24 апреля, 2024

СЮЦАЙ. МИССИЯҢЫЗДЫ БИЛЕСИЗБИ?

Эсиңиздерде болсо буга чейин сюцай илими, туулган кʏн саны, аң-сезим саны боюнча маалымат берген элек. Бул ирет миссия саны тууралуу баяндайбыз. Ал эми миссия сандары тууралуу айтып берʏʏ ʏчʏн бизге сюцай илиминин чебери Таңнур Сыдыкова жардамга келет.  

Миссия саны кантип аныкталат?

Миссия – бул кыймыл-аракет. Мурда айтылгандай адамга 14 жаштан аң-сезим саны таасир эте баштаса, 24 жаштан баштап миссия саны ɵзʏнʏн белгилерин берип, 33 жаштан тарта толугу менен кʏчʏнɵ кирет. Адамда ушул куракта чоң ɵзгɵрʏʏ болуусу мʏмкʏн.

Мисалы, сиз 15-майда 1990-жылы  тɵрɵлгɵн болсоңуз, анда ар бир санды кошуп, андан чыккан эки орундуу санды да бири-бирине кошуп, бир орундуу санга алып келебиз. 1+5+0+5+1+9+9+1=31, 3+1=4. Демек, мында миссия саны 4 чыкты. Аягында чыккан санга карап, анын кандай адам экендигин, кандай кулк-мʏнɵзгɵ ээ, оң жана терс сапаттары тууралуу сюцай илими айтып берет.

Миссия саны – 1

Миссия саны бирлер башкаруу аркылуу ɵзʏнʏн жан дʏйнɵсʏн тынчтандырышат. Мында сɵзсʏз тʏрдɵ президент, министр же дагы башка кызматта иштɵɵнʏн кереги жок. Мисалы, кол алдында бир адам иштесе дагы, аны башкаруу менен ырахат алышат. ʏй-бʏлɵдɵ болсо да, бирлер ɵз миссиясын таба алат. Бул кɵбʏрɵɵк мырзаларга тиешелʏʏ деп койсок болот. Ал эми биринчи энергиядагы аялдарга бир аз кыйыныраак. Себеби “мен башкарам, мен биринчи болом” деген аракет бар. Бул миссиядагы адамдар кʏчтʏʏ финансист жана стратегдер. Жогоруда айткандай, башкаруу ʏчʏн жаралгандар. Эң жакшы жагы бирлер дайыма позитивде жʏрʏшɵт, баары колубуздан келет деген адамдар болушат. Алар кайсы бир кызматта болсо, ийгиликке бат жетишет.  Терс сапаттары агрессияга тез алдырат, бат ачууланат. “Мен айткандай болушу керек” дешет, эч кимди укпайт. Жалгыздыкка умтулушат.

Кеңеш:

Бирлер меники гана туура дебестен, адамдарды укканды ʏйрɵнʏʏсʏ керек. Ар бир жасаган ишине анализ жʏргʏзʏʏсʏ кажет.

Миссия саны – 2

Миссиясы экилерди психологдор деп коюшат. Анткени алар адамдарды жакшы тʏшʏнʏшɵт. Дипломат болушуп, араздашкандарды элдештирʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏ болушат. Ошондой эле алар кайсы чɵйрɵдɵ, коллективде болбосун ɵзʏнʏн ордун таап кетишет. Экилер жоопкерчилик алгандан качып, башкаруучу эмес, аткаруучулукка кɵбʏрɵɵк ыкташат.

Депрессияга кɵп тʏшʏшɵт, ичимдикке, чылымга берилип кеткендер да болот. Мунун себеби чечкинсиздик, жоопкерчиликтен качуу. Мындан сырткары экилерде манипуляция бар. Алар тымызын отуруп, эки адамдын ортосунда пикир келишпестик жаратуусу мʏмкʏн.

Кеңеш:

Экилер ɵзʏнʏн жашоосу ʏчʏн жоопкерчиликти алууну ʏйрɵнʏшʏ керек. “Эл эмне дейт?” дегенден кутулуп, ɵзʏнʏн ою менен аракет жасоосу кажет.

Миссия саны – 3

ʏчʏнчʏ миссиядагылар дайыма пайданы кɵздɵгɵндɵр. Пайдасы жок жерге барышпайт. Муну аксɵɵктɵрдʏн миссиясы деп коюшат. Алар дайыма жогорку коомго умтулушат. Анализ жасаганды сʏйгɵн адамдар. Бул миссиядагы адамдар жол кɵрсɵтʏʏчʏ, насаатчы, ʏйрɵтʏʏчʏ болсо, жан дʏйнɵсʏ тынч алат. Эгерде ʏчтɵр миссиясын аткарып, бирɵɵгɵ алган билими менен бɵлʏшʏп, башкаларга пайдасын тийгизип жаткан болсо, демек аларга акча да оңой келет.  

Кеңеш:

ʏчтɵр тʏшʏнʏʏнʏ ʏйрɵнʏʏсʏ керек. Баары эле акчага байлануу эмес экенин тʏшʏнʏп, пайданы гана кɵздɵɵдɵн алыс болуусу керек.

Миссия – 4

Тɵрттɵр айлана-чɵйрɵнʏ, адамдарды, дʏйнɵнʏ трансформация кылуучу миссия болуп эсептелет. Булар жаратуучулар, жаңы нерселерди ойлоп табышат. Адамдар менен бат тил табышып, креативдʏʏ иштей алса, анда жумушунда жакшы ийгиликке жете алышат. Ошондой эле тɵрттɵр адилет болгону менен каныкпагандык, ыраазы болбогондук бар жана адамдарды бат алдап коюуга жɵндɵмдʏʏ.

