26 апреля, 2024

“Ош мамлекеттик университети ишинен ʏлгʏ алчу алдыңкы окуу жай”

Ош мамлекеттик университети медициналык билим берʏʏ, медициналык кызмат кɵрсɵтʏʏ багытында кескин реформаларды жасоодо. Окуу жайдын акыркы жылдардагы медицина багытында жасап жаткан алгылыктуу иштери тууралуу окурмандарды кабардар кылуу ʏчʏн биздин редакция ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков менен баарлашты.

— Айтсаңыз агай, Ош мамлекеттик университетинде медициналык билим берʏʏ багытында кандай жаңылыктарыңыздар бар?

— Сурооңузга рахмат, чындыгында  ОшМУ акыркы жылдары медициналык билим берʏʏдɵ алгылыктуу иштерди жасап жатат. Биздин окуу жайда медицина жана эл аралык медицина факультеттерибиз, дипломдон кийинки ʏзгʏлтʏксʏз билим берʏʏ борбору, медициналык колледждерибиз бар. Медицина багытында билим алып жаткан 15000ден ашуун студенттерибиз жана ординаторлор ʏчʏн сапаттуу билим берʏʏгɵ бардык кʏч аракеттер жумшалып жатат. Академиялык мобилдʏʏлʏк жана интернационалдаштыруу багытында дʏйнɵнʏн 33 ɵлкɵсʏндɵгʏ 300дɵн ашуун университеттер менен кызматташып келебиз. Медицина багытында билим алып жаткан студенттерибиз, ординаторлорубуз да эки тараптуу келишимдердин алкагында алыскы жана жакынкы чет ɵлкɵлɵрдɵн билим, тажрыйба алмашып келишет.

Медициналык билим берʏʏ ʏчʏн окуу жай атайын шаардын тʏштʏк-батышында жайгашкан “Ак-Буура” кампусунда толук шарттарды тʏзгɵн.  Аталган кампуста факультеттердин окуу корпустарынан сырткары медициналык клиника, эки Димедиус, Морфология, виртуалдык лабораториялары  да жайгашкан. Быйылкы окуу жылында медицина факультети ʏчʏн эки, эл аралык медицина факультети ʏчʏн эки заманбап лекциялык залдар пайдаланууга берилди, ошондой эле окуу корпустары оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵттʏ. Спорттук аянтчалар да заман талабына ылайык  модернизацияланды. Студенттер окуу, ɵндʏрʏш, илимди бирге алып кетʏʏ менен заманбап технологиялар менен жабдылган клиникаларда кɵндʏмдɵрʏн  калыптандырса мыкты дарыгерлер, эл аралык талапка жооп берген адистер чыгат деп ишенебиз.

—  Окуу жайдын медициналык клиникасы деп калдыңыз, биз кечээ аталган клиникада алгачкы жолу операция жасалгандыгын уктук. Ушул тууралуу да айтып ɵтсɵңʏз?

— Туура,  медициналык клиника кʏн санап ɵнʏгʏʏгɵ багытталган  концепцияларды  тʏзʏп, акыркы ʏлгʏдɵгʏ жабдууларды жана технологияларды сатып алып, шаар тургундары, университеттин бардык кызматкерлери жана студенттер ʏчʏн кызмат кылууда. Клиникада жакында жандандыруу, хирургия бɵлʏмдɵрʏ жана операция жасоочу обочо ачылды. 26-январда клиникада ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык тʏрʏ жасалып баштайт.

Бɵлʏмдʏ акыркы заманбап ʏлгʏдɵгʏ медициналык шаймандар менен камсыздадык. Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лапароскоп аппараты да алынып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.

— Демек, медициналык кызмат кɵрсɵтʏʏ багытында жаңы кызматтарды калкка сунуштап жатыпсыздар, медициналык клиникада тʏзʏлʏп жаткан шарттар боюнча кененирээк айтып ɵтсɵңʏз?  

