27 июля, 2024

Кɵп басуунун пайда жана зыяны

Кыймыл бул  –  жашоо дейт. Ошон ʏчʏн “кɵп баскан пайдалуу” деген тʏшʏнʏк эл ичинде калыптанып калган. Бирок, айрым учурларда кɵп басуу ден соолукка зыян келтириши мʏмкʏн. Кантип дейсизби? Макаланы андан ары улантыңыз. Тиешелʏʏ адис басуунун пайда жана зыяндары тууралуу айтып берет.

Абдимуталиб Мамасаидов, медицина илимдеринин доктору, профессор, терапевт, жогорку категориядагы ревматолог:

“Пациенттерге скандинавиялык басууну сунуштайбыз”

-Доктор, айтсаңыз, жɵɵ басуунун пайдасын го билебиз, ден соолукка зыяны барбы?

-Негизинен жɵɵ басуу организмге пайдалуу. Айрыкча муун оорусу бар адамдар ʏчʏн. Ошол эле учурда айрым зыяндуу жактарын да эске алуу зарыл. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ дʏйнɵ жʏзʏ боюнча эки миллиарддан ашуун же болбосо 30% эл муун оорулары менен жабыркайт. Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюму 2000-жылдан 2010-жылга чейин муун оорулары менен кʏрɵшʏʏнʏн он жылдык программасын иштеп чыккан. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой, онкологиялык оорулардын, жʏрɵк кан тамыр ооруларынын айынан адам ɵмʏрʏ коркунучка кептелсе, 20% адам муун ооруларынан улам ишке жараксыз болуп калышы мʏмкʏн. Статистика боюнча бир адам инфаркттан кɵз жумса, он адам муун ооруларынын айынан майып болот. Муун ооруларын изилдɵɵ жана дарылоо боюнча жазылган бардык китептерде “кɵп баскыла” деп айтылат. Бирок, бул оорунун стадияларына карата айтылган сɵз. Мисалы, муун ооруларынын башталгыч стадиясында канчалык кɵп басса ошончо жакшы. Себеби, ал адамдын жашы али улгая элек жана муундарда ɵтɵ олуттуу ɵзгɵрʏʏлɵр боло элек учуру. Убакыт ɵтʏп оорунун 3-стадиясына жеткенде 1-2 сааттан баскыла деп айтабыз. Ал эми акыркы тɵртʏнчʏ стадиясына барганда кɵп кыймылдоо, тескерисинче, ооруну кʏчɵтɵт. Мындай учурда бейтап зарылдыгына жараша гана кыймылдаш керек. Акыркы жылдары скандинавиялык басуу актуалдуу болуп, пациенттерге сунушталып келет. Швеция, Финландия, Норвегия сындуу Скандинавия ɵлкɵлɵрʏндɵ лыжаны аябай кɵп тебишет. Жайында болсо лыжанын таягын кармап алып басышат, биз сɵз кылып жаткан скандинавиялык басуу ушул. Биздин бейтаптар сɵзсʏз лыжанын таягы болбосо да кадимки таякты колдонсо болот.

“Жʏрɵк оорусу барлар нормадан ашыкча баспоосу керек”

-Кайсы адамдарга кɵп баспоону айтасыздар?

-Муун оорулары негизинен зат алмашуунун начарлашынан келип чыгат. 70 жаштан кийин 90-100% адамдар муун ооруларына кабылат. Улгайган адамдарда болсо кан тамырлар ар кайсы себептерден улам кичирейип кетет.  Ошондуктан жɵɵ басканда кан тамыр булчуңдары кеңейип, кан айлануу жакшырат. Организм калыбына келет, булчуңдар жумшайт, дем алуу жɵнгɵ салынып, жʏрɵк кан тамыр системасынын иштɵɵсʏ жакшырат.

Басууда организмдин жалпы абалына, анын ичинде жʏрɵктʏн иштɵɵсʏнɵ да кɵңʏл бɵлʏʏ зарыл. Эгер пациенттин жʏрɵк оорусу болсо, кыймылды азайтуу керек. Мындай учурда нормадан ашыкча басуу, кыймыл-аракет жасоо жʏрɵккɵ кʏч келтирип, кɵйгɵй жаратат. Эч жери оорубаган, дени сак жаштар басууда муундарга максималдуу кʏч келтирсе боло берет. Ал эми жаш кезинен машыккан адамдарда активдʏʏлʏк жогору болуп, муундары оңой-олтоң чарчабайт. Бирок, спорт менен алектенбеген адамдарда нормадан ашыкча кыймылдоо бардык организмде кɵйгɵй жаратып коюшу мʏмкʏн. Ошондуктан абалга карап жɵɵ басууну аз-аздан кɵбɵйтʏп баруу керек.

Side View of a Beautiful Woman Walking

ʏй кожойкеси, кʏнʏнɵ эки саат басып туруңуз!

