26 апреля, 2024

“Быйыл бюджеттик мекемеде иштеген бардык кызматкерлер декларация тапшырат”

Жыл жаңырган сайын бардык жерде ɵзгɵрʏʏлɵр болот. Анткени жыл башында жыл ичинде боло туруучу ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ талкуулап, планга кирет. Ɵлкɵдɵ салык тɵлɵɵ жаатында кандай ɵзгɵрʏʏлɵр болот, айрым суроолорго жооп издеп мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына баш бактык. Биздин суроолорго отчёттогу декларацияны кабыл алуу секторунун башчысы Эрмек Маткасымов жооп берди.

ʏйдɵ отуруп иштегендер да патент алат

Эрмек мырза, саламатсызбы, салык тɵлɵɵчʏлɵрдʏ бул жылда эмнелер кʏтɵт, патенттер кыскарды деген сɵздɵр коомдо талкуу жаратып жатат, кенен токтолуп кетсеңиз.

-Кечээ жакында жергиликтʏʏ телеканалдардан айрым маалыматтар туура эмес кетип калды. Азыр мындай болуп жатат, патент жоюлду эмес, бар. Болгону, “мурун болжолдуу тʏрдɵ 100 патенттин тʏрʏ болсо ошол 19га азайды” деп атпайбы, азайган жок, айрым жерлерин башка пункттарга киргиздик. Негизи переченде бар, кыскартылган жок. Ушуну эл туура кабыл алса деген ой.

ʏйдɵ отуруп иштегендер булардыкы долбоор болуп жатпайбы. Ишкердик кɵрсɵтʏп жатат. Атайын аларга кɵрсɵтʏлгɵн патентти алсын деп жатабыз. Эгер патент албаса, мамлекет тарабынан чара кɵрʏлɵт. Административдик айып пулдар салынат. Эгер жеке жак болсо 1000 сом, юридикалык тарап болсо 5000 сомдон айып пулун тɵлɵɵгɵ туура келет. Биздин кызматкерлер тарабынан акт тʏзʏлʏп, кандай киреше таап жатат, аныкталат. Майыптыгы бар адамдар патент тɵлɵсʏн десе эле “салык майыпка да жетиптир” деп коомдо кызуу  талкуу жаралды. Ишкердикти 2 буту бар адам эле кылбайт да, башы жеткен адам кылат, майыптыгы бар адамдар миллиондорду таап жатышпайбы, муну коомдо бɵлʏп кɵрсɵтʏʏнʏн кереги жок.

-Азыр заман талабына ылайык СММ адистери, блогер дегендер бар, булар да салык тɵлɵɵгɵ милдеттʏʏбʏ?

-Ооба, атайын электрондук ишкердик кылгандар бар, алар декларация аркылуу бир жылдык отчётун жабат. Бул биринчи жолу кирип жаткан жок, ɵткɵн жылы деле бар болчу. Мамлекеттин талабын аткарбаса, блогерлерге деле акырындан чара кɵрʏлɵт, буга чейин чара кɵрʏлгɵн эмес.

-Кимдер патент алышы керек?

-Бирдиктʏʏ салык тɵлɵп жʏргɵн ɵткɵн жылкы чачтарач, стоматология сыяктуу чакан ишканалар быйыл патент алат. ʏйʏндɵ короосунун ичинде мончо иштеткендер да патент алат. Бирдиктʏʏ салык боюнча отчёт ɵзгɵргɵн жок. Мыйзам кабыл алынып, азыр долбоор катары айтылып жатат. Мурунку соода-сатык, айыл-чарба, кайрадан иштеп чыгуу 4.2% болуп жʏргɵн, бул ошол бойдон калат. Тигʏʏ-бычуу, текстиль, кайрадан иштеп чыгуучу ишканалар 0.25% , коомдук тамактануу жайындагылар ошол эле 8 % бойдон калды, сауна, бильярд, мончо 8%  бойдон эле калууда, патентке ɵтɵт деген мончолор алар короосунун ичине куруп алып иштетип жаткандар, ал жерде сауна кошулбайт.

Декларацияны кимдер тапшырат?

-Бирдиктʏʏ салык декларациясында быйыл кандай ɵзгɵчɵлʏктɵр болот, жаңыдан тапшыра тургандар кимдер?

-Бирдиктʏʏ салык декларациясы 2023-жылдын февралынан баштап 2022-жылдын декларациясын тапшырып баштайбыз. Быйылкы жылга тапшыра турган декларациянын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ форма 103 деген жокко чыгарылып, форма 100 деген декларацияны тапшыра турган болдук. Ал эми 102 боюнча айта кете турган болсом, былтыры 18 барактан турган болсо, быйыл 10 барактан турат, бир аз жеңилдетилген варианты десек болот. Дагы бир ɵзгɵчɵлʏгʏ – мурда мамлекеттик кызматта иштегендер гана декларация тапшырчу. Ушул жылдан баштап, ɵкмɵттʏн мыйзамына ылайык бюджеттик мекемеде эмгектенген бардык кызматкерлер декларация тапшырат. Айта кетсем мектеп, бала бакча, университеттерде иштеген мугалимдер. Мурун булар жеке жак катары эле каралган. Штатта турган кызматкерлер 155 деген форманы толтурушат, ал эми штатта эмес иштегендер бар (ТОП,  МОП ) алар 100 деген форманы тапшырат. Мындан сырткары муниципалдык кызматкерлер, госрегистр (мурда тапшырчу эмес, быйыл тапшырат), ооруканалар декларация тапшыруу тартибине кирди.

