25 апреля, 2024

Кыш мезгилинде кол терисине кам кɵрʏʏ жана ʏшʏктʏн алдын алуу

Кыш мезгилинде башка мезгилдерге салыштырмалуу денебиз кургак тартып калат. Айрыкча кɵбʏрɵɵк тʏйшʏк тарткан колдорубуздун шуудурап кургап калышын айтпасак да белгилʏʏ. Муну  адистер бɵлмɵдɵгʏ абанын кургашы менен байланыштырышат. Тɵмɵндɵгʏ пайдалуу кеңештер суукта колго кам кɵрʏʏ жана ʏшʏк тууралуу болмокчу.

Дененин башка мʏчɵлɵрʏнɵ салыштырмалуу суукта ачык жʏргɵн бɵлʏгʏ — кол болуп эсептелет. Канчалык кол кап кийип сууктан калкаласак дагы тиричилик кылуу ʏчʏн колду суукка чыгарууга туура келет.

Теринин кургашынын факторлору:

ʏй ичин жылытуучу буюмдар, бɵлмɵдɵгʏ жана унаанын кондиционерлери абанын нымдуулугун тɵмɵндɵтʏп, терини кургатып жиберет.

Суук абадагы нымдуулукту тоңдуруп  бууланууга, бубак жана муз болуусуна алып келет. Натыйжада аба кургап, тери да кошо кургайт.

Муздак аба денедеги май иштетʏʏчʏ бездердин иштешин тɵмɵндɵтɵт.

Суукта теринин сырткы катмарындагы клеткалардын жаңылануу процесси бузулат. Организм бул нерседен коргонуу ʏчʏн теридеги одуракай катмарды пайда кылат. Мындан улам тери шуудурап кургап чыгат.

Кышында адам кʏн жылуу мезгилге караганда сууну аз ичет. Анын ордуна организм кургак тамактарды, таттууну жана ачуу тамактарды кɵбʏрɵɵк талап кылып калат. Натыйжада териге суу жетишсиз болуп да кургайт.

Кышкысын колго кам кɵрʏʏ

Майдын колуңузга тийген тʏрʏн аласыз мʏмкʏн болсо коюу кʏнжʏт, зайтун майы жакшы болот.

Жайык идишке колду кʏйгʏзбɵй турган температурадагы ысык суу даярдайсыз (суу колду толук кɵмʏшʏ керек).

Майды колго, тырмактын тʏптɵрʏнɵ, билекке чейин аянбай эле чылкылдата сʏйкɵп, бир аз сиңгенден кийин идиштеги жылуу сууга салып, 7-10 мʏнɵт кармаңыз. Чыгарып алган соң колду кургатып коюу керек. Процедураны аптасына 1 жолу жасоо жетиштʏʏ.

Эскертʏʏ: Сʏлгʏ менен сʏрʏп салбай, ɵз алдынча кургаганча кʏтʏп же сыртындагы нымды сиңирип гана коюу керек. Майды самындап жууп салбаңыз.

Колго арналган кремдердин авокадо, жожоба, ши, бадам майлары кошулган тʏрлɵрʏн тандаңыз. Ошондой эле какао, алоэ ширеси кошулган кремдер дагы колдун терисине кам кɵрʏʏңʏзгɵ кɵмɵкчʏ болот. Унаада же дайым кондиционер иштеп турган бɵлмɵдɵ кɵп жʏргɵндɵр кремди жатарда эле сʏйкɵп койбой, кʏнʏнɵ 3-4 ирет сʏйкɵп туруусу ашыктык кылбайт.

Yшʏк

Yшʏк – катуу суукта пайда боло турган жаракат. ʏшʏк алган учурда дене кыртышы тоңуп калат жана жабыркаган жерди дароо дарылоо керек. Эң эле ɵкʏнʏчтʏʏсʏ оор учурларда дененин бир бɵлʏгʏн кесип салууга алып барат. Кɵбʏнчɵ дененин ачык жерлери болгон мурун, кулак, манжалар, жаак жана ээк жабыркайт.

ʏшʏккɵ алдыруу — сууктун таасиринен дене тканынын жабыркашы. ʏшʏккɵ алдыруу аба ырайынын ызгаардуу суугунда гана эмес, нɵлгɵ жакын температурада да болушу ыктымал (эгерде ɵтɵ ным жерде узак убакыт болсо). ʏшʏккɵ алдырууга шамал, нымдуу аба, ным жана тар кийим, мээлей, мас абалында болуу, организмдин начарлашы тʏрткʏ берет. Кɵбʏнчɵ кол-буттун манжаларын, мурун, кулакты ʏшʏк алат.

ʏшʏктʏн I даражасында теринин ʏстʏңкʏ катмарына гана таасир этет.

Денендеги ыйлаакча болгон ʏшʏк II даражага кирет, биринчи жардам кɵрсɵтʏлгɵндɵн кийин тез арада дарыгерге текшерилиши керек.

Терең ʏшʏк бул III даража болуп эсептелет, теринин бардык катмарларына, ошондой эле булчуңдар, тарамыштар жана сɵɵктɵр сыяктуу терең жаткан жерлерге таасирин тийгизиши мʏмкʏн. Оорулууну тезинен жакынкы ооруканага алып барыңыз же тез жардам дарыгерин чакырыңыз!

Биринчи медициналык жардам

Эгер адам катуу ʏшʏп калса, тɵмɵнкʏ биринчи жардам кɵрсɵтʏʏ чаралары пайдалуу:

Жабыр тарткан адамдын кийимин жана бут кийимин ачыңыз.

Нымдуу, муздак кийимдерди чечип, бейтапты жылуу жуурканга ороп коюңуз.

Жабыркаган адамдын тоңуп калган бɵлʏктɵрʏн ɵз денеңизге жылытыңыз. Мисалы, тоңуп калган колуңузду колтугуңузга кийимиңиздин астына жылдырыңыз.

Жылуу колду коюу менен жабыркаган адамдын бетин, мурдун жана кулагын жылыта аласыз.

Мʏмкʏн болсо, жабыркаган адам дененин тоңгон бɵлʏгʏн активдʏʏ кыймылдатышы керек. Ɵзгɵчɵ кырдаал: жабыркаган адам буту же манжалары тоңуп калса  баспаш керек. Болбосо, ткандардын дагы бузулуу коркунучу бар.

Дененин тоңуп калган бɵлʏктɵрʏн таза, жакшылап микробдор жок кездеме же таңгыч менен жаап коюңуз!

Бейтапка жылуу, шекердʏʏ суусундуктарды бериңиз (мисалы, таттуу чай).

Муздаган спирт ичимдиктерин ичкенге эч качан жол бербеңиз! Бул кан тамырларды кеңейтет. Андан кийин жабыркаган адам денедеги жылуулукту дагы жоготот.

Анан да эч качан тамеки чекпеши керек! Никотин кан тамырларды тарытат. Дененин тоңгон бɵлʏктɵрʏ андан да аз кан менен камсыз болот.