1999-жылкы Баткен окуясы, кыргыз армиясынын калыптанышында ɵзгɵчɵ из калтырган кандуу беттеш болгон. Эч ким кʏтпɵгɵн жерден куралчан террордук топтор биздин аймакка кирип келип, бейкʏнɵɵ жарандарга залакасын тийгизген. Бул жолку маекте ошол учурдун тʏз кʏбɵлɵрʏ — ички иштер аскерлеринин капитаны Октомжан Сабиржанович Мамаджанов жана улук прапорщик Акылбек Жапарович Матсаков менен ошол кандуу тʏн тууралуу маек курдук.
— Октомжан мырза, Баткенге кантип, качан жɵнɵп кеткенсиздер?

— Мен Ички иштер министрлигине караштуу ички аскерлерде взвод командири болчумун. 7703 аскер бɵлʏгʏндɵ кызмат ɵтɵчʏмʏн. 1999-жылдын 22-август кʏнʏ биздин батальонго кабар тʏшʏп, сводный отряд (Редакциядан: «Сводный отряд» — негизги курамын ар кайсыл бɵлʏктɵрдɵн — аскерлер, бийлик органдары, ƟКМ, милиция кызматкерлеринен тʏзʏлгɵн отряд) тʏзʏлʏп, Зардалы тарапка 2 автобус менен чыгып кеттик. Командирибиз — полковник Ашырбек Бакаев болчу.
—Согуштун биринчи кʏнʏн баяндап берсеңиз..
—Биз Эгиз-Талаа деген жерге жеткенде полковник Бакаев мага буйрук берип, “сен прапорщик жана бир солдат менен кɵпʏрɵгɵ тʏшʏп каласың” деди. Калгандары Сары-Талаа деген тарапка кетишти. Ал жерде жапон геологдору жана жергиликтʏʏ жумушчулар турган геологиялык база бар экен. Ошол жерге генерал Анарбек Шанкеев келип: “Мага охранник жана связист бергиле, мен япондордун вагонунда тʏнɵйм, электр жарыгы бар экен”, — деди. Полковник Бакаев буга каршы чыкты: “Ал жер кооптуу, кетпегиле”,- деди. Бирок генерал “ɵзʏм билем” деп укпай кетти. Ошол тʏн – тарыхый тʏн болду.Тʏн жарымында “Аллоху акбар!” деген кыйкырыктан кийин жапондор жашаган вагон жарылды. Вагон, консервалык банкага окшоп асманга ыргып, кʏйʏп-жанып жатты. Биз жардыруу болгон жерге жеткиче тынчып калыптыр. Басмачылар генерал Шанкеев менен япондорду ур-тепкиге алып, унаага салып кетишиптир.

— Кайра базага келип, салгылашууга даярдандыңарбы?
— Ооба, кайра базага келип эле Бакаев: “Генерал туткунга тʏштʏ. Бʏгʏн тʏнʏ сɵзсʏз дагы кол салышат”, — деди. Биз окоп казып, ок-дарыны даярдап, тʏнʏ уктабай чыктык. Жарым тʏнгɵ жакын «аллоху акбар» деп ʏч жолу кыйкырык угулду. Анан заматта гранатомёттон ок жаай баштады. Биз да алардын от чыккан тарабын кɵздɵй ок аттырып жаттык. Эч ким качкан жок, баары тайманбастык кɵрсɵттʏ. Ар бир офицер позицияда, ар биринин колунда автомат, снайпердик мылтык, пистолет бар болчу. Рация аркылуу “ок бʏтсɵ эмне кылабыз?” десем, “рукопашка даяр болгула” деген буйрук келди. Мен акыркы пистолеттеги окту ɵзʏм ʏчʏн калтырдым — душмандын колуна тʏшʏп, кыйналгандан кɵрɵ, ɵзʏмдʏ атып салсам деп ойлогом. Ошол тʏнʏ кыргыз жоокерлеринин тайманбастыгын кɵрдʏм.
—Сизде ошол коогалаңды эске салган буюм калганбы?
— Менин бут кийимим жыртылган болчу. Япондордун жарылган вагонунан сапаттуу тоо ботинкесин таап, кийип алгам. Азыркыга чейин ошол ɵтʏк менде сакталуу. Ар дайым Баткен окуясын эске салат.
Акылбек Матсаковдун эскерʏʏсʏ
– Акылбек мырза, ɵзʏңʏз тууралуу айта кетсеңиз.

