2025-жылдын 11-август кʏнʏ Министрлер кабинетинин тɵрагасынын орун басары – УКМКнын тɵрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына жумушчу сапары менен келди.
Иш сапарынын жʏрʏшʏндɵ УКМКнын тɵрагасы ɵзʏ окуган Валентина Терешкова атындагы мектеп-имаратынын жаңы имаратын кɵрʏп, Ош шаарына Президенттин Турукташтыруу фондунан бɵлʏнгɵн акчага сатып алынган атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.
Чу дегенде эле Ташиев тик учак менен Ахматбек Сʏйʏмбаев стадионуна конду. Анда генералды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏ Элчибек Жантаев, Ош ОИИБ жана Ош ШИИБдин башчылары кʏтʏп алышты.

Нарын шаарынан тʏз эле Ош шаарына учуп келгенин айткан МинКаб тɵрага орун басары Нарында аба ырайы Ош шаарына караганда салкын экенин белгилеп, стадиондун футбол талаасындагы жагымсыз абал боюнча стадиондун директоруна эскертʏʏ берʏʏгɵ жетишти.
«Футболдон кийин стадионду тазалаш керек. Сууну коюп, жакшылап тазалаш керек. Сен караган жоксуң да. Карабаганың билинип калды»,- деди ал.
Андан ары Ташиев Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаттын жаңы курулган окуу корпусу жана жатаканасынын абалы менен таанышып чыкты.
«Бул мектеп эки багытта иштечʏ эле да мурдачы. Биринчи багыт: социалдык жактан аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵрдʏн балдарын окутуу.Экинчи багыт: жакшы окуган окуучуларды окутуу. Бул жакка Кыргызстандын бардык аймактарынан балдар келип окуйт эле. Эми бул жакка окуган ар бир баланы текшерип киргизгиле»,- деди ал.
Атайын кызматтын тɵрагасы ага улай эле Ош шаарындагы ички кɵчɵлɵрдʏн курулуш иштери менен таанышты. Анын ичинде Алишер Навои, Курманжан датка кɵчɵсʏ жана Амир-Темир кɵчɵлɵрʏндɵгʏ курулуш иштерине кɵз жʏгʏрттʏ.
Амир-Темир кɵчɵсʏнɵ барган Ташиев аталган кɵчɵнʏ куруп жаткан ЖЧКнын директору менен баарлашып, курулуш иштерин 31-августка чейин бʏтʏрʏʏнʏ тапшырды.

«Ушул кɵчɵнʏн баарын сен бʏтʏрɵсʏң, ээ? Тротуарлары менен кошо, ээ? Эгемендʏʏлʏк кʏнʏнɵ чейин жол толугу менен бʏтʏшʏ керек. Тротуарлары, тосмолору, асфальттын экинчи, ʏчʏнчʏ катмарларын бʏтʏрʏшʏңɵр керек. Эгер убагында бʏтпɵй турган болсо, убагында бʏтпɵй турган болсо, булар (Ред. УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары) мага «сигнал» берет. Мен сизге «сигнал» берем. Менин «сигналым» чатак, билесиз, ээ? Кʏлбɵңʏз, мен кʏлгɵндɵрдʏ жаман кɵрɵм. Мен кʏлʏп сʏйлɵп жаткан жокмун го сизге. «Серезный» иштегиле, мына бардык жагыңар тɵгʏлʏп-чачылып жатат. Эгемендʏʏлʏккɵ 20 кʏндɵй убакыт калды. Силердин бардыгыңар тɵгʏлʏп-чачылып жатат»,- деди ал.
Камчыбек Ташиев мындан сырткары Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан Ош шаарына курулуп жаткан «Асман резиденс-Ош» турак жайы менен таанышып, курулуш иштери сапаттуу жʏрʏп, курулуш ɵз мɵɵнɵтʏндɵ пайдаланууга берилиши керектигин эскертти.
УКМКнын тɵрагасы андан кийин Ош шаарындагы борбордук аянтка келип, Президенттин Турукташтыруу фондунан бɵлʏнгɵн 500 млн сомго Кытайдан сатып алынган 20 тʏрдʏʏ 120 атайын техниканын ачкычтарын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге тапшыруу аземине катышып, Ош шаарындагы мурагы криминалдык абалды, УКТлар боюнча кеп козгоп, соттордун айлыгы 300 миң сомдон 400-500 миң сомго чейин кɵбɵйгɵнʏн белгиледи.