Маалымат катары…

1-февралдан тартып патент боюнча иштердеги ɵзгɵртʏʏлɵр кʏчʏнɵ кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-февралынан тартып патенттин негизинде жʏргʏзʏлгɵн иштин 19 тʏрʏ кыскартылып, 86дан 67 тʏрʏ калат.

Анын ичинде жеке ишкердик иш -56 тʏрдɵн 34кɵ чейин кыскарууда, ал эми жеке эмгек ишмердиги, тескерисинче, иштин 3 тʏрʏ менен толукталып, 30дан 33кɵ чейин кɵбɵймɵкчʏ.

Жеке ишкердик иши

Иштин тɵмɵнкʏ тʏрлɵрʏ алып салынды:

-убактылуу тʏйʏндɵрдʏ колдонуу менен эсептɵɵ жана кɵбɵйтʏʏ техникаларын тейлɵɵ кызматтары, ʏйлɵнʏʏ-ʏлпɵт салондорунун кызматтары, караоке кызматтары, базарларда лото оюндары,

-эт жана канаттуулардын этинен (шашлык, гриль) даяр тамактарды жасоо жана сатуу, нан бышыруу (1 шкаф ʏчʏн) боюнча кызмат кɵрсɵтʏʏлɵр.

Ишкердик иштен эмгек ишмердигине — жер ʏстʏндɵгʏ транспорт иши, ʏн жазуу жана видео тартуу кызматтары, сʏрɵтчʏлɵрдʏн иши, анын ичинде сʏрɵттɵрдʏ жана портреттерди сатуу, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды (музыканттар, тамада, бий жана актёрдук топтор башка сахналык спектаклдер) тейлɵɵ кызматтары которулду.

Жаңы иштин тʏрлɵрʏ менен авто унаа каражаттарын жууп-тазалоо кызматтары, 3 орундуу отургучту пайдалануу менен жеке стоматология кызматтары жана сауна кызматтары (кызматтын наркына жараша) толукталды;

Мындан тышкары, ишмердиктин 16 тʏрʏ бир пунктка бириктирилип, 5 тʏрʏ жаңы аталышка ɵзгɵртʏлдʏ.

Ошондой эле ɵзʏнʏн кыймылсыз мʏлкʏн ижарага берʏʏ боюнча эсептер ɵзгɵрдʏ. Алсак, патенттин баасы 1 чарчы метр ʏчʏн аныкталат, ал эми мурда — бɵлмɵнʏн санына жараша эсептелчʏ.

Жеке эмгек ишмердиги

Иттерди ʏйрɵтʏʏ, жалпы курулуш иштери, электр монтаждоо иштери, санитардык-техникалык иштер жана уюлдук байланышка бирдик жʏктɵɵ боюнча кызматтар жокко чыгарылды.

Тизме жеке эмгек ишмердигинин жаңы тʏрлɵрʏ менен толукталды. Булар — I топтогу майыптыгы бар адам тарабынан кɵрсɵтʏлʏʏчʏ дарылоочу укалоо кызматы, ʏйдɵн иштеген тигʏʏчʏлɵрдʏн, визажисттердин, чач тарачтардын, маникюр жана педикюр боюнча адистердин, ʏйдɵгʏ 100 чарчы метрге чейинки аянттагы жеке мончо кызматтары (аянтына жана жайгашкан жерине жараша),   атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштери.

Жеке эмгек ишмердигин жʏргʏзгɵн жеке жактар жалданма кызматкерлерди ишке тартууга укугу жок.

Мамлекеттик салык кызматы патенттин базалык суммасынын негизинде Бишкек шаары жана райондор боюнча иштин тʏрлɵрʏнɵ карата патенттин суммаларын бекитти.

2023-жылдын 1-январынан тартып патент милдеттʏʏ тʏрдɵ электрондук тʏрдɵ таризделʏʏгɵ (электрондук патент) тийиш.

Мындан тышкары, патенттин негизиндеги салыктын тɵлɵм коду «11122300»ден «11122200»ге ɵзгɵртʏлдʏ.

Иши патенттин негизинде кыскартууга дуушар болгон салык тɵлɵɵчʏлɵр салык тɵлɵɵнʏн башка режимин тандашы керек. Салыктарды бирдиктʏʏ салыктын (салык салуунун жɵнɵкɵйлɵтʏлгɵн системасы) негизинде же жалпы салык режиминде тɵлɵɵгɵ болот.

Элира Чынтемир кызы