25-сентябрда Ош шаардык кеңешинин XIV сессиясы ɵтʏп, кʏн тартибине коюлган 10 маселе каралды. Сессияга катышкан депутаттар шаар тургундарын тʏйшɵлткɵн бир катар кɵйгɵйлɵрдʏ кɵтɵрʏшʏп, тиешелʏʏ жетекчилерге сунуштарын беришти.

“Ынтымак” фракциясынын депутаты Эрнест Кожоев сессиянын кʏн тартибиндеги материалдарды жаңы технологияларды колдонуп, диаграмма жана таблицалар менен камтылган презентация тʏрʏндɵ сунуштоо зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, жыйындарды онлайн кɵрʏп турган шаар тургундары ʏчʏн мындай ыкма маалыматты тʏшʏнʏктʏʏ кылмак. Ошондой эле ал Араван каналындагы суу токтогондугуна байланыштуу жаралган кɵйгɵйдʏ кɵтɵрʏп, Жапалак айылындагы таза суу маселесин чечʏʏ жана электр энергиясынын кубаттуулугун арттыруу ʏчʏн кошумча трансформатор орнотуу зарылдыгын айтты.
“Бир бол” партиясынан депутат Бексултан ʏсɵнов Ош-Араван каналындагы суу убактылуу токтогондугун айтып, жергиликтʏʏ тургундарды таза суу менен камсыз кылуу маселесине кɵңʏл бурду. Ал ошондой эле айрым аймактардагы газ берʏʏ маселесин чечʏʏнʏ жана Б.Осмонов кɵчɵсʏндɵгʏ бак-дарактардын азайып бара жаткандыгына чара кɵрʏʏнʏ сунуштады.
“Жаңы Кыргызстан” партиясынан депутат Хулькар Исамова Курманжан датка кɵчɵсʏнɵ таштанды урналарын орнотууну сунуштап, шаардык кɵрктɵндʏрʏʏ маселесине токтолду. Ошондой эле П.Чайковский атындагы искусство мектебинин от казанын кышка чейин кайра оңдоо зарылдыгын айтты.
“Милдет” партиясынан депутат Дастан Наватов шаардагы таштанды урналарын иреттʏʏ жайгаштыруу маселесин кɵтɵрʏп, таштанды таштоо маданиятын жайылтуунун маанилʏʏлʏгʏн белгиледи. Ал Токтогул паркындагы оюн-зоок жайларынын абалына да кɵңʏл буруп, эс алуу жайын тартипке келтирʏʏ зарылдыгын айтты.

“Ынтымак” фракциясынан депутат Азамат Тургунбаев шаар мэриясынын кышка болгон даярдыгы жана калкты кɵмʏр менен камсыз кылуу маселесин кɵтɵрдʏ.
“Жаңы Кыргызстан” фракциясынан депутат Искак Майлиев “Ош-Тазалык” ишканасы келишим тʏзгɵнʏнɵ карабай айрым аймактардан таштанды алып чыкпай жатканын белгилеп, санитардык абалды жакшыртуу зарылдыгын айтты.
“Ынтымак” партиясынан депутат Гулназ Исаева электр энергиясын алдын ала эскертʏʏсʏз ɵчʏрʏʏ маселесине токтолуп, ɵчʏрʏʏлɵрдʏн графигин тургундарга жеткиликтʏʏ кылуу керектигин билдирди.
“Жаңы Кыргызстан” партиясынан депутат Улукбек Ыктыярбекович Жапалак айылындагы жана башка аймактардагы трансформаторлорду алмаштыруу зарылдыгын кɵтɵрдʏ.
“Бир бол” партиясынан депутат Арыпбек Айтбаев саркынды сууларды тазалоо долбоорунун мɵɵнɵтʏн сурап, электр мамычаларын жаңылоо боюнча сунушун билдирди.
“Мурас” фракциясынан депутат Дамир Калыкбердиев Озгур айылындагы жаңы чектерге электр мамычаларын жана трансформатор орнотуу маселесин кɵтɵрдʏ.
Депутат Кутманалы Абдырахман уулу Ош шаарын электр энергиясы жана газ менен камсыздоо боюнча суроолорду берди. Ал ошондой эле Курманжан датка кɵчɵсʏндɵгʏ жашылдандыруу долбоорунун жоопкерчилигин тактоону сунуштады.
“Жаңы Кыргызстан” партиясынан депутат Зарина Чилова каналдардын тазаланган соң тосулбай калгандыгын айтып, мектеп жана бала бакчалардагы санитардык текшерʏʏлɵрдʏ мыйзам чегинде жʏргʏзʏʏнʏ сунуштады.
“Мурас” фракциясынан депутат Шайырбек Нуранов Озгур айылын таза суу менен камсыз кылуу жана калкты кɵмʏр менен камсыз кылуучу жайлардагы шарттарды жакшыртуу маселесин кɵтɵрдʏ.

