19 апреля, 2024

Орозмамат Акимбеков, Ош электр тармактар ишканасынын башкы инженери:  “Электр жарыгынын ɵчʏʏсʏ убактылуу”

Аномалдуу суук бир эле биздин мамлекетти эмес, Орто Азиядагы бир топ ɵлкɵлɵрдʏ сынап койду. Мындан улам эксперттер кышка даяр эмес экендигибизди да айтып чыгышты. Электр энергиясына болгон чектɵɵлɵр социалдык тармактарда ажиотаж жаратып, талкуу чордонунда болуп келʏʏдɵ. Мындан улам биз Ош электр тармактар ишканасынын адистери менен баарлаштык. Ош электр тармактар ишканасынын башкы инженери Орозмамат Акимбеков тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду.

“Ɵлкɵ ɵзʏбʏздɵ ɵндʏрʏлгɵн гана электр жарыгын пайдаланып жатат”

— Баарыбызга маалым Токтогул ГЭСтеги суунун кɵлɵмʏ ɵткɵн жылдарга салыштырмалуу быйыл аз болду, болгону 14 млн. кубга жакын суу топтолгон. Былтыр деле ушундай болгон. Бирок ɵткɵн жылы Кыргызстан энергетиканы Тʏркмɵнстандан да экспорт кылат эле, абанын температурасы да быйылкыдай суук болгон эмес. Учурда ɵлкɵгɵ сырттан экспорт болгон электр жарыгы жок. Азыркы кʏндɵ ɵлкɵ ɵзʏбʏздɵ ɵндʏрʏлгɵн гана электр жарыгын пайдаланып жатабыз.

Токтогул ГЭСинде электр жарыгын иштеп чыккан 4 агрегат бар, мында 300 мегаваттыктан ʏчɵɵ, 260 мегаваттык агрегаттан бирɵɵ бар. Жалпы 1260 мегаваттык агрегат. Жарыкты калкка жеткирʏʏдɵ суунун басымы аз болгондуктан бул агрегаттар деле чектелʏʏ деңгээлде энергия чыгарып жатышат. Ошого ɵлкɵдɵ энергия тартыштыгы жаралып жатат. Эгерде 4 агрегат толук кандуу иштегенде бизде электр энергиясына болгон тартыштык жаралмак эмес. Бул ʏчʏн суу кɵп болуш керек, суу тартыштыгы чоң кɵйгɵй болуп жатпайбы. 

“Жарандар электр жарыгын коюлган чектɵɵдɵн ашыкча иштетет”

-Ош облусу боюнча электр жарыгын иштетʏʏ боюнча атайын кʏнʏмдʏк лимит бар. Ал 8 млн. 894 киловат саатына иштетилиши керек. Азыркы кʏндɵ 11 млн. 273 киловаттан коротулууда. Бул деген 2 млн. 279 киловатт ашыкча иштетилип атат деген сɵз. Биздеги коюлган чектɵɵдɵн ашып кетти. Абанын температурасы кескин тɵмɵндɵп кеткендигине байланыштуу жаратылыш газынын басымы да тʏшʏп кетип, жарандар светке “отурду”. Кɵмʏрдʏн баасы асманга чыкты. Анын ʏстʏнɵ сатып алууга деле базарда кɵмʏр жок. Ɵзʏм атайы рейд жасап, кɵмʏрдʏ билʏʏ ʏчʏн базарга тʏштʏм. Чынында базарда сатып алганга кɵмʏр жок, кɵмʏр издеген эле адам. Бир КАМАЗ кɵмʏр бар экен, аны да 4 портерге бɵлʏп алып жʏктɵп кетишти. Себеби булар, акчасын алдын ала тɵлɵп койгон дейт. Эл картошкага кезекке тургандай эле мʏшɵгʏн кɵтɵрʏп турушат. Суукка байланыштуу кɵмʏр казган шахталар да иштебей, жолдор тайгак. Кɵмʏр болсо бизге бир аз жеңил болмок. Жаңыдан курулуп жаткан кɵп кабаттуу ʏйлɵр да пайдаланууга берилген соң андагы жашоочулар 50-60 пайызды тʏзмɵйʏнчɵ жылуулук берилбейт экен. Алар да жылытуу мештерин сайышат. Ɵздɵрʏнʏн отканасы барлар кɵмʏр жагып ысытайын десе экологдор абаны булгайсың деп уруксат бербейт. Ошентип электр жарыгына ар тараптан басым болуп атат.

