20 апреля, 2024

КЫТАЙ КЕРЕМЕТИ

Чыгыш ишкерлери технологияда кантип дʏйнɵлʏк лидер  болуп калышты жана  алардан эмнелерди ʏйрɵнʏʏгɵ мʏмкʏн?

Мындан элʏʏ жыл илгери Кытай нукура агрардык ɵлкɵ болуп, миллиард калктуу  мамлекеттин ар бир жашоочусу кʏнʏнɵ бир доллардын кɵзʏн карап калган. Бʏгʏн Кытай жогорку технологиялуу держава болуп, глобалдык базардан бʏт баарын –оюнчук менен кийимден баштап машина жана компьютерлерге чейин сʏрʏп чыгарууда. Эмнеге ушундай болуп кетти? Бул суроого дʏйнɵ боюнча жооптор иликтенʏʏдɵ.

1. “БИЗДЕЙ ЖАСА, БИЗДЕН МЫКТЫРААК ЖАСА!”

Жакында эле Россиянын “Альпина” басмаканасынан  кытай ишкерлиги бʏт дʏйнɵнʏ кандайча багындырууда деген суроонун айланасында ой жʏгʏртʏʏгɵ жем таштаган китеп чыкты (авторлору Марк Гривен, Жордж Йип, Вей Вей). Авторлор тобу кытай ишкерлигинин мынчалык ийгиликтʏʏ болуп кетʏʏсʏнʏн сырларын иликтеп кɵрʏʏнʏ чечишкен. Болгондо да,  мисал катары бʏт дʏйнɵгɵ аттын кашкасындай таанымал корпорациялар эле эмес, “кɵмʏскɵдɵгʏ чемпиондор” деп аталган, башкача айтканда, тынч-жай ɵсʏп-ɵнʏгʏп, улуттук корпорацияларга товарларын комплекстɵɵ ʏчʏн продукцияларын сатып, миллиарддарды таап жаткан компаниялар да алынган.

Кытайлыктар башкалардыкын кɵчʏрʏп, туурагандан башканы билишпейт деген пикирлер мурда басымдуураак болуп  жʏргɵн. Айталы, шарттуу айфонду алып, винтигине дейре чачып, анан аны кайрадан чогултууга жана ошондой эле айфонду кайра жасап чыгарууга аракет кылышат.

-Конфуцийдин атактуу фразасы бар: “Yйрɵн жана ʏйрɵнгɵнʏңдʏ кайтала –жыргал дал ушунда жатпайбы”. Кɵчʏрʏʏ кытайлыктардын менталитетинде бар, окутуучуну кайталоо керек-дейт МГУнун Азия жана Африка ɵлкɵлɵрʏ институтунун директору Алексей Маслов.

Сɵз уурулук жɵнʏндɵ болуп жаткан жок. Кɵптɵгɵн кытайлык  компаниялар батыштын продукцияларын ɵндʏрʏʏдɵн иш башташкан. Так, лицензияда жазылгандай,  нукура ɵзʏнɵ окшотууга аракеттенишкен.Бул адат теорияны эмес, практиканы  окуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн берген.

-Кытай технологиясынын алдыга чыгып кетʏʏсʏнʏн шарттарынын бири –аларды Кытайдын аймагында локализациялоо. Чет ɵлкɵлʏк инвесторлор компромисске барышып ɵндʏрʏштɵрʏн Кытайдын аймагына жайгаштырып башташты,- дейт кытай таануу адистеринин бири Олег Ремыга.

2. ТЕХНОЛОГИЯЛАРГА АЛМАШУУ  РЫНОГУ

Бɵтɵн продукцияларды тууроо жолу менен чыгаруунун эми зарылдыгы жок экенин кытайлыктар тез эле тʏшʏнʏп калышты.

-Кытайлыктарда “Технологияларга алмашуу” деген ураан болгон. Силер биздин адамдарды окутуп-ʏйрɵтʏп жана технологияңарды алып келесиңер, ал эми биз олчойгон рынокту беребиз да, силердин чыгым дал ушул рынокто акталат,-деп тʏшʏндʏрɵт Алексей Маслов.

Анын эсебинде, Россия дал ушундан  стратегиялык жаңылыштык кетирген. Орустар Батыштын билимин жана технологиясын алганга анча деле кызыккан эмес, лицензия боюнча гана эмненидир иштеп чыгуу жагы  ыңгайлуу эле. Ал эми кытайлыктар жаңы технологияларды алууга жана аларды жакшыртууга мʏмкʏнчʏлʏк алышкан.