—  Биздин студенттер, ординаторлор шаардагы бардык ооруканаларда жайгашкан клиникалык базалардан практикадан ɵтʏшɵт.  Мамлекеттин ар бир медициналык билим берген окуу жайда жеке клиникасы болуш керек деген талабына ылайык мурунку ректор Каныбек Исаковдун демилгеси менен  Ак-Буура кампусунун аймагында медициналык клиника курулуп, 2014-жылы пайдаланууга берилген. Учурда ал жай ОшМУнун  медициналык клиникасы катары кызмат кɵрсɵтɵт. Клиникада 4 бɵлʏм бар. Амбулатордук-диагностикалык, терапия,  стоматология, хирургия бɵлʏмдɵрʏ.  Амбулатордук-диагностикалык бɵлʏмдɵ 2021-жылы 13292 бейтап кароодон ɵткɵн болсо, 2022-жылы  29 миңге жакын  мугалим, студенттер жана бейтаптар, медициналык кароодон ɵткɵн. Терапия бɵлʏмʏндɵ 10 кʏндʏк стационардык дарылануудан 1500 бейтап дарыланган. 2022-жылдын октябрь айында ачылган стоматология бɵлʏмʏнɵ 512 бейтап кайрылган. Клиникада тажрыйбалуу адистер эмгектенишет.

Медициналык клиника жаңы ачылганда амбулатордук-диагностикалык жана терапиялык бɵлʏмдɵр гана иштеп, студенттерди, окутуучуларды акысыз ар жылы медициналык кароодон ɵткɵрʏʏ кызматын кɵрсɵтʏшкɵн. Учурда дагы кошумча бɵлʏмдɵр ачылып, студенттер тыкыр медициналык текшерʏʏлɵрдɵн ɵтʏшʏʏдɵ. Клиниканын ɵзʏнʏн кɵп тармактуу дарттарды аныктоочу лабораториясы дагы бар. Бул да болсо бейтаптардын клиниканын ичинен сыртка чыкпай толук кандуу дарттарын аныктоосуна ɵбɵлгɵ тʏзɵт. Стационардык дарылануудан ɵтʏʏнʏ каалаган бейтаптар ʏчʏн толук шарттар тʏзʏлгɵн. Ар бир экинчи дарылануучуга бир орун каралган, ичинде жуунучу бɵлмɵлɵрʏ да бар. Медициналык клиникага дарыланып жаткандар ʏчʏн УЗИ, рентген, физкабинет, массаж жана йога бɵлмɵлɵрʏ кызмат кɵрсɵтʏп, 3 маал ысык тамак берилет. Клиниканын кɵп тармактуу лабораториясынан алынган анализдер архивге топтолот, мындан медицина багыты боюнча илимий изилдɵɵ жʏргʏзгɵн докторанттар, ординаторлор  изилдɵɵ иштеринде пайдалана алышат.

— Медицина багытында алдыда дагы кандай реформалар жʏрɵт?

  -Ош мамлекеттик университети учурда  бир гана билим бербестен келечекке ар тараптан ɵнʏккɵн кадрларды даярдоо менен ɵлкɵнʏн социалдык-экономикалык абалына реалдуу салым кошуу ʏстʏндɵ иштеп жатат. 2022-жылы Президенттин Жарлыгы менен ɵлкɵдɵгʏ алдыңкы 5 окуу жай менен катар ОшМУга да ɵзгɵчɵ макам берилип, окуу жай дʏйнɵлʏк университеттердин Qs рейтингине кирʏʏ аракеттерин баштады. Бул багытта окуу жайда “Ош мамлекеттик университетинин 2023-2026-жылдарга туруктуу ɵнʏгʏʏ модели” стратегиялык программасы иштелип чыкты. Стратегиялык программада медицина багытында да жасалчу иштерибиз арбын.

Ушул тапта “Ак-Буура” кампусунда 5 кабаттуу медицина факультеттери ʏчʏн окуу-лабораториялык корпусунун курулушу жʏрʏʏдɵ. Ал эми Ош шаардык ооруканасынын эски аймагында тʏшʏʏчʏ ОшМУнун заманбап медицина клиникасынын курулушунун долбоору иштелип чыкты.

Бул жасалып жаткан иш-аракеттер менен 2023-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тɵрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында окуу жай менен таанышып, “Ош мамлекеттик университети ишинен ʏлгʏ алчу алдыңкы окуу жай” деген баасын берди.  ОшМУ — билим берʏʏчʏ-илим изилдɵɵчʏ-инновациялык комплекс катары алдыга койгон бийик максаттарга кадам таштаган университет.

-Маегиңизге рахмат, ийгиликтерди жарата бериңиздер.