Ɵчʏрʏʏлɵр боюнча азыр талап ушундай болуп жатат, баары убактылуу. Себеби электр жарыгын пайдалануу чектɵɵдɵн ашып кетип жатат. Ошого атайын ɵчʏрʏʏгɵ туура келʏʏдɵ. Кээ бир биздин трансформаторлордун иштɵɵсʏ 100 пайыздан ашып кетип жатат. Мындайда трансформатор деле иштен чыгышы толук мʏмкʏн. Биз жок дегенде бизге иштеп берип аткан тетиктерди сактап калышыбыз керек, авариялык абалга жеткирбешибиз зарыл. Мектеп, бала бакча, ооруканалар жайгашкан аймактар ɵчʏрʏлбɵйт. Ошон ʏчʏн кʏндʏзгʏ мезгилдерде кезеги менен айрым кɵчɵ, айыл аймактарды ɵчʏрʏп жатабыз. Муну жарандар туура кабыл алышы керек. Шаар четиндеги айыл жерлери кɵбʏрɵɵк ɵчʏрʏлʏп жатат. Анткени аларда электр жарыгы ɵчсɵ меш деген бар. Биз деле бир, бир жарым саатка чейин ɵчʏрɵбʏз. Айыл жеринде жылытуусу электр тармагына туташкан мектептерди ɵчʏрбɵйбʏз, баарын карап, салыштырып ушундай жыйынтыкка келип жатабыз. 

“Мʏмкʏн болушунча энергетиканы сакташыбыз керек”

-Жакындан бери шаарда тамактануучу жайлардагы сырткы жарнактардын свет менен жанып тургандарын ɵчʏрʏʏсʏн талап кылып баштадык. Анткени биз мʏмкʏн болушунча энергетиканы сакташыбыз керек, бул ɵкмɵттʏн буйругу. Сауналарды ишин такыр токтотконго ʏндɵп жатабыз. Суук кʏндɵр ɵтʏп кетсе, кыштан чыгып алсак кайра баары ордуна тʏшɵт. Ошого чейин ушундай чечим кабыл алуудабыз. Тʏн ичинде ɵчʏрбɵйбʏз,  авариялык мезгилдер болуп ɵчʏп калат.

Коңшулаш ɵлкɵлɵрдɵ суткасына 2-3 саттан эле свет берилип жатат, газ дагы жок. Тамактануучу жайларды кечинде 22:00дɵн кийин жаап атышат. Бизде деле ошондой чектɵɵ киргизсе болбойбу деп атсаңыз керек. Рейддерди уюштуруп, тамактануучу жайларды текшергенде кɵбʏ газ менен иш алып барышат.

 “Чилдеден чыгып,чыңалуу азайса кайра баары ордуна тʏшɵт”

-ʏйдʏ жарыктандырууда жарандар электр жарыгын ʏнɵмдɵɵчʏ атайын лампочкалар бар ошону пайдаланышса жакшы болмок. Ал жарыкты да жакшы берет, зыяндуулугу жок. Биздин илгерки лампалар ток аз болсо азайып кетип, кɵбɵйсɵ ɵтɵ жарык кылып жиберет. ʏйдɵ колдонгон тиричилик буюмдарынын арасында токту кɵп тарткан бул кондиционер, электр мештери, анан аристон. Кереги жок кезде бул буюмдарды  ɵчʏрʏп турган оң. Телевизор, муздаткычтар токту кɵп тартпайт. Муздаткыч жаңыдан токко уланган кезде бир аз токту кɵп тартуусу мʏмкʏн, бирок калган мезгилде бир калыпта иштей берет.

Сɵз соңунда жарандар азыркы абалды тʏшʏнʏʏ менен кабыл алса дейт элем. Бул деле убактылуу. Чилденин чыгышынан чыгып алсак, чыңалуу азайса, кайра баары ордуна тʏшɵт. Борбордук Азияда бирдиктʏʏ шакекче деген бар да. Электр жарыгын чектɵɵдɵн ашыкча иштетсек, ошол бирдиктʏʏ шакекчеге да зыян келтиребиз. Тетиктерибизди сактап кала албасак, мындан жаман абалга тʏшʏп калабыз. 

Бекмамат Абдылдаев, ыкчам диспетчердик бɵлʏмʏнʏн башчысы:

“Чыңалуу болуп кетсе бʏткʏл ɵлкɵ жарыксыз калышы мʏмкʏн”

-Диспетчердик бɵлʏм Ош облусун, шаарды жана Баткен облусунун электр тармактарын башкарат. Облуска, шаар, райондорго ушул жерден лимит берилет. Учурда электр жарыгын колдонууда алды 38 пайызга чейин ашыкча колдонуп жиберген райондор бар, ошонун эсебинен кубаттуулук жетишсиз болуп жатат. Буга байланыштуу басым кɵп болгон аймактарды картадан карап, кезеги менен ɵчʏрɵбʏз. Анан биздин райондордо диспетчердик бɵлʏмдɵр бар. Биз бул жерден бɵлʏп “сен мынча чектɵɵ киргизесиң” деп эсептеп турабыз. Азыр Ош облусу 40 мегаваттка чейин, Ош шаары 30 мегаваттка чейин, Баткен облусу 30 мегаваттка чейин кубаттуулук чектелʏʏдɵ. Мындай кылбасак чыңалуу болуп кетсе, бʏткʏл Кыргызстан жарыксыз калышы мʏмкʏн. Ошон ʏчʏн мындай абалга жеткирбɵɵ ʏчʏн ар саат сайын кубаттуулукту кармоо зарыл. Элге бир аз кыйынчылык келʏʏдɵ, бирок мындай кылбасак туура болбойт.

Элира Чынтемир кызы