Жакында эле бул саясатчылар дʏйнɵ тагдырын чечʏʏгɵ жана орус-украин чыр-чатагын кʏчɵтʏʏгɵ аракет кылышканы маалым. Бул жарык дʏйнɵнʏн аманат жарлыгы ушундай экен, бʏгʏн унутула жаздап баратышат…
АНГЕЛА МЕРКЕЛЬ

Ангела Меркель Германияга он алты жыл (2005-2021-жылдары) канцлердик кызмат ɵтɵп, креслону ɵз ыктыяры менен ɵткɵрʏп берген мамлекет башчылардын катарына кирет. Анын христиан-демократиялык партиясынын рейтинги ылдыйлап, бирок бийлик ʏчʏн дагы да кʏрɵшкɵ тʏшсɵ болмок. Анткен жок. Мындан ары саясий кызматтарды ээлебей турганын, “баракты оодараарын” Меркель ɵзʏ айтып чыккан.
Албетте, кантип, эмне айтаарын Меркель тʏшʏнʏп турган: Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынын башталышына саналуу гана айлар калган. Орусиялык арзан газдын мʏмкʏн болушунча пайдаланган Меркель Украинанын ашынган улутчул саясатына жана Киевдин Минск келшимин бузуусуна кɵз жумуп мамиле жасаганы белгилʏʏ. Минск келишими Украина тараптан эмне себептен аткарылбагандыгынын жɵн-жайын ал Украинага бул убакыт согушка даярдануу ʏчʏн зарыл эле деп тʏшʏндʏргɵн. Меркель Орусияга салынган алгачкы санкциялардын да активдʏʏ колдоочусу болгондугу жашыруун эмес.
Отставкадан кийин Меркель ɵзʏн абдан кылдаттык менен алып жʏрдʏ: берлиндик ʏч бɵлмɵлʏʏ ʏйʏнɵ бекингендей олтуруп алып, кээ-кээде гана шамалдап келʏʏ ʏчʏн Испанияга же Швейцарияга чыкчу.
Азыркы учурда ал аз-аздан саясий активдʏʏлʏгʏн жогорулата баштап, Орусия кол салбашы ʏчʏн Европа куралданууга тийиш деп кулак каккандардын бири болуп эсептелет.
ОЛАФ ШОЛЬЦ

Меркелди алмаштырган Олаф Шольц оюндан эч кандай атак-даңксыз эле жылт койгон. Мɵɵнɵтʏнɵн мурда ɵткɵрʏлгɵн шайлоодо анын социл-демократиялык партиясы экинчи дʏйнɵлʏк согуштан кийинки тарыхта эң тɵмɵнкʏ кɵрсɵткʏчкɵ (16,4%) ээ болгону белгилʏʏ. Мɵɵнɵтʏнɵн мурда шайлоо ɵткɵрʏʏ Германияга башкаруучу коалиция кыйрагандан кийин зарыл болгон. Башкаруучу коалициянын кыйрашына негизги себеп болуп немец экономикасынын катары менен ʏч жылдан бери кургуйга кулап баратышы эсептелет.
Украинага 28 миллиард еврого эсептелген “Леопард” танктары жана башка куралдарды жиберип, бундесферди модернизациялоого 100 миллиард евро бɵлдʏргɵн Шольц бʏгʏнкʏ кʏндɵ катардагы депутат болуп кызмат ɵтɵɵдɵ.
ЖО БАЙДЕН

