29 марта, 2024

Максатбек Маматкулов: “СЫН-ПИКИРЛЕР БИЗДИ ƟСТYРƟТ”

Гезитибиз Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын шаар тургундары менен жакын тааныштырууну, эл ɵкʏлдɵрʏнʏн ой-пикирлерин элге жеткирʏʏнʏ колго алып, алардын ортосунда кɵпʏрɵ болууга аракет кылып келет. Бул жолу маек тɵрʏбʏздɵ архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мʏлк, экология, агрардык жана ɵзгɵчɵ кырдаалдар  маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын мʏчɵсʏ, “Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаты Максатбек Маматкулов болду. Каарманыбыз ɵзʏ, жумушу, келечек пландары тууралуу ой бɵлʏштʏ.  

— Максатбек Бɵрʏбаевич, кепти ɵзʏңʏздʏ тааныштыруудан баштасак.

-Саламатсыздарбы! Мен 1989-жылы 6-майда Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлердин ʏй-бʏлɵсʏндɵ жарык дʏйнɵгɵ келгем. Атам Бɵрʏбай Маматкулов журналист болгон, ал эми апам Эркайым Кадырова туберкулездук диспансерде дарыгер болуп эмгектенген. ʏй-бʏлɵдɵ беш бир туугандын кичʏʏсʏмʏн, эки агам, эки эжем бар. ʏйдʏн кенжеси болгондуктан, башка балдардай эле шок болчумун. Балдар менен мушташып чоңойдук дегендей. Ал эми мектепте жакшы эле окудум. Тарых сабагын ɵзгɵчɵ жакшы кɵрчʏмʏн. Атам спортко жакын болсун деп кʏрɵш секциясына жаздыртып, 10 жылга чукул убакыт машыгууга баргам. Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга тапшырып, юридикалык билимге ээ болдум. Окуу жайды бʏткɵндɵн кийин бир катар чет ɵлкɵлɵргɵ чыгып келдим. Жумуштап Орусияда, Кореяда жана Дубай шаарында жʏрдʏм. Андан кийин шаардын саясатына келип калдым. Жергиликтʏʏ башкаруу системасына аралашып калуума 2020-жылдагы пандемия себеп болду. Анткени ошол учур мага башкача таасир калтырган. Ошондон улам элге кызмат кылайын деген максатта шаардык Кеңешке келип калдым.

Ал эми ɵзʏм ʏй-бʏлɵлʏʏ, ʏч баланын атасымын.

-Депутаттык милдеттен сырткары эмне менен алектенесиз?

-Курулуш тармагында жеке ишкерлик менен алектенебиз. Тагыраагы, пластик терезелерди жасап, орнотуп берʏʏ кызматын кɵрсɵтʏп келебиз.

-Акыркы учурда эл ɵкʏлʏ катары иш сапарларга барып келʏʏдɵсʏз. Тажрыйба алмашуу кандай болууда?

-Мен ички саясатка караганда тышкы саясатка кɵбʏрɵɵк басым жасайм. Анткени башка ɵлкɵлɵрдɵгʏ жетишкендиктерди, жаңылыктарды ɵлкɵбʏзгɵ да алып келсек деген ой. Мисалы, чет ɵлкɵлɵрдɵ жаш депутаттарды мамлекет ɵзʏ каржылап, башка ɵлкɵлɵргɵ тажрыйба алмашууга жɵнɵтʏп турушат. Бизде тескерисинче, жаш депутаттар ɵзʏбʏз демилгелеп, эл аралык форумдарга катышып, тажрыйба алууга аракеттенип келебиз. Буюрса, бул аракетибиздин натыйжасы келечекте ɵлкɵбʏзгɵ сɵзсʏз пайдасы тиет деген ишеничтемин.

-Шайлоочуларыңыз менен жолугушуп турасызбы?

