20 августа, 2025

Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы

Ош облустар аралык онкологиялык борбору 1976-жылдан бери ʏч облустун: Ош, Жалал-Абад жана Баткендин элин онкологиялык жардам менен камсыздап келет. Учурда борбордо 6,5 миңден ашык рак менен ооругандар каттоодо жана жылына орточо 1,5 миң жаңы учур аныкталат. Оорулардын тʏрлɵрʏ арасында кɵкʏрɵк безинин, жатын моюнчасынын, ашказан, ɵпкɵ жана боор рактары алдыңкы орунда турат.

Борбордун имараты эски, жабдуулар жɵнʏндɵ кɵйгɵйлɵр бар, бирок, донорлор менен эл аралык ɵнɵктɵштɵрдʏн жардамы менен техникалык жаңылануу жана жаңы оорукана куруу долбоору жʏрʏʏдɵ.

 Бул макалада борбордун тарыхы, тʏзʏмʏ, статистикасы, жабдуулары, дарылоо ыкмалары, санариптештирʏʏ иштери жана келечек пландары комплекстʏʏ тʏрдɵ баяндалат.

Ош облустар аралык онкологиялык борборунун директору Зарипахан Паизова:

-Ош облустар аралык онкологиялык борбору 1976-жылы Ош шаарында тʏптɵлгɵн. Борбордун алгачкы имараты  Кара-Суу районунун Шарк айыл ɵкмɵтʏндɵгʏ Калинин колхозунун аймагында жайгашып, 100 керебетке ылайыкташкан. 2010-жылы уюштуруу чечими боюнча борбор экиге бɵлʏнʏп, биз экинчи имаратка — мурдагы балдар бакчанын имаратына кɵчʏп келдик. Учурда борбордо ʏч негизги бɵлʏм иш алып барат: хирургия бɵлʏмʏ, химиотерапия бɵлʏмʏ жана амбулатордук диагностикалык бɵлʏмʏ. 100 керебеттен 50сʏ хирургияга, 50сʏ химиотерапияга каралган.

-Жалпысынан борбордо 135 кызматкер эмгектенсе, алардын ичинен 28и дарыгер, 43ʏ орто медициналык персонал (медайымдар), 38и кичи медайымдар болсо, калган кызматкерлер чарба жана техникалык бɵлʏмдɵрдɵ иштешет. Кадрларды узак мɵɵнɵттʏʏ кармоо жана квалификацияны жогорулатуу борбордун приоритеттʏʏ багыттарынын бири.

-Биздеги дарыгерлер жана мед.персоналдар квалификациясын жогорулатуу ʏчʏн Италия, Казакстан, Орусия жана Тʏркияга тажрыйбасын жогорулатуу ʏчʏн барышат. Ɵзʏм дагы акыркы жолу 2021-жылы Орусияга барып, тажрыйбамды жогорулатып келдим. Кɵп учурда окууга жɵнɵтʏʏ ʏчʏн бизде каражат жетишсиз болуп калгандыктан, дарыгерлерибиз ɵзʏн ɵзʏ каржылап, окууга барып келишет. Ал эми борбордо жыл сайын ар бир дарыгер кеминде 50 сааттык адистештирʏʏ программаларынан ɵтʏп турат. Бул да болсо тажрыйбаны жогорулатууга, ага кошумча тажрыйба алмашууга багыттаган жакшы ыкма деп айта алам. 

-Борбордун каттоосунда учурда болжол менен 6,5 миң залалдуу шишик (онкологиялык ооруу) менен катталган бейтаптар бар. Жыл сайын орточо 1,5 миң бейтапта рак боюнча  биринчи жолу диагноз коюлат (первичный диагноз). Ал эми оорулардын таралышы боюнча алдыдагы рак ооруларынын беш негизги тʏрʏ тɵмɵнкʏлɵр:

1. Кɵкʏрɵк безинин рагы;

2. Жатын моюнчасынын (цервикалдык) рагы;

3. Ашказан рагы;

4.  Ɵпкɵ рагы;

5. Боор рагы.

Бул тенденциялар аймактык экологияга, жаштардын тамактануу адаттарына, социалдык-экономикалык шарттарга жана медициналык маалыматка жеткиликтʏʏлʏктʏн деңгээли менен тʏздɵн-тʏз байланышкан. Азырынча бул боюнча алдын алуу программаларын кʏчɵтʏʏнʏ пландап жатабыз.

