага ыңгайлашуу бир аз кыйын болду. Ресторанда жарыкта отурганда ɵзʏн ыңгайсыз сезгендер да болгон. Бирок кийин баары кɵнʏп, жакшы кабыл алышты.

Айрым ресторандардын жанында коңшулары жашайт, аларга катуу музыка тоскоолдук кылышы мʏмкʏн. Ошондуктан мыйзамды сыйлап, 10дон кийин элдин тынчтыгын бузбаш керек. Аксакал ата-апалар жашаган ʏйлɵрдʏн жанында той кечке созулса, албетте нааразычылык чыгат. Мурун мыйзам жок кезде адамдар арызданса да той токтобой кала берчʏ. Азыр болсо мыйзам бар — баары так.

Бул мыйзам официанттарга да жеңилдик болду. Официанттардын кɵпчʏлʏгʏ студент же окуучулар болот эмеспи. Мурун алар тойдон таңга жуук ʏйлɵрʏнɵ барып, эртеси окууга же жумушка жетпей кыйналышчу. Азыр болсо саат 10до той бʏтʏп, тʏн ортосуна чейин ʏйʏндɵ болушат. Демек, студенттер да, кызматкерлер да убагында эс алууга жетишет. Жыйынтыгында бул мыйзамды коом да, биз да колдоп жатабыз. Эл ʏчʏн да, иштеген кызматкерлер ʏчʏн да, тамадалар ʏчʏн да пайдалуу болду.”

“Тынчтын жɵнʏндɵ” мыйзамы 5 беренеден турат. Аталган мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунда мындай деп турат:  “Ушул Мыйзам калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жɵнгɵ салат”.

Ал эми коомчулукту дʏрбɵткɵн той маселеси да мыйзамда каралган эмес. Мыйзамда “22:00дɵн кийин той кылууга тыюу салынат” деген норма жок. Мисалы, ушул эле мыйзамдын 3-беренесинин 2-пунктунда: “Тɵмɵнкʏ убакыт аралыгында ʏн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:

— жумуш кʏндɵрʏ — саат 22:00дɵн 07:00гɵ чейин;

— дем алыш жана майрам кʏндɵрʏ — саат 22:00дɵн 09:00гɵ чейин.», — деп жазылган. Демек, той же башка ошого окшогон иш-чаралар, тʏнкʏ клубдар эгер калктуу конушта жайгашкан болсо, 22:00дɵн кийин музыканын ʏнʏн белгилген нормадан бийик кɵтɵрбɵɵгɵ милдеттʏʏ.

Ал эми кайсыл жайларда жайгашкан тойканалар жана тʏнкʏ клубдар же башка ушул сыяктуу иш-чараларды, маареке-тойлорду ɵткɵрɵ турган жайлар аталган мыйзамдын 2-беренеси боюнча ʏндʏ белгиленген нормадан бийик кɵтɵрбɵɵгɵ тийиш? 

«Калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга тɵмɵнкʏлɵр кирет:

— кɵп батирлʏʏ ʏйлɵр, мейманканалар, отелдер, жатаканалар жана турак ʏйлɵргɵ тийиштʏʏ аймактар;

— жеке турак ʏйлɵрдʏ куруу зоналары;

— билим берʏʏ жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды кɵрсɵтʏʏчʏ уюмдардын аймактары жана жайлары;

— жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана (же) убактылуу туруусун камсыз кылуу боюнча кызматтарды кɵрсɵтʏʏчʏ уюмдардын аймактары жана жайлары», — деп жазылган «Тынчтык жɵнʏндɵ» мыйзамынын 2-беренесинде.

Окурмандарга эскертʏʏ: «Тынчтык жɵнʏндɵ» мыйзамы менен кененирээк Юстиция министрлигинин сайтынан таанышсаңыз болот.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author