3. ИНВЕСТИЦИЯ  ЖАНА ЖАҢЫ ИШТЕЛМЕЛЕР

Кытай компанияларына карата дагы бир стереотип бар: булар жалаң гана цехтер, андан башка эч нерсе жок. Бирок, иш жʏзʏндɵ такыр башкача экенине кыйла убакыт болуп калды. Кытайдын технологиялык лидерлери кирешелердин 8-10 пайызын илимий-изилдɵɵ иштерине сарпташат. Азыркы Кытайда чыгаан тууроочу болуу жетишсиз. Ɵнɵр жайдын кɵптɵгɵн тармактарында технологияларды модернизациялоо ɵтɵ чɵң жана тез арым менен жʏргʏзʏлɵт. Тез жаңылануу гана оюнда калууга мʏмкʏнчʏлʏк берээрин белгилешет жогоруда айтылып ɵтʏлгɵн китептин авторлору.

Эң башкы себеп -ɵлкɵнʏн ичиндеги опсуз атаандаштык. Кытайда жыл сайын 5 миллион жаңы компаниялар пайда болуп турат.Акыркы мезгилдерде булардын кɵпчʏлʏгʏн  технологиялык компаниялар тʏзɵт. Кытайлык венчурдук фонддун ɵнɵктɵш-негиздɵɵчʏсʏнʏн айтканы боюнча, эгерде 10 миң адам Кытайда мʏмкʏнчʏлʏктʏ байкап калса, анын жʏзʏ ишкерликти баштап, ону аракетин улантып, соңунда бирɵɵсʏ рынокту ээлеп калат.

4. ЫЛДАМ ИШКЕ ТYШYРYY ЖЕ УБАКЫТ-АКЧА!

Орустар  узагыраак токушат, бирок ылдамыраак  жʏрʏшɵт деп коюшат. Ал эми кытайлыктар азыр тез токуганды да, ылдам жʏргɵндʏ да,  кемчиликти жолдо баратып тʏзɵткɵндʏ да сʏйʏшɵт.

-Кытай новаторлору ыңгайлашуу жана ʏйрɵнʏʏ ʏчʏн  жасап кɵрʏʏ жана жаңылуу  усулуна артыкчылык беришет. Кытайлык компаниялар рынокко “чийки” ɵнʏм менен тезирээк  кирʏʏ жана кийин толуктап-тʏзɵтʏʏ иштерин жасоо ыкмасын  чеберчилик менен пайдаланышат,- деп белгилешет “Асман алдындагы ɵлкɵнʏн новаторлору” китебинин авторлору.

Эң сонун мисал –кытай автомобилдери. Алардын ʏстʏнɵн бʏт дʏйнɵ жʏзʏ кʏлʏп жʏрбɵдʏбʏ. Кʏлбɵй коесуңбу, Кытайдын  азыр белгилʏʏ автомобиль чыгаруучу компаниясынын негиздɵɵчʏсʏ Ли Шуфу бир ирет мынтип айтып жатса: “Автомобилдер- эки дɵңгɵлɵгʏ эле ашыкча келген тек гана мотоциклдер”.

1998-жылы иш-аракети башталган бир жылдан кийини ал алгачкы  жеңил автомобилин конвейерден чыгарган. Ал эми он жылдан кийин шведдердин улуттук сыймыгы болгон  “Вольвону” ичек-чабагы менен сатып алганда, кʏлɵ албай “мыш” болушкан.

5. МАМЛЕКЕТ ТАРАПТАН КОЛДОО (КОДУЛОО ЭМЕС)

Кытай Компартиясы прагматикалык ɵңʏттʏ ээлеп турат: ишкерликке  аракеттин толук эркиндигин берген, бирок аны кɵзɵмɵлдɵн чыгарбайт.

-Кытайда ишкерликти ушул мезгилге дейре  тез-тез текшерʏʏ же жɵнгɵ салууга байланышкан олуттуу бир да чектɵɵлɵргɵ ээ эмес да, киреше алууга гана ой топтоштурууга мʏмкʏн,- деп эсептейт эл чарбасынын жана мамлекеттик кызматтын Россиялык академиясынын эл аралык саясат чет ɵлкɵлʏк чɵлкɵм таануу кафедрасынын  ага окутуучусу Роман Файншмидт.

Ишин эми баштап жаткан компанияларга келсек,Кытайда андайларга аябагандай ʏлкɵн колдоо кɵрсɵтʏлɵт.

-Кытайда кʏн сайын 10 миң жаңы фирмалар пайда болуп, ар бир тɵрт кʏндʏктɵ единорог- 1 миллиард доллардан ашуун каражаты бар компания жаралып турат,-дейт Олег Ремыга. Буга банкрот жагдайындагы ɵтɵ эле либералдуу мыйзамдуулукту кошуңуз, жыйынтыгында идеяларды ылдам тестирлештирген жана масштабдаштырган, ката кетирʏʏдɵн жана карызга батуудан эч коркунучу жок рынокту аласыз.

Абдираим Мамытов