– Мен — Акылбек Матсаков Жапарович, 1958-жылы 30-октябрда туулгам. Кесибим боюнча медициналык кызматкермин. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин катарына кошулгам. Ошол убакта 7703 аскердик бɵлугʏндɵ кызмат ɵтɵчʏмʏн.
– Баткенге кантип жɵнɵп кеттиңиз?
– Баткен коогалаңы башталганда аскерлерге “казарма тартиби” киргизилип, бɵлʏмдɵн эч ким чыгууга уруксат берилген эмес. Ал убакта ички аскерлердин башында генерал-майор Шанкеев турган. 1999-жылдын 22-август кʏнʏ бригаданын командири мени чакырып, “Сен генерал Шанкеевге адъютант болуп, Баткенге жɵнɵйсʏң” деди. Анда биздин ички иштер аскерлери Ош шаардык милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери менен биргеликте 70 кишиден турган биргелешкен (сводный) отряд тʏзʏлгɵн. Алар ошол эле кʏнʏ Баткен тарапка чыгып кетишкен.
Биз — генерал Шанкеев, айдоочу жана мен, ошол отряд кеткенден кийин артынан жɵнɵдʏк. Кечке маал чыгып, тʏн ичинде саат 23тɵр чамасында Сары-Талаа деген жерге жеттик. Ал жерде генерал отрядга ɵзʏнʏн кɵрсɵтмɵлɵрʏн берди. Бизден эки чакырымдай тɵмɵндɵ Алтын-Жылга деген жерде япониялык геологдордун лагери бар экен эле. Биздин байланыш кызматкерлери да ошол жерде жайгашкан болчу.

– Ал жакта биринчи атышуу качан башталды?
– Бир маалда дарыянын ʏстʏнɵн ɵткɵн кɵпʏрɵ жарылды. Артынан геологдор жайгашкан вагондор жарылып, ɵрт чыкты. Ошондо полковник Бакаев отрядды эки топко бɵлʏп, “бирɵɵңɵр тоо тарап менен, экинчиңер дарыяны бойлоп ылдый тʏшкʏлɵ” деди. Сводный отряддан 10–12 жоокер ошол эле жерде калды. Калгандары кете беришти. Таңга жуук кайтып келишип: “Баары талкаланып, лагер кʏйʏп кетиптир, андагы бардык адамдарды душмандар туткундап кетишиптир”, — дешти.
– Полковник Бакаев тууралуу айтып берсеңиз.
– Аширбек Бакаев мырза мурда Оогансытандагы согушка катышкан, согуштук тактикаларды жакшы билген киши болчу. Анын так башкаруусунун, тажрыйбалуу жетекчилигинин аркасында биздин отряддан чоң жоготуу болгон жок. Ал геологдордун вагону жарылгандан кийин, “булар бизге сɵзсʏз кол салат” деп баарыбызды окоп казууга, даярдык кɵрʏʏгɵ буйрук берген.

– Кол салуу качан болду?
– Кеч кирип, окоптун ичинде кол салууну кʏтʏп жатабыз. Полковник айтты: “Бул тынчтык шектʏʏ, ɵтɵ тынч болуп жатат”,- деп, асманга бир жолу ок чыгарууну буйруду. Ок чыгарылган замат атышуу башталып кетти. Кɵрсɵ, душмандар бизди каптап, жакын келип калышкан экен. Ошол замат автоматтар, гранатомёт, снаряддар тынбай жаады. 4 сааттан ашык атышуу болду. Таң атканча атышып жаттык. 4:30да багымдат намазына азан айтылганда, атышуу да токтоду. Тоонун ичинде бир заматта тынчтык ɵкʏм сʏрдʏ.
– Жаракат алгандар болгонбу? Медик катары кандай жардам кɵрсɵттʏңʏз?
– Таң аткан соң бири-бирибизди жоктой баштадык. Шʏгʏр, командирдин туура кɵрсɵтмɵлɵрʏ аркасында биздин тараптан жоготуулар аз болду. Милиция кызматкерлеринен экɵɵ, аскерлерден бирɵɵ жарадар болду. Мен медициналык кызматкер болгондуктан, жарадарларга биринчи медициналык жардам кɵрсɵттʏм. Рация аркылуу жарадарлар бар экенин, дары-дармектер тʏгɵнʏп калганын кабарладык. Кийин тан атканда, эки тик учак келди да, жарадарларды Баткенге алып кетишти.
– Согушта жашоо шарты кандай болгон?
– Суу да, тамак да жетишсиз болчу. Кɵбʏнчɵ“сухой паёк” жечʏбʏз. Айрым учурларда суу да таппай калчубуз.
– Сиз ʏчʏн тынчтык деген эмне?
– Тынчтык мен ʏчʏн – бул согушка даяр болуу дегендик. Мекенди коргоо – ар бир атуулдун милдети. Патриоттуулука тарбиялоону мектептин партасынан баштоо керек. Баатырлардын эрдигин жаштарга ʏлгʏ кылып айтып туруу зарыл.
– Мамлекет тараптан кандай колдоо кʏтɵсʏз?
– Баткен коогалаңы болгонуна 26 жыл болуп калды. Бирок, ушул кʏнгɵ чейин анын катышуучуларына эч кандай статус, жеңилдик берилген эмес. Бул – ɵтɵ кейиштʏʏ. Эгерде мамлекет жоокерлерди колдосо, азыркы кызмат ɵтɵп жаткан жаш жоокерлерде да, “согушта курман болсок, бизди унутушпайт” деген ишеним пайда болот эле. Согуштун катышуучуларына статус берилип, алар социалдык жактан колдоого алынса, бул – болочок муун ʏчʏн чоң тарбия болмок.
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы
ИЗРАИЛЬ КАНТИП ЯДРОЛУК ДЕРЖАВАГА АЙЛАНГАН?