“Милдет” партиясынан депутат Гʏлнура Сатывалдиева Тɵлɵйкɵн айылындагы таза суу маселесин ɵз мɵɵнɵтʏндɵ чечʏʏнʏ сунуштады.
“Жаңы Кыргызстан” фракциясынан депутат Айжан Тогузакова Тɵлɵйкɵн айылынын ички кɵчɵлɵрʏн жарыктандыруу жана транспорт маселесине кɵңʏл бурду.
Сессияда Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун жетекчиси Жумали Абышев да маалымат берип, учурдагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин жана суу кʏнʏгɵ текшерилип жатканын билдирди.
Ош шаарынын дизайн-коду боюнча маселе козголду
Ошондой эле, Ош шаардык кеңешинин депутаттары кʏн тартибиндеги 8- маселе – «Ош шаарындагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы кɵрʏнʏшʏ жана маалыматтык жана жарнамалык тʏзʏлʏштɵрдʏ жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелеринин аткарылышы жɵнʏндɵ” маселе каралып, депутаттар тарабынан бир катар сунуштар берилди.
Анда «Милдет» фракциясынан депутат Медербек Абдыманапов шаардагы коммерциялык объектердин кара тʏскɵ боелуп жатканы боюнча кызыкты.
Депутаттын айтымында, имараттардын баары бирдей ак тʏстɵ болуп, коммерциялык объектер бирдей кара тʏстɵ болуп клууда.
«10-сентябрда ушуну карап коелу десем, карабай эле ɵткɵрʏп жиберишкен да, токтомдучу. Сиздердин дизайн-коддоруңарды карап кɵрсɵм, сиздер берген дизайндардын – кɵчɵдɵгʏ имараттардын жетɵɵ кара тʏстɵ да. Шаарды креативдʏʏ, туристтер келе турган шаар, ɵзгɵчɵ адамдар жашай турган шаар катары кɵрɵбʏз. Келсе эле баары кара тʏстɵ. Бизнец центр десең деле кара тʏстɵ болуп турат. Кафе, дʏкɵн деле кара тʏстɵ болуп турса, кара тʏстʏ «траурный свет» деп коет да. Ошондуктан, ɵткɵндɵ суроо-сунушу жок токтом долбоорун ɵткɵрʏп жиберишкен да, «суроо берели, сунуш берели» десем болбойчу. Балким ушуну карап чыгасыздар дагы, шаарда кара тʏстʏ азайтсак да. Мына силер жалаң Тʏркмɵнстандай кылып, ʏйлɵрдʏн баарын аппак кылдыңыздар дагы, коммерциялык объект, соцобъекттердин баарын кара тʏскɵ бое койдуңуздар да. Сизден сураныч, коммерциялык объекттерге, бизнес объекттерге эркиндик берсеңиздер»,- деди ал.
Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Азамат Каныбек уулу Ош шаарында «баары бир тʏстɵ болсун» деген мыйзам жоктугун билдирди.
«Талап ушундай окшойт. Кичи-орто бизнес болобу, кайсыл имарат болбосун долбоорун жасаганда сырткы кɵрʏнʏшʏн кара тʏстɵ жасап жатышат. Бишкекти байкап келсек, ал жакта да ушундай болуп жатат. Негизинен биз «тʏсʏн кара кылгыла» деп эч кимге таңуулаган жокпуз. Мына Ош район тараптагы жолдун бою боюнча бизнесмендер келиптир, «имараттын сыртын ак кылабыз» деп. «Мейли» деп долбоорун жасап бердик. Биз антип «мындай кыл» деп эч кимдин колу-бутун байлаган жокпуз. Жакшы проект болсо колдоп бергенге дайым даярбыз»,-деди Ош шаарынын башкы архитектору.
Ага улайы эле «Жаңы Кыргызстан» фракциясынан депутат Хулькар Исамова да дизайн-код боюнча пикирин билдирип, имараттардын кɵрʏнʏшʏ «бирдей стилде, ретро стиль» болуп жатканын кошумчалады.
Жаңы парк Барпы Алыковдун наамын алып, Лермонтов кɵчɵсʏ Баки Ешмамбетов деп аталат
Мындан сырткары «Ош шаарындагы айрым географиялык объекттердин аталыштары жɵнʏндɵ” маселе каралды.
Тɵрага Болот Баетовдун айтымында, Тʏштʏк-Чыгыш кичи районунда курулуп жаткан жаңы паркка тɵкмɵ акын Барпы Алыкуловдун ысымын ыйгаруу боюнча сунуш тʏшкɵн. Аны менен катар эле Лермонтов кɵчɵсʏнɵ Баки Ешмамбетовдун ысымын ыйгаруу боюнча сунуш тʏшкɵнʏн, ал киши Ош шаарынын “Ардактуу атуулу” наамынын ээси, ОшМУнун ректору болгон.
Депутаттар тарабынан аталган маселени “суроо-жооп” форматына ɵткɵрбɵй эле колдоп беришти. Аталган токтом долбоорду 32 депутат колдоп, бир депутат каршы болду.
Дооран Токтошев


Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды