25 апреля, 2024

ИС – КƟЗГƟ КƟРYНБƟГƟН УУЛУУ ЗАТ

Кыштын суук кʏндɵрʏндɵ бɵлмɵлɵрдʏ жылытуу ʏчʏн от жагуучу, электр мештерин пайдалануу кʏч болуп турган учуру. Ал арада иске ууланып каза болгон ʏй-бʏлɵлɵр уккан коомчулукту сестентти. Кыш али узак экенин эске алганда адистер айткан кеңештерди эсиңизде сактоо ɵзʏңʏздʏн жана жакындарыңыздын саламаттыгы ʏчʏн абдан маанилʏʏ. Андыктан,  мештерди жылытуу эрежелерине кɵңʏл буруңуз! Иске ууланууга алып келген жагдайлар, жарандардын жылытуудагы катачылыктары тууралуу тɵмɵндɵ кеп кылабыз.

ИСКЕ УУЛАНГАНДАР БАСЫМДУУ

Ис (СО же кɵмʏр кычкылы) – тʏтʏндʏн курамына кирген уулу кошулма, жытсыз, даамсыз жана тʏссʏз газ. Бир гана кɵмʏрдɵ эмес, дээрлик бардык кʏйʏʏчʏ заттар, материалдар тʏтɵгɵндɵ, быкшып кʏйгɵндɵ бɵлʏнʏп чыгат.

Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ɵрт ɵчʏрʏʏ, алдын алуу жана авариялык бɵлʏмʏнʏн улук офицери, капитан Нуртилек Кубанычбек уулу кабарлагандай, кʏйʏктɵн жараат алгандарга салыштырмалуу иске уулангандар кɵпчʏлʏктʏ тʏзʏшɵт:

-Ош шаарында быйыл Жапалак айыл аймагындагы иске ууланган жарандар боюнча гана маалымат тʏшкɵн. Шаарда башка катталган жок. Ал эми ɵлкɵнʏн башка аймактарында катталган фактылар боюнча социалдык тармактарда маалыматтар берилʏʏдɵ.

Ɵткɵн жылы иске ууланып бир адам каза болгон. Быйылкы жылы ɵрттɵн каза болгондор жок. Бирок, иске ууланып каза болгондор бар. Бул боюнча башкармалыкка кабар тʏшкɵн эмес, интернет булактары аркылуу кабардар болгонбуз. Негизи ɵрт чыгып, кʏйʏктɵн жараат алып, ɵмʏрʏ менен кош айтышкандар аз. Ал эми ошол ɵрттʏн тʏтʏнʏнɵн ууланып, каза болгондордун саны басымдуулук кылат.

ИСКЕ УУЛАНУУНУН СЕБЕПТЕРИ

— Бʏгʏн баарыбыз ʏйдʏ жылытууга аракет кылып жатабыз. Ошол эле учурда мештерди туура пайдалануунун эрежелерин эске алган жокпуз. Меш туура эмес орнотулуп калган да фактылар жок эмес. Мештин жанына ар кандай кʏйʏʏчʏ материалдарды, кийим-кечелерди кургатуу ʏчʏн жайып койгон жагдайлар болууда. Ɵтɵ жакын жайгашып калган учурларда ɵрт чыгуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн да жаратышууда. Отундарын да кургасын деп мешке жакын коюшат. Негизи эрежеге ылайык, от жагуучу мешти туура пайдаланууда алдына чок, кʏл тʏшпɵɵсʏ ʏчʏн атайын “тунуке” орнотулуусу керек. Биз дагы жашоочуларга тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏдɵ жеринен барып кɵрʏп, эреже бузууларга кʏбɵ болуп, сунуштарды берʏʏдɵбʏз.

Меште от жагылып турган учурда кɵмʏр болобу, отун болобу кʏйʏп жатканда майда-майда жарылуулар пайда болот. Ошол мезгилде мештин оозу чала жабылып калган болсо ачылып, сыртка майда чоктор тʏшʏп, ис чыгышы мʏмкʏн. Андыктан, мештин оозун бекемдɵɵгɵ абдан кɵңʏл буруу кажет.

Мындай жагдайларды алдын алуу максатында биздин башкармалык бир канча иш чараларды жʏргʏзгɵнбʏз. Кышкы ɵрт кооптуу мезгили боюнча Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин, Ош шаарынын мэринин буйруктары бар. Бул буйруктарды аткаруу максатында биз бʏгʏнкʏ кʏндɵ кɵп кабаттуу жана жеке менчик жер ʏйлɵрдɵ тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп, эскертʏʏ баракчаларын берип келʏʏдɵбʏз.

Ошондой эле кɵмʏр отунун жагууда мештердин оозун ачык абалда кармап коюу, ачык калтыруу сыяктуу мештин морусун орнотуудагы катачылыктар дагы кɵп кездешет. Мунун негизинде зыяндуу тʏтʏн, ис бɵлмɵ ичине тарап, адамдардын ден соолугуна олуттуу зыян жеткирип, уктап жаткан мезгилде каза болуп калган учурлар болууда.

“БАРДЫК ЭЛЕ КƟМYРДƟН ЗЫЯНДУУ ИС ЧЫГЫШЫ МYМКYН”

-Бɵлмɵдɵ ис пайда болгондо адамда дем алуу оорлошот же адамдын тамагында кандайдыр бир даам пайда болот. Ошондой убакта эшик, терезелерди ачып, бɵлмɵгɵ таза аба киргизип, желдетʏʏ менен ууланууну алдын алса болот.

Бардык эле кɵмʏрдɵн зыяндуу ис чыгышы мʏмкʏн. Кээ бир мезгилде быша элек кɵмʏрлɵр болуп калат. Алардын ичинен айрымдарынын газы кɵп болуп, мешке жакканда кɵбʏрɵɵк зыяндуу газдарды чыгаруусу толук ыктымал. Ис — кɵзгɵ кɵрʏнбɵгɵн уулуу зат. Уктап жатканда бɵлмɵдɵ тʏтʏн деле байкалбашы мʏмкʏн. Бирок, ис чыгып, адамдардын дем алуу органдарына киргенден кийин адам ɵмʏр менен кош айтышат.

“ИС ʏЧ ЖОЛУ ТЕРЕҢ ДЕМ АЛГАНДА ТААСИР ЭТЕТ”

-Ɵрт негизи ʏч компоненттен турат. Биринчиси — мисалы, чок болсо, экинчиси — кʏйʏʏчʏ материалдык предмет, ал эми ʏчʏнчʏсʏ – аба. Исти алдын алууда моруну да убагында тазалоо кажет. Толуп калган мезгилде да зыяндуу заттарды, тʏтʏндʏ сыртка эмес, бɵлмɵ ичине таратат. Ис адамга ʏч жолу терең дем алган учурда таасир этет. Зыяндуу зат дем алуу органдарына киргенден кийин адам кыймыл аракет жасоого мʏмкʏнчʏлʏксʏз болуп калат. Себеби адамдын дем алуу органын жаап коет. Эгерде адамдын ууланганын байкаган болсоңуз, анда аны таза абага алып чыгып, топчусу же галстугу болсо чечип, дем алуусуна жардам берʏʏ керек. А эси ооп калган болсо, тез жардам кызматын чакырып, биринчи медициналык жардам кɵрсɵтʏʏ керек.

“ЭСКИЛИГИ ЖЕТКЕН ЭЛЕКТР ЗЫМДАРЫН ЖАҢЫЛОО ЗАРЫЛ”

-Электр жылытуучу мештерин колдонууда   ɵрт чыгып кетʏʏ коркунучу бар. Бɵлмɵ ичинде зыяндуу исти пайда кылуусу да мʏмкʏн. Белгилеп кетʏʏчʏ жагдай, ачык спиралдуу электр мештерин бɵлмɵ ичинде пайдалануу таптакыр туура эмес. Себеби ʏстʏ ачык болгону ʏчʏн жакын турган нерселерди кʏйгʏзʏп же ɵзʏ кʏйʏп, тʏтʏнгɵ айлануусу ыктымал. Мындан сырткары бузук электр мештерин колдонуу дагы олуттуу зыян алып келʏʏсʏ мʏмкʏн. Электр жылытуучу мештерин колдонууда май менен иштɵɵчʏ мештерди колдонуу коопсузураак. Бирок, ошол эле учурда бир электр точкасына 2-3 нерсе сайып, ток ɵткɵргʏч зымдарга кʏч келип, кɵтɵрɵ албай кʏйʏп кеткен да учурлар бар. Себеби суук кʏндɵрдɵ элдин баары электр тогун пайдаланышат, ток бирде кʏчтʏʏ же начар келип, эскилиги жеткен ток зымдарда кыска туташуулар, ʏзʏлʏʏлɵр орун алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ жогору. Андыктан, ʏйдɵгʏ электр зымдарын да карап, эскилиги жеткендерди жаңылап туруу зарыл.

Жумагʏл  Кочкорбай кызы