«Саламатсыздарбы, урматтуу Ош шаарынын, Ош облусунун тургундары! Мына биз Ошто жакшы маанайда, жакшы шарапатта, ушундай сонун иш-чарада жолугуп жатабыз. Бул биздин урматтуу президенттибиз Садыр Нуркожоевич Жапаровдун бʏгʏнкʏ кʏндɵ жʏргʏзʏп жаткан саясатынын кайсыл бир деңгээлдеги жемиштеринин бири деп айтсам болот. Себеби, ɵзʏңʏздɵр жакшы билесиздер, айрыкча Ош шаарында шаарыбыздын акыбалы кандай болуп калды эле? Шаарыбыз ушундай эскирип, каралбай, тʏнɵрʏп, бозоруп калган шаар болуп калды эле. Бирок, ушуну эске алып, урматтуу президентибиз, «мындан ары Ош шаарына чоң жардам кылалы, Ош шаарын кɵтɵрɵлʏ, колдойлу» деген максатта Жеңишбек Шермаматовичти мэр кылып дайындады. Экинчиден, дайындаган кʏнʏ эле айткан болчу, «Ош шаарынын чарбасына иштете турган техникаларды толук боюнча алып бересиң» деп мага тапшырма берген. Ошонун негизинде, Жеңишбек Шермаматович дайындалган кʏндʏн эртеси эле ушул жумушту баштадык эле, мына бʏгʏн баары келип турат. 500 млн сом акча президенттин Турукташтыруу фондунан бɵлʏнʏп берилген. Ошонун негизинде ушул техникалар келди. Мындан ары ушул техникалар Ош шаарынын ичиндеги чарбалык иштерди аткарганга мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар.
Башында биздин акыныбыз Идирис айтып ɵткɵндɵй, мурда-кийин Ош шаарында иштете турган техникасы жок. Мына «Тазалык» ишканасынын техникаларын кɵрʏп жʏрɵсʏздɵр. Баары эски, тʏтɵгɵн, талкаланган, Союз маалынан бери колдонулган… Ушундай техникалар менен жʏрʏп калдык эле. Эми алардын баарын Жеңиш Шермамаматович жок кылсаңыз керек.

Урматтуу эл-журт, ɵзʏңʏздɵр жакшы билесиздер, жасаган жумуштарды кɵз боемочулук менен же бирɵɵнʏ алдап коюу менен, эптеп убактылуу жасап коюу эмес, чындап гана жɵнɵкɵй адамдарга, карапайым эл-журттун турмушун ɵзгɵртɵ турган жумуштарды жасагыла деп президентибиз тапшырма берген. Мен азыр эрте менен Бишкекте болдум. Нарында болдум. Азыр кайрадан учуп кетем. Бул эмнеден кабар берет? Мамлекеттик кызматка келдиңби? Иште. Мамлекеттик кызматка ɵзʏңдʏн кадыр-баркыңды кɵтɵрʏʏ ʏчʏн келбейсиң да. Эл кɵтɵрɵт. Арабызда турган мамлекеттик кызматкерлерге тапшырма иретинде айтып ɵтɵмʏн, кылган ишиңерге эл ыраазы болушу керек. Айрыкча, прокуратура органдары, укук коргоо орагандары, сот органдары, коопсуздук органдары – элдин тʏздɵн-тʏз суроо-талаптарына жооп бермейинче ишиңерге оң баа берилбейт. Мына азыр айтып коюшубуз керек. Азыр жɵнɵкɵй райондун сотунун эң аз алган акчасы, айлыгы 300 миң сом болду. Облустуку андан да кɵбʏрɵɵк. Жогорку соттун судьяларыныкы андан да кɵбʏрɵɵк болду. Ошондуктан, ушул маселени жакшылап карашыбыз керек.
Билесиздер Ош шаары… Азыр айтсам тарых болот. Кээде ɵзʏбʏз деле ишенбей кетебиз, ушундай болдубу деп. Ош шаарында, Ош шаарында эле эмес бʏт эле Кыргызстандын бардык жагында, айрыкча Ош шаары ɵтɵ криминалдашып кеткен. Криминалдар кɵбɵйʏп кеткен. Бандиттер кɵбɵйʏп кеткен. «ОПГшниктер», «кыйынмын» деген баягы чала спортсмендер кɵбɵйʏп кеткен. Бизнесмендерди кыйнап, ал гана эмес мамлекеттик органдарга кол сала башташкан. Мына ошолордун баарын тартипке келтириш ʏчʏн не деген эмгек кетти?
Ойлобогула, мени башка жактан экен деп. Мен да оштукмун. Мен да ушул Ошто чоңойгонмун. Ошто ɵскɵнмʏн, Ошто окуганмын.