Кеңеш:

Тɵрттɵр ыраазы болууну ʏйрɵнʏʏсʏ керек. Ошондо гана аларга мʏмкʏнчʏлʏктɵр пайда болуп, акча келе баштайт.

Миссия саны – 5

5 – кʏрɵшʏʏ миссиясы. Алар дайыма кʏрɵштʏн ʏстʏндɵ жʏрʏшɵт. Анткени аларда “Мен айткан туура, ушундай болуусу керек” деген принцип бар. Башкалардын пикирин эске албастан, ɵздɵрʏнʏн логикасына ылайык иш тутууга аракет жасашат жана ал ʏчʏн кʏрɵшʏшɵт. Мындан сырткары кичинекей нерседен чоң нерсе жарата алышат. Себеби алар кайсыл кыймыл-аракеттен кийин эмнени жасоосу керектигин билишет. Агымга каршы сʏзʏшɵт. Сезимдерин ачыкка чыгара бербеген адамдар.

Кеңеш:

Булардын биринчи сɵзʏ “жок”. Андыктан булар “макул, ойлонуп кɵрɵйʏн” дегенди ʏйрɵнʏшʏ керек. 

Миссия саны – 6

Чыгармачыл адамдар кɵбʏнчɵ ушул миссияда тɵрɵлʏшɵт. Мисалы, ырчыларды, тигʏʏчʏ-дизайнерлерди же сулуулук тармагында иштегендерди кездештирʏʏгɵ болот. Алтылар ыңгайлуулукту сʏйгɵн, даанышман, ойлогон нерсесин акырындан, адамдар менен конфликтке барбай аткарган адамдар. Аябай эмоционалдуу келишип, болгон учурда депрессияга тʏшʏп, сʏйʏʏ издеп, ɵзʏн кыйнап жашашат. “Мен башкаларга кандай сʏйʏʏ берсем, аларда мага ошентиши керек” деп жообун адамдардан кʏтɵ берет. Ал эми  психо-эмоционалдык абалы позитивде болгондо ɵзʏнɵ гана комфорт издебестен, айлана-чɵйрɵсʏнɵ да комфорт тʏзʏшɵт. Чыгармачылыкта жʏргɵн алтылар жаңы ачылыштарды жасап, ийгилик жарата алышат.

Кеңеш:

Ɵч алууну эңсɵɵдɵн баш тартуусу керек. Сʏйʏʏнʏ башкалардан кʏтɵ бербестен, ɵзʏндɵгʏ сʏйʏʏнʏ адамдар менен бɵлʏшʏʏнʏ ʏйрɵнʏʏсʏ кажет. Анткени алтылар сʏйʏʏгɵ толгон.

Миссия саны – 7

7 – йога менен кризистин миссиясы. Бул адамдар миссияда ɵзʏн абдан ишеничтʏʏ сезишет. “Мен жасай алам, колумдан келет” деп ɵздɵрʏн жылдыз элестетишет. Дайыма башкалардан мактоо, алкыш сɵз угууга умтулушат. Кɵпчʏлʏктʏн ичинде жылдыздай жанып турууну каалашат, алардын башынын ордунда жылдыз бар делет. Эгосу кʏч адамдар. Алар кыймыл-аракети менен ɵзгɵртʏʏ жасай алышат. Ойлогонун дароо ишке ашыра ала турчу жɵндɵмʏ бар. Адамдарды кризиске алып барат, бирок кыймыл-аракети менен кайра андан оңой эле чыгарып коет. Аталган миссиядагылар йога менен машыгуусу керек.

Кеңеш:

Ар бир кыймыл-аракетинде шашпастан, анализ кылганды ʏйрɵнʏʏсʏ зарыл. 

Миссия саны – 8

8 санындагылар ɵзʏнʏн жумушуна байланган адамдар. Алар ʏй-бʏлɵсʏн унутуп, баш-оту менен жумушуна берилип кетишет. Жумуштун майын чыгарып жасаганды жактырышат жана иштɵɵдɵн чарчашпайт, тескерисинче, эс алышат. Акчага умтулуп, ак эмгек аркылуу акча табышат. Ал эми психо-эмоционалдык абалы негативде болгондо жалгыздыкка умтулуп, адамдарга ишенишпейт. Кʏмɵн саноодо жашашат. Ошондой эле жанындагыларды кɵзɵмɵлдɵп, тажатып жиберет.

Кеңеш:

Сегиздер бирɵɵлɵрдʏ кɵзɵмɵлдɵɵдɵн алыс болуп, иштей берʏʏсʏ абзел. Ошондо жашоо жеңил боло баштайт.

Миссия саны – 9

Элге кызмат кылуунун миссиясы – 9. Алар дайыма бирɵɵгɵ жардам берем деген аракетте жʏрʏшɵт, жардам кɵрсɵтʏшɵт. Анткени аларды Жараткан адамдарга жардам берʏʏ ʏчʏн жɵнɵткɵн. Эмоцияга бат алдырышат, эмоционалдык фондо бирɵɵгɵ жардам берʏʏгɵ умтулушат. Тогуздарда да анализ жок. “Ал менин жардамыма муктажбы?” деп ойлонбойт. Жардам кɵрсɵтʏп, анын жообун кʏтʏп, жабыркашат. Ыраазычылык кʏтɵ беришет.

Кеңеш:

Тогуздар жасаган кыймыл-аракетине жооп кʏтпɵстɵн, андан ары аракетин жасоосу керек.

Жумагʏл Кочкорбай кызы