Орустар тарабынан какшык иретинде “Самоходный Байден” атка конгон АКШнын экс-президентинен май айында медиктер тɵртʏнчʏ стадиядагы грессивдʏʏ простата рагын табышты, буга дейре анын жеке дарыгерлери каякты карап жʏрʏшкɵнʏ белгисиз. Жакында экс-президент чиркɵɵгɵ маңдайындагы ʏлкɵн тырыгы менен келди — медиктер базалиомду,анын терисиндеги рак клеткаларын алып салышкан. Эки жыл мурун базилиомду анын кɵкʏрɵгʏнɵн алып ташташкан.Анын когнитивдик кɵйгɵйлɵрʏ мурдагы эле калыбында, эч кайда кеткен жок. Бирок, ал интервьюларды такай берип келет. Би-Би-Си менен майайында курган дилмаегинде ал Трамптын Украина чыр-чатагына карата мамилесин сындады, Орусияга эч кандай территорияны бербɵɵ керек, Орусия анын айыкпас жарасы эмеспи…
Ɵз саясатына ɵкʏнʏʏ, кемчликтерди моюнга алуу деген Байденде жок.Трамптын ага карата”бул Байдендин согушу” деген сɵзʏ суу кечпей турат. Маал-маалы менен президенттик жарышта «мен жеңип чыгышым ыктымал эле» деген мааниде керсейип коет.
БОРИС ЖОНСОН

Британ экс-премьери Борис Жонсон Украинада согуш отун тутандыруучулардын башкы фигуранттарынын бири болуп саналат. Кандуу жаңжалдын ачыктоосуна тʏрткʏ берʏʏчʏ Стамбул келишимин таштанды челлекке ыргытып жиберʏʏгɵ Киевди кɵндʏргɵн да дал ушул Жонсон экени талашсыз. Бирок. аны абийири кыйнабайт.Чындыгында, кыйнашы керек эле. Анын мɵɵнɵтʏнɵн мурда отставкага кетʏʏсʏн шарттаган ызы-чуу эле ɵтɵ катуу резонанс жараткан. Ал турсун, катардагы эле депутат боюнча кала алган жок, партиялаш-консерваторлор аны парламенттен кууп салышкан.
Арийне, мурдагы премьер, мындай личностторго таандык мʏнɵз менен эл аралык маселелерде“эксперт” катары чыгуулары аркылуу акча иштеп табууда. Эл аралык кырдаал боюнча окулган лекциялардын гонорары 200 миң фунт-стерлинг же 21 миллион рублга бааланат. Борис Жонсон “Мен Кенгстонго караганда Киевде барктуураакмын” деп мактанып калаарын айтып жʏрʏшɵт. Кайсыл кадырына мактанат билбейсиң…
КАМАЛА ХАРИС

Трамптын мурдагы атаандашы, обоймадан ыргып чыгып кеткен Хамала Харистин каткырык кʏлкʏсʏнɵн азыр кабар жок. Президенттик ат салышуудан ɵлгʏдɵй кɵңʏлʏ калган Харис ошол бойдон бир нече айлап жаңылыктарды кɵрбɵй-укпай кулинария-шоуга кирип кеткен. Жарыштан жеңилгенден кийин бир гана жолу интервью берип, оюн мындайча шардана кылган:”Саясий системага кайткым келбейт, менин пикиримде ал система сынды”.
Жакын арада Камала “107 кʏн” аттуу китебин чыгарат. Анынт президентикке ат салышуу мɵнɵтʏ ошончо убакытты камтыйт. Китепти албетте Харис ɵзʏ жазган жок, Пулитцеров сыйлыгыны лауреаты Жеральдин Брукс кɵмɵктɵшкɵн. Гонорары демпартияга болгон карызды тɵлɵɵгɵ жумшалаары айтылууда.
Трамп Харистин мамлекеттик сакчыларынын мɵɵнɵтʏн узарткан жок. Жашыруун кызматтын баамында ага эч кандай коркунуч жок.
Абдираим МАМЫТОВ
Окшош макалалар
Депутаттар кышка даярдык, шаардын инфраструктурасы боюнча маселелерди кɵтɵрʏштʏ
Жылуулук камсыздоонун жаңы багыты: Таза энергия жана туруктуу ɵнʏгʏʏ
Сексуалдык тарбия жана коомдогу туура эмес тʏшʏнʏктɵр