-Шаардык Кеңешке келгенибизге 1,5 жыл болду, жумуштун жʏрʏшʏ менен таанышуу, тажрыйба алмашуунун ʏстʏндɵ иштеп, андан бери шайлоочулар менен жолугушуу уюштура элекмин. Буюрса, жакынкы убакытта жарандар менен жеринде жолугушууларды уюштуруп, маселелерин угуп келебиз деген пландарды коюудабыз.

-Эл ɵкʏлʏ болгондон кийин элден сын-пикир да айтылбай койбойт эмеспи. Ɵзʏңʏздʏн дарегиңизге айтылчу кандай сындан коркосуз?

-Мен сын-пикирден коркпойм, курулай дооматтан корком. Эгерде сынды туура кабыл ала алсак, сын адамдын тʏзɵлʏʏсʏнɵ, ɵнʏгʏʏсʏнɵ ɵбɵлгɵ болот. Эл биздин кʏзгʏбʏз. Андыктан, кандай сын-пикир болбосун угуп, туура эмес жагыбызды оңдоп, иштегенге даярбыз.

-Депутат болгондон бери сизге кандай сындар айтылды?

-Азырынча катуу сын-пикир уга элекмин. Бирок, “катуу депутат”, “жарып ийдиң” деген ɵңдʏʏ кептерди угуп калам (кʏлʏп).

-Кимди кумир тутуп, кандай саясатчы болууну кыялданасыз?

-Атамды кумир тутам. Биздин ʏй-бʏлɵдɵ “Ɵлʏп баратсаң да, чындыкты айт” деген эреже бар болчу. Бул нерсе мага аябай сиңип калганбы билбейм, башка бирɵɵдɵн дагы чындыкты талап кылам жана ɵзʏм дагы чынчыл, акыйкат болгонго аракет кылам. Аздыр-кɵптʏр саясатка аралашып калдым, мында да адилет болууга бар кʏчʏмдʏ жумшайм. Анткени бʏгʏн бар бийлик, эртең жок болуп калуусу мʏмкʏн. Сен калыс, эл менен гана болсоң, бара турчу жериңе эл ɵзʏ эле алып барып, тарта турчу жерден эл ɵзʏ тартып алат. Буюрса, келечекте да жалпы Кыргызстан ʏчʏн кызмат кылам деген ниетим бар.

-Кыргызстанды келечекте кандай кɵрɵсʏз?

-Мен Кыргызстандын келечеги абдан жакшы болоруна ишенем. Маселен, биздин муун жокчулукта чоңойду. Байы да, кедейи да бир ойночу, бир дʏкɵнгɵ киришчʏ, бирдей нерсени жешчʏ. Анда азыркыдай гаджеттер, телефондор жок учур. Балдар ɵздɵрʏ жаратман болушуп, тʏрдʏʏ оюндарды таап, чʏкɵ, кылдырек ойноп, жоктон бар кылган муун ɵсʏп чыкты десем туура болот. Ошол муундун балдары жаштайынан чет ɵлкɵлɵргɵ чыгып, миграцияны тʏшʏнʏп, бутка турушту, ɵздɵрʏн жасашты. Баарыбыз байкагандай, чет ɵлкɵдɵ алдынкы компанияларда иштеген мекендештерибиз да кɵп. Буюрса, бул муун Кыргызстанды жакшы жакка ɵзгɵртɵт деген ʏмʏттɵмʏн. “Агасын кɵрʏп, ини ɵсɵт” деген кеп бар элибизде, андыктан биздин жогорку муун ак иштеп, бизге жакшы ʏлгʏ калтырса, мыкты шарттарды, мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ тʏзʏшсɵ, кийинки муунга да жеңил болот. Улуулардын катасынын ʏстʏнɵн иштɵɵгɵ убакыт кетирбестен, жаңы муун жаңы идеяларды ишке ашырмак. Ɵлкɵбʏздɵ дээрлик бардык мʏмкʏнчʏлʏк бар, ошолорду эле туура колдонсок, келечекте дʏйнɵ суктана турган мамлекетке айлана алабыз. Ал ʏчʏн баарыбыз биргеликте аракет кылуубуз керек.

-Маегиңизге рахмат!