26 апреля, 2024

Кайрымдуу ТЕРЕЗА ЭНЕ

Бʏт дʏйнɵгɵ аты кеңири белгилʏʏ болгон Тереза эненин  (Тереза Калькутская, миссионер, Нобель сыйлыгынын ээси чыныгы аты-жɵнʏ Агнес Гондже  Бояджиу. Анын иш-аракети кɵзʏ тирʏʏ кезинде да, дʏйнɵ салгандан кийин деле айрым сын-пикирлерден кутулбай келет. Кыскасы, бир жактуу пикир айтуу кыйын. Калганын окурмандын пикирине койдук.

ДИНИЙ САЯСАТПЫ ЖЕ ИНСАНДЫК ИЗГИ САПАТПЫ?

Римдик-католиктик монахинянын миссионердик ишмердʏʏлʏгʏ дʏйнɵ коомчулугунда ушул кезге чейин кызуу талаш-тартышты жаратып келе жатат. Маселен, аны ɵлʏм алдында жаткандарды да католик динин  аргасыз кабыл алдыруу максатында медициналык дары-дармек жагынан жардам берген,  расизм жана колониализм менен да байланышта болгон деген сыяктуу кʏмɵндʏʏ кептер айтылат.

Тереза массалык маалымат каражаттарында аябай чагылдырылгандардын катарына кирет. Айрым сынчылар  коомчулукту чиркɵɵлʏк ар кандай каршылашуудан алаксытуу максатында католик чиркɵɵсʏ ɵз имиджин дал ушул Терезанын атын  пайдаланган деп эсептешет.

Агнес Гондже Боядживу  1910-жылдын 26-августунда Македониянын Скопье шаарында жарыкка келген. Ал косоволук албандар Дранфиле жана Никола Боянджиунун ʏй-бʏлɵсʏндɵгʏ  кенже баласы. Ата-энеси католиктер эле. Бардар ʏй-бʏлɵ болуп, атасы ири курулуш компаниясынын биргелешкен ээси жана ийгиликтʏʏ соодагер эле. Дранфиле убактысынын кɵбʏн кудайга сыйынуу менен ɵткɵрʏп, кайрымдуулук жана мээримдʏʏлʏк чараларына да активдʏʏ катышчу. Кедей-кембагалдарды Боянджиунун ʏйʏндɵ кубануу менен кабыл алыша турган. Дранфиле балдары менен чогуу бир нече жакыр ʏй-бʏлɵлɵргɵ барып жардамдашып-кɵмɵктɵшʏп турушчу.

1919-жылы Никола киши колдуу болуп каза табат. Дранфиле ʏч баласы менен калып,тикмечилик жана сайма саюучулук менен кʏн кɵрɵ баштайт.

1928-жылы Агнес Гонджа орто мектепти аяктайт. Андан ары миссионердик жумушка баш-оту менен аралаша баштайт. Оболу ирландиялык монахтык орденге мʏчɵ болуп, орден аны 1937-жылы Калькуттага жиберет. Ал жерде Агнес монахтык ырым-жырымды кабыл алып, монахтык Тереза ысымына ɵткɵн. 20 жыл  монастырь алдындагы мектепте кыздарды окуткан.

ИЙГИЛИК ЖАНА СЫН

1946-жылы  поездде баратып “Баргын да, кембагалдардын арасында жашагын, мен сени менен биргемин!” деген ички ʏндʏ укканын ɵзʏ айтып берген, бирок бул ички ʏн кимге же кандай затка таандык экенин ачыктаган эмес, сыягы ɵзʏ деле маани берген эмес деп божомолдоого  мʏмкʏн.

1950-жылы Тереза Рим Папасынан “Мээримдʏʏ айымдардын” орденин тʏзʏʏгɵ уруксат алат. Орден улутуна жана диний ишенимдерине карабастан бардык пенделер ʏчʏн  мектеп, оорукана, балдар ʏйʏ сыяктуу кайрымдуулук  мекемелерди куруу жана иштетʏʏ менен алектенʏʏгɵ багытталган.

1996-жылга келип  бул конгрегациянын карамагында  111 ɵлкɵдɵгʏ 400 бɵлʏмʏ,120 мамлекеттеги 700  мээримдʏʏлʏк ʏйʏ кызмат кɵрсɵтʏп , 500 миң ʏй-бʏлɵгɵ азык-тʏлʏк жагынан жардам берип, 250 миң адамга ордендин бейтапканаларында медициналык жардамдарды берген. Ордендин бɵлʏмдɵрʏнʏн мектептеринде 20 миңден ашуун балдар билим алышкан. Ордендин ишмердʏʏлʏгʏ  жекече ишкерлерден, компаниялардан, коомдук жана эл аралык уюмдардан тʏшкɵн кайрымдуулук каражаттары менен каржыланат. Расмий эмес маалыматтарга караганда, ордендин жылдык бюджети 10-50 миллиард долларды тʏзɵт.

1979-жылы Терезага эл аралык Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

Арийне, ар кандай эле чоң иштер эч качан сындан жана ар кандай ушак-айың кептерден кур калбоосу турган иш. Ордендин ʏйлɵрʏнʏн биринде иштеген врач жана жазуучу Аруп Чаттерджи миссионердик ордендин каржылык иштерин  биринчилерден болуп иликтеген. Андан ары 1994-жылы британиялык эки журналст  Христофер Хитченс жана Тарик Али “Тозоктогу периште” аттуу документалдык фильмди тартышкан. Ал эми кийинки жылы Хитченс “Миссионердик позиция: Тереза эне  теорияда жана практикада” деп аталган китебин чыгарган. Китепте документалдык фильмдегидей эле ордендин акча табуучулук жолдору жана диний радикалдык пропаганда айыпталат.