-Мага жумасына элʏʏдɵй адам келсе алардын 80%ы кыймыл-аракет жасаганда муундары кырсылдаган симптомдор билинип жатканын айтышат. Бул артроз оорусунун анык белгиси. Ал эми жʏз адам муун оорулары менен кайрылса, анын ичинен токсону артроз тʏрʏ болот. Бул кɵбʏнчɵ 40-50 жашта башталып, 60 жашка барганда алгачкы белгилерин бере баштайт. Мында кɵп басуу ооруну ого бетер кʏчɵйтʏшʏ мʏмкʏн. Ошондуктан мындай адамдар кыймыл-аракетти бир аз азайтканы дурус. Антсе креслодон турбай отуруп алып же ʏйдɵ жатып албаш керек, бул тескерисинче, зыян.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бардык шарт ʏй ичинде тʏзʏлʏп, кɵпчʏлʏк ʏй кожойкелерибиз зарылдыгына жараша гана кыймылдайт. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ муун ооруларынан сырткары, семирип кетʏʏ сыяктуу кɵйгɵйлɵр жана боор оорулары да кɵбʏнчɵ аялдарда катталууда. Аларга тʏшкɵ чейин бир саат, тʏштɵн кийин бир саат басып, кыймылды кɵбɵйтʏʏнʏ сунуштайбыз. Жаштардын арасынан да артрозго кабылгандар жок эмес. Бул кандайдыр травмадан, сезгенʏʏдɵн же спорт менен кɵп алектенип, ашыкча кʏч келтиргенде пайда болот. Спортчулар жана машыктыруучулар мага капа болбосун, алардын кɵпчʏлʏгʏ эртерээк жыйынтык чыгарып, чемпион болуу ʏчʏн денеге ашыкча кʏч келтиргендиктен, 30-35 жашка барып муун ооруларынан жабыркап жатышат. Муну менен жаштарга кыймылды азайтып, жатып алгыла деп айтпайбыз, болгону ченемден ашпоону да ʏйрɵнʏʏ керек.

“Жɵɵ басуу негизги дарылоого кирбейт”

-Жɵɵ басуу дарылоого киреби?

-Баса белгилеп кетʏʏчʏ нерсе, биз жогоруда сɵз кылып жаткан жɵɵ басуу медикаментоздук эмес дарылоонун методу же болбосо табигый фактордун негизиндеги дарылоо ыкмасы болуп саналат. Бул бардык учурда дарылоого кошумча ыкма болуп эсептелет. Негизги дарылоо диагноз аныкталгандан кийин дарылар аркылуу жʏргʏзʏлɵт. Кудай бетин ары кылсын, эгер муун ооруларынын акыркы баскычы менен пациент басалбай калса, негизги дарылоо хирургиялык жол аркылуу жʏргʏзʏлɵт. Демек, жɵɵ басуу негизги дарылоого кошумча колдонулган ыкма экенин эстен чыгарбашыбыз керек.  

Жɵɵ баскан адамдын жалпы абалы:

Мээ

    Аптасына эки сааттан эки ирет жɵɵ басып сейилдɵɵ инсульттун пайда болушун 20%га кыскартат. Ошондой эле интеллектуалдык жана чыгармачылык жɵндɵмдʏ кʏчɵтɵт.

Маанай

Кʏнʏнɵ 40 мʏнɵттʏк жɵɵ басуу зат алмашууну жакшыртып, депрессиянын симптомдорун 36%га жок кылат.

Сɵɵктɵр

Аптасына 4 саат жɵɵ басып туруу сɵɵктɵрдʏ бекемдеп, сынып калуу коркунучунан 46%га сактайт.

Тамактанып бʏткɵндɵн кийинки сейилдɵɵ канттын деңгээлин 50%га кыскартып, кʏнʏнɵ 3 500 кадам басуу кант диабетин 29%га алдын алат.

Жашоо

Аптасына 75 мʏнɵт жɵɵ басуу жашоо мɵɵнɵтʏн кеминде эки жылга узартат.

Жʏрɵк

Кʏнʏнɵ 30-60 мʏнɵттʏк басуу жʏрɵк кан тамыр ооруларын алдын алат.

Эс тутум

Аптасына 3 жолу 50 мʏнɵттɵн сейилдɵɵ мээнин узак мɵɵнɵттʏк эс тутум жана пландаштыруу жɵндɵмʏ менен байланышкан бɵлʏгʏн коргойт.

Салмак

Кʏнʏнɵ бир сааттан сейилдɵɵ семирип кетʏʏ коркунучун 50% азайтат.

Кызыктуу факт:

Жайкы олимпиадалык оюндар тизмесинин жеңил атлетика тʏрлɵрʏндɵ спорттук басуу (спортивная ходьба) да бар. Мында спортчулар чуркабайт, чукул аракеттерди жасабайт, болгону 25-30 километр аралыкка белгиленген эрежелерине ылайык басып барышат.  Спорттун бул тʏрʏ 1882-жылы Англияда пайда болуп, 1992-жылы олимпиадалык оюндар тизмесине киргизилген. Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин аялдар жана эркектер арасындагы белгилʏʏ спорт катары олимпиада оюндарынын кɵркʏн ачып келет.

Айжылдыз Тойчиева