Биз баарыбыз эле билебиз, жакынкы эле учурду айтып берейин силерге. Кээ бирлер ойлойт, «бул кандай болуп жатат экен?» деп. Силерде, мына ушул жерде Досонов «Женго» деген криминалдык авторитет бар эле, туурабу? «Женго» дегенде баары унчукпай калышчу. «Женгонун» балдары», «Женгонун» «черныйлары», «Женгонун» кыйындары» болуп, ушундай болуп калышчу. Керек болсо биздин укук коргоо органдарыбыз да унчукпай калган. Бир эле учурду айтып берейин, азыр ал кишинин ʏстʏнɵн ɵтɵ чоң иш бар. Мурда кылган кылмыштарын ачуу процесси болуп жатат. Бир нече кылмыштары. Ɵзʏнʏн эле жердештери… Бир учурду айтып коеюн эми, ачылган кылмыш. Мунун эч кандай жашыра турган нерсеси жок. Ɵзʏнʏн эле жердештерин, мына СИЗОдо наркотикке сайып, ɵлтʏртʏп… 2015-жылы ɵлтʏрткɵн балдарды, мына азыр таап чыктык. Анан дагы кɵбʏ айтышат, «Женго» биздин жердешибиз болгон» деп. Ɵзʏнʏн жердешин ушинтип ɵлтʏрʏп жатат, бандиттер болгон ушунун баары. Ошол бандиттердин бардыгы жок кылынган. Кыргызстандын кайсыл булуң-бурчунда болбосун, бир дагы бандит болбойт мындан ары. Уюшкан кылмыштуу топ деген болбойт. Баары мыйзам чегинде болот. Оштук баягы бандиттердин мʏчɵлɵрʏнɵ айтып коеюн, эгер бирɵɵңɵрдʏ угуп калсам бир жерден, катуу жаза тартасыңар. Жигиттер, катуу жаза тартасыңар. Мыйзамга кайтып, мыйзам чегинде жашагыла!
Башында биз ушу бандиттерди жок кылабыз десек, баары кʏлгɵн. Менин ʏстʏмдɵн кʏлʏшкɵн. «Койчу эй, колуңдан эмне келет?» деп. «Колуңдан келбейт, бандиттерди жок кыла албайсың, булар болгон, боло берет, бардыгы булардын колунда» деп. Мына азыр кандай абал болуп калды?»,- К. Ташиев.
Иш-чаранын соңунда Камчыбек Ташиев автоунаалардын ачкычтарын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге тапшырды.
Дооран Токтошев
Окшош макалалар
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы
ИЗРАИЛЬ КАНТИП ЯДРОЛУК ДЕРЖАВАГА АЙЛАНГАН?