-Диагностика жана дарылоо мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн кеңейтʏʏ ʏчʏн заманбап жабдууларга муктаждык чоң. Эң олуттуу маселелерибиздин бири: мамографтардын эскириши, эндоскопиялык жабдуулардын бузулганы жана радиотерапия (нурдук терапия) ʏчʏн заманбап аппараттын жоктугу. Азыркы учурда донорлор жана эл аралык уюмдар менен сʏйлɵшʏʏлɵр жʏрʏʏдɵ. Мисалы, азыр жапон тарап менен диагностика жана рентген жабдууларын сатып алуу боюнча макулдашып жатабыз. Ага байланыштуу IMRT (интенсивдʏʏ модуляцияланган нур терапиясы) жана башка радиологиялык жабдууларды алуу пландалууда. Эки жылдын ичинде тиешелʏʏ аппараттарды алып келип, орнотуу кʏтʏлʏʏдɵ.

2014-жылы борборубузга берилген УЗИ аппаратын азыркыга чейин иштетип келебиз. Ушул тапта ʏч УЗИ аппаратыбыз бар. Анын бири портативдик -“Кызыл Крест” фонду тарабынан берилген. Эндоскопиялык аппаратыбыз дагы бузулуп, жаңысына буюртма бергенбиз. Ал эми мамографыбыз эскиргендиктен, кɵп аялды бир кʏндɵ текшерʏʏ мʏмкʏн эмес болуп жатат.

-Онкологиялык ооруларды дарылоо ʏч негизги этап менен ɵтɵт: диагностика, хирургиялык (же локалдык) дарылоо жана системалык дарылоо (химиотерапия). Борбордо хирургиялык жана химиотерапиялык дарылоонун тʏрлɵрʏ кеңири колдонулуп келет, бирок,  нур менен дарылоо толук кандуу жʏргʏзʏлɵ элек.  Кошумча имаратыбыз  мурунку бала бакчанын эски имараты болгондуктан, шарттар бейтаптарга кээ бир учурларда жетишсиз болуп калат. Бул кɵйгɵй менен азыркы кʏнгɵ чейин алышып келебиз. Учурдагы негизги кɵйгɵйлɵрʏбʏздʏн бири — койка-орундардын тартыштыгы, паллиативдик бɵлʏмдɵрдʏн аздыгы жана жалпы инфраструктуранын эскилиги. Химиотерапия бɵлʏмʏндɵ 10 паллиативдик койка бар, кɵбʏнчɵ 4-даражадагы оорулары бар бейтаптарды ошол орундарга жаткырабыз. Койка жетиштʏʏ болсо, алыстан келген бейтаптарды жаткырууда кыйынчылык жаралып, коомчулукта нааразылык пайда болбойт эле. Донорлор менен жаңы заманбап оорукана курулса, койка саны кɵбɵйɵт деп ʏмʏттɵнɵбʏз.

-2024-жылдын январь айынан тарта борборубузда санариптештирʏʏ процесстерин баштаганбыз. Поликлиникаларда электрондук кезек тутумдары иштеп жатканы менен онкологиялык борбордо электрондук кызматтар азырынча толук ишке кире элек. Документ жʏгʏртʏʏнʏ электрондук форматка ɵткɵрʏʏ жана «Ден соолук» маалымат системасын интеграциялоо боюнча иштер уланууда. Саламаттык сактоо министрлигинин жана ЦЭЗдин ɵкʏлдɵрʏнʏн катышуусунда конференциялар ɵткɵрʏлʏп, кемчиликтер аныкталууда. Бул боюнча дагы ишти кɵзɵмɵлгɵ алып, толук кандуу санариптештирʏʏгɵ ɵтʏʏ планыбыздын бири.

-Онкологиялык оорулардын ɵсʏшʏ жана жаш курактын тɵмɵндɵшʏ комплекстʏʏ себептерге байланыштуу: туура эмес тамактануу, психологикалык стресс, экологиялык факторлор (мисалы, айрым айыл чарба жерлеринде химиялык каражаттардын колдонулушу), миграция жана чет ɵлкɵлɵрдʏн шарттарына байланыштуу таасирлер. Ɵз байкоом боюнча, тʏштʏк аймактарда тамеки тартуу жана пахта талааларындагы химиялык каражаттардын терс таасиринен кɵбʏрɵɵк кездешет.

-Ош облустар аралык онкологиялык борборунун негизги приоритеттери — жабдууларды жаңыртуу, заманбап радиологиялык жана рентген аппараттарын алуу, имаратты оңдоо же жаңы оорукана куруу, койка-орундарды кɵбɵйтʏʏ жана санариптештирʏʏнʏ толук киргизʏʏ. Донорлордун жана эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу кызмат кɵрсɵтʏʏнʏн сапатын жогорулатууга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏʏ.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author