27 апреля, 2024

“Алгач шоппер сумкаларды тигип баштагам”

Бермет Закирова, кол ɵнɵрчʏ.

-Сайма саюуга, кийимдерди токууга кичинемен бери кызыгам. Бирок, кол ɵнɵрчʏлʏк менен турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин гана активдʏʏ иштей баштадым. Дээрлик 10 жылдын жʏзʏ болуп калды. Ɵзʏмɵ керек болгондуктан алгач шоппер сумкаларды тигип баштагам. Жаш кезимде апам мага сумкалардын тʏрʏн алып берчʏ, ошогобу айтор, сумкаларды эмнегедир жакшы кɵрɵм. Мен тиккен сумкалардын кɵбʏ винтаждык стилде болуп, жаккард, бархат кездемелери колдонулат.

“Негизги жумушум ʏйдɵ”

-Ар бир сумканын дизайны алгач кагазга чийилет. Кʏчтʏʏ каалоо болуп, эргʏʏ келип турган убакта бир сумканы бир кʏндɵ бʏтʏрʏп коюуга болот. Кɵпчʏлʏк учурда ʏй иши, бала  менен алаксып отуруп, сумкага 3-4 кʏн убакыт кетет. Сумканын баштыкчасы кадимки тигʏʏ машинасында тигилсе, калганы колдо жасалат.

Жасаган ишиме ʏй-бʏлɵм дайым колдоо кɵрсɵтɵт. Балдарым азыр кичине болгондуктан буюртмалар кɵбɵйʏп, убакыт таппай калган учурда чоң ата, чоң энеси келип каралашып турушат. Кесибим боюнча бухгалтермин. Мектепти аяктаган соң эл аралык экономика факультетин Бишкектен бʏтʏп, учурда жеке фирмалардын биринде бухгалтердик кызматты да аркалайм. Негизги жумушум ʏйдɵ.

“Хоббим кошумча бизнеске айланып баратат”

-Илгери дээрлик бардык аялдар кийим кече, ʏй буюмдарын ɵз колдору менен тигишкен. Менин чоң энем да, таенем да ɵнɵрлʏʏ адамдар эле. Чон энемин колго тиккен машинесин кошо тигип чонойдум. 3-классымда болсо таенем токуганды ʏйрɵттʏ.

Менин хоббим акыркы жылдары кошумча бизнеске айланып баратат. Ридикюль сумкаларды 4 жылдан бери тигип жатам. Алдыда кыз-келиндерге мастер класстарды кɵп ɵтʏп, команда тʏзʏп, аларды жумуш орду менен камсыз кылып, сумкаларымы чет ɵлкɵлɵргɵ да сатууну максат кылып жатам.

Айжылдыз Тойчиева