2003-жылы Чаттерджи  “Акыркы вердикт” аттуу, мурдагыдан анча деле полемикалуу эмес, бирок Терезанын иш-аракеттерин дале  сын- пикирлерден кур калтырбаган китебин да чыгарган.

ЭҢ АКЫРКЫ ВЕРДИКТ

INDIA — OCTOBER 01: Mother Teresa and the poor in Calcutta, India in October, 1979. (Photo by Jean-Claude FRANCOLON/Gamma-Rapho via Getty Images)

Терезаны Ватикан 2003-жылы  сыйлуулардын  катарына кошкондон кийин ага карата сын- пикирлер кɵбɵйгɵндʏгʏн белгилɵɵгɵ болот. Чаттерджинин “Акыркы вердикт” аталышындагы китебин  ошол ɵңʏттɵн да кароо керек сыягы. Бирок  бул акыркы вердикт эмес эле. 2016-жылы Тереза эне католиктик чиркɵɵнʏн ыйыктарынын катарына киргизилди. Бул вердикт эми Терезага карата айтылуучу мындан аркы ар кыл сын жана  ар кыл айың кеп-сɵздɵргɵ жолду кенен ачып берээри талашсыз.

Тереза эне1997-жылдын 5-сентябрында жʏрɵк оорусунан улам кɵз жумган.

Терезанын ыйыктардын катарына киргизилʏʏсʏн коомчулук ар кандай кабылдап, салыштырмалуу бир пикирдʏʏлʏк али калыптана элек десе да болот.

Терезаны  тирʏʏ кезинде дʏйнɵ коомчулугу чыныгы берилген гуманистка деп санап келсе, кɵзʏ ɵткɵн соң андай мамиле кыйла ɵзɵргɵндʏгʏн белгилеп кетʏʏ керек.

Тереза дʏйнɵдɵ католиктердин санын бай-кедей болобу,  тирʏʏлɵрдʏн да ал турсун ɵлгɵндɵрдʏн да эсебинен кɵбɵйтʏʏ максатын аркалаган деп сындалып келет. Чын-тɵгʏнʏн  далилдɵɵ мурда эле кыйын эле, эми андан бетер оорлошуп кеткенсийт. А эгерде  чын чыгып калса, анда Терезанын максат-миссиясы  Кудайдын каалоосуна таптакыр  карама-каршы келээри бештен белгилʏʏ.

Тереза эненин медициналык борборлору адамдарды дарылоого  багытталганы менен, анын пациенттери кɵпчʏлʏк учурларда илдетинен такыр айыкпай тургандай шартка туш болгону жогоруда белгиленген документалдуу фильмде айтылат. Ошол эле документалдуу фильмдеги индиялык журналист Терезанын   уюмунун башкы борборун нацисттик Германиянын Берген-Белзендеги концлагерине теңештирген.

“Жумушчулар  ийнелерди крандан чыккан сууга жуугандан соң аларды кайрадан колдонушчу.Дары-дармектер жана ɵтɵ керектʏʏ башка предметтер айлар бою сакталып, жарактуулук мɵɵнɵттɵрʏ ɵтʏп кеткенине карабай пайдаланылаар эле. Даярдыктары таптакыр тɵмɵн волонтерлор жугуштуу жана ɵмʏргɵ коркунучтуу илдеттерге чалдыккан пациенттер менен иш алып барышчу. Кайрымдуулук уюмун жетектеген адамдар  мында эмгектенгендердин ишин оңой эле коопсуздандырып, процесстерди автоматташтырып кое турган медициналык жабдууларды алуудан баш тартышчу” дейт белгилʏʏ гуманист, ордендин медициналык мекемелеринин биринде  кыска убакытка иштеп калган Хемли Гонсалес.

Айрым аттуу-баштуу эле врачтар  Терезанын  медициналык борборлорун “Ɵлʏп бараткандардын ʏйʏ” деп ачык эле аташчу. Калькуттадагы ушундай борбордо  ɵлʏм кɵрсɵткʏчʏ 40 пайыздан  ашып кетчʏ.

Айтылып жаткан сын -пикирлерге Тереза эне мынтип да жооп узатканы айтылып жʏрɵт: “Кембегал бечаралардын ɵз тагдырына Христостой моюн сунуп, чыдап жатышканын кɵрʏʏ да ɵзʏнчɵ ырахат берет. Дʏйнɵ алардын азап тартканынан улам кɵп нерсе алат”.

Бирок, Тереза ɵзʏнʏн  саламатчылыгында кɵйгɵй жаралганда Американын эң  сонун клиникаларына барып дарыланганын эскеришет.

Немецтик “Штерн” журналына1991-жылы жарыяланган отчетто  кайрымдуулукка келип тʏшкɵн миллиондук сумманын 7 гана пайызы кайрымдуулукка сарпталганы жазылган. Канча жана кандай сумма экени  жана Тереза кɵз жумгандан кийин ал сумма кимге ɵткɵрʏлʏп берилгени белгисиз калган.

Тереза эненин ары татаал, ары табышмактуу тагдыр-таржымалынын кыскача жɵн-жайы ушундай. Анын миссиясын жеткире аныктоочу эң акыркы вердикт али чыга элек.

